2019-жылдын 1-июлунда Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу өттү
01 июля 2019
2019-жылдын 1-июлунда Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 21 добуш алган Нурмаматов Кубанычбек Досболович шайланды. Добуш берүүгө Ак-Татыр айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
