Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Жаңы жылдык куттуктоо!
31.12.2019

Жаңы жылдык куттуктоо!

Урматтуу кесиптештер, мекендештер! Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана өзүмдүн атымдан Сизди келе жаткан Жаңы жылыңыз менен чын дилимден куттуктаймын! 2020-жыл өлкөбүз жана элибиз үчүн тынчтыктын, биримдиктин, жаратмандыктын жана өнүгүүнүн жылы болсун! Сизге жана жакындарыңызга чын ден-соолук, бакубатчылык, жакшылыктарды жана бакыт каалаймын! КР БШКнын Төрагасы                                                               Н.Шайлдабекова
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 2-январында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
31.12.2019

2020-жылдын 2-январында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2-январь, 2020-ж. Убактысы: 12:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1.Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
Кененирээк билүү >>
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтпөй калды
31.12.2019

Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтпөй калды

“Бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн талапкерлерге караганда депутаттардын көпчүлүк добушу берилгендигине байланыштуу Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтпөй калды. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер катталган. Добуш берүүгө айылдык кеңештин 11 депутатынын бардыгы катышты. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, ошондой эле “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык КР БШК тарабынан кайра шайлоо дайындалат, ал шайлоодо жаңы талапкерлер көрсөтүлөт. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
31.12.2019

Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

2019-жылы 31-декабрда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. 23 добуш алган Эркинов Талантбек Эркинович Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Үч-Коргон айыл кеңешинде бардыгы 31 депутат бар, добуш берүүгө алардын – 28и катышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 2 талапкер катталган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын  Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунун бекитилген күн тартиби
27.12.2019

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунун бекитилген күн тартиби

Өткөрүү датасы:  27 -декабрь 2019-ж.  Убактысы:  10:30  Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Н. Шыкмаматовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. 2019-жылы 17-декабрда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү  кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Түп, Тоң, Ысык-Көл,Ат-Башы, Алай, Өзгөн, Аламүдүн жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекиүү тууралуу (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. “Ата-Мекен” cаясий Социалисттик партиясынан Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Т.М. Узакбаевди, Т.Балтабаевди, Р. М. Мирзаматовду жана Б.Шерди чыгаруу жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин он бир депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
27.12.2019

КР БШК жергиликтүү кеңештердин он бир депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

27-ДЕКАБРЬ 2019 2019-жылы 27-декабрда КР БШК Түп, Тоң, Ысык-Көл, Ат-Башы, Алай, Өзгөн, Аламүдүн жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу,  талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Ысык-Көл облусу: 1. Сатыбалдиев Жениш Болотович (Түп районунун Түп айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Осмонов Заирбек Асангазиевичке өткөрүп берилди. 2. Омуркулов Урмат (Тоң районунун Улахол айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Эсенов Тилек Эсеновичке өткөрүп берилди. 3. Жукешов Мирлан Кубанычбекович (Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Нургазы уулу Саламатка өткөрүп берилди. 4. Турдалиева Майрам Мукашевна (Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Безкоровайне Жанна Геннадьевнага өткөрүп берилди. 5. Рахманов Асылбек Памирович (Ысык-Көл районунун Темир айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Акматов Нурбек Жасыновичке өткөрүп берилди.   Нарын облусу: 6. Чакиев Талантбек Абытбекович (Ат-Башы районунун Ак-Талаа айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Асанбаев Мирбек Курманбековичке өткөрүп берилди. 7. Молдоянова Күлмайрам Асылташовна (Ат-Башы районунун Ат-Башы айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Жумабаев Канатбек Жаныбаевичке өткөрүп берилди.   Ош облусу: 8. Ажибеков Илимбек Сыдыкович (Алай районунун Алай айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Эргешов Азамат Омарбековичке өткөрүп берилди. 9. Калматов Бабажан Ашимович (Өзгөн районунун Салам-Алик айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Чыбышов Токтогул Акматовичке өткөрүп берилди.   Чүй облусу: 10. Кадыров Жамалдин Жолдошович (Аламүдүн районунун Октябрь айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Жоробекова Гульмира Авазовнага өткөрүп берилди. 11. Донецко Юрий Иванович (Жайыл районунун Ат-Башы айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Бейшенбаев Мусралы Эсенбековичке өткөрүп берилди.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Самат Койчумбаев Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
27.12.2019

Самат Койчумбаев Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

2019-жылы 27-декабрда КР БШК Самат Койчумбаев Искендербековичти Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланды деп тааныды. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылы 17-декабрда болуп өттү. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануулар жана арыздар түшкөн жок. КР БШК  аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК КР ЖК депутатынын мандатын Сыдыгалиев Нурбек  Өмүрбековичке өткөрүп берди
27.12.2019

КР БШК КР ЖК депутатынын мандатын Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбековичке өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А. Шыкмаматовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу мандат депутаттыкка  талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүк боюнча кийинки талапкер Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбековичке өткөрүп берилди. 2019-жылы 27-декабрда КР БШК “Ата-Мекен” саясый партиясынын тизмеси боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун ыйгарым укуктарын өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандаты бар болгонуна байланыштуу КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын “Ата-Мекен” саясый партиясынан бош калган мандатын Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбековичке өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды. КР БШК  аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК “Ата-Мекен” партиясынын тизмесинен 4 талапкерди чыгарды
27.12.2019

БШК “Ата-Мекен” партиясынын тизмесинен 4 талапкерди чыгарды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйналышында өз каалоосу боюнча арыздарынын негизинде Узакбаев Талант Макишовичти, Балтабаев Ташполотту, Мирзаматов Рысбек Мамыровичти жана Шер Болотту “Ата-Мекен” саясый Социалисттик партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. КР БШК  аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Алмамбет Шыкмаматовдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
27.12.2019

БШК Алмамбет Шыкмаматовдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Берген арызынын негизинде “Ата-Мекен” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Ата-Мекен” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө Шыкмаматов Алмамбет Насыркановичтин түшкөн өз арызынын негизинде “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна,  65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Ата-Мекен” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шыкмаматов Алмамбет Насыркановичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды.   КР БШК  аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 27-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
26.12.2019

2019-жылдын 27-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Долбоор Өткөрүү датасы: 27 -декабрь 2019-ж. Убактысы: 10:30 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2019-жылы 17-декабрда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Түп, Тоң, Ысык-Көл,Ат-Башы, Алай, Өзгөн, Аламүдүн жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекиүү тууралуу (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. “Ата-Мекен” cаясий Социалисттик партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Т.М. Узакбаевди, Т.Балтабаевди, Р. М. Мирзаматовду жана Б.Шерди чыгаруу жөнүндө 4. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШК Баткен облусунда алдыдагы шайлоолорго карата актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-түшүндүрүү ишин өткөрдү
26.12.2019

КР БШК Баткен облусунда алдыдагы шайлоолорго карата актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-түшүндүрүү ишин өткөрдү

2019-жылы 26-декабрында КР БШК Өкмөттүн Баткен облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте райондордун акимдери, облустун ЖӨБүнүн аткаруу органдарынын башчылары, АШК төрагалары, БШКнын Баткен облусу боюнча атайын өкүлдөрү жана тутумдук администраторлору үчүн маалыматтык-түшүндүрүү ишин өткөрдү. Кеңешменин катышуучулары шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жана алдыда – 2020-жылы өтүүчү жергиликтүү кеңештерге жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолорго байланыштуу зарыл актуалдуу чаралар жөнүндө маалымат алышты. КР БШКнын Төрагасы Н.К.Шайлдабекова кеңешменин катышуучуларына республикалык жана жергиликтүү деңгээлдеги шайлоолордун графиги тууралуу маалымат берди. Маселен, графикке ылайык 2020-жылы 12-апрелде Баткен облусунда 2 айылдык кеңеште, 2021-жылы апрелде 31 жергиликтүү кеңеште, 2022-жылы 1 жергиликтүү кеңеште депутаттарды шайлоо өтөт. Маалымат үчүн: Баткен облусунда үч шаарлар – Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү – облустук маанидеги шаарлар, үч район жана 207 калктуу пункт бар. 37 жергиликтүү кеңеш, анын ичинде 6 шаардык (Баткен, Кызыл-Кыя, Сулюктү, Исфана, Кадамжай, Айдаркен), 31 айылдык кеңеш бар, алардагы мандаттардын жалпы саны 797ни түзөт. Жергиликтүү деңгээлдеги шайлоолор 129 көп мандаттуу округда өтөт. Шайлоону уюштуруу үчүн 6 аймактык, 200 участоктук шайлоо комиссиялары иштейт. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтарына ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын саны дайыма өсүп келатат: 2 жыл ичинде жалпысынан республика боюнча шайлоочулардын саны 2017-жылдын октябрындагы шайлоочулардын тизмесине карата 300 миңден ашык адамга көбөйдү жана 3 335 718 адамды түздү. Баткен облусунда шайлоочулардын саны бүгүнкүгө карата 278 151 адамды түзөт б.а. 2017-жылга салыштырганда 34,4 миң адамга көбөйдү. Ошону менен бирге биометрикалык каттоодон өтпөгөн, ошол себептүү шайлоочулардын тизмесине кирбей калган жарандардын саны республика боюнча аз эмес жана жарандарды биометрикалык каттоо үчүн натыйжалуу маалыматтык жана уюштуруу чараларын көрүү, ыңгайлуу шарттарды түзүү талап кылынат. БШКнын Төрагасы мурда – 2017-жылы БШК, Өкмөт, маморгандар жана ЖӨБ органдары тарабынан жер-жерлерде көчөлөрдүн жана калктуу пункттардын аталыштарын инвентарлаштыруу боюнча натыйжалуу чоң иштер жүргүзүлгөнүн, анын негизинде “Даректүү регистр” МТ маалыматтары, ошол сыяктуу эле – шайлоо участокторунун чек аралары жана схемалары жаңыланып, ал өз кезегинде шайлоочулардын тизмелерин түзүүнү жакшыртууга түрткү болгонун эске салды. Бул чаралар жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүүнүн жол-жоболорун жана шарттарын, биометрикалык паспортторду берүүнү жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн иштер менен бирге 2017-жылдагы шайлоонун алдында 200 миңден ашык жаранды шайлоочулардын тизмесине киргизүүгө мүмкүнчүлүк түздү. БШК алдыда 2020-жылы апрелде Баткен облусунда 2 жергиликтүү кеңешке жана 2020-жылы октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоолорду эске алуу менен ошондой ишти алдын ала жүргүзүүнүн маанилүүлүгү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө пикирин билдирди. Өз тарабынан БШК жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоонун өтө зарыл ушул маселелери боюнча маморгандар жана ЖӨБ органдары менен өз ара аракеттешүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле мыйзамдардагы өзгөртүүлөр, өткөрүлгөн шайлоолордун райондор жана айыл аймактары боюнча статистикасы жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү ишин жүргүзүү БШК тарабынан улантыла бермекчи. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун жыйналышы болуп өттү
19.12.2019

Кыргыз Республикасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун жыйналышы болуп өттү

19-декабрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Кыргыз Республикасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун кезектеги жыйналышы болуп өттү. Иш-чарага ар кыл мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Талкуунун максаты – шайлоочулардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда өз ара аркеттешүүсүн иштеп чыгуу. Жыйналышта күн тартибине ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарындагы бир катар өзгөртүүлөрдү, керектөө картасын түзүү долбоорун, ошондой эле жеткиликтүүлүк маселеси боюнча шайлоо участокторуна байкоо жүргүзүүнүн арадагы натыйжалары талкууланды.   Жумушчу тобу тарабынан “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо жөнүндө” жоболорго өзгөртүү киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо тууралуу айтылды.   КР БШКсынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды
19.12.2019

Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды

КР БШКнын 2019-жылдын 19-декабрдагы токтому менен Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 8-январына саат 9-00дөн 12-00ге чейин дайындалды. Баткен облусунун Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 27-сентябрындагы №17 К буйругу менен Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы Нишанбаев Тургунбай «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад жана Нарын облустарынын эки айыл өкмөтүндө кайра шайлоо 31-декабрга дайындалды
18.12.2019

Жалал-Абад жана Нарын облустарынын эки айыл өкмөтүндө кайра шайлоо 31-декабрга дайындалды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өтпөй калгандыгына байланыштуу 2019-жылы 18-декабрда КР БШК аталган айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону 2019-жылдын 31-декабрына саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындады. Талапкерлерге караганда “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн депутаттардын көпчүлүк добушу берилгендигине байланыштуу Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн, бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо өтпөй калды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин алты депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
18.12.2019

КР БШК жергиликтүү кеңештердин алты депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2019-жылы 18-декабрда КР БШК Аксы, Ала-Бука, Араван, Кара-Суу жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Төмөнкү депутаттар өз каалоосу боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушту: Жалал-Абад облусу: Байгондуев Заирбек (Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Назарбеков Анаралыга өткөрүп берилди. Абдиназаров Чолпонбай (Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Камчибеков Айбекке өткөрүп берилди. Ош облусу: Мамадалиев Оринжан (Араван районунун Тепе-Коргон айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Арзиев Ахмадалиге өткөрүп берилди. Мамасидик уулу Наврузбек (Араван районунун Тепе-Коргон айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Исакова Махигулгө өткөрүп берилди. Туркменов Джалалдин (Кара-Суу районунун Шарк айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Иминов Садиржанга өткөрүп берилди. Талас облусу: Абдиев Рамил (Кара-Буура районунун Бакайыр айылдык кеңеши). Мандат шайланган депутаттан кийинки талапкер Зооталиев Бактиярга өткөрүп берилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 334 336 … 483