Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Д.И.Ирсалиев КСДП партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинин чыгарылды
09.04.2020

Д.И.Ирсалиев КСДП партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинин чыгарылды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын бүгүн, 9-апрелде,  болуп ѳткѳн жыйынында  “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган  талапкерлердин тизмесинен Ирсалиев Дуйшен Исмаиловичти чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынды. Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын  шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, “КСДП” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган  талапкерлердин тизмесинен чыгаруу тууралуу Д.И. Ирсалиевдин Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкѳн арызынын негизинде кабыл алынган.   КР БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.М. Артыкбаевдин ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулду
09.04.2020

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.М. Артыкбаевдин ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулду

Бүгүн 9-апрелде КыргызРеспубликасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.М. Артыкбаевдин ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу жѳнүндѳ чечим кабыл алды. Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунун 2019-жылдын 6-декбарындагы ѳкүмү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.М. Артыкбаев 1997-жылдын 1-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бѳлүгүндѳ каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнѳѳлүү деп табылган.          2020-жылдын 23-мартында Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар тууралуу иштер боюнча сот коллегиясынын ѳкүмү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.М. Артыкбаевге карата 2019-жылдын 6-декабрындагы Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун күнѳѳ коюу ѳкүмү айрым ѳзгѳртүүлѳр менен күчүндѳ калтырылган.          Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 420-беренесине ылайык апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасы, ѳкүмү  ал жарыяланган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнѳ кирет. 2020-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.М. Артыкбаевге карата Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар тууралуу иштер боюнча сот коллегиясынын ѳкүмү мыйзамдуу түрдѳ күчүнѳ кирген. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинде, «Кыргыз Республикасынын Президентинжана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттырын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жѳнүндѳ» КР Мыйзамынын 3-беренесинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктары ага карата соттун күнѳѳ коюу ѳкүмү мыйзамдуу күчүнѳ кирген учурдан тартып мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулатургандыгы белгиленген. Көрсөтүлгөн негиздер боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу буга негиздер пайда болгон күндөн тартып 30 календарлык күндөн кечиктирилбестен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын чечими менен жүзөгө ашырылат.   КР БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН  БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН КҮН ТАРТИБИ (Бекитилген)
09.04.2020

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН КҮН ТАРТИБИ (Бекитилген)

          Өткөрүү датасы:  9 апрели 2019-ж. Убактысы: 13:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж. Исмаилованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты О. М. Артыкбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Ч.Ч. Урумкалиеванын арызы жөнүндө (баяндамачы – Шаршеналы уулу А., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 4. А.Т. Бердиевдин арызы жөнүндө (баяндамачы – Шаршеналы уулу А., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (РАЖ депутаттык фракциясы) (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. «Кыргызстан социал- демократиялык партиясы» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Д.И. Ирсалиевди чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (СДПК депутаттык фракциясы) 8. Г. Мамасалиеванын арызы жөнүндө   Төрага
Кененирээк билүү >>
-
09.04.2020

-

-
Кененирээк билүү >>
-
09.04.2020

-

-
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 9-апрелиндеги өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
08.04.2020

2020–ж. 9-апрелиндеги өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

 Долбоор Өткөрүү датасы:  9 апрели 2019-ж. Убактысы: 13:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж. Исмаилованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты  О. М. Артыкбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Ч.Ч. Урумкалиеванын арызы жөнүндө (баяндамачы – Шаршеналы уулу А., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 4. А.Т. Бердиевдин арызы жөнүндө (баяндамачы – Шаршеналы уулу А., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (РАЖ депутаттык фракциясы) (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. «Кыргызстан социал- демократиялык партиясы» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Д.И. Ирсалиевди чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (СДПК депутаттык фракциясы) 8. Г. Мамасалиеванын арызы жөнүндө Төрага
Кененирээк билүү >>
Кашкар-Кыштак, Тѳлѳйкѳн, Семиз-Бел айыл кеңештеринин жана Нарын шаардык кеңешинин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулду
24.03.2020

