Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
2019-жылдын 18-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 18-декабрь 2019-ж.
Убактысы: 11-00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аксы, Ала-Бука, Араван, Кара-Суу жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Ар түрдүү маселелер
Төрага
Кененирээк билүү >>
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
2019-жылы 17-декабрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
17 добуш алган Койчумбаев Самат Искендербекович Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Ала-Бука айыл өкмөтүндө бардыгы 31 депутат бар, добуш берүүгө алардын баары – 31и катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 2 талапкер катталган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Үч-Коргон жана Ак-Моюн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өтпөй калды
“Бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн талапкерлерге караганда депутаттардын көпчүлүк добушу берилгендигине байланыштуу Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтпөй калды. Депутаттардын жалпы санынан 28и катышып, үчөө катышкан жок.
Үч-Коргон айылдык кеңешиндеги 13 депутат “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн добуш берди. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 2 талапкер катталган. Талапкер Ж.К.Алымкулов үчүн 10 депутат добуш берди, экинчи талапкер А.А.Эшалиев 5 добуш алды.
Бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтпөй калды.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, ошондой эле “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык КР БШК тарабынан кайра шайлоо дайындалат, ал шайлоодо жаңы талапкерлер көрсөтүлөт.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Адам укуктарынын эл аралык күнү
Бүгүн БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан Адам укуктарынын Жалпы декларациясы кабыл алынганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү борборунда USAIDдин каржылык колдоосу алдында Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондусунун (IFES) КРдеги өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулган адам укуктары боюнча семинар болуп өттү. Бул семинарга борбордогу ЖОЖдордун студенттери жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар катышты.
Иш-чараны ачып, КР БШК Төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов анын маанилүүлүгүн төмөнкүчө белгиледи:
“Адам укуктарынын Жалпы декларациясы маанилүү, жалпыга маалым, негиз түзүүчү документ болуп саналат, себеби – жалпы адамзаттык баалуулуктарды сактоого чакырган документ, ал укук тармагындагы адистердин өз ара тыгыз аракеттешүүсүнүн натыйжасы болуп саналат”.
IFESтин КРдеги директору Рената Левовски дагы куттуктоо сөзүн сүйлөп, добуш берүү укугу омоктуу саясый укук жана адам укугу болуп саналарын, чыныгы демократия ар бир жаранга өз өлкөсүнүн саясый жана демократиялык процесстерине толук деңгээлде катышууга мүмкүндүк берерин белгиледи.
Семинардын программасына төмөнкү үч презентация киргизилген: адам укуктары жана адам укуктары институтунун калыптануу тарыхы, шайлоо укуктары, Кыргызстандагы шайлоо тутумунун стандарттары жана өзгөчөлүктөрү.
Активист Айпери Аралбаева коомдук инфратүзүмдөрдүн жеткиликтүүлүгүнө жана Бишкек шаарында пандустарды орнотуу боюнча ченемдердин сакталышына байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары тууралуу жаштар менен ой бөлүшту.
Семинардын катышуучулары “Quiz” оюнуна катышып, алган билимдерин бекемдешти. Оюндун жүрүшүндө интернет, мобилдик телефон ж.б. гаджеттерди колдонууга тыюу салынды. катышуучулар адам укуктары боюнча 12 суроого жооп беришти. Оюндун жеңүүчүлөрү бул иш-чараны уюштуруучулардан баалуу байгелерди алышты.
Соңунда студенттер үчүн КР БШКнын имаратында тааныштыруу экскурсиясы өткөрүлдү.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнүнө карата: Кыргызстандын шайлоо процессиндеги коррупцияга каршы чаралар
2019-жылдын 9-декабры – Коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнү, бул – 170тен ашык мамлекет өздөрүнө мыйзамдар, мамлекеттик институттар жана укук колдонуу тармагында коррупцияга каршы чараларды жайылтуу боюнча милдеттенмелерди алган күн.
Шайлоо тутумун реформалоо процессинде КР БШК тарабынан шайлоо процессинде коррупциянын негиздерин жокко чыгаруучу коррупцияга каршы күрөштүн кеңири комплекси жүргүзүлдү.
1. Шайлоо процессине жаңы технологияларды – кол менен саноону контролдоонун инструменти катары шайлоочуларды биометрикалык маалыматтар боюнча иденттештирүү жана автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) тутуму, ошондой эле добуш берүүнүн, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын чыгаруунун жүрүшүндө бир катар негизги жол-жоболорду жөнгө салуу Кыргыз Республикасында шайлоо өткөрүү учурунда айкындуулукка жана аныктыкка жетүүгө мүмкүнчүлүк берди, ошондой эле добуш берүүгө катышуу жана добуштарды саноо боюнча бурмалоолорду жокко чыгарууга өбөлгө түздү.
2. Шайлоонун аныктыгы, айкындуулугу, атаандаштыгынын артуусу, жарандардын эрк-ниетин эркин билдирүүсү үчүн укуктук жана практикалык шарттардын жакшырышы шайлоо тутумун реформалоону жүргүзүүнүн учурдагы негизги натыйжалары болуп калды:
“бир шайлоочу – бир добуш” принциби ишке ашырылды, добуш берүүгө катышкандардын санын бурмалоо мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылды (шайлоочулардын тизмесин түзүү ачык-айкын жүргүзүлгөндүктөн жана шайлоочулар иденттештирүүдөн өткөндүктөн, “карусель” ыкмасы мүмкүн болбой калды, бюллетендерди дүңүнөн салууну жашырылышы мүмкүн эмес),
Тышкы контролдонун жана добуштарды саноо боюнча шайлоо комиссияларынын аракеттерин талдоонун инструменттерин кеңейтүүдөн улам добуш берүүнүн жыйынтыктарын саноонун аныктыгы жана толук айкындуулугу реалдуулукка айланды: АЭУ жана кол менен саноонун жыйынтыктарын салыштыруунун мүмкүнчүлүгү, кол менен саноо аяктаар замат ар бир участоктон кол менен саноонун протоколдорунун графикалык скан-көчүрмөлөрүн жана КРӨ караштуу МККнын шайлоочуларды иденттештирүү жөнүндө отчётторунун көчүрмөлөрүн сайтка жөнөтүү жана чагылдыруу добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоону болтурбай коёт.
