Башкы Жаңылыктар Бельгиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү өздөрүнүн шайлоо укуктары жөнүндө …

Бельгиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү өздөрүнүн шайлоо укуктары жөнүндө маалымат алышты

03-Дек, 2019

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын башчысы Н. Шайлдабекова Брюсселге иш сапарынын жүрүшүндө кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга КР Тышкы иштер министринин орун басары А. Мадмаров, Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы жана Бенилюкс өлкөлөрүндөгү ЫУА элчиси, Кыргызстандын ЕБ менен ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү М. Джумалиев катышты.

Н. Шайлдабекова мекендештерге Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу шарттарын жакшыртуу боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө билдирди. Маселен, 2018-2020-жылдарга шайлоолор жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүүнүн стратегиясынын алкагында төмөнкүлөрдү караган мыйзамдар кабыл алынып, күчүнө кирди:

1. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунун санын көбөйтүү – КР ТИМдин сунушу боюнча, жарандар жүргөн өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча шайлоо участокторун дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жана консулдук мекемелерде гана эмес, мамлекеттик органдардын өкүлчүлүктөрүндө дагы уюштуруунун эсебинен.

2017-жылы Европада 7 шайлоо участогу ачылды: ГФРде – 3 УШК, Австрияда, Бельгия Королдугунда, Улуу Британияда жана Швейцарияда –  бирден. Түркияда – Анкара менен Стамбулда 2 участок ачылды. 2019-жылы ТИМ тарабынан Италия менен Францияда өкүлчүлүктөрдү ачуу маселеси иштелип чыгууда. Бул Европада участоктордун санын көбөйтүү үчүн негиз болуп калат.

2. Жарандардын арыздарды берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү – арыздарды участокто гана эмес, мыйзамдарга ылайык иденттештирүүдөн же авторлошуудан өткөрүү менен электрондук түрдө (2019-жылдагы шайлоолордон баштап “Тизме” сайтындагы “шайлоочунун бөлмөсү” жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу) дагы берилиши мүмкүн.

Шайлоочулардын тизмеси эми мыйзамдарга ылайык туруктуу жаңылоо режиминде “Тизме” порталында болот, ошондуктан жарандар өз участокторун алдын ала тактап, ал эми шайлоонун жүрүшүндө добуш берүү дарегиндеги өзгөрүүлөр же каталарды же өз маалыматтарын тактоо жөнүндө зарыл арыздарды бере алышат.

3. Конституциялык Мыйзамдын негизинде маанилүү өзгөртүү киргизилди, ага ылайык чет өлкөдөгү участоктордо добуш берүүгө шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн арыз берген жаран арызында көрсөтүлгөн мөөнөткө чет өлкөдөгү мекемеде акысыз негизде убактылуу консулдук эсепте каттоого алынат. КР Тышкы иштер министринин орун басары А. Мадмаров маалымат бергендей, консулдук эсепке коюунун жалпы шарттары электрондук эсепти киргизүү менен жалпысынан жакшыртылмакчы.

4. Шайлоочулардын тизмелерин тактоо мөөнөттөрү узартылды – алдын ала тизме  сайтта 80 күн мурда жайгаштырылат, участокто добуш берүү күнүнө чейин 70 күн мурда илинет, ал эми арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө чейин 15 күн мурда аяктайт (тактоонун жалпы мөөнөтү азыр – 65 күн, мурда 45 күн болчу). Бул жарандарга шайлоочулардын тизмесине кирүүгө же УШКны Кыргызстандагы каттоо жеринен чет өлкөдөгү участокко өзгөртүүгө көп убакыт берет.

5. КР жарандарынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерде биометрикалык каттоодон өтүүсүнүн жигерденүүсү – анын ичинде маалыматтарды көчмө жол менен топтоо, ошондой эле КР аэропортторунда жана темир жол вокзалдарында биометрикалык маалыматтарды топтоо пункттарын жайгаштыруу. Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчи М.Джумалиев элчилик аккредиттөө өлкөлөрүндө биометрикалык маалыматтарды көчмө жол менен каттоо боюнча чараларды көрүүгө даяр экенин маалымдады.

6. Кеңири маалыматтык өнөктүктү жүргүзүү, чет өлкөлөрдө  убактылуу жүргөн жарандардын бирикмелери менен жигердүү иш жүргүзүү ж.б. чаралар. БШКда Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жашаган жана жүргөн жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо боюнча Жумушчу топ иштейт. Жумушчу топтун курамында мамлекеттик органдардын жана ар кайсы чет өлкөлөрдөгү мекендештердин коомдук уюмдарынын өкүлдөрү бар. Ал топ чет өлкөлөрдөгү жарандарды кабарландыруу боюнча чаралардын планын иштеп чыгып, аны ишке ашыра баштады. Жумушчу топ чет өлкөлөрдөгү жарандардын шайлоо укуктарын жакшыртуу боюнча сунуштарды дагы кабыл алат.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>