Мадаев Гулжигит Мурзамидинович Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
05 июля 2019
2019-жылы 5-июлда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 1-июлда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүнжыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Мадаев Гулжигит Мурзамидиновичти Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.
Мадаев Гулжигит Мурзамидинович
1984-жылдын 9-январында Ош облусунун Алай районундагы Кабылан-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Күңгөй айылындатуулган. Билими жогорку. Ош Мамлекеттик Университетинин “Дене тарбия” адистиги боюнча (диплом №CD080117406, 2008-жылдын 25-августу) бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2008-2010 жж. – Кабылан-Көл интернет клубта оператор
2013-2019 жж. - Кабылан-Көл айыл өкмөтүнө караштуу №25 Э.Мурзаев атындагы орто мектеби, мугалим
2015-2019 жж. - Кабылан-Көл айылдык кеңеши, депутат
2019 - азыркы убакытка чейин Кабылан-Көл айылдык кеңешинин депутаты
Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, 3 баланын атасы.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык технологиялар башкы башкармалыгынын берген маалымкатына ылайык Мадаев Гулжигит Мурзамидинович соттуулугу жок.
Алай аймактык шайлоо комиссиясына Кабылан-Көль айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

