КР БШК КР ЖК депутатынын мандатын Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообековичке ѳткѳрүп берди

13 мая 2020

“Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин кийинки тизмесинде турган Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандаты болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланды деп таанылды.

Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандатын ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому БШКнын 13-майдагы жыйынында кабыл алынды.

Ш.Абдыкеримов КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды, ага белгиленген үлгүдѳгү күбѳлүк жана тѳш белги берилди.