Кашкар-Кыштак, Тѳлѳйкѳн, Семиз-Бел айыл кеңештеринин жана Нарын шаардык кеңешинин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулду

Кашкар-Кыштак, Тѳлѳйкен, Семиз-Бел айыл кеңештеринин жана Нарын шаардык кеңешинин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулду. Кара-Суу, Нарын шаардык жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу жѳнүндѳ, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу тууралуу жана бошогон депутаттык мандаттарды шайланган дептутатыкка талапкерге жана саясий партиянын талапкерлеринин катталган тизмесинен кийинки талапкерге берүү тууралуу чечимдер бекитилди. Чечимдер «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Рспубликасынын Мыйзамынын 52-беренсине ылайык кабыл алынган. Ош облусунун Кар-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айыл кеңешинде берген арызынын негизинде Аматов Эркебай Айдарбекович ѳзүнүн ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотту; Тѳлѳйкѳн айыл кеңешинде берген арыздарынын негизинде Халматов Алишер Нурмахаматович, Бозарбоев Отабек Одилжонович, Кадыров Канатбек Сапарбаевич ѳздѳрүнүн ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотушту. Нарын облусундагы  Нарын шаардык кеңешинде берген арыздарынын негизинде Жумакадырова Назира Мамытовна (№3), («КСДП» деп.фракциясы), Аскарбеков Айбек Аскарбекович (№11) («КСДП» деп.фракциясы) ѳздѳрүнүн ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотушту; Кочкор райоунундагы Семиз-Бел айыл кеңешинде берген арызынын негизинде Бейшенбеков Бакыт Турсунбекович ѳзүнүн ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотту.
Кененирээк билүү >>
Жети-Өгүз районундагы  Оргочор айыл ѳкмѳтүнүн №3181 шайлоо участкасынын дареги ѳзгѳрүлдү
24.03.2020

Жети-Өгүз районундагы Оргочор айыл ѳкмѳтүнүн №3181 шайлоо участкасынын дареги ѳзгѳрүлдү

Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде Ысык-Кѳл облусунун Жети-Өгүз районундагы  Оргочор айыл ѳкмѳтүнүн №3181 шайлоо участогунун дареги ѳзгѳрүлдү. Шайлоо участкасы Боз-Бешик айылынын маданият үйүнүн имаратынан Боз-Бешик айылындагы Ж. Желдеңбаев атындагы орто мектептин имаратына которулду. Ушуга байланыштуу Жети-Өгүз аймактык шайлоо колмиссиясына жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте шайлоочулардын арасында шайлоо участкасынын дарегинин ѳзгѳргѳндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК ѳзгѳчѳ кырдаал режимин колдонуу мезгилинде  жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду токтотту
23.03.2020

КР БШК ѳзгѳчѳ кырдаал режимин колдонуу мезгилинде жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду токтотту