участоктордогу АЭУлардан жыйынтыктарды КР БШКнын серверине көз ирмемде контактысыз жөнөтүү жана участоктордон добуш берүүнүн кол менен саналган жыйынтыктарын серверде автоматтык түрдө кошуп чыгаруу, жарандык натыйжалуу контроль үчүн шарттарды түзүү (добуш берүүнүн жыйынтыктарын ыкчам жарыялоо жана УШК, АШКлардагы бардык байкоочуларды МККнын иденттештирүү жөнүндө отчётторунун көчүрмөлөрү, АЭУлардын жыйынтыктары жана УШК, АШКлардын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун көчүрмөлөрү менен камсыздоо аркылуу) мурда бардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялары кыянат пайдаланып келген добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо жана укук ченемсиз өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат б.а. шайлоону уюштуруучулардын коррупциялык аракеттеринин негиздерин жокко чыгарат.
3. Мындан тышкары, шайлоо комиссияларынын тутумунда коррупциялык аракеттердин негиздерин жоюу жана УШКлардын иш сапатын арттыруу үчүн УШК мүчөлөрүнүн кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча төмөнкүдөй чаралар көрүлдү: ШК мүчөлөрүн окутуунун жаңы модулун иштеп чыгуу, кыска мөөнөттө окутуунун натыйжалуу каражаттарын пайдалануу, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн өз убагында окутуу жана шайлоо комиссиялары менен кызыктыруучу жолугушууларды өткөрүү (мыйзамды ак ниеттик менен аткаруу жана жол-жоболорду бузгандык үчүн жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө).
БШКнын төмөн турган шайлоо комиссиялары менен натыйжалуу өз ара аракеттешүүсү жөнгө салынды. Эксперттер менен дайыма жолугушуулар, окутууну уюштуруу жана өткөрүү, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн консультациялар (алыскы райондордогу ШКлар менен планшеттер аркылуу онлайн-режиминде) өлкөдөгү шайлоо мезгилинде өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү, участоктук комиссиялардын 98%ы добуш берүүнүн жана саноонун жол-жоболорун бузбай иштегени бул фактынын далили.
4. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн сатып алуу аракеттерин жокко чыгаруу, кадрлардын туруксуздугун төмөндөтүү максатында Мыйзам менен комиссия мүчөлөрүнө сый акы берүү тутуму киргизилди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги №242 токтому менен шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө сый акынын өлчөмдөрү белгиленген, бул жаңы өзгөртүүлөр участоктук комиссиялардын кадрларынын туруксуздугун 2016-жылдын аягындагы 23%дан 2017-жылы августта 7%га чейин төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берди. Ошондой эле бул комиссия мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин жана шыктануусун арттырган, комиссия мүчөлөрүнүн миссиясынын маанилүүлүгүн баса белгилөөчү коррупцияга каршы чара болуп калды, мамлекет тарабынан көрүлгөн бул чаралар дагы ушуга байланыштуу болду.
5. Шайлоодо Ыкчам чара көрүүчү координациялык топторду (мындан ары – ЫЧКТ) түзүү, бул топтордун максаты шайлоо мыйзамдарын бузууга ыкчам чара көрүү жана көрүлүүчү чаралар жөнүндө жарандарга кабарлоо болуп саналат.
ЫЧКТ укук коргоо органдары, шайлоо комиссиялары, ЖМК, жарандык коом менен иш жүргүздү. Ал бузуулардын абалы жөнүндө жарандарга кабарлап турду, укук бузуулар жөнүндө түшкөн арыз, даттанууларга баа берип, аларды компетенциясына тиешелүү маселелерди карап, чечим чыгаруу кирген тиешелүү укук коргоо органдарына ыкчам жөнөтүп турду.
Шайлоолорго даярдануу жана өткөрүү мезгилинде ЫЧКТ коопсуздукту жана тартипти камсыздоо, ошондой эле шайлоочуларды сатып алууга, жарандардын шайлоо укуктарын бузуучу же шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылуучу аракеттерге бөгөт коюу боюнча шашылыш чараларды көрдү.
Добуш берүү күнү ЫЧКТ укук бузууларга чара көрүү боюнча жалпы координацияны жүзөгө ашырды, шайлоо мыйзамдарын бузууларды ачууда жана четтетүүдө шайлоо комиссиялары жана компетенциялуу органдар менен өз ара тыгыз аракеттешти. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү убагында ЫЧКТга 166 арыз түштү.
2019-жылы 8-августта шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип, алар шайлоолорго даярдануу жана өткөрүү учурунда шайлоо комиссияларынын бардык деңгээлдеринде курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирүүчү Ыкчам чара көрүүчү координациялык топторун түзүүнү бекитти.
Координациялык топтун негизги иш-милдеттери шайлоо мыйзамдарын бузууга ыкчам чара көрүү жана көрүлүүчү чаралар жөнүндө жарандарды маалымдоо болуп саналат.
