Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Маматов Маратбек Раимбердиевич Ош облусунун Ноокат районунун Исанов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2019-жылы 28-июнда КР БШК мүчөлөрү Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Маматов Маратбек Раимбердиевичти Ош облусунун Ноокат районунун Исанов айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Исанов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 21-июнда болуп өттү. Ош облусунун Ноокат районунун Исанов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
Маматов Маратбек Раимбердиевич
1973-жылы 27-октябрда Ош облусунун Ноокат районунун Кожоке айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Кыргыз-Өзбек университетин “Электржабдуу инженери” адистиги боюнча (диплом №CD070172344, 2007-ж. 1-август) бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1995-2004-ж.ж. – дыйканчылык кооперативинин мүчөсү
2000-2002-ж.ж. – Н. Исанов а/ө, АЭС (ВУС) инспектору
2002-2004-ж.ж. – Н. Исанов а/ө, айдоочу
2004-2014-ж.ж. – Н. Исанов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
2017-ж. – Ноокат ТБнын “Көк-Бел” бөлүмчөсү, кампа башчысы
Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, эки баласы бар
Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык технологиялар башкы башкармалыгынын берген маалымкатына ылайык Маматов Маратбек Раимбердиевичтин соттуулугу жок.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына Исанов айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылы 28-июнда Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
2019-жылы 28-июнда Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
2019-жылы 28-июнда Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
11 добуш алган Анаров Саатбек Гапарович Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды. Ак-Сай айылдык кеңешинде бардыгы – 21 депутат, анын ичинде 20сы катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер катталган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Рашев Калысбек Талапаевич Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2019-жылы 28-июнда КР БШК мүчөлөрү Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Рашев Калысбек Талапаевичти Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 21-июнда болуп өттү.
Рашев Калысбек Талапаевич
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн Григорьевка айылында туулган.
Жогорку билимдүү. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз АгрардыкУниверситетин “айыл чарбасын суу менен жабдуунун инженердик тутумдары” адистиги боюнча аяктаган (диплом ЕВ №58286, 2.09.2002-ж.).
Эмгек жолу:
2006-2007 ж.ж. – Ысык-Көл социалдык коргоо башкармалыгы, социалдык кызматкер
2009 ж. – “Ала-Арча КМК” ЖАК, күзөтчү
2010-2012 ж.ж. – “Суу башы” СПСА, инженер, курулуш иштеринин мастери
2012-2015 ж.ж. – Садыр-Аке айыл өкмөтү, жер маселелери боюнча жетектөөчү адис
2017 ж. Азыркы кезге чейин – Садыр-Аке айыл өкмөтү, ТКЧ жана СЖ начальниги
Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясына Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чомотоев Канат Керимкулович Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2019-жылы 28-июнда КР БШК мүчөлөрү Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Чомотоев Канат Керимкуловичти Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Шекер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 21-июнда болуп өттү. Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
Чомотоев Канат Керимкулович
Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин “Финансы жана кредит” адистиги боюнча (диплом № 003-3705, 2016-ж. 1-август) бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2005-2009-ж.ж. – АПВ, башкы бухгалтер;
2008-2010-ж.ж. – Шекер айылдык кеңеши, депутат;
2011-2012-ж.ж. – Шекер айыл өкмөтү, бухгалтер-кассир;
2012-ж. – Шекер айыл аймагы, жайыт комитетинин төрагасы;
2013-2017-ж.ж. – “Аманбол” дыйкан чарбасынын жетекчиси.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык технологиялар башкы башкармалыгынын берген маалымкатына ылайык К.К. Чомотоевдин соттуулугу жок.
Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясына Шекер айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Асылбеков Нургазы Чолпонкулович Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2019-жылы 28-июнда КР БШК мүчөлөрү Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Асылбеков Нургазы Чолпонкуловичти Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 21-июнда болуп өттү. Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
Асылбеков Нургазы Чолпонкулович
Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияны “Юриспруденция” адистиги боюнча (диплом № 1420, 2009-ж. 15-июль). бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2001-2004-ж.ж. – Бакыян айыл өкмөтү, АЭС (ВУС) начальниги
2008-ж. – “Асылбек” дыйкан чарбасынын жетекчиси
2011-2016-ж.ж. – КРӨ караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, жетектөөчү адис/улук инспектор/башкы инспектор
2015-ж. – Бакыян айылдык кеңеши, депутат
2016-ж. – Бакыян айыл өкмөтү, башчы
2019-ж. – Бакыян айылдык кеңеши, экс-депутат
Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык технологиялар башкы башкармалыгынын берген маалымкатына ылайык Н.Ч. Асылбековдун соттуулугу жок.
Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясына Бакыян айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
Үй-бүлөлүк шарттарына байланыштуу шайлоо комиссиясынын курамынан чыгуу жөнүндө Баткен АШКнын мүчөсү Тагаев Баатырбек Өмүрзаковичтен түшкөн арыздын негизинде төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
Тагаев Баатырбек Өмүрзакович – “Туран” демократиялык партиясы” саясий партиясынан, комиссиянын курамынан чыгарылды;
Сатылбалды уулу Улукбек – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан, резервден комиссиянын курамына киргизилди.
Бул өзгөртүүлөргө ылайык шайлоо комиссиясынын курамында саясий партиялардан өкүлдөр жок, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан 11 өкүл бар. Резервде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан 10 өкүл турат.
Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын курамында 12 мүчө бар, анын ичинде саясий партиялардан (Өнүгүү-Прогресс, КСДП, Бүтүн Кыргызстан, “Туран” демократиялык партиясы”) 4 өкүл, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан 8 өкүл бар.
Резервде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан 11 адам турат.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды
КР БШКнын 2019-жылдын 28-июнундагы токтому менен Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 17-июлуна (саат 9.00дөн 12-00гө чейин) дайындалды.
Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 19-июнундагы №48 буйругу менен Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Боталаев Азамат Кадырбекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Маалымат катары:
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык “айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун түзүлгөн күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындайт”.
Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календардык күндүн ичинде өткөрүлөт.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Абдыразаков Асылбек Таштанбекович Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2019-жылы 28-июнда КР БШК мүчөлөрү Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Абдыразаков Асылбек Таштанбековичти Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 21-июнда болуп өттү. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
Абдыразаков Асылбек Таштанбекович
1975-жылы 2-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Бишкектеги кечки жеңил өнөр жай техникумун "бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит" адистиги боюнча (1994-1997-ж.ж.), ошондой эле И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин “экономист” адистиги боюнча (2003-2007-ж.ж., диплому №12345, 2007-ж. 15-июль) бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2015-2016 ж.ж. – КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигине караштуу “Элита”мамлекеттик асыл-тукум станциясы МИ, башкы бухгалтер
2012-2016 ж.ж. – Байтик айылдык кеңеш, 26-чакырылыштын депутаты
2011-2012 ж.ж. – Байтик айыл округу, айыл округунун башчысынын м.а.
2009-2011-ж.ж. – Байтик айыл өкмөтүнүн Жайыт комитети, төрага
2008 -2012 ж.ж. – Байтик айылдык кеңеш, 25-чакырылыштын депутаты
2001-2003 ж.ж. – “Аламүдүн” айыл чарба кооперативи, бригадирдин жардамчысы
1997-2000 ж.ж. – “Байтик-тур” ЖЧК, туроператор
1993-1997 ж.ж. – “Байтик” ППФ, реализатор
Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, 4 баласы бар
Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык технологиялар башкы башкармалыгынын 2019-жылдын 11-июнунда береген маалымкатына ылайык А. Абдыразаковдун Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 28-июнунда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 28-июнь 2019-ж.
Убактысы: 11:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Ош облусунун Ноокат районунун Исанов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кенеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
6. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
7. Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
8. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
9. Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
10. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Сузак жана Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
11. Ар түрдүү маселелер
Төрага
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 20-июнунда Байтик айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу өттү
2019-жылдын 21-июнунда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 11 добуш алган Абдыразаков Асылбек Таштанбекович шайланды. Байтик айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 4 талапкер катталган. Шайлоо эки тур менен өттү.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 20-июнунда Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу өттү
2019-жылдын 21-июнунда Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 10 добуш алган Асылбеков Нургазы Чолпонкулович шайланды. Бакыян айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 10 катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 20-июнунда Бейшеке айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу өттү
2019-жылдын 21-июнунда Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Бейшеке айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 11 добуш алган Сулайманов Баиш Дайырович шайланды. Бейшеке айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер катталган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 20-июнунда Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу өттү
2019-жылдын 21-июнунда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 11 добуш алган Калмуратов Тагдырбек Токтосунович шайланды. Кеңеш айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер катталган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 20-июнунда Исанов айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу өттү
2019-жылдын 21-июнунда Ош облусунун Ноокат районунун Исанов айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Исанов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 20 добуш алган Маматов Маратбек Раимбердиевич шайланды. Исанов айылдык кеңешиндеги 31 депутаттын 31 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер катталган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 20-июнунда Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу өттү
2019-жылдын 21-июнунда Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 10 добуш алган Каратаев Таяныч Асанбекович шайланды. Көк-Ой айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 10 катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Саясий партияларды өнүктүрүүнү укуктук жактан жөнгө салуу. Милдеттер жана чечүүнүн сунушталган жолдору
Саясий партияларды өнүктүрүүнү укуктук жактан жөнгө салуу. Милдеттер жана чечүүнүн сунушталган жолдору
Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңеш тарабынан жактырылган 2018-2020-жылдарга шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясында мезгил талаптарына шайкеш келген жана саясий партиялардын калыптанып, өнүгүшү үчүн укуктук шарттарды түзгөн Кыргыз Республикасынын саясий партиялар жөнүндө мыйзамын иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча чаралар каралган.
Стратегияны жүзөгө ашыруу алкагында Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ саясий партиялар жөнүндө мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуунун үстүндө иштөөдө.
Конрад Аденауэр атындагы Фондунун Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен 21-22-июнда саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, БШКнын мүчөлөрүнүн, ЕККУнун (БДИПЧтин) эл аралык эксперттеринин катышуусунда “Саясий партияларды өнүктүрүүнү укуктук жактан жөнгө салуу. Милдеттер жана чечүүнүн сунушталган жолдору” деген темада кезектеги эксперттик талкуу өтүүдө. Аны менен катар шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн санкцияларды киргизүү боюнча мыйзам долбоорлору талкууланат.
Мурда партиялык ишти укуктук жактан жөнгө салуу, эл аралык тажрыйбасы маселелери боюнча кеңири форматта коомдук диалогдор өткөнүн белгилей кетүү керек.
ЕККУнун (БДИПЧтин) эл аралык эксперттери тарабынан партиялык ишти жөнгө салуунун алдыңкы тажрыйбалары баяндалды, КРдеги саясий партиялардын ишин мыйзам аркылуу жөнгө салуунун маселелери, негизги мамилелери талкууланды.
Талкуунун жүрүшүндө саясий партиялар жөнүндө мыйзамда биригүүгө эркиндик укугун сактоонун зарылдыгы жана бул укукту ишке ашырууда чектен ашкан чараларды киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө сунуштар айтылды.
Ошону менен бирге, шайлоого катышууга жана өкүлчүлүктүү мыйзам чыгаруу органдарында иштөөгө ниеттенген партиялар партиялардын ишин каржылоонун айкындуулугуна, шайлоого баланыштуу партиялык ички чечимдерди кабыл алуунун айкындуулугуна, партиялык ички демократияны сактоого тиешелүү ж.б. бир катар талаптарды аткаруулары керек. Башка маселелердин ичинде партиялардын ишин мамлекеттик каржылоону киргизүү маселеси дагы бар.
Коомдук талкуулардын, ошондой эле эл аралык эксперттерден түшкөн сунуштардын жыйынтыктары боюнча саясий партиялар жөнүндө мыйзамдын долбоору түзүлдү, ал аталган тегерек үстөлдө талкууланууда. Тегерек үстөлгө ЕККУнун (БДИПЧтин) шайлоолор боюнча департаментинин директору Александр Шлык баш болгон эксперттер катышууда.
Эксперттер “Жарандык платформ” коомдук бирикмеси тарабынан жүргүзүлгөн Кыргызстандагы партиялардын өнүгүүсү жөнүндө изилдөөлөрдүн жыйынтыктары баяндалды.