Бүгүн, 23-мартта, 2020-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Кѳл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону токтото туруу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйыны болуп ѳттү.   КР Коопсуздук кеңешинин чечимин жана КР Өкмѳтүнүн тескемесин эске алуу менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону токтото туруу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын жүзѳгѳ ашыруу алкагында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчѳлѳрү ѳзгѳчѳ кырдаал режими колдонулган мезгилде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоону жана ѳткѳрүүнү токтото туруу тууралуу токтом кабыл алышты.   Аймактык шайлоо комиссияларына тѳмѳндѳгүлѳр тапшырылды:  2020-жылдын 13-мартына чейин катталган  шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлер жана  2020-жылдын 23-мартына чейин катталган  айылдык кеңештин дептуттагына талапкерлер Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 23-мартындагы № 54 Жарлыгы күчүнѳ кирген күндѳн тартып шайлоолорду даярдоо жана ѳткѳрүү кайра башталган датага чейин  талапкердин сатусун жана  ушул статуска байланышкан укуктарын жогото тургандыгын караган тийиштүү чечимдерди кабыл алсын; Шайлоого катышуу мезгилинде ѳздѳрүнүн кызматтык абалын жана кызматтык ыйгарым укуктарын токтоткон талапкерлер иштеген жери боюнча кызматтык абалын жана кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну улунтууга укуктуу. Шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттыгына катталган жогоруда көрсөтүлгөн талапкерлердин статусун калыбына келтирүү датасы шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү улантуунун расмий датасы  болуп саналат.  айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин фамилияларын, аты-жөндөрүн, туулган жылын, ээлеген кызмат орундарын, жашаган жерлерин көрсөтүү менен катталган талапкерлер жөнүндө маалыматтарды басма сөзгө жарыялоо токтотулуп турсун, бардык маалыматтар КР БШКнын сайтында мына бул шилтеме боюнча жайгаштырылган: http://talapker.shailoo.gov.kg/;  талапкерлерден, саясий партиялардан шайлоого андан ары катышуудан баш тартуу жөнүндө, талапкерлердин тизмесин кайра чакыртып алуу жөнүндө, саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесинен талапкерлерди чыгарып салуу жөнүндө,  талапкерлерди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арыздарды кабыл алуу токтотулуп турсун;  2020-жылдын 24-мартынан тартып талапкерлердин, саясий партиялардын атайын эсептерине каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы боюнча финансылык операциялар  токтотулуп турсун жана  катталган талапкерлерге, талапкерлердин тизмесин каттаган саясий партияларга, банктык мекемелерге кабарландырылсын. Талапкерлердин, саясий партиялардын жайгаштырылган финансылык отчеттору БШКнын сайтында мына бул шилтеме боюнча жеткиликтүү: http://talapker.shailoo.gov.kg/. УШКга шайлоо документтерин, мѳѳрлѳрдү, техникалык жана башка жабдууларды аймактык шайлоо комиссияларына ѳткѳрүп берүү тапшырылды, алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү аркылуу алардын  сакталышын камсыз кылсын. Шайлоолорду жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүлөрдү маалыматтык камсыздоо жаатында БШК тѳмѳндѳгүдѳй чечимдерди кабыл алды:  2020-жылдын 24-мартынан тартып ар кандай формада шайлоо алдында үгүт жүргүзүүлөр токтотулуп турсун;  шайлоолорду токтотуп турууга чейин даярдалган үгүт жүргүзүү материалдары мыйзамдарда белгиленген талаптарды сактоо менен шайлоолор улантылгандан кийин пайдаланылышы мүмкүн;  шайлоолор токтотулуп турганга чейин илинген үгүт жана маалыматтык материалдар алып салынсын;  шайлоо комиссияларына айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин программаларынын берилиши жана алардын КР БШКнын расмий сайтына жарыяланышы токтотулуп турсун;  аккредиттелген  жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге, саясий партияларга бөлүнгөн эфир убактылары жана басма аянты тууралуу эсеп маалыматты, бекитилген формада 5 календарлык күндө БШКга тапшырсын. Шайлоочулардын тизмелери жаатында тѳмѳндѳгүдѳй чечимдер кабыл алынды:  участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочулардын арыздарын (№1-форма боюнча) кабыл алууну токтотуп турсун, 2020-жылдын 23-мартын кошуп алганда келип түшкөн реестрлерди жана шайлоочулардын арыздарын тиешелүү АШКнын системалык администраторуна иштеп чыгуу жана сактоо үчүн 2 күндүк  мөөнөттө өткөрүп берсин;      шайлоочулардын тизмелерин актуалдаштуруу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүү аркылуу жүзөгө ашырылсын, мында КР БШКсынын аппараты жарандардын категориялары (18 жашка жеткен, каза болгон ж.б.), каттоо жана актуалдаштуруу датасы боюнча ККМБдагы актуалдаштырылуучу маалыматтардын дифференциялаштырылган эсебин камсыз кылсын;    укук коргоо органдары жана МКК тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөр, сотко чейинки териштирүүлөр, кызматтык териштирүүлөр боюнча жарандардын айрым категорияларына жана/же массалык каттоо даректерине мурда берилген айрым эсепке алууларды андан ары жүргүзүү алар бүткөнгө жана укуктук баа берилгенге чейин улантылсын, шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн бөлүп жүктөө аракеттери токтотулуп турсун.   Шайлоолорду каржылоо жаатында:    2020-жылдын 25-мартына карата жергиликтүү шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө мыйзамдарда каралган сый акыларды төлөө жүргүзүлсүн;  жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн шайлоо комиссияларына ишке тартылган адамдар менен эмгек мамилелери токтотулсун;  шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн, автоматтык  эсептөөчү урналардын жана биометрикалык идентификациялоонун операторлорун күндүзү окутуу боюнча өткөрүлүп жаткан иш чаралар өзгөчө кырдаал режими аяктаганга жана шайлоолор улантылганга чейин токтотулуп турсун.  КР БШКнын аппараты шайлоо процессинин катышуучуларын дистанциялык электрондук маалымдоо жана окутуу, ошондой эле  айрым жумушчу процесстерди дистанциялык жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча иштерди улантат.  Ошондой эле ѳзгөчө кырдаал киргизилген учурда шайлоо процессин жөнгө салуу жаатында шайлоолор жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар иштелип чыгып, мыйзам чыгаруу субектилерине киргизилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчѳлѳрү жана аппаратынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын коронавируска каршы күрѳшүү үчүн атайын эсепке которушат.
23.03.2020

