Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А. Исмаилованын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу

09 апреля 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 1,3-пункттарына, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын  шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бѳлүгүнүн 1.6-пункттарына, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 1,3-пункттарына, 2-бѳлүгүнѳ ылайык депутаттык ыйгарым укуктарды  аткарууга шайкеш келбеген ишке ѳткѳндүгүнѳ байланыштуу «Республики-Ата Журт» парламенттк фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А. Исмаилованын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу жѳнүндѳ чечим кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 1-апрелиндеги № 61 Жарлыгы менен «Республики-Ата Журт» парламенттк фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А. Исмаилова Аида Жекшенбаевна Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ 2020-жылдын 4-апрелинде ѳзүнѳн арыз келип түшкѳн.

 

КР БШК маалымат бѳлүмү