Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Боршайком Нарын шаардык жана Араван ТШКсынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
07.09.2020

Боршайком Нарын шаардык жана Араван ТШКсынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

Боршайком Нарын шаардык жана Араван ТШКсынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди  КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 7-сентябрындагы жыйынында төмөндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү чечимин кабыл алды:  •    Нарын облусунун Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясы боюнча: -    комиссия курамынан “Мекен Ынтымагы” саясый партиясынан Кудайбергенова Чолпон Асипакуновнаны чыгаруу; -    резервден комиссия курамына жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын өкүлү Эсенгелдиева Бактыгуль Чолуковнаны киргизүү; -    комиссия курамынан жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун өкүлчүлүгүнүн өкүлү Тилекматова Гүлнур Мирбековнаны чыгаруу; -    резервден комиссия курамына жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун өкүлү Усон кызы Жыпаркулду киргизүү. •    Ош облусунун Араван аймактык шайлоо комиссиясы боюнча: -    комиссия курамынан жергиликтүү өзү-өзү башкаруу органынын өкүлү Сулайманов Сираждин Адахамовичти чыгаруу; -    - комиссиянын курамына резервдеги жергиликтүү өзү-өзү башкаруу органынын өкүлү Халилова Абидахон Зунинивнаны киргизүү. Чечим Нарын шаардык жана Араван аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: Ч. Кудайбергенованын, Г. Тилекматованын, С. Сулайманованын арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүу боюнча шайлоо комисиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-18-19-беренелери боюнча, “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө” КР мыйзамынын 21-1-беренелеринин 1-бөлүгүнүн 4-пункту боюнча, КР БШКсынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375-токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана алып барууунун эрежеси жөнүндө” Жобого таянуу менен кабыл алынды.  КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бактыбаев Б.С. Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
07.09.2020

Бактыбаев Б.С. Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

КР Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого добуш берүүнүн жыйынтыгын бекитти.  КР БШКнын 2020-жылдын 17-августундагы №166-токтому боюнча Сокулук районундагы Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо ушул жылдын 1-сентябрында болуп өттү.  Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 1-сентябрындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколунда добуш берүүгө Сокулук айылдык кеңешинин 21 депутатынын 16сы катышкандыгы жазылган. Добуш берүүдө Б. Бактыбаев 11 добуш алып, “бардыгына каршы” позициясына 5 депутат добуш берген.  Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча арыздар түшкөн эмес. Боршайком бул шайлоону таануу чечимин кабыл алды.  КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ормокоев Р.С. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
07.09.2020

Ормокоев Р.С. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

2020-жылдын 7-сентябрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыктоочу протоколун бекитти. 2020-жылдын 12-августунда Боршайкомдун №163-токтому менен дайындалган Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо ушул жылдын 28-августунда болуп өттү. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 28-августундагы протоколунун жыйынтыгы менен, Руслан Сардарбекович Ормокоев Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган. Шайлоого Кара-Жыгач айылдык кеңешинин 11 депутаты катышып, алардын бардыгы Р. Ормокоевге добуш беришкен. Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча эч кандай арыз түшкөн эмес. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болду деп табылды КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандатын Ныязбек Ирашевич Арзыбаевге тапшырды
07.09.2020

БШК Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандатын Ныязбек Ирашевич Арзыбаевге тапшырды

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандаты болгондуктан, “Өнүгүү-Прогресс” саясый партиясынын талапкерлеринин тизмесиндеги КР Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер Ныязбек Арзыбаевди ЖКнын шайланган депутаты катары таануу токтомун чыгарды. БШК токтому менен Ныязбек Арзыбаев КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталып, ага күбөлүк жана төш белги берилет. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК "Өнүгүү-Прогресс" саясый партиясынын талапкерлеринин тизмесинен М. Чунуевди чыгарды
07.09.2020

БШК "Өнүгүү-Прогресс" саясый партиясынын талапкерлеринин тизмесинен М. Чунуевди чыгарды

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Өнүгүү-Прогресс” саясый партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен Максат Ишимбаевич Чунуевди чыгаруу жана КР БШКнын 2015-жылдын 3-сентябрындагы “Өнүгүү-Прогресс” саясый партиясынын талапкерлеринин тизмесинин каттоо жөнүндө” №68-чечиминин талапкерди каттоо бөлүгүнөн М.Чунуевди каттоо боюнча чечимдин күчүн жоготкондугу боюнча чечим кабыл алды. Бул чечим КР БШКсына “Өнүгүү-Прогресс” саясый партиясынан КР Жогорку Кеңешине талапкер М. Чунуевдин аталган партиянын талапкерлер тизмесинен чыгаруу боюнча арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 65-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды. КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 7-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
07.09.2020

2020–ж. 7-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

  долбоор   КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН КҮН ТАРТИБИ                                                                                                 Өткөрүү датасы: 2020-ж.                                                                                               Убактысы: 17.00                                                                                               Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1.  “Өнүгүү-Прогресс” cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Чунуев Максат Ишимбаевичти чыгаруу жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы).   2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы).   3. 2020-жылдын 28 августунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы).   4.2020-жылдын 1 сентябрында өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы).   5. Ысык-көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево айыл өкмөтүнүн  башчысын кайра шайлоону жана Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнөндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы).   6. Нарын шаардык жана Араван аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы).   7. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерин бекитүү тууралуу (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы).   8. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө (Баяндамачы - Уметалиев А.Т., эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы)   9. “Ата Мекен” cаясий социалистик партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)   10. “Социал-демократтар” cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)   11. “Ыйман нуру” cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен  чыгаруу жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү)   12. Ар түрдүү маселелер    
Кененирээк билүү >>
ЭлТР телеканалында саясий партиялар үчүн акысыз берүү тармагы
07.09.2020

