Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы кыргызстандыктарды ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайт.
Отуз күндүк ыйык орозо инсандын ички дүйнѳсүн, ыйманын тазартып, руханий жана адеп-ахлактык сапатын бекемдѳѳ менен, орозо туткандарды үй-бүлѳдѳгү, коомдогу жана жалпы эле ѳлкѳбүздѳгү жакшылык менен ыймандуулука, тынччылык менен кайрымдуулукка шыктандырды.
КР БШК Кыргыз Республикасынын жарандарына бекем ден-соолук, бакубат турмуш, ар бир үй-бүлѳгѳ бакыт-таалай каалайт! Сүйүктүү Кыргызстаныбыз биримдикте болуп, гүлдѳп ѳнүгѳ берсин!