КР БШК мүчѳлѳрү жана аппаратынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын коронавируска каршы күрѳшүү үчүн атайын эсепке которушат.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчѳлѳрү жана аппаратынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын коронавируска каршы күрѳшүү үчүн атайын эсепке которушат. Каражат коронавируска каршы күрѳшүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атайын эсебине которулуп берилет.
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 23-мартында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
22.03.2020

2020–ж. 23-мартында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

                             Өткөрүү датасы:  23 - март 2020-ж.                              Убактысы: 15:00                              Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал- Абад, Нарын, Ысык –Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо процессинин этаптарын ишке ашыруу боюнча иш  чараларды убактылуу токтотуу жөнүндө  (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)   2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын башчыларын шайлоону убактылуу токтотуу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Суу, Нарын шаардык жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү жөнүндө  (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл аймагындагы № 3181 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө  (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)   5.  Ар түрдүү маселелер   Төрага
Кененирээк билүү >>
Шайлоолор. Апрель-2020: Коопсуздук Кеңешинде ѳзгѳчѳ кырдаал мезгилинде жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду токтото туруу жѳнүндѳ чечим талкууланды жана кабыл алынды
21.03.2020

Шайлоолор. Апрель-2020: Коопсуздук Кеңешинде ѳзгѳчѳ кырдаал мезгилинде жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду токтото туруу жѳнүндѳ чечим талкууланды жана кабыл алынды

Шайлоолор. Апрель-2020: Коопсуздук кеңешинде ѳзгѳчѳ кырдаал мезгилинде жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду токтото туруу жѳнүндѳ чечим талкууланды жана кабыл алынды.            Бүгүн, 21-мартта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун тѳрагалыгында мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Өкмѳттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн, Бишкек шаарынын мэринин  катышуусунда Коопсуздук кеңешинин тар курмадагы кезектеги жыйыны болуп ѳттү.          Коопсуздук кеңештин жыйынынын жүрүшүндѳ 2020-жылдын 12-апрелинде белгиленген айрым жергиликтүү кеңештердеги шайлоолордун датасын жылдыруу жѳнүндѳ чечим кабыл алынды.      Жыйындын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2020-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ысык-Кѳл, Чүй, Жалал-Абад, Ош областтарынын 5 шаардык жана 25 айылдык кеңештеринин жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо дайындалгандыгы тууралуу маалымдалды. Азыркы шайлоо процесси 342 245 шайлоочуну жана шаардык жана айылдык кеңештердин 4 миңден ашык талапкерлерин ѳзүнѳ камтыйт. Бүгүнкү күндѳ шаардык кеңештерге шайлоолорго катышуу үчүн  каттоо аяктады, 22 саясий партия үч миңден ашык талапкерлерди кѳрсѳтүү менен  50 тизмени сунушташты. 22-мартта айылдык кеңештерге кѳрсѳтүлгѳн 980 талапкерлерди каттоо аяктайт. Шайлоолордун графиги боюнча кийинки этап үгүт жүргүзүү мезгили жана добуш берүү күнү болуп саналат, булар шайлоонун эң активдүү учуру жана шайлоочулар менен талапкерлердин ѳз ара алакасынын эң активдүү процесси  экени белгилүү. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 19-мартта баардык шайлоо участкаларында  жана үгүт жүргүзүү учурунда  жарандардын санитардык-эпидемиолгиялык  коопсуздугу боюнча чаралар жѳнүндѳ чечим кабыл алды. Партиялар менен талапкерлерге үгүт иштеринде басма сѳз, аудиокѳрсѳтүү, интернет, социалдык тармактарга басым жасоо менен массалык жолугушуулар боюнча чектѳѳнү сунуш кылды. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы  ѳз тарбынан партиялар жана талапкерлер жѳнүндѳ http://talapker.shailoo.gov.kg/ маалыматтык интернет-ресурстарын ачты, жарандар үчүн аралыктан башка маалыматтык каналдарды түзүүнүн үстүндѳ иштѳѳдѳ. Өкмѳттүк штаб менен ѳз ара аркеттенүү аркылуу жарандар үчүн шайлоо участкаларында зарыл коргоочу иштерди жүргүзүү боюнча чараларды кабыл алууда. Бирок коронавирус инфекциясы кырдаалында Кыргызстанда каттоо жүргүзүү шартында шайлоолорду улантуу кѳпчүлүк шайлоо иш-чаралары массалык мүнѳздѳ болгондугунун улам жарандардын ден- соолугу жана жашоо-турмушу үчүн баарыдан мурда олуттуу кооптуулукту жаратышы мүмкүн. Азыркы шайлоо процесси 342 245 шайлоочуну жана шаардык жана айылдык кеңештердин 4 миңден ашык талапкерлерин ѳзүнѳ камтыйт. Түзүлгѳн кырдаал ошондой эле талапкерлердин жана шайлоочулардын укуктарын толук жүзѳгѳ ашыруу, үгүт иштерин жүргүзүү, шайлоочулардын келүү коркунучу, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүнүн иштеши ѳңдүү кѳз караштан алганда шайлоолорду толук кандуу форматта ѳткѳрүүнү кыйындатат. Заманбап логистикалык жана ыкчам иш-чараларды ѳткѳрүүнү камсыз кылуу татаалдашып жатат. Өлкѳдѳ эпидемиологиялык кырдаал калыбына келгенге чейин добуш берүү күнүн жана шайлоолорго байланышкан иш-чараларды жылдыруу жѳнүндѳ БШКга Каракол, Токмок, Балыкчы шаарларындагы партиялардан кайрылуулар келип түшүүдѳ. Бул маселе боюнча ѳздѳрүнүн тынчсыздануусун жана ушундай эле сунуштарды парламентте Жогорку Кеңештин депутаттары, жалпыга маалымдоо каражаттарында коомчулук жана интернет айдыңы билдиришүүдѳ. Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, жарандардын ѳмүрүн жана ден-соолугун коргоону камсыз кылуу  максатында Борбордук шайлоо комиссиясы эпидемиологиялык кырдаал калыбына келгенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине шайлоолорду токтото туруу маселесин  Коопсуздук Кеңештин талкуусуна киргизди. Талкуулангандан кийин Коопсуздук Кеңеши тийиштүү чечим кабыл алды.   КР БШКнын маалымат бѳлүмү  
Кененирээк билүү >>
Шайлоолор. Апрель-2020: Саясий партиялар Токмок, Балыкчы, Каракол, Ош жана Майлуу-Суу шаарларында шайлоолорду мыйзамдын алкагында ѳткѳрүү жѳнүндѳ меморандумга кол коюшту
21.03.2020

Шайлоолор. Апрель-2020: Саясий партиялар Токмок, Балыкчы, Каракол, Ош жана Майлуу-Суу шаарларында шайлоолорду мыйзамдын алкагында ѳткѳрүү жѳнүндѳ меморандумга кол коюшту

  Токмок, Балыкчы, Каракол, Ош жана Майлуу-Суу шаардык кеңештерине шайлоолорго катталган 22 саясий партия мыйзамдуу жана таза шайлоолорду ѳткѳрүү жѳнүндѳ Меморандумга кол коюшту. Ошто 14-мартта меморандумга 9 партия: "Биримдик" (Единство) демократиялык партиясы, "Мекеним Кыргызстан", "Бирик", "Бир-Бол", "Улуу-Журт", "КЛДП", "Кыргызстан", "Эмгек", "Өнугуу-Прогресс" партиялары кол коюшту. Токмокто 2020-жылдын 16-мартында меморандумга 9 партия: «Биримдик" (Единство) демократиялык партиясы, "Мекеним Кыргызстан", "Эмгек", "Афганнистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка локалдык аскердик чыр-чатактардын катышуучуларынын саясий партиясы», "КЛДП", "Өнүгүү Прогресс", "Ата-Мекен", "Эл биримдиги", "Кыргызстан" партиялары кол коюшту. Караколдо 2020-жылдын 17-мартында меморандумга 14 партий: "Кыргызстандын жашылдар партиясы", "Өнүгүү-Прогресс", "Мекен Ынтымагы", "Ак Шумкар", "Улуу Кыргызстан", "КЛДП", «Биримдик" (Единство) демократиялык партиясы, "Кыргызстан", "Замандаш", "Табылга", "Бирик", "Мекеним Кыргызстан", "УлууЖурт", "Республика" партиялары кол коюшту. Балыкчыда 2020-жылдын 17-мартында меморандумга 11 партий: Биримдик" (Единство) демократиялык партиясы, "Улуу-Журт", "Өнүгүү-Прогресс", "Ата-Журт", "Табылга", "Замандаш", "Социал-Демократтар","Мекеним Кыргызстан", "Мекен-Ынтымагы", "Эмгек"  жана "Кыргызстан" партиялары кол коюшту.  Майлуу-Сууда 2020-жылдын 19-мартында меморандумга 7 партий: "Мекеним Кыргызстан", "Ата-Мекен", "Замандаш", "Элмурас", "Кыргызстан", «Биримдик" (Единство) демократиялык партиясы, "Өнүгүү-Прогресс" партиялары кол коюшту. Меморандумда жарандардын байгерчилигин жана шаарлардын социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүн жогорлатууга кѳмѳктѳшүүгѳ партиялардын багыт алышы баса белгиленди. Партиялар шайлоолордо бардык катышуучулар үчүн жарандардын кызыкчылыгы артыкчылыктуу болууга тийиш экендиги, ал эми элдин колдоосуна реалдуу иштери менен жетишүүгѳ боло тургандыгы  тууралуу билдиришти. Меморандумда партиялар тынчтыкты, турукутуулукту жана келечекте гүлдѳп ѳнүгүүнү колдоо менен  КР Конституциясына жана  мыйзамдарына ылайык таза жана акыйкат шайлоолорду ѳткѳрүү үчүн чыгып жатышкандыктарын билдиришти. Ошону менен бирге партиялар шайлоо реформасын ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ жетишилген шайлоолордун жыйынтыктарынын аныктыгы жана ачык-айкындыгы реалдуу атаандаштыкка жакшы негиз болуп санала тургандыгын таанышууда. Меморандумга ылайык партиялар тѳмѳндѳгүлѳргѳ милдеттеништи:   Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, анын ичинде шайлоо мыйзамдарынын кыйшаюусуз сактоого; партиялар жана шайлоо процессинин башка катышуучлары менен  конструктивдүү  сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүүгѳ, саясий оппоненттер менен талаш-тартыштарды  мыйзамдын негизинде ачык, эл алдында талкуулоо менен чечүүгѳ; шайлоо кампанияларын ачык айкын, бирин бири урматтоо, жарандардын кызыкчылыктарынын жана уктарынын артыкчылыгы, мыйзамдын улуктугу принциптеринде жүргүзүүгѳ; этикалык жана моралдык нормаларды сактоого, бири бирине карата таза болуу менен «ыпылас технологияларды»  пайдаланбай үгүт иштерин жүргүзүүгѳ; башкалардын  ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик аброюна доо келтирген кѳз кѳрүнѳѳ жалган маалыматтарга негизделген материалдары жайылтпоого; добуш  берүү күнүнѳ чейин жана добуш берген күнү  шайлоочулардын добуштарын сатып алууга багытталган аракеттерге ѳздѳрүнүн, ѳздѳрүнүн ѳкүлдѳрүнүн, ишенимдүү  адамдарынын, партиялаштарынын, үгүтчүлѳрүнүн, туугандарынын, досторунун, тааныштарынын жана башка адамдардын катышуусуна жол бербѳѳгѳ, шайлоочулардын добуштарын сатып алууга каршы бардык чаралар менен күрѳшүүгѳ, анын ичинде укук коргоо органдарына кѳмѳктѳшүүгѳ; ѳздѳрүнүн максаттарына жетишүү үчүн административдик ресурстарды пайдаланууну, анын ичинде кызматтык же кызмат абалынын артыкчылыктарын пайдаланууну жокко чыгарууга; ушак-айыңдар,   күч колдонуу менен коркутуу же соцалдык араздашууга, душмандашууга кѳкүтүү  камтылган маалыматтарды, үгүт жана маалыматтык материалдарды интернет жана башка ресурстар аркылуу    расмий же жашырын басып чыгарбоого жана жайылтпоого; ачык-айкын   жана шайлоо процессинин бардык катышуучларын  урматтоо принциптеринде таза жана акыйкат шайлоолорду ѳткѳрүүгѳ ар тараптан кѳмѳктѳшүүгѳ, шайлоо комиссияларына жана укук коргоо органдарына алардын иштеринде кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ;   шайлоо алдындагы мезгилде  жана шайлоодон кийин ыңгайлуу жана тынч кырдаалга кѳмѳктѳшѳ алгыдай шайлоо кампаниясын  уштурууга жана ѳткѳрүүгѳ. Партиялар шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүн ѳз ара аркеттенүү үчүн ачык жана калыс болууга, ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарын таза жана объективдүү болууга, бурмалоолорго жана манипуляцияларга жол бербѳѳгѳ чакырды.   Шайлоолорго катышкан партиялар жѳнүндѳ жарандарга маалымдоо үчүн http://talapker.shailoo.gov.kg/ электрондук ресустун бет ачары болду, ага ар бир партия, талапкерлердин тизмеси, партиялардын программалары жѳнүндѳ жалпы маалыматтар жана шайлоо фонддорундагы каржы булактары жана алардын чыгымдалышы тууралуу маалыматтар жайгаштырылган. Ошондой эле ѳлкѳдѳгү коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу жарандардын коопсуздугу үчүн үгүт иштерин массалык чогулуштарды ѳткѳрбѳй ЖМК, социалдык тармактар жана басма ресурстары, анын ичинде БШКнын сайтынын платформасы аркылуу  уюштуруу мүмкүнчүлүгү талкууланды.  БШКнын маалымат бѳлүмү     Шилтемелер:     Ош ш. –                 Меморандум     Токмок ш. –          Меморандум      Каракол ш. –         Меморандум      Балыкчы ш.–         Меморандум      Майлуу-Суу ш. –    Меморандум                 
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
20.03.2020

ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги

20.03.2020-жылы № Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Шайлоону өкөрүү убактысы Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөнөтү Талапкерлердин каттоо мөнөтү 2020 жылдын 24 марта Ысык-Көл облусу Түп району 1 Арал айыл өкмөтү 9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 16.03.2020-ж. Саат 18-00гө чейин 19.03.2020-ж 2020 жылдын 25 марта Ош облусу Кара-Суу району 2 Кара-Суу мэри 9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 17.03.2020-ж. Саат 18-00гө чейин 20.03.2020-ж 2020 жылдын 6 апреля Нарын облусу Кочкор району 3 Кош-Дөбө айылдык 9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 29.03.2020-ж. Саат 18-00гө чейин 01.04.2020-ж 2020 жылдын 8 апреля Чүй облусу Ысык-Ата району 4 Логвиненко айылдык 9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 30.03.2020-ж. Саат 18-00гө чейин 03.04.2020-ж Аламүдүн району 5 Октябрь айылдык 9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 30.03.2020-ж. Саат 18-00гө чейин 03.04.2020-ж
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 20-мартында өтө турган КР БШКнын жыйналышынын күн тартибинин долбоору
20.03.2020

2020-жылдын 20-мартында өтө турган КР БШКнын жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Долбоор   Өткөрүү датасы:  20 - март 2020-ж. Убактысы: 11:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы     1. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын  шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Ош шаарынын жана Чүй областынын Токмок шаарынын аймактарындагы айырым шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)     3.  Ар түрдүү маселелер     Төрага
Кененирээк билүү >>
Шайлоолор. Апрель-2020: БШКнын сайтынан партиялардын программалары жана финансылык отчеттору менен таанышса болот
19.03.2020

Шайлоолор. Апрель-2020: БШКнын сайтынан партиялардын программалары жана финансылык отчеттору менен таанышса болот

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефрендум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы талапкерлер жана партиялар жѳнүндѳ жарандарды тааныштыруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн жаңы электрондук ресурсту ачты. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында http://talapker.shailoo.gov.kg/ шилтемеси боюнча шайлоочулар жана бардык каалоочулар Ош, Майлуу-Суу, Каракол, Токмок жана  Балыкчи шаарларындагы беш шаардык кеңешке шайлоолорго катталган 22  партия тууралуу маалыматтар менен ѳз-ѳзүнчѳ кеңештер боюнча  тааныша алат. Шайлоочулар жана шайлоо процессинин башка катышуучулары http://talapker.shailoo.gov.kg/ шилтемеси боюнча бардык партиялардын программасы менен онлайн режиминде таанышса болот.             Ошол эле жерден ар бир партия жѳнүндѳ жалпы маалыматты, атап айтканда байланыш маалыматтары, аймактык ѳкүлчүлүгү, жетекчи органдары, партиянын мүчѳлѳрүнүн саны, логотиби, катталган датасы, девизи, шайлоолорго катышуусунун таржымалы ж.б. жѳнүндѳ маалыматтарды алса болот.             Каржылоо булактарын жана чыгашаларынын бардык беренелерин кѳрсѳтүү менен партиянын финансылык отчетун жарыялоо  жаңы ресурстун орчундуу жагдайы болуп саналат.             Шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү, ошондой эле шайлоо процессинин ачык, айкындыгын камсыз кылуу  алкагында Борбордук шайлоо комиссиясы  тарабынан талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун каржылоо, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу, шайлоо фонддорунун каражаттарын эсепке алуунун жана чыгымдоонун  тартибине бирдей мамиле жасоо боюнча шайлоо мыйзамдарына тийиштүү ѳзгѳртүүлѳр киргизлен,  ошондой эле акчалай демѳѳрчүлүккѳ тыюу салынган жана финансылык отчеттор БШКнын  сайтында милдеттүү жарыяланат. КР БШКнын маалымат бѳлүмү  
Кененирээк билүү >>
1 … 327 329 … 483