Калмуратов Тагдырбек Токтосунович Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

28 июня 2019

2019-жылы 28-июнда КР БШК мүчөлөрү Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Калмуратов Тагдырбек Токтосуновичти Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.

Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 21-июнда болуп өттү. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.

Калмуратов Тагдырбек Токтосунович

1982-жылы 29-октябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылында туулган.

Жогорку билимдүү. Ош технологиялык университетин “бухгалтердик эсеп жана аудит” адистиги боюнча (диплом №CD070236325, 2007-ж. 25-октябрь) бүтүргөн.

Эмгек жолу:

2001-2002 ж.ж. Кара-Суу райондук оорукана, бухгалтер

2007-2011 ж.ж. Кеңеш айылы, катчы-машинист

2011-2013 ж.ж. Кеңеш айылы, жаштар комитетинин төрагасы

2013-2014 ж.ж.  Кара-Кулжа  району, Кеңеш  айыл   өкмөтү, финансы-экономика бөлүмүнүн  башчысынын  милдетин  аткаруучу

2014-2015 ж.ж. Кара-Кулжа  району,  Кенеш  айыл   өкмөтү, финансы-экономика  бөлүмүнүн  башчысы

Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, беш баласы бар.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык аналитикалык борборунун берген маалымкатына ылайык Калмуратов Тагдырбек Токтосуновичтин соттуулугу жок.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү