Башкы Жаңылыктар КР БШКнын төрагасынын элчилер жана эл аралык уюмдардын …

КР БШКнын төрагасынын элчилер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен брифинги болду

18-Май, 2020

Кыргызстанда шайлоо процессине байланышкан маселелерди чагылдыруу боюнча Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиясынын тарабынан жүргүзүлгѳн иштин алкагында 2020-жылдын 15-майында КР БШКнын төрагасынын элчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен брифинги болду.

Ден соолукту коргоого байланышкан  сунуштарды эске алуу менен ѳткѳрүлгѳн иш-чарага түздѳн түз же дистанциялык онлайн-конференция режимде толук жана ыйгарым укуктуу элчилер: Улуу Британия -  Чарльз Гаррет, Германия - Моника Иверсен, Иран - Саид Харави, АКШ - Дональд Лу, Франция - Микаэль Ру, Швейцария - Вероник Ульманн, Украина - Владимир Жовтенко, ЕБ делегациясынын башчысы - Эдуард Ауэр, ОБСЕ программалык  офисинин башчысы  - Пьер фон Аркс, ООН туруктуу координатору - Озонниа Ожиелло, ПРООН туруктуу ѳкүлү - Луиз Чемберлен, ошондой эле  Беларусия, Казахстан, Индия, Китай, Корея, Россия, Туркменистан, Туркия жана Өзбекстан элчиликтеринин ѳкүлдѳрү катышты.

Дипломатиялык корпустун ѳкүлдѳрүнүн кѳңүлү шайлоо процессин ѳркүндѳтүүнүн учурдагы натыйжалары жана 2018-2020-жылдарда Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү стратегиясын жүзѳгѳ ашыруу боюнча кабыл алынган  Кыргыз Республикасында шайлоо мыйзамдарына  ѳзгѳртүүлѳр жѳнүндѳ маалыматка бурулду.

Ушул стратегиянын алкагында шайлоолордун инклюзивдүүлүгүн жакшыртуу, шайлоо процесси жѳнүндѳ шайлоочулардын кеңири маалымат алуусун кеңейтүү, шайлоолорду уюштурууну оптималдаштыруу, шайлоодогу талаш-тартыштардын ачык-айкындыгын жана шайлоолорду ѳткѳрүүдѳ шайлоо комиссияларына кѳмѳктѳшкѳн ар түрдүү маморгандардын жана ЖӨБОнун натыйжалуу ѳз ара аракеттерин  бекемдѳѳ боюнча чаралар Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам аркылуу бекемделгендиги жана иш жүзүндѳ ишке ашып жаткандыгы белгиленди.

Алсак, шайлоонун инклюзивдүүлүгүн жакшыртуу алкагында шайлоочулардын тизмеси байма-бай актуалдаштырылып турат жана шайлоочулардын “Тизме” порталындагы маалыматтык ресурстар менен таанышуусу үчүн жетикиликтүү болуп саналат. Шайлоо тизмелерин тактоо мѳѳнѳтү 20 күнгѳ кѳбѳйтүлдү, Бирдиктүү идентификациялоо системасынын негизинде арыздарды электрондук берүү мүмкүнчүлүгү киргизилет. 2020-жылы Кыргызстандын шайлоочуларынын тизмеси  2017-жылдын маалыматтарына  салыштырганда дээрлик 360 миң шайлоочуга кѳбѳйдү.

Жалпы шарттардан тышкары,  шайлоочулардын айрым категориялары үчүн атайын чаралар жүзѳгѳ ашырылат. Алсак, чет ѳлкѳлѳрдѳгү шайлоочулар үчүн добуш берүүчү участоктордун саны кѳбѳйтүлүп, консулдук эсепке алуу жеңилдетилип, биометрикалык каттоону тапшырууга кеңири мүмкүнчүлүк берилип, кеңири маалыматтык түшүндүрүү иштери жүргүзүлмѳкчү.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын жүзѳгѳ ашыруу үчүн ар бир участокто ДСМЧАны эсепке алуунун системасы, участоктороду пандус жана башка чаралар менен жабдуу аркылуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, ошондой эле атайын форматтарда: Брайль тамгалары, жаңсап которуу же субтитрлѳѳ аркылуу  маалыматтык жана үгүт материалдарын милдеттүү берүү чаралары мыйзам тарабынан белгиленген.

Шайлоолорго аялдарын катышуусун активдештирүү үчүн айылдык кеңештердин дептутаттары үчүн 30 пайыздан аз эмес  квота, ошондой эле шаарлардын жана ЖК деңгээлинде аялдар үчүн коргоо чаралары да киргизилген.  Ошону менен бирге аялдар жана жаштар үчүн маалыматтык жана агартуу чараларынын кеңири программасы жүзѳгѳ ашырылууга тийиш.

Партиялар жана талапкерлер жѳнүндѳ шайлоочуларга  маалымат берүү үчүн бир катар жаңы иш-чаралар кабыл алынды. Эми саясий партиялар менен талапкерлердин программаларын БШКнын сайтында милдеттүү жарыялоо, талапкерлердин, партиялардын шайлоо фонддорундагы каражаттарынын кыймылы жѳнүндѳ такталган  маалыматтарды жайгаштыруу, ошондой эле партияларды жана талапкерлерди колдоо үчүн ким акчалай салым кошконун кѳрсѳтүү менен алардын отчетторун жарыялоо милдеттүү  болуп саналат. 

Стадиондордо концерттерди жана спорттук массалык иш-чараларды ѳткѳрүүгѳ тыюу салуу түрүндѳгү үгүт иштеринин жаңы эрежелери,  ошондой эле талашып-тартышуу таймаштарынын кѳлѳмүн кеңейтүү жарандардын эркин билдирүүсүнѳ финасылык ресурстардын таасирин карама каршы кюу аркылуу, талапкерлер, партиялар жана алардын платформалары жѳнүндѳ маалыматтарды кѳбѳйтүүгѳ багытталган.

Ошондой эле шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана административдик ресурстарды карасантайлык менен пайдалангандыгы үчүн таасирдүү санкцияларды киргизүү боюнча маанилүү депутаттык демилге, аны кабыл алуу шайлоо учурунда мындай  бузууларга каршы күрѳшүүдѳ маанилүү, саясий партиялар жѳнүндѳ мыйзам, ѳзгѳчѳ кырдаал мезгилинде шайлоолорду уюштуруу жана аларды ѳткѳрүүнүн мѳѳнѳттѳрү тууралуу мыйзам  парламеттин кароосунда турат.

Дипломаттар ошондой эле укуктук маданиятты жогорулатуу жана жарандык агартуу боборун түзүү боюнча пландар менен да таанышты, андан кийин БШК тѳрагасы брифингдин катышуучуларынын  шайлоо процессине тийиштүү суроолоруна жооп берди.

Мыйзам боюнча 2020-жылга белгиленген шайлоо маселелери боюнча тѳрага 12-апрелге дайындалган 30 жергиликтүү кеңештердин дептуттарын шайлоо ѳзгѳчѳ кырдаал жарыялангандыгына байланыштуу кырдаал калыбына келгенге чейин токтотула тургандыгын белгиледи.

“Шаардык кеңештерге шайлоолор токтотулган учурда беш шаарда үгүт кампаниясы жүрүп турган эле, ал эми айыл кеңештериндеги шайлоолордо талапкерлерди каттоо жаңыдан аяктап, үгүт кампаниясы баштала элек болчу. Эми ѳзгѳчѳ кырдаал режими алынып, жарандардын ден соолугуна коркунуч токтогон учурда шаардык жана айылдык кеңештерге шайлоолор токтотулган учурдагы абалында кайрадан улантылат”, – деп белгиледи КР БШК тѳрагасы.

Ал БШК Өкмѳт жана тийиштүү органдар менен туруктуу байланышта болуп, кеңешүүлѳрдү жүргүзүп жаткандыгын белгиледи, алардын расмий корутундулары жарандардын ден соолугу үчүн коопсуздук жагдайынан алганда да, шайлоочулардын жана талапкерлердин шайлоо укуктарын кеңири жүзѳгѳ ашыруусу кѳз карашынан алганда да шайлоо сыяктуу массалык мүнѳздѳгү иш-чараларды ѳткѳрүү качан мүмкүн экендиги жѳнүндѳ чечимдерди иштеп чыгууда маанилүү.  Ушунун негизинде БШК тарабынан шайлоо проецессин кайра баштоо датасын жарыялоо жана добуш берүү датасын дайындоо тууралуу мамлекет башчысына сунуш киригизилет.

“Азыркы учурда коомдо жана парламентте быйылкы жылдагы кезектеги шайлоолорду ѳткѳрүүнүн форматы жана мѳѳнѳтү боюнча талкуу жүрүп жатат. Албетте, бул маселе кыйла деңгээлде ѳлкѳдѳгү эпидемиологиялык кырдаалга жана мындай иш-чараларды ѳткѳрүү үчүн тобокелчилик боюнча Өкмѳттүн тийиштүү сунуштарына жараша болот. Ошондой болсо да шайлоо процессинин  бир катар маанилүү жагдайларынан улам азыр токтотулуп турган жергиликтүү шайлоолор менен 2020-жылдын октябрында ѳткѳрүлүүчү Жогорку Кеңешке шайлоону  чогуу ѳткѳрүү ылайыксыз.

Алсак мыйзамдарга ылайык ЖК депутаттарын шайлоо 90 күн мурда, ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 60 күн мурда дайындалат. Жергиликтүү кеңештерге шпайлоолор иш жүзүндѳ финалдык бѳлүгүндѳ, башкача айтканда 20 күндүк мѳѳнѳттѳ кайрадан башталарын эске алсак, анда эки деңгээлдеги шайлоолорду чогуу ѳткѳрүүдѳ үгүт кампаниясынын жүрүршүндѳ жалпы улуттук шайлоого катышкан партиялар ачыктан ачык артыкчылыкка ээ болуп калышат, ал эми жергиликтүү шайлоолорго катышуу потенциалына ээ болгон партиялар ѳздѳрүнүн кампанияларынын масштабы аз болуп  калгандыгынан улам   басмырланып калышы абзел. Ошондуктан БШК шайлоочулардын кызыкчылыгы жана жалпысынан талапкерлерлдин теңчилдиги үчүн жергиликтүү жана жалпы улуттук парламенттик шайлоолорду чогуу ѳткѳрүү ылайыксыз деген позицияны карманат”, - деп белгиледи БШК тѳрагасы.

Өзгѳчѳ кырдаал түзүлгѳн учурда шайлоолорду дайындоо же болбосо токтото туруу процессин мыйзамдык жѳнгѳ салууга келсек,  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ѳзгѳчѳ кырдаал шартында шайлоолорду жѳнгѳ салуу маселеси каралган эмес,-деп белгиледи Н. Шайлдабекова. Колдонуудагы мыйзамдарда ѳзгѳчѳ кырдаал жарыяланган учурда шайлоолор ѳткѳрүлбѳй тургандыгы жѳнүндѳ норма бар. Ошондуктан БШК мына ушундай мыйзам долбоорун иштеп чыгуу иштерин жүргүздү.

“Бул Кыргызстан үчүн гана эмес, ошондой эле дүйнѳдѳгү кѳптѳгѳн ѳлкѳлѳр үчүн жаңы маселе болду. Ошондуктан КР  БШК шайлоо органдарынын Европа ассоциациясы, БДИПЧЧ ОБСЕ  ж.б. шайлоо чѳйрѳсүндѳгү эксперттер менен кеңешүүлѳрдү жүргүзүүдѳ. Өздѳрүнүн жарандарынын коопсуздугуна байланышкан жогорку деңгээлдеги чараларды сактоо менен коронавирус пандемия инфекциясынын шартында 2020-жылдын 15-апрелинде парламенттик шайлоолорду ѳткѳргѳн кореялык коллегалар менен маалымат алышуу пландаштырылууда.

Азыр чет ѳлкѳлѳрдѳ ушул маселелерди укуктук жактан жѳнгѳ салуу практикасын иликтѳѳ боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Парламентчилер менен ѳз ара аркеттенүү аркылуу бул маселелерди укуктук жактан чечүүгѳ жетишебиз деп ишенем, бул шайлоолорду дайындоо же токтото туруу жѳнүндѳ чечимдерге байланыштуу кандайдыр бир шектенүүлѳрдү жокко чыгаруу үчүн маанилүү укуктук кадам болмокчу. Бул албетте ѳзгѳчѳ кырдаал мезгилинде шайлоолорду дайындоо, токтото туруу, кайра баштоо жана ѳткѳрүү  мѳѳнѳттѳрүнѳ байланышкан маселерлерди жѳнгѳ салган эрежелер бар экендигин жарандардын түшүнүп билүүсү үчүн маанилүү болмок”, - деп билдирди БШК тѳрагасы.

Иш-чаранын соңунда КР БШК тѳрагасы ПРООН жүзѳгѳ ашырып жаткан, 2020-2021-жылдарда Кыргыз Республикасындагы демократиялык шайлоо процессин ѳркүндѳтүү боюнча программанын алкагында анадан ары иш- чараларды жүзѳгѳ ашырууга жана колдоого каражат бѳлгѳндүгү үчүн Япониянын, Швейцариянын, Германиянын ѳкмѳттѳрүнѳ ыраазычылык билдирди. Бишкектеги программалык офиси аркылуу ОБСЕ жана БДИПЧ ОБСЕ тарабынан ар тараптуу колдоо кѳрсѳтүлүп жаткандыгына ыраазычылык билдирилди, адар менен шайлоолордун инклюзивдүүлүгү, коопсуздугу жана эркин шайлоо механизмдерин бекемдѳѳ  боюнча чаралар ыраттуу ишке ашырылып жатат. Ошондой эле ОБСЕнин колдоосунда демократиялык шайлоо системасын реформалоо алкагында шайлоо жѳнүндѳ мыйзамдарды ѳркүндѳтүү боюнча стратегиялык документ иштелип чыкты.  

ЕБ, Япония, Швейцария, Корея, ОБСЕ, ПРООН, IFES, жана башка ѳнѳктѳштѳр  тарабынан колдоонун маанилүү ролу белгиленди, алар Кыргызстанда шайлоо системасын кардиналдуу реформалоону жүргүзүүнү колдошууда.

Эл аралык ѳнѳктѳштѳр процесстин динамикалуулуга канаатануу менен, мындан ары да колдоого даяр экендигин билдиришти.

Өздѳрү келишкен брифингдин катышучулары үчүн БШКнын жаңы имаратында экскурсия ѳткѳрүлдү, алар болочоктогу жарандарды окутуп үйрѳтүү борборунун залы  менен таанышты. 















 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>