ЭлТР телеканалында саясий партиялар үчүн акысыз берүү тармагы

 “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин 18-пункту боюнча, негиздөөчүлөрү мамлекеттик органдар же жергиликтүү органдар, болбосо аларга баш ийген мекемелер менен ишканалардын жалпыга маалымдоо каражаттары же интернет-басылмалары болуп, алар республикалык бюджеттен же жергиликтүү бюджеттен бир бөлүгү каржыланса, ошондой эле башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырмалуу салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө жеңилдиктери бар болсо, алар талапкерлерге, саясый партияларга шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүүзүүдө бирдей мүмкүнчүлүктөр менен камсыздоого милдеттүү. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар акысыз эфирдик убакытка ээ болушат, бул убакыт телерадиоберүүлөр эң көп аудиторияны топтогон мезгилге туура келет - кечки саат сегизден түн ортосуна чейин. 07.09.2020  Понедельник   (22:05-23:05) 08.09.2020  Вторник   (22:05-23:05) 09.09.2020  Среда (22:05-23:05) 10.09.2020  Четверг   (22:05-23:05) 01.09.2020  Пятница   (22:05-23:05) Инд. Выст-е по 20 мин. 22:05-22:25 “Биримдик” Инд. Выст-е по 20 мин 22:05-22:25 “Замандаш” Инд. Выст-е по 20 мин 22:05-22:25 “Ыйман-Нуру” Инд. Выст-е по 20 мин 22:05-22:25 “Ордо” Инд. Выст-е по 20 мин 22:05-22:25 “Мекеним Кыргызстан” 22:30-22:50 “ “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” 22:30-22:50 “СДПК” 22:30-22:50 “Кыргызстан” 22:30-22:50 “Мекен Ынтымагы” 22:30-22:50 “Республика” 22:55-23:15 “Реформа” 22:55-23:15 “Ата-Мекен” 22:55-23:15 “Мекенчил” 22:55-23:15 “Бир Бол” 22:55-23:15 “Чоң Казат”                                         14.09.2020  Понедельник   (22:05-23:35) 15.09.2020  Вторник   (22:05-23:35) 16.09.2020  Среда (22:05-23:35) 17.09.2020  Четверг   (22:05-23:35) 18.09.2020  Пятница   (22:05-23:35) Теледебат (прямой эфир) по 20 мин. “Мекен Ынтымагы” Теледебат (прямой эфир) по 20 мин “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” Теледебат (прямой эфир) по 20 мин “Республика” Теледебат (прямой эфир) по 20 мин “Ордо” Теледебат (прямой эфир) по 20 мин “Ата-Мекен” “Мекеним Кыргызстан” “Кыргызстан” “Замандаш” “Реформа” “Ыйман-Нуру” “Биримдик” “Бир Бол” “Чоң Казат” “СДПК” “Мекенчил”                                     21.09.2020  Понедельник   (22:05-23:35) 22.09.2020  Вторник   (22:05-23:35) 23.09.2020  Среда (22:05-23:35) 24.09.2020  Четверг   (22:05-23:35) 25.09.2020  Пятница   (22:05-23:35) Теледебат (прямой эфир) по 20 мин. “Мекеним Кыргызстан” Теледебат (прямой эфир) по 20 мин “Мекен Ынтымагы” Теледебат (прямой эфир) по 20 мин “Ата-Мекен” Теледебат (прямой эфир) по 20 мин “Ыйман- Нуру” Теледебат (прямой эфир) по 20 мин “СДПК” “Биримдик” “Республика” “Чоң Казат” “Мекенчил” “Кыргызстан” “Ордо” “Замандаш” “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” “Реформа” “Бир Бол”                                             28.09.2020  Понедельник   (22:05-23:05) 29.09.2020  Вторник   (22:05-23:05) 30.09.2020  Среда (22:05-23:05) 01.10.2020  Четверг   (22:05-23:05) 02.10.2020  Пятница   (22:05-23:05)   Элге эмне дейсиз? по 20 мин “Республика” Элге эмне дейсиз? по 20 мин “Кыргызстан” Элге эмне дейсиз? по 20 мин “Чоң Казат” Элге эмне дейсиз? по 20 мин “Мекен Ынтымагы” Элге эмне дейсиз? по 20 мин “Ата-Мекен”   “Бир Бол” “Ыйман- Нуру” “Мекеним Кыргызстан” “Мекенчил”   “Замандаш”   “Реформа” “СДПК” “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” “Биримдик”   “Ордо”      
Кененирээк билүү >>
КТРК телеканалында саясий партиялар үчүн акысыз берүү тармагы
07.09.2020

КТРК телеканалында саясий партиялар үчүн акысыз берүү тармагы

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин 18-пункту боюнча, негиздөөчүлөрү мамлекеттик органдар же жергиликтүү органдар, болбосо аларга баш ийген мекемелер менен ишканалардын жалпыга маалымдоо каражаттары же интернет-басылмалары болуп, алар республикалык бюджеттен же жергиликтүү бюджеттен бир бөлүгү каржыланса, ошондой эле башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырмалуу салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө жеңилдиктери бар болсо, алар талапкерлерге, саясый партияларга шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүүзүүдө бирдей мүмкүнчүлүктөр менен камсыздоого милдеттүү. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар акысыз эфирдик убакытка ээ болушат, бул убакыт телерадиоберүүлөр эң көп аудиторияны топтогон мезгилге туура келет - кечки саат сегизден түн ортосуна чейