Башкы Жаңылыктар БШК: Брюсселде ЕБ жана БУУӨП менен биргеликте реформанын …

БШК: Брюсселде ЕБ жана БУУӨП менен биргеликте реформанын учурдагы жыйынтыктарын жана шайлоону демократиялаштырууну колдоо боюнча мындан аркы чараларды талкуулашты

БШК: Брюсселде ЕБ жана БУУӨП менен биргеликте реформанын учурдагы жыйынтыктарын жана шайлоону демократиялаштырууну колдоо боюнча мындан аркы чараларды талкуулашты
04-Дек, 2019

Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы жана ЕБдеги Элчилиги, БУУӨПтүн Брюсселдеги Өкүлчүлүгү жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Брюсселде “Кыргыз Республикасынын шайлоо тутумун демократиялык реформалоонун учурдагы жыйынтыктары жана андан аркы келечеги” деген темада биргеликте маалыматтык брифинг өткөрүштү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы жана Бенилюкс өлкөлөрүндөгү ЫУА элчиси, Кыргызстандын ЕБ менен ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү М. Джумалиев,  БУУӨПтүн Брюсселдеги Өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары Пьер Харзе, Европа комиссиясынын жана Брюсселдеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү, адам укугу чөйрөсүндөгү эл аралык эксперттер катышты.

Кыргызстандын Элчиси М. Джумалиев куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал Кыргызстандын демократияга жана парламентаризмге умтулуусун баса белгилеп, өлкөдө аны өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду.

КР БШК башчысы Н. Шайлдабекова шайлоо тутумун реформалоонун натыйжалары жана жетишилген натыйжалардын туруктуулугун камсыздоо боюнча мындан аркы пландар,  шайлоо укугун жана процессин өркүндөтүү, орун алган кемчиликтерин четтетүү боюнча чаралар жөнүндө маалымат берди. Ал реформа жүргүзүүдө ЕБ жана БУУӨП тараптан көрсөтүлгөн колдоону жана өз ара аракеттешүүнүн жогорку натыйжалуулугун белгилеп, көрсөтүлгөн жардам жана шайлоонун аныктыгына, ачык-айкындуулугуна, инклюзивдүүлүгүнө жетишүүдө биргелешкен маанилүү чаралар үчүн өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди. Ал реформада жетишилген натыйжалардын туруктуулугун камсыздоо максатында ЕБ жана БУУӨП менен биргеликте ишке ашырылган долбоорлордун алкагындагы бардык чечүүчү багыттар 2018-2020-жылдарга шайлоолор жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүүнүн стратегиясынын дагы, БШКнын келечектеги стратегиялык ички иш планынын дагы негизги багыттары болуп калганын маалымдады. Бул – инклюзивдүүлүк (жарандардын, анын ичинде ДМЧАлардын, жаштардын, аялдардын шайлоого тартылышы), эркин шайлоо механизмдерин өркүндөтүү, шайлоонун айкындуулугу, мыйзамдуулугу (добуш сатып алууга жана администрациялык ресурска каршы аракеттенүү), коопсуздугу сыяктуу шайлоонун маанилүү өңүттөрү. Брифингдин катышуучуларына 2018-2020-жылдарга шайлоолор жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүүнүн стратегиясынын алкагында кабыл алынган КРдеги шайлоо процессин өркүндөтүүгө багытталган мыйзамдардагы өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат берилди.

Өз сөзүндө Пьер Харзе KESP II программасынын алкагында КР БШКнын БУУӨП менен мурдагы биргеликте кызматташуусунун жыйынтыктарына жогору баа берип, шайлоо тутумун демократиялык жактан өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасына  ар тараптан колдоо көрсөтүүгө БУУӨП умтуларын билдирди.

Учурда санариптештирүү, инклюзивдүүлүк, анын ичинде ДМЧАлардын, жаштардын, аялдардын шайлоо укуктарын камсыздоону жакшыртуу,  шайлоонун коопсуздугунун тобокелдерине жана туруктуулугуна карата превентивдүү чаралар, ыкчам чара көрүү боюнча ЕБ жана БУУӨПтүн өкүлдөрү менен консультациялар жүрүп жатканын белгилөө керек.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>