6. Мыйзамда Борбордук шайлоо комиссиясынын Контролдоо-текшерүү тобунун (мындан ары – КТТ) иши каралган, ал шайлоо процессинин мезгилинде шайлоо комиссияларына шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фонддорунун, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын келип түшүү булактарын, каражаттардын туура эсептелишин жана пайдаланылышын контролдукту, каржылык отчетторун текшерүүнү жүзөгө ашырат.
Мындан тышкары, ал топ шайлоолорду каржылоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Борбордук шайлоо комиссиясынын ченемдик укуктук актыларынын шайлоо комиссиялары, талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сакталышын текшерүүнү, талапкерлердин, саясий партиялардын финансылык отчетторун текшерүүнү жана алардын адепки финансылык документтерге шайкештигин текшерүүнү, шайлоо аяктагандан кийин саясий партиялардын сарпталбай калган шайлоо фонддорунун акчалай каражаттарынын кайрылып берилишин көзөмөлдөөнү, шайлоо өнөктүгүн каржылоого тиешелүү маселелери боюнча ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда, банктарда жана башка насыялык-мекемелерде алардын менчик түрүнө карабастан, текшерүүлөрдү жүргүзөт.
7. Шайлоо процессин башкаруунун айкындуулугун арттыруу максатында даттанууларды жана шайлоо талаш-тартыштарын ачык, өз убагында, обьективдүү кароо боюнча чаралар көрүлдү.
2017-жылдан бери Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында даттануулардын жана кайрылуулардын Электрондук реестри иштөөдө. Реестрге шайлоонун жүрүшүндө түшкөн арыз, даттануулар, шайлоо комиссиялары жана соттор тарабынан аларды кароонун натыйжалары жөнүндө маалыматтар арыз, даттануулардын, кабыл алынган чечим, сот актыларынын скан-көчүрмөлөрү көрсөтүлүү менен жайгаштырылат. Шайлоо процессинин катышуучулары онлайн-режимде арыз берүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар.
Арыз, даттануулардын Электрондук реестрин киргизүү тажрыйбасы 2019-жылы “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында бекитилген, ошондой эле даттанууларды кароонун мөөнөттөрүн тактоо жагынан ченемдер киргизилип, бузуулар дифференцияланган.
8. 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын шайлоолор жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүүнүн Стратегиясында каралган шайлоочулардын тизмелерин тактоо жана аларды иденттештирүү боюнча иш-милдеттердин МККдан (аткаруучу адмведомство) БШКга (көз карандысыз орган) өтүшү шайлоолорду көз карандысыз уюштурууну чыңдоонун маанилүү фактору болуп саналат.
9. Кыргыз Республикасынын БШК аппаратында БШКнын аппаратынын дараметин арттырууга, коррупциянын алдын алууга багытталган иш – коррупцияга каршы агартуу жана окутуу, ошондой эле мамлекеттик кызматта калыстыкты, коррупциялык көрүнүштөргө чыдабастыкты калыптандыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Семинар, тренингдер шайлоо процессинин субъектилеринин төмөнкү кеңири чөйрөсү үчүн дагы уюштурулду:
- Кыргыз Республикасынын саясый партияларынын өкүлдөрү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо өнөктүгүнө катышуу маселелери боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн шайлоо, каржы маселелери, шайлоо талаш-тартыштары боюнча;
- мамлекеттик жана региодук ЖМКлардын журналисттери үчүн шайлоо процессин чагылдыруу, кабарландыруунун жана үгүт иштеринин эрежелери жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин штабдарынын PR-кызматтары үчүн шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелери жөнүндө;
- укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн “Укук коргоо органдарынын шайлоо убагында шайлоочуларды сатып алууга каршы аракеттенүү жана коопсуздукту камсыздоо боюнча өз ара аракеттешүүсү” деген темада.
10. Бирок шайлоо процессинде олуттуу иш жүргүзүүнү талап кылган коррупция тектүү мүнөздөгү бир катар факторлор орун ээлөөдө. Шайлоочуларды сатып алуу шайлоодогу коррупциянын кыйла көп кездешкен латенттүү түрү болуп саналат.
Каршы аракеттенүүнү өркүндөтүү максатында 2019-жылдын январынан тартып, сатып алуу жеке айыптоо иштеринин категориясынан жеке-коомдук айыптоо кылмыштарынын категориясына мыйзам аркылуу которулган.
Учурда КР ЖК депутаттары тарабынан сатып алууга жана талапкерлигин көрсөтүү же шайлануу максатында администрациялык ресурсту укук ченемсиз пайдаланууга каршы санкциялардын натыйжалуулугун арттырууга багытталган мыйзам долбоору демилгеленди.
КР шайлоо тутумунда укук бузууларга каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-февралындагы №19 Жазык кодексинин “Адамдын саясий жана башка укуктарына каршы кылмыштар” деген 29-главасына жарандардын төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилигин күчөткөн ченемдер каралды:
- Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу, КР ЖК 191-берене;
- Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу, КР ЖК 192-берене;
- Шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу, КР ЖК 193-берене;
- Шайлоо же референдум өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу, КР ЖК 194-берене;
- Шайлоо документтерин бурмалоо, КР ЖК 193-берене.
Кыргызстандын шайлоо тутуму реформалоонун жана өлкөдө шайлоого даярдануу жана өткөрүү мезгилинде ар кандай укук бузууларды жокко чыгаруу, шайлоо процессиндеги коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу жана алардын алдын алуу боюнча натыйжалуу тариздерди жана ыкмаларды изденүү процессинде турат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин он депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2019-жылы 6-декабрда КР БШК Түп, Тоң, Кара-Суу, Кемин, Аламүдүн, Баткен, Нарын шаардык, Жайыл жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Төмөнкү депутаттар өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту:
Ысык-Көл облусу:
Букуев Асхат (Түп районунун Арал айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Бокуев Муратбекке өткөрүп берилди.
Эмилбеков Улан (Тоң районунун Улахол айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Мамбетов Таалайбекке өткөрүп берилди.
Ош облусу:
Кенжебай уулу Темирхан (Кара-Суу районунун Савай айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Худайбердиев Дилшадбекке өткөрүп берилди.
Чүй облусу:
Молдобаев Абдырашид (Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Аскарбек уулу Асеинге өткөрүп берилди.
Мустаков Сеид (Аламүдүн районунун Ленин айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Борчубаева Алмагүлгө өткөрүп берилди.
Дуйшеналиев Мирбек (“ЭлАман” фракциясы, №7, Кара-Балта шаардык кеңеши). Мандат Жайыл АШК чечими менен саясий партиянын тизмесинен №8 талапкер Ажыматов Азаматка өткөрүп берилди.
Баткен облусу:
Эрматов Алмазбек (Баткен районунун Кара-Булак айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Назарова Толукайга өткөрүп берилди.
Нарын облусу:
Зайдинов Дастан (“Республика Ата-Журт” фракциясы, №13, Нарын шаардык кеңеши). Мандат Нарын шаардык АШК чечими менен саясий партиянын тизмесинен №12 талапкер Джунусов Майрамбекке өткөрүп берилди.
Талас облусу:
Найзабеков Жылдызбек (Талас районунун Арал айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Ташматов Эрмекке өткөрүп берилди.
Каза болгонуна байланыштуу Чүй облусунда төмөнкү депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду:
Турсуналиев Таалайбек (Аламүдүн районунун Лебединовка айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Кутманов Улукбекке өткөрүп берилди.
Төмөнкүлөр жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен өз каалоосу боюнча чыгарылды:
Ош облусунда:
Талапкер Дадажанов Музафар Валиевич (Кара-Суу районунун Савай айылдык кеңеши).
Талапкер Полотов Гапиржан Ганиевич (Кара-Суу районунун Савай айылдык кеңеши).
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Баткен облусунун Лейлек районунун Жаӊы-Жер, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу жана Түп районунун Түп айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды
2019-жылы 6-декабрда КР БШКнын мүчөлөрү Баткен облусунун Лейлек районунун Жаӊы-Жер, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу жанаТүп районунун Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитти.
Райимбердиев Исманали Жумабаевич Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Жаӊы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2019-жылы 27-ноябрда болуп өттү.
Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
Шамырканов Мирбек Турдубекович Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 2-декабрда болуп өттү.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
Сатыбалдиев Женишбек Болотович Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Түп айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 2-декабрда болуп өттү.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кезектеги парламенттик шайлоого катышуу үчүн саясый партиялар мыйзам менен берилген мөөнөттө каттоодон өтүүгө тийиш
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү укугуна шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө чейин 6 айдан кем эмес мөөнөттө белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн жана/же кайра каттоодон өткөн саясый партиялар ээ болорун билдирет.
Ушуга байланыштуу конституциялык Мыйзамдын 59-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык “Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоолор Президент тарабынан добуш берүү күнүнө 100 календардык күн калгандан эрте эмес жана 90 календардык күн калгандан кеч эмес дайындалат. Учурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт аяктаган айдын биринчи жекшемби күнү добуш берүү күнү болуп саналат. Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт ал шайланган күндөн тартып эсептелет. Добуш берүүнүн натыйжасында ал ыйгарым укуктуу курамда шайланган күн Жогорку Кеңештин шайланган күнү болуп саналарын” белгилейбиз.
Мыйзамдын ушул жоболорунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарын кезектеги шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына дайындалышы мүмкүн, ал эми аны дайындоо жөнүндө чечим 2020-жылдын 26-июну менен 6-июлдун аралыгындагы мезгилде кабыл алынышы мүмкүн.
Ушуга байланыштуу Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоого катышууга ниеттенген саясый партиялар парламенттик шайлоого катышуу үчүн мыйзам менен берилген шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө чейин 6 айдан кем эмес мөөнөттө каттоодон жана/же кайра каттоодон өтүүгө тийиш.
Конституциялык Мыйзамдын 60-беренесине ылайык “Аткаруу бийлигинин саясый партияларды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү иш-милдеттерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (Юстиция министрлиги – эск.) каттоодон өткөн саясый партиялардын тизмесин түзөт жана шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен, ар бир саясый партиянын жетекчисин көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары расмий жарыялануучу булактарга тизмени жарыялоону камсыз кылат жана ошол эле мөөнөттө көрсөтүлгөн тизмени Борбордук шайлоо комиссиясына жиберет”.
Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим саясый партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 6-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 6-декабрь 2019-ж.
Убактысы: 11:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2019-жылдын 27-ноябрында өткөрүлгөн Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. 2019-жылы 2-декабрда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. 2019-жылы 2-декабрда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Түп, Тоң, Кара-Суу, Кемин, Аламүдүн, Баткен, Нарын шаардык, Жайыл жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу» Жобонун долбоору жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
6. Ар түрдүү маселелер
Төрага
Кененирээк билүү >>
04.12.2019
БШК: Брюсселде ЕБ жана БУУӨП менен биргеликте реформанын учурдагы жыйынтыктарын жана шайлоону демократиялаштырууну колдоо боюнча мындан аркы чараларды талкуулашты
Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы жана ЕБдеги Элчилиги, БУУӨПтүн Брюсселдеги Өкүлчүлүгү жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Брюсселде “Кыргыз Республикасынын шайлоо тутумун демократиялык реформалоонун учурдагы жыйынтыктары жана андан аркы келечеги” деген темада биргеликте маалыматтык брифинг өткөрүштү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы жана Бенилюкс өлкөлөрүндөгү ЫУА элчиси, Кыргызстандын ЕБ менен ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү М. Джумалиев, БУУӨПтүн Брюсселдеги Өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары Пьер Харзе, Европа комиссиясынын жана Брюсселдеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү, адам укугу чөйрөсүндөгү эл аралык эксперттер катышты.
Кыргызстандын Элчиси М. Джумалиев куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал Кыргызстандын демократияга жана парламентаризмге умтулуусун баса белгилеп, өлкөдө аны өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду.
КР БШК башчысы Н. Шайлдабекова шайлоо тутумун реформалоонун натыйжалары жана жетишилген натыйжалардын туруктуулугун камсыздоо боюнча мындан аркы пландар, шайлоо укугун жана процессин өркүндөтүү, орун алган кемчиликтерин четтетүү боюнча чаралар жөнүндө маалымат берди. Ал реформа жүргүзүүдө ЕБ жана БУУӨП тараптан көрсөтүлгөн колдоону жана өз ара аракеттешүүнүн жогорку натыйжалуулугун белгилеп, көрсөтүлгөн жардам жана шайлоонун аныктыгына, ачык-айкындуулугуна, инклюзивдүүлүгүнө жетишүүдө биргелешкен маанилүү чаралар үчүн өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди. Ал реформада жетишилген натыйжалардын туруктуулугун камсыздоо максатында ЕБ жана БУУӨП менен биргеликте ишке ашырылган долбоорлордун алкагындагы бардык чечүүчү багыттар 2018-2020-жылдарга шайлоолор жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүүнүн стратегиясынын дагы, БШКнын келечектеги стратегиялык ички иш планынын дагы негизги багыттары болуп калганын маалымдады. Бул – инклюзивдүүлүк (жарандардын, анын ичинде ДМЧАлардын, жаштардын, аялдардын шайлоого тартылышы), эркин шайлоо механизмдерин өркүндөтүү, шайлоонун айкындуулугу, мыйзамдуулугу (добуш сатып алууга жана администрациялык ресурска каршы аракеттенүү), коопсуздугу сыяктуу шайлоонун маанилүү өңүттөрү. Брифингдин катышуучуларына 2018-2020-жылдарга шайлоолор жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүүнүн стратегиясынын алкагында кабыл алынган КРдеги шайлоо процессин өркүндөтүүгө багытталган мыйзамдардагы өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат берилди.
Өз сөзүндө Пьер Харзе KESP II программасынын алкагында КР БШКнын БУУӨП менен мурдагы биргеликте кызматташуусунун жыйынтыктарына жогору баа берип, шайлоо тутумун демократиялык жактан өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасына ар тараптан колдоо көрсөтүүгө БУУӨП умтуларын билдирди.
Учурда санариптештирүү, инклюзивдүүлүк, анын ичинде ДМЧАлардын, жаштардын, аялдардын шайлоо укуктарын камсыздоону жакшыртуу, шайлоонун коопсуздугунун тобокелдерине жана туруктуулугуна карата превентивдүү чаралар, ыкчам чара көрүү боюнча ЕБ жана БУУӨПтүн өкүлдөрү менен консультациялар жүрүп жатканын белгилөө керек.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын жакшыртуу үчүн мыйзамдардагы өзгөртүүлөр жөнүндө
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн инклюзивдик чөйрөнү жана шайлоо процессине катышууга жеткиликтүүлүктү түзүү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча негиз болуучу ченемдерде төмөнкүлөр камтылган:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт;
- 2019-жылдын 3-мартындагы №34 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган БУУнун майыптар жөнүндө конвенциясы.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн бардык башка жарандар менен укуктарын жана эркиндигин бирдей ишке ашырууда, алардын жашоо турмушундагы чектөөлөрду четтетүүдө ыңгайлуу шарттарды түзүүдө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга толук кандуу жашоо мүнөзүн жүргүзүүгө, коомдун экономикалык, саясий жана маданий турмушуна жигердүү катышууга, ошондой эле өздөрүнүн жарандык милдеттерин аткарууга өбөлгө түзүүгө бирдей мүмкүнчүлүктөр талап кылынат.
Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын шайлоо укуктары шайлоолор жөнүндө мыйзамдарда да көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңеш жактырылган
Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш тарабынан жактырылган -2018-2020-жылдарга карата шайлоолор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын камсыздоо шарттарын жакшыртуу боюнча чаралардын кеңири чөйрөсү каралган.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу, ошондой эле алардын шайлоо процессине катышуусун жандандыруу максатында 2019-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бир катар мыйзамдар кабыл алынып, аларга кол коюлган жана 2019- жылдын августунда күчүно кирген, тактап айтканда:
- “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
- “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Mыйзамы.
Мыйзамдарда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрдө ден соолугу чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын жакшыртуу үчүн төмөнкүдөй шарттар белгиленген:
1) Барыдан мурда “ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулар” деген түшүнүк киргизилген – бул активдүү шайлоо укугу бар, организминин функцияларынын туруктуу бузулушу менен ден соолугу начарлаган, жаракаттын же дефектинин кесепеттеринен кандайдыр бир оору менен шартталган, угуусу, көзүнүн көрүүсү, таяныч-кыймылдуу аппаратынын функциялары бузулган, шайлоо укуктарын жалпы шарттарда толук кандуу жүзөөгө ашыруусун чектөөгө алып келген Кыргыз Республикасынын жарандары:
2) Ыңгайлуу кирүү жана жөө жүрүү жолдорун, жеке автотранспортторун токтотуу үчүн атайын жерлерди, имаратардын биринчи кабатында добуш берүү үчүн башпанааларды жайгаштырууну же болбосо лифтерди, эшиктердин кеңири өтмөлөрүн, пандустарды (пандустарды орнотуу болбогон учурунда, кнопка менен жардамга чакыруу жабдуулары) настилдерди, тактилдик көрсөткүчтөрдү, жетиштүү жарыктандырууну кошуп алганда жеткиликтүлүүктү камсыздоону талап.
Добуш берүү үчүн башпаананы ыңгайлаштыруу шайлоо процессинде инклюзивдик принциптин маанилүү компоненти болуп саналат.
Республиканын аймагында добуш берүүну уюштуруу үчүн төмөнкүлөр боюнча жайгаштырылган 2300дөн ашуун участкалар түзүлөт:
- 1633 участка – окуу жайлардын имараттарында;
- 334 УШК – маданият мекемлеринде;
- 206 УШК – административдик имараттарда жана муниципалдык аймактык башкармалыктарда;
- 32 УШК – саламаттыкты сактоо мекемелеринде;
- 93 УШК – жеке сектордо;
ДМЧА үчүн шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо шайлоолор үчүн гана эмес шайлоо участкаларында жайгашкан билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо жана административдик мекемелерде иштеген жарандар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу чара катары бир аз натыйжа бермекчи.
Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү маморгандар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенуу аркылуу Кыргыз Республикасынын шайлоолоруна ДМЧ жарандарынын катышуусун жогорулатуу үчүн тоскоолдуксуз чөйрөнү түзүү максатында шайлоо участкалары жайгашкан ведомстволук имараттарды пандустар жана перилалар менен жабдуу боюнча шайлоо участкаларына жеткиликтүүлүктү камсыздоо планы ишке ашырылууда.
3) Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулардын эсебин алуу жана ар бир участка боюнча ДМЧ жарандарынын керектөө карталарын түзүү үчүн Борбордук Шайлоо комиссиясына ар бир жылдын 1-февралына жана 1-августуна карата абал боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулардын иш жүзүндөгу саны жөнүндө маалыматтарды берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар үчүн милдеттер белгиленген. Бул ар бир шайлоо участкасы боюнча ДМЧ жарандарынын саны; ДМЧ жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн атайын керектөөлөрү ж.б. боюнча маалыматтардын болушуна өбөлгө түзөт.
4) Маалыматтык материалдарга карата жаңы талаптар; жарандарды маалымдоодо Борбордук шайлоо комиссиясы кол жаңсап которууну же субтитрлөөнү, окууга ыңгайлуу болгон шрифти, чоңойтулган мөөрдү, ошондой эле Брайл шрифти же башка атайын каражаттар менен даярдалган материалдарды пайдалануу менен атайын форматтарды: аудио -, көрмөформаттарды (санариптик алып жүрүүчүлөрдү) пайдалануу каралган.
Акыркы шайлоолордо Борбордук шайлоо комиссиясы көзү начар көргөн же дээрлик көрбөгөн жарандарга жардам көрсөтүү каражатын - Брайл шрифтиси бар бюллетен – трафаретти жана А4 форматындагы атайын чоңойтуучу лупаларды, жүрүү үчүн коляскаларды пайдаланган адамдар тарабынан добуш берүүсү үчүн өзүнчө кабиналарды, шайлоо комиссияларынын мучөлөрү үчүн майыптуулукту түшүнүүсү жөнүндө усулдук куралдарды колдонгондугун белгилей кетүү керек. Ошондой эле ДМЧ жарандарынын шайлоо комиссияларынын мучөлөрүнүн жардамынан пайдалануусу үчүн имараттардын кире беришине орнотулган чакыруу кнопкаларын пайдалана алышат. Азыр бул чаралар шайлоо комиссиялары, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн мыйзамдуу түрдө милдеттүү болуп калды.
5) Талапкерлерди жана саясий партияларды атайын форматтарды пайдалануу менен үгүт материалдарынын бир бөлүгүн – үгүт материалдарынын жалпы нускасынын 1%нан кем эмесин жарыялоого жана жайылтууга милдеттендирген талаптар каралган.
КР БШКсынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бельгиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү өздөрүнүн шайлоо укуктары жөнүндө маалымат алышты
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын башчысы Н. Шайлдабекова Брюсселге иш сапарынын жүрүшүндө кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга КР Тышкы иштер министринин орун басары А. Мадмаров, Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы жана Бенилюкс өлкөлөрүндөгү ЫУА элчиси, Кыргызстандын ЕБ менен ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү М. Джумалиев катышты.
Н. Шайлдабекова мекендештерге Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу шарттарын жакшыртуу боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө билдирди. Маселен, 2018-2020-жылдарга шайлоолор жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүүнүн стратегиясынын алкагында төмөнкүлөрдү караган мыйзамдар кабыл алынып, күчүнө кирди:
1. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунун санын көбөйтүү – КР ТИМдин сунушу боюнча, жарандар жүргөн өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча шайлоо участокторун дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жана консулдук мекемелерде гана эмес, мамлекеттик органдардын өкүлчүлүктөрүндө дагы уюштуруунун эсебинен.
2017-жылы Европада 7 шайлоо участогу ачылды: ГФРде – 3 УШК, Австрияда, Бельгия Королдугунда, Улуу Британияда жана Швейцарияда – бирден. Түркияда – Анкара менен Стамбулда 2 участок ачылды. 2019-жылы ТИМ тарабынан Италия менен Францияда өкүлчүлүктөрдү ачуу маселеси иштелип чыгууда. Бул Европада участоктордун санын көбөйтүү үчүн негиз болуп калат.
2. Жарандардын арыздарды берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү – арыздарды участокто гана эмес, мыйзамдарга ылайык иденттештирүүдөн же авторлошуудан өткөрүү менен электрондук түрдө (2019-жылдагы шайлоолордон баштап “Тизме” сайтындагы “шайлоочунун бөлмөсү” жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу) дагы берилиши мүмкүн.
Шайлоочулардын тизмеси эми мыйзамдарга ылайык туруктуу жаңылоо режиминде “Тизме” порталында болот, ошондуктан жарандар өз участокторун алдын ала тактап, ал эми шайлоонун жүрүшүндө добуш берүү дарегиндеги өзгөрүүлөр же каталарды же өз маалыматтарын тактоо жөнүндө зарыл арыздарды бере алышат.
3. Конституциялык Мыйзамдын негизинде маанилүү өзгөртүү киргизилди, ага ылайык чет өлкөдөгү участоктордо добуш берүүгө шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн арыз берген жаран арызында көрсөтүлгөн мөөнөткө чет өлкөдөгү мекемеде акысыз негизде убактылуу консулдук эсепте каттоого алынат. КР Тышкы иштер министринин орун басары А. Мадмаров маалымат бергендей, консулдук эсепке коюунун жалпы шарттары электрондук эсепти киргизүү менен жалпысынан жакшыртылмакчы.
4. Шайлоочулардын тизмелерин тактоо мөөнөттөрү узартылды – алдын ала тизме сайтта 80 күн мурда жайгаштырылат, участокто добуш берүү күнүнө чейин 70 күн мурда илинет, ал эми арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө чейин 15 күн мурда аяктайт (тактоонун жалпы мөөнөтү азыр – 65 күн, мурда 45 күн болчу). Бул жарандарга шайлоочулардын тизмесине кирүүгө же УШКны Кыргызстандагы каттоо жеринен чет өлкөдөгү участокко өзгөртүүгө көп убакыт берет.
5. КР жарандарынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерде биометрикалык каттоодон өтүүсүнүн жигерденүүсү – анын ичинде маалыматтарды көчмө жол менен топтоо, ошондой эле КР аэропортторунда жана темир жол вокзалдарында биометрикалык маалыматтарды топтоо пункттарын жайгаштыруу. Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчи М.Джумалиев элчилик аккредиттөө өлкөлөрүндө биометрикалык маалыматтарды көчмө жол менен каттоо боюнча чараларды көрүүгө даяр экенин маалымдады.
6. Кеңири маалыматтык өнөктүктү жүргүзүү, чет өлкөлөрдө убактылуу жүргөн жарандардын бирикмелери менен жигердүү иш жүргүзүү ж.б. чаралар. БШКда Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жашаган жана жүргөн жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо боюнча Жумушчу топ иштейт. Жумушчу топтун курамында мамлекеттик органдардын жана ар кайсы чет өлкөлөрдөгү мекендештердин коомдук уюмдарынын өкүлдөрү бар. Ал топ чет өлкөлөрдөгү жарандарды кабарландыруу боюнча чаралардын планын иштеп чыгып, аны ишке ашыра баштады. Жумушчу топ чет өлкөлөрдөгү жарандардын шайлоо укуктарын жакшыртуу боюнча сунуштарды дагы кабыл алат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылы 2-декабрда Кызыл-Суу жана Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү
2019-жылы 2-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу жана Түп районунун Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
15 добуш алган Шамырканов Мирбек Турдубекович Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Кызыл-Суу айыл өкмөтүндө бардыгы 21 депутат бар, добуш берүүгө алардын 15и катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 1 талапкер катталган.
18 добуш алган Сатыбалдиев Женишбек Болотович Түп айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Түп айыл өкмөтүндө бардыгы 21 депутат бар, добуш берүүгө алардын 19у катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 1 талапкер катталган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Мазаев Зулпукар Камишович Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2019-жылы 28-ноябрда КР БШКнын мүчөлөрү Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Мазаев Зулпукар Камишовичти Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды.
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 22-ноябрда болуп өттү.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
Мазаев Зулпукар Камишович
Туулган жылы:
26.05. 1969-ж.
Жашаган жери:
Ош облусу, Кара-Суу району, Төлөйкөн айылы.
Yй-бүлөлүк абалы:
Үй-бүлөлүү.
Билими:
Жогорку, Ош технологиялык университет (адистиги – “Автомобиль жана автомобиль чарбасы”, диплом АВ №12970, 1997-ж. 17-марты).
Иш стажы:
1988-1989-ж.ж. – армияда кызмат өтөгөн;
1993-1996-ж.ж. – Ош облусунун ИИБ, участоктук инспектор;
1996-2000-ж.ж. – “Төлөйкөн” айыл чарба кооперативи, жумушчу;
2000-2005-ж.ж. – “Ош шаардык канал” муниципалдык ишканасы, контролер;
2005-2008-ж.ж. – “Ош шаардык канал” муниципалдык ишканасы, инспектор;
2008-ж. – Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтү, жетектөөчү адис;
2009-ж. – Ош шаардык транспорт муниципалдык ишканасы, бөлүм башчы;
2010-2011-ж.ж. – Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтү, адис;
2011-2016-ж.ж. – Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтү, жооптуу катчы;
2016-жылдан азыркы кезге чейин – Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтү, башкы адис.
Соттуулугу жөнүндө маалымат:
Кыргыз Республикасынын ИИМ МТББнын маалымкатына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
“Конституционализм жана укук үстөмдүгү” индиялык-кыргыз симпозиуму
26-ноябрда Бишкекте Индиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан уюштурулган, Индиянын Конституциясы кабыл алынган күндөн тартып 70 жылдыгына арналган “Конституционализм жана укук үстөмдүгү” индиялык-кыргыз симпозиуму өттү.
Симпозиумдун ачылышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты, Индия Республикасы, Бангладеш Республикасы, Шри-Ланка менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жектекчиси Э. Байбакпаев, Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Алок А. Димри куттуктоо сөзү менен чыгышты.
Симпозиумдун максаты демократиянын биргелешип жолун жолдоо жана укук үстөмдүгүн белгилөө, парламентаризмдин конституциялык негиздерин, Кыргыз Республикасында жана Индияда эркин шайлоолорду талкуулоо болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын БШКсынын башчысы Индиянын Элчисин жана анын атынан Индиянын жарандарын Индиянын конституциясынын
70 жылдык маарекеси менен куттуктады.Ошону менен бирге ал Индия менен кызыкчылыктардын жалпылыгы байланыштырып тургандыгын, Индиядан үйрөнө турган көп нерселердин бар экендигин белгиледи.
“Конституционализм көз карандысыз Индияда, татаал жолдон өттү. Индия Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин колониялык көз карандуулуктан бошонуп чыккан биринчи ири өлкөлөрдүн бири болуп саналат, ал өзүнүн кайталангыс мамлекетин түзүп, башка эркиндике чыккан өлкөлөр менен элдер үчүн үлгү болуп калган кеңири жана негиздүү коомдук дискуссиянын негизинде өзүнүн Конституциясын кабыл алды.
Индиядагы парламентаризм 70 жылдын ичинде убакыттын татаал сыноосунан өтүп, өзүнүн туруктуулугун жана ырааттуу өнүккөнүн көрсөтө алды. Бүгүнкү күндө Индия эң жогорку деңгээлдеги демократиялык мамлекет болуп эсептелет.
Парламенттик демократияны куруу багытында Индиянын саясий системасынын туруктуулугуна жетишүү тажрыйбасы Кыргызстан үчүн эң баалуу болуп саналат”, - деп билдирди КР БШКсынын башчысы.
Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алок. А Димри шайлоо комиссиялары жана биздин конституция укук үстөмдүгү болуп калыптанган жана пайдалуу башкарууну көздөгөн демократиялуу өлкөлөр үчүн үлгү болуп санала тургандыгын баса белгиледи.
“Дүйнө жүзүндө ири демократиялуу болушу менен Индиянын конституциясы негизги укук, милдеттүүлүк, парламенттик демократия, бийликтин бөлүштүрүлүшү, эркин жана адилеттүү шайлоолор биздин парламенттик салтыбыздын негизи катары бийликтин тынч жана жөнөкөй алмашуусу жаатындагы аракеттер убакыттын чоң сыноосунан өттү”, - деп билдирди элчи мырза.
“Конституционализм жана укук үстөмдүгү” симпозиумунун ишине Борбордук Азиядагы Америка Университетинин директору Андрев Кучинс катышып, өз сөзүндө жарандык коомду түзүү жана өнугүү маселелерине кеңири токтолду. КР ТИМинин Дипломатиялык академиясынын ректору Чынара Адамкулова эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташуулар боюнча кеңири сөз козгоду, ал эми Кыргыз Республкасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу посланниги Евгений Каблуков Индия Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздери, укуктук мамлекеттин калыптанышы жана Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки саясий процесстер тууралу айтып берди. Ал эми Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору Тынчтыкбек Чоротегин чогулгандардын алдында анча чоң эмес тарыхый экскурс жүргүзүп, Индиянын адамзат цивилизациясындагы жетишкен ийгиликтерине жана ролуна кеңири токтолду. Профессор Таму Чаттопадхай белгилегендей, Индиянын математика жана медицина илимдерине кошкон салымдары уникалдуу. Ошондой эле илимдин башка тармактарында да кыйла белгилүү ачылыштар жасалды. Ал эми профессор Таму Чаттопадхай Индиянын билим берүү жаатында мазмуунду баяндама жасады.
Симпозиумдун аягында дискуссияга катышкандар өздөрү кызыккан маселелер боюнча лекторлорго бир катар суроолорду беришти.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Осмонкулова Жаркын Максутовна Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
2019-жылы 28-ноябрда КР БШКнын мүчөлөрү Москва аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде Осмонкулова Жаркын Максутовнаны Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 22-ноябрда болуп өттү.
Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок.
Осмонкулова Жаркын Максутовна
Туулган жылы:
11.01. 1970-ж.
Жашаган жери:
Чүй облусу, Москва району, Төмөн-Суу айылы.
Билими:
Жогорку, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, “менеджер” адистиги (диплом CD120453602, каттоо номуру 3863, 2002-ж. 22-июну).
Иш стажы:
1991-1992-ж.ж. – Москва районунун Ак-Суу айыл өкмөтү, катчы-машинист;
1993-1999-ж.ж. – Москва районунун Ак-Суу айыл өкмөтү, жооптуу катчы;
2000-2008-ж.ж. – Москва районунун Ак-Суу айыл өкмөтү, катчы-машинист;
2008-2019-ж.ж. – Москва районунун Ак-Суу айыл өкмөтү, жооптуу катчы.
Соттуулугу жөнүндө маалымат:
Кыргыз Республикасынын ИИМ МТББ 14.11.2019-ж. берген маалымкатка ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жок.
Мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндө маалымат:
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин 2019-жылдын 12-ноябрдагы №20014219 сертификатына ылайык мамлекеттик тилди билүү деңгээли - В2.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
30.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
30.09.2026
КР БШКсы бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктады
30.09.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
29.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 30-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
29.09.2026
КР БШКда президенттик шайлоого даярдык боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңешме өттү
29.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Индияда шайлоону башкаруу органдарынын потенциалын чыңдоо боюнча эл аралык семинарга катышууда