Башкы Жаңылыктар Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын жакшыртуу …

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын жакшыртуу үчүн мыйзамдардагы өзгөртүүлөр жөнүндө

03-Дек, 2019

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн инклюзивдик чөйрөнү жана шайлоо процессине катышууга жеткиликтүүлүктү түзүү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча негиз болуучу ченемдерде төмөнкүлөр камтылган:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт;

- 2019-жылдын 3-мартындагы №34 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган  БУУнун майыптар жөнүндө конвенциясы.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн бардык башка жарандар менен укуктарын жана эркиндигин бирдей  ишке ашырууда, алардын жашоо турмушундагы чектөөлөрду четтетүүдө ыңгайлуу шарттарды түзүүдө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга толук кандуу жашоо мүнөзүн жүргүзүүгө, коомдун экономикалык, саясий жана маданий турмушуна жигердүү катышууга, ошондой эле өздөрүнүн жарандык милдеттерин аткарууга өбөлгө түзүүгө бирдей  мүмкүнчүлүктөр талап кылынат.

Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын шайлоо укуктары шайлоолор жөнүндө мыйзамдарда да көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңеш жактырылган

Кыргыз Республикасын  Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш тарабынан жактырылган -2018-2020-жылдарга карата шайлоолор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясында  ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын камсыздоо шарттарын жакшыртуу боюнча чаралардын кеңири чөйрөсү каралган.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу, ошондой эле алардын шайлоо процессине катышуусун жандандыруу максатында 2019-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бир катар мыйзамдар кабыл алынып, аларга кол коюлган жана 2019- жылдын августунда күчүно кирген, тактап айтканда:

- “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;

- “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Mыйзамы.

Мыйзамдарда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрдө ден соолугу чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын жакшыртуу үчүн төмөнкүдөй шарттар белгиленген:

1) Барыдан мурда “ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулар” деген түшүнүк киргизилген – бул активдүү шайлоо укугу бар, организминин функцияларынын туруктуу бузулушу менен ден соолугу начарлаган, жаракаттын же дефектинин кесепеттеринен кандайдыр бир оору менен шартталган, угуусу, көзүнүн көрүүсү, таяныч-кыймылдуу аппаратынын функциялары бузулган, шайлоо укуктарын жалпы шарттарда толук кандуу жүзөөгө ашыруусун чектөөгө алып келген Кыргыз Республикасынын жарандары:

2) Ыңгайлуу кирүү жана жөө жүрүү жолдорун, жеке автотранспортторун токтотуу үчүн атайын жерлерди, имаратардын биринчи кабатында добуш берүү үчүн башпанааларды жайгаштырууну же болбосо лифтерди, эшиктердин кеңири өтмөлөрүн, пандустарды (пандустарды орнотуу болбогон учурунда, кнопка менен жардамга чакыруу жабдуулары) настилдерди, тактилдик көрсөткүчтөрдү, жетиштүү жарыктандырууну кошуп алганда жеткиликтүлүүктү камсыздоону талап.

Добуш берүү үчүн башпаананы ыңгайлаштыруу шайлоо процессинде инклюзивдик принциптин маанилүү компоненти болуп саналат.

Республиканын аймагында добуш берүүну уюштуруу үчүн төмөнкүлөр боюнча жайгаштырылган 2300дөн ашуун участкалар түзүлөт:

- 1633 участка – окуу жайлардын имараттарында;

- 334 УШК – маданият мекемлеринде;

- 206 УШК – административдик имараттарда жана муниципалдык аймактык башкармалыктарда;

- 32 УШК – саламаттыкты сактоо мекемелеринде;

- 93 УШК – жеке сектордо;

ДМЧА үчүн шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо шайлоолор үчүн гана эмес шайлоо участкаларында жайгашкан билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо жана административдик мекемелерде иштеген жарандар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу чара катары бир аз натыйжа бермекчи.

Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү маморгандар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенуу аркылуу Кыргыз Республикасынын шайлоолоруна ДМЧ жарандарынын катышуусун жогорулатуу үчүн тоскоолдуксуз чөйрөнү түзүү максатында шайлоо участкалары жайгашкан ведомстволук имараттарды пандустар жана перилалар менен жабдуу боюнча шайлоо участкаларына жеткиликтүүлүктү камсыздоо планы ишке ашырылууда.

3) Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулардын эсебин алуу жана ар бир участка боюнча ДМЧ жарандарынын керектөө карталарын түзүү үчүн Борбордук Шайлоо комиссиясына ар бир жылдын 1-февралына жана 1-августуна карата абал боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулардын иш жүзүндөгу саны жөнүндө маалыматтарды берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар үчүн милдеттер белгиленген. Бул ар бир шайлоо участкасы боюнча ДМЧ жарандарынын саны; ДМЧ жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн атайын керектөөлөрү ж.б. боюнча маалыматтардын болушуна өбөлгө түзөт.

4) Маалыматтык материалдарга карата жаңы талаптар; жарандарды маалымдоодо Борбордук шайлоо комиссиясы  кол жаңсап которууну же субтитрлөөнү,  окууга ыңгайлуу болгон шрифти, чоңойтулган мөөрдү, ошондой эле Брайл шрифти же башка атайын каражаттар менен даярдалган материалдарды пайдалануу менен атайын форматтарды: аудио -, көрмөформаттарды (санариптик алып жүрүүчүлөрдү) пайдалануу каралган.

Акыркы шайлоолордо Борбордук шайлоо комиссиясы көзү начар көргөн же дээрлик көрбөгөн жарандарга жардам көрсөтүү каражатын - Брайл шрифтиси бар бюллетен – трафаретти жана А4 форматындагы атайын чоңойтуучу лупаларды, жүрүү үчүн коляскаларды пайдаланган адамдар тарабынан добуш берүүсү үчүн өзүнчө кабиналарды, шайлоо комиссияларынын мучөлөрү үчүн майыптуулукту түшүнүүсү жөнүндө усулдук куралдарды колдонгондугун белгилей кетүү керек. Ошондой эле ДМЧ жарандарынын шайлоо комиссияларынын мучөлөрүнүн жардамынан пайдалануусу үчүн имараттардын кире беришине орнотулган чакыруу кнопкаларын пайдалана алышат. Азыр бул чаралар шайлоо комиссиялары, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн мыйзамдуу түрдө милдеттүү болуп калды.

5) Талапкерлерди жана саясий партияларды атайын форматтарды пайдалануу менен үгүт материалдарынын бир бөлүгүн – үгүт материалдарынын жалпы нускасынын 1%нан кем эмесин жарыялоого жана жайылтууга милдеттендирген талаптар каралган.

КР БШКсынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>