2019-жылдын 1-июлунда Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу өттү

01 июля 2019

2019-жылдын 1-июлунда Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 17 добуш алган Туйбаев Таалайбек Адиевич шайланды. Добуш берүүгө Отуз-Адыр айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер катталган.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү