Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

2019-жылдын 26-июлунда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
25.07.2019

2019-жылдын 26-июлунда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы:   26 -июль 2019-ж.  Убактысы: 11:00  Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2019-жылдын 19-июлунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен районунун Самарандек айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. 2019-жылдын 17-июлунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Жалал-Абад жана Ош аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын кеңеши жөнүндө (Баяндамачы –  Шаршеналы уулу А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти) 5. Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. 2019-2023-жылдарга КР БШКнын ишмердүүлүгүнүн Стратегиялык планы жөнүндө (Баяндамачы – Н.К. Шайлдабекова, БШКнын төрагасы) 7. Шайлоо укугунун жана процессинин, шайлоочулардын (референдумдун катышуучуларынын) укуктук жана саясий маданиятын жогорулатуунун актуалдуу маселелерин, шайлоо тутумун реформалоонун натыйжаларын, Кыргыз Республикасынын жарандарынын (жигердүү жана пассивдүү) шайлоо укуктарын ишке ашырууну, Кыргыз Республикасындагы шайлоолордо пайдаланылуучу жол-жоболорду жана технологияларды, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларынын иштерин жалпыга маалымдоо каражаттарында мыкты чагылдыргандык үчүн конкурс тууралуу (Баяндамачы –  С.Байтикова, маалыматтык бөлүмдүн башчысы) 8. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 30 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларга даярдануу жана өткөрүү жөнүндө (Баяндамачы –  А.Г. Бекматов, Жумушчу топтун жетекчиси) 9. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
2019-жылы 19-июлда Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
25.07.2019

2019-жылы 19-июлда Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

2019-жылы 19-июлда Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. 13 добуш алган Гапаров Шайлообек Белекбайевич Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Самаркандек айылдык кеңеште бардыгы 21 депутат бар, добуш берүүгө алардын баары катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 4 талапкер катталган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 24-июлунда Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу өттү
25.07.2019

2019-жылдын 24-июлунда Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу өттү

2019-жылдын 19-июлунда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 15 добуш алган Минбаев Доолотбек Бодонович шайланды. Добуш берүүгө Кара-Суу айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 16 катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер катталган. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
​​​​​​​Кыргыз Республикасынан барган эл аралык байкоочулар Украинанын Жогорку Радасынын депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышты
25.07.2019

​​​​​​​Кыргыз Республикасынан барган эл аралык байкоочулар Украинанын Жогорку Радасынын депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышты

Украина БШКсынын сайтындагы маалымат боюнча 25-июлга карата абал боюнча 21-июлда өткөн парламенттик шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун 99,76%дан ашыгы иштелип чыкты. Алдын ала жыйынтыктар боюнча талапкерлердин арасында “Эл кызматчысы” партиясы шайлоочулардын 43,17% добушун алып, алдыда баратат, “Оппозициялык платформа – Жашоо үчүн” партиясы үчүн шайлоочулардын 13,02%ы, “Батькивщина” партиясы үчүн – 8,18%ы, “Европа шериктештиги” партиясы үчүн – 8,11%ы добуш берди, ал эми “Добуш” (“Голос”)  5,83% алды. Кыргыз Республикасынын БШКсы менен Украина БШКсынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун алкагында Кыргыз Республикасынан барган КР БШКнын мүчөлөрү А. Асаналиев  жана Г. Баатырова Жогорку Раданын депутаттарын кезексиз шайлоого эл аралык байкоочу катары катышты. Украина БШКсынын маалыматтары боюнча шайлоочулардын шайлоого келүүсү 49,84%ды түздү. Добуш берүүгө 14,7 миллиондон ашык шайлоочу катышты. Шайлоо аралаш тутум (депутаттардын жарымы пропорциялык, экинчи жарымы – мажоритардык тутум боюнча шайланат) каралган колдонуудагы мыйзамдар боюнча өттү. Мындан тышкары, Жогорку Радага шайлоо беш пайыздык босогодон өтүүгө тийиш болгон жабык партиялык тизме боюнча өтүүдө. Жалпы мамлекеттик көп мандаттуу шайлоо округунда добуш берүү үчүн шайлоо бюллетенине 22 саясий партия жана блоктор киргизилди, 199 бир мандаттуу шайлоо округунда 65 партиянын өкүлү болгон дээрлик 6 миң талапкер катталган. Украинанын шайлоо мыйзамдарына ылайык БШК кезексиз парламенттик шайлоонун натыйжаларын  добуш берүү күнүнөн тартып 15 күндүн ичинде жарыялайт. Украинанын Президенти В. Зеленский ал инаугурация болгон күнү мурдагы парламентти таркатып, Жогорку Радага кезексиз шайлоону үстүбүздөгү жылдын 20-майына дайындаганын эске сала кетебиз. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Манапов Азизбек Кубанычбекович Чуй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
17.07.2019

