Башкы Жаңылыктар “Конституционализм жана укук үстөмдүгү” индиялык-кыргыз симпозиуму

“Конституционализм жана укук үстөмдүгү” индиялык-кыргыз симпозиуму

28-Ноя, 2019

26-ноябрда Бишкекте Индиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан уюштурулган, Индиянын Конституциясы кабыл алынган күндөн тартып 70 жылдыгына арналган “Конституционализм жана укук үстөмдүгү” индиялык-кыргыз симпозиуму өттү.

Симпозиумдун ачылышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты, Индия Республикасы, Бангладеш Республикасы, Шри-Ланка менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жектекчиси Э. Байбакпаев, Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Алок А. Димри куттуктоо сөзү менен чыгышты.

Симпозиумдун максаты демократиянын биргелешип жолун жолдоо жана укук үстөмдүгүн белгилөө, парламентаризмдин конституциялык негиздерин, Кыргыз Республикасында жана Индияда эркин шайлоолорду талкуулоо болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын БШКсынын башчысы Индиянын Элчисин жана анын атынан Индиянын жарандарын Индиянын конституциясынын
70 жылдык маарекеси менен куттуктады.Ошону менен бирге ал Индия менен кызыкчылыктардын жалпылыгы байланыштырып тургандыгын, Индиядан үйрөнө турган көп нерселердин бар экендигин белгиледи.

“Конституционализм көз карандысыз Индияда, татаал жолдон өттү. Индия Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин колониялык көз карандуулуктан бошонуп чыккан биринчи ири өлкөлөрдүн бири болуп саналат, ал өзүнүн кайталангыс мамлекетин түзүп, башка эркиндике чыккан өлкөлөр менен элдер үчүн үлгү болуп калган кеңири жана негиздүү коомдук дискуссиянын негизинде өзүнүн Конституциясын кабыл алды.

Индиядагы парламентаризм 70 жылдын ичинде убакыттын татаал сыноосунан өтүп, өзүнүн туруктуулугун жана ырааттуу өнүккөнүн  көрсөтө алды. Бүгүнкү күндө Индия эң жогорку деңгээлдеги демократиялык мамлекет болуп эсептелет.

Парламенттик демократияны куруу багытында Индиянын саясий системасынын туруктуулугуна жетишүү тажрыйбасы Кыргызстан үчүн эң баалуу болуп саналат”, - деп билдирди КР БШКсынын башчысы.

Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алок. А Димри шайлоо комиссиялары жана биздин конституция укук үстөмдүгү болуп калыптанган жана пайдалуу башкарууну көздөгөн демократиялуу өлкөлөр үчүн үлгү болуп санала тургандыгын баса белгиледи.

 “Дүйнө жүзүндө ири демократиялуу болушу менен Индиянын конституциясы негизги укук, милдеттүүлүк, парламенттик демократия, бийликтин бөлүштүрүлүшү, эркин жана адилеттүү шайлоолор биздин парламенттик салтыбыздын негизи катары бийликтин тынч жана жөнөкөй алмашуусу жаатындагы аракеттер убакыттын чоң сыноосунан өттү”, - деп билдирди элчи мырза.

“Конституционализм жана укук үстөмдүгү” симпозиумунун ишине Борбордук Азиядагы Америка Университетинин директору Андрев Кучинс катышып, өз сөзүндө жарандык коомду түзүү жана өнугүү маселелерине кеңири токтолду. КР ТИМинин Дипломатиялык академиясынын ректору Чынара Адамкулова эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташуулар боюнча кеңири сөз козгоду, ал эми Кыргыз Республкасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу посланниги Евгений Каблуков Индия Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздери, укуктук мамлекеттин калыптанышы жана Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки саясий процесстер тууралу айтып берди. Ал эми Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору  Тынчтыкбек Чоротегин чогулгандардын алдында анча чоң эмес тарыхый экскурс жүргүзүп, Индиянын адамзат цивилизациясындагы жетишкен ийгиликтерине жана ролуна кеңири токтолду. Профессор  Таму  Чаттопадхай белгилегендей, Индиянын математика жана медицина илимдерине кошкон салымдары уникалдуу. Ошондой эле илимдин башка тармактарында да кыйла белгилүү ачылыштар жасалды. Ал эми профессор Таму Чаттопадхай Индиянын билим берүү жаатында мазмуунду баяндама жасады.

Симпозиумдун аягында дискуссияга катышкандар өздөрү кызыккан маселелер боюнча лекторлорго  бир катар суроолорду беришти.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>