2018-2020-жылдарга шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясынан маалымат:
“Жарандардын кызыкчылыктарын билдирүү жана саясий ишке ашыруу институттары жана бийликтин өкүлчүлүктүү органдарын калыптандыруу институттары катары парламенттик типтеги саясий партияларды өнүктүрүү”
Саясий партиялар калктын белгилүү-бир бөлүгүнүн саясий эркин жүзөгө ашырган демократиянын маанилүү институту болуп саналат, анын негизги максаты мыйзам менен каралган формаларда мамлекеттик ишти башкарууда катышуу болуп саналат. Саясий партиялар элдин кызыкчылыгын билдириши керек жана жарандык коомду өнүктүрүүнүн ылдамдаткычы болуп саналат.
1999-жылдын 12-июнундагы “Саясий партиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы бир инсандын негизинде эмес (саясий партиянын лидери), идеологиянын негизинде анын мүчөлөрүн бириктирген жашап кетүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүү саясий партияларды түзүүсү жана иштөөсү үчүн шарттарды түзбөйт.
Көрсөтүлгөн стратегиялык максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү сунушталат:
Саясий партияларды өнүктүрүү үчүн укуктук шарттарды түзүү.
Милдетти ишке ашыруу үчүн саясий партияларды уюштурууга бирдиктүү талаптарды, партиялык курулуш боюнча механизмдерди жана ички партиялык жол-жоболор, шайлоолорго катышуучу жана шайлоочулардын добуштарынын белгилүү-бир пайызын алган саясий партияларды мамлекеттик колдоо формаларына карата бирдиктүү талаптарды караган “Саясий партиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясын иштеп чыгуу жана кабыл алуу зарыл.
“Саясий партиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамын кабыл алуу парламенттик типтеги саясий партияларды калыптандыруу жана өнүктүрүү үчүн мыйзамдык шарттарды түзөт.
Саясий партиялардын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу
- талапкерлер жана талапкерлердин тизмелери боюнча сунуштоо/чечимдерди кабыл алуунун ачык айкын тартибин, ошондой эле талапкерлерди/талапкерлердин тизмелерин сунуштоо боюнча (район, облус, борбор)съездди өткөрүүнүн иерархиясын белгилөө;
- саясий партиялар тарабынан коомчулук үчүн өздөрүнүн иши тууралуу отчетторду, анын ичинде финансылык отчетторду жыл сайын жарыялап туруу жөнүндө талаптарды белгилөө, ошондой эле саясий партиялардын шайлоо фондуна түшкөн акча каражаттарынынкелип чыгуу булактарын, шайлоо өнөктүгү учурунда саясий партиялардын чыгымдарын ачууга багытталган ченемдерди киргизүү.
Саясий партиялардан талапкерлердин тизмесин сунуштоодо жана бекитүүдө саясий партиялардын мүчөлөрү тарабынан чечим кабыл алуунуначык айкындыгы камсыздалууга жана партия ичиндеги коррупция жок болууга тийиш,мунун натыйжасында финансылык мүмкүнчүлүктөрдүн, башка жагымсыз факторлордун саясий
партиялардан талапкерлердин тизмесин түзүүгө жана жалпы эле шайлоо өнөктүгүнө таасир этүүсүн төмөндөтөт.
Шайлоо өнөктүгүн каржылоонун эрежелеринде добуш берүү күнүнө чейин шайлоо өнөктүгүн каржылоо булактарын табуу, шайлоодо келип түшкөн каражаттар жана чыгымдар жөнүндө деталдуу жыйынтык отчеттордужана ал отчетторду текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жарыялоо боюнча милдеттенмелер, ошондой эле өнөктүктү каржылоо эрежелеринбузуу үчүн токтоткон жана ага шайкеш келген санкциялар каралууга тийиш.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
30.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
30.09.2026
КР БШКсы бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктады
30.09.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
29.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 30-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
29.09.2026
КР БШКда президенттик шайлоого даярдык боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңешме өттү
29.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Индияда шайлоону башкаруу органдарынын потенциалын чыңдоо боюнча эл аралык семинарга катышууда