Манапов Азизбек Кубанычбекович Чуй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

2019-жылы 17-июлда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 1-июлунда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүнжыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Манапов Азизбек Кубанычбекович Чуй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти.   Манапов Азизбек Кубанычбекович 1981-жылы 25 августта Чуй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылында туулган. Билими жогорку. КГУСТа “Транспорт жана комуникация” адистиги боюнча (диплом №1025  27.07. 2001ж.)  бүтүргөн. Эмгек жолу: 2002 ж. - Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтү, салык инспектору, бухгалтер 2002-2005 жж. - ВУСтун башчысы, бухгалтер, салык инспектору 2005-2007 жж. - Жер адиси жана комуналдык чарба боюнча башкы адис 2008-2009 жж. - Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу 2009-2014 жж. - Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысы 2017-2019 жж. - Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Үй бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, 3 баласы бар. Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын берген маалымкатына ылайык Манапов Азизбек Кубанычбековдун соттуулугу жок. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнөн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК мүчөсү жөнүндө ЖМКдагы маалымат чындыкка ылайык келбейт
17.07.2019

БШК мүчөсү жөнүндө ЖМКдагы маалымат чындыкка ылайык келбейт

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү А. Сатыгулов 2018-жылдын аягынан тартып БШКга келбей жатат деген ЖМКдагы маалымат чындыкка ылайык келбейт. Мурда билдирилгендей, А. Сатыгулов 2018-жылдын ноябрь айынан декабрь айына чейин негизги иштеген жумушу боюнча эмгек өргүүсүндө болгон. 2018-жылдын декабрынан тартып эмгек өргүүсүнөн кайтып келип, БШКнын жыйналыштарына катышууда. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды
17.07.2019

Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды

КР БШКнын 2019-жылдын 17-июлундагы токтому менен Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 2-августуна (саат 9-00дөн 12-00ге чейин) дайындалды. Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2019-жылдын 3-июлундагы № 218-Р буйругу менен Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Бакасов Тагайбек Самарканович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү                          
Кененирээк билүү >>
Нурмаматов Кубанычбек Досболович Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
17.07.2019

Нурмаматов Кубанычбек Досболович Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

2019-жылы 17-июлда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 1-июлунда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүнжыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Нурмаматов Кубанычбек Досболович Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти. Нурмаматов Кубанычбек Досболович 1972-жылы 28 январда Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айылында туулган. Билими жогорку. Ош мамлекеттик педогогикалык институтун “кыргыз тил жана адабият” адистиги боюнча (диплом ФВ-I №122094, регистр.номер №372 20.06.1994ж) бүтүргөн. Эмгек жолу: 1993-1994 жж. – Ю.А.Гагарин атындагы орто мектеп, мугалим; 1994-2005 жж. – Ж.Момунов атындагы орто мектеп, мугалим, мүдурдүң орун басары; 2005-2008 жж. – Баткен облустук администрация, бөлүм башчысы; 2008-2009 жж. – Баткен шаардык башкаруу, орун басар; 2009-2012 жж. – Баткен шаарынын мэриясы, бөлүм башчысы, аппарат жетекчиси, биринчи вице-мэр; 2016-2017 жж. - Ак-Татыр айыл окмоту, жетектөөчү адис, айыл өкмөтүнүн башчысы Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, 5 баласы бар. Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын берген маалымкатына ылайык Нурмаматов Кубанычбек Досболовичтин соттуулугу жок. Баткен аймактык шайлоо комиссиясына Ак-Татыр айыл өкмөтүнөн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин тогуз депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
17.07.2019

КР БШК жергиликтүү кеңештердин тогуз депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2019-жылы 17-июлда КР БШК Кара-Буура, Ала-Бука, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Кара-Суу, Сузак, Араван жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Талас облусунун төмөнкү депутаттары өз каалоолору боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту: Чомотоев Канат (Кара-Буура районунун Шекер айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Эшимбеков Ильяска өткөрүп берилди. Асылбеков Нургазы (Кара-Буура районунун Бакыян айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Усупбеков Нургаазыга өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун төмөнкү депутаттары өз каалоолору боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту: Эгембердиев Жыргалбек (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы, №4, Жалал-Абад шаардык кеңеш). Мандат Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен саясий партиянын тизмесиндеги №11 талапкер Ирсалиев Арапбайга өткөрүп берилди. Кочкорбаев Батырбек (Ала-Бука районунун Өрүктү айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Рысымбетов Бакайга өткөрүп берилди. Курбанов Темур (Сузак районунун С. Атабеков айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Акматалиев Заирбекке өткөрүп берилди. Ысык-Көл облусунун төмөнкү депутаты өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту: Мансурова Чолпон (“Табылга” фракциясы, №3, Чолпон-Ата шаардык кеңеш). Мандат Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен саясий партиянын тизмесиндеги №9 талапкер Каратаев Азатка өткөрүп берилди. Ош облусунун төмөнкү депутаттары өз каалоолору боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту: Асанов Сапарбек (Кара-Суу районунун Мадый айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Калбаев Анарбайга өткөрүп берилди. Орозбаев Мирланбек (Араван районунун Төө-Моюн айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Темирбаев Рыскулга өткөрүп берилди. Баткен облусунун төмөнкү депутаты өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту: Анаров Саатбек (Баткен районунун Ак-Сай айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Каракашов Имамалиге өткөрүп берилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Хосилов Нодир Носирович Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
17.07.2019

Хосилов Нодир Носирович Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

2019-жылы 17-июлда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 9 июлунда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүнжыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Хосилов Нодир Носирович Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти. Хосилов Нодир Носирович 1988-жылы 28-июлда Ош облусунун Кара-Суу районунун Зарбдор айылында туулган. Билими жогорку. Ош Мамлекеттик Юридикалык Институтун “Юриспруденция” адистиги боюнча (диплом №СД120349041, 2012-ж. 25-август) бүтүргөн. Эмгек жолу: 2012-2013 жж. – Нариман айыл өкмөтү, статист-экономист; 2013-2014 жж. – Нариман айыл өкмөтү, жетектөөчү адис статист-экономист; 2014-2016 жж. - Нариман айыл өкмөтү, жетектөөчү адис статист-экономист; 2016 ж. бүгүнкү күнгө чейин Нариман айыл өкмөтү, айыл өкмөтү башчынын орун басары. Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, эки баласы бар Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматык технологиялар башкы башкармалыгынын берген маалымкатына ылайык Хосилов Нодир Носировичтин соттуулугу жок. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына Нариман айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Табылдиев Сүйүндүк Молдобекович Нарын облусунун  Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
17.07.2019

Табылдиев Сүйүндүк Молдобекович Нарын облусунун  Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

2019-жылы 17-июлда КР БШК мүчөлөрү 2019-жылы 9-июлунда болуп өткөн шайлоодо добуш берүүнүнжыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде Табылдиев Сүйүндүк Молдобековичти Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчылыгына бекитти. Табылдиев Сүйүндүк Молдобекович 1977-жылы 17 январда Нарны облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айылында туулган. Билими жогорку. И.Арабаев атындагы  КМПУнун “Мукзыка” адистиги боюнча (диплом ГТ №01265  5.07.1997ж.), жана И.Арабаев атындагы  КМПУнун “Тарых укук таану  факультети” адистиги боюнча  бүтүргөн. Эмгек жолу: 1997-1999 жж. - Кочкор районуна караштуу Ак-Талаа орто мектеби, музыка сабагынан мугалим; 2003-2004 жж. - Нарын облустук мамлекеттик админстрациясы,  соц. өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; 2004-2016 жж. - АРИС агенствосу, куратор , эксперт; 2016-ж. - Кочкор районунун Кара-Суу айылдык кеңеши, депутат; Бүгүнкү  күнгө Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары. Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, 4 баласы бар. Кыргыз Республикасынын ИИМдин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын берген маалымкатына ылайык Табылдиев Сүйүндүк МОлдобековичтин соттуулугу жок. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына Кара-Суу айыл өкмөтүнөн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 17-июлунда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
17.07.2019

2019-жылдын 17-июлунда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы:   17 -июль 2019-ж. Убактысы: 11:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2019-жылдын 1-июлунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. 2019-жылдын 1-июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунунЖайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. 2019-жылдын 9-июлунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун  Нариман айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. 2019-жылдын 9-июлунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Кочкор районунун  Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Буура, Ала-Бука, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Кара-Суу, Сузак, Араван жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 7. Ар түрдүү маселелер Төрага
Кененирээк билүү >>
Шайлоону техникалык жактан камсыздоону өркүндөтүү – КР БШКнын чечүүчү милдеттеринин бири
16.07.2019

Шайлоону техникалык жактан камсыздоону өркүндөтүү – КР БШКнын чечүүчү милдеттеринин бири

КР БШК башчысы Н. Шайлдабекова жана БУУ ӨП баалоо боюнча эксперти Д. Хачатрян 2019-жылдын 15-июлундагы жолугушууда КР БШКда болгон жабдыктардын учурдагы абалын талкуулашты. Жолугушууга БШК аппаратынын программалык-техникалык камсыздоо, маалыматтарды иштеп чыгуу жана маалыматтардын коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы А. Акимбаев жана БУУ ӨП координатору У. Омуралиев катышты. Жолугушууда 2015-жылдан бери шайлоо процессиндеги алдыңкы технологиялар ачык-айкын жана тынч шайлоо өткөрүүдө зор роль ойногону айтылды. Шайлоочулардын тизмелерин түзүүдө, добуштарды саноодо адам факторун жокко чыгаруу, ошондой эле шайлоо убагында жарандарды иденттештирүү менен жарандардын шайлоого ишенимин кайтарууга мүмкүн болду. Н. Шайлдабекова колдо болгон АЭУлардын функционалы дайыма өзгөртүлүп турарын жана КР БШКнын аларды мындан ары дагы өнүктүрүү ниети бар экенин белгиледи. Мындан тышкары, катышуучулар шайлоочулардын тизмелерин тактоо боюнча, ошондой эле шайлоочуларды иденттештирүү боюнча иш-аракеттердин негизги комплексинин КРӨ караштуу МККдан КР БШКга өтүүсүн, өз ара аракеттешүүнүн жаңы тартибин тактоо менен талкуулашты. Бул максатта шайлоону техникалык жактан камсыздоону өркүндөтүү – шайлоочуларды иденттештирүү, электрондук окутуу жана УШК, АШКлардын ишин координациялоо үчүн компакттуу түзүлмөлөрдү пайдалануу зарыл. Д. Хачатрян КР БШКнын шайлоо процессинде технологияларды колдонуудагы жетишкендиктерине жогору баа берди. Мындан тышкары, эксперт жабдыктарды пайдаланууга байланыштуу айрым сунуштамаларды берди. БУУ ӨП өкүлдөрү 2020-жылы КР ЖК депутаттарын шайлоого карата даярдыктын алкагында КР БШКга эксперттик жана техникалык жактан көмөктөшүүгө даяр экенин билдиришти. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү -
Кененирээк билүү >>
“Кыргыз Республикасындагы шайлоо тутумун реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо” программасы боюнча Байкоочу комитеттин мүчөлөрү КР менен ЕБ ортосунда түзүлгөн Каржы макулдашуусунун индикаторлорунун аткарылышын талкуулашты
15.07.2019

“Кыргыз Республикасындагы шайлоо тутумун реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо” программасы боюнча Байкоочу комитеттин мүчөлөрү КР менен ЕБ ортосунда түзүлгөн Каржы макулдашуусунун индикаторлорунун аткарылышын талкуулашты

“Кыргыз Республикасындагы шайлоо тутумун реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо” программасы боюнча Байкоочу комитеттин мүчөлөрү 2019-жылдын 11-июлундагы жыйналышында Каржы макулдашуусунун индикаторлорунун аткарылышын талкуулашты. Учурда 2016-жылы түзүлгөн Каржы макулдашуусунун №7 индикатору ишке ашырылууда. Бул индикатордун алкагында 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын жүзөгө ашыруу максатында мыйзам чыгаруу чараларынын пакети боюнча иш-аракеттердин Парламенттик планын кабыл алуу каралган. КР ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана жогорку кеңештин регламенти боюнча комитетинин бөлүм башчысынын орун басары Мамбетова А. Т. мыйзам долбоорлорун кароонун баскычтары жөнүндө маалымат берди. Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган 4 мыйзам долбоору демилгеленген. Алар: - “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору; - “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзам долбоору; - “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзам долбоору; - “Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзам долбоору (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, Борбордун статусу жөнүндө, Ош шаарынын статусу  жөнүндө мыйзамдарга). КР ЖКнын өкүлү “бул 4 мыйзам долбоору 2019-жылдын 27-июнунда КР ЖКнын жыйналышында кабыл алынганын, КР ЖКнын Регламентине ылайык кол коюу үчүн КР Президентине жөнөтүлөрүн” белгиледи. Ошону менен бирге жакын арада КР ЖК депутаттары тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн санкциялар жөнүндө (Стратегиянын №4 максаты) жана саясий партиялар жөнүндө (Стратегиянын №3 максаты) мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңешке киргизүү мерчемделип жатканы айтылды. Венеция комиссиясынын эксперттери жана сот-укук реформасын байкоо боюнча Жумушчу топ менен талкуулоонун жыйынтыктары  боюнча санкциялар жөнүндө мыйзам долбоорлорунун пакети толукталып иштелип чыгууда. Саясий партиялар жөнүндө мыйзам долбоору дагы толукталып иштелип чыгуу жана коомдук талкуулоо процессинде турат (саясий партиялардын, КР ЖК депутаттарынын, көз карандысыз эксперттердин, ЕККУнун (БДИПЧ) эксперттеринин жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда 3 коомдук диалог өттү, анын жыйынтыктары  боюнча ЖК депутаттары мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгууда). Депутаттар демилгелесе, мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңештин ишинин 2019-2020-жылдарга Сессиялык планына жана 2019-жылдын сентябрынан тартып, КР ЖКнын ишинин календардык планына киргизилиши мүмкүн. Жыйналыштын катышуучулары Каржы макулдашуусунун бардык индикаторлору план ченемдүү ишке ашырылып жатканын белгилеп, №7 индикатордун ишке ашырылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты эске алышты. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 9-июлунда Нариман айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу өттү
09.07.2019

2019-жылдын 9-июлунда Нариман айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу өттү

2019-жылдын 9-июлунда Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 18 добуш алган Хосилов Нодир Носирович шайланды. Нариман айылдык кеңешиндеги 31 депутаттын 31 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер катталган. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 9-июлунда Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу өттү
09.07.2019

2019-жылдын 9-июлунда Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу өттү

2019-жылдын 9-июлунда Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 13 добуш алган Табылдиев Сүйүндүк Молдобекович шайланды. Кара-Суу айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер катталган. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 346 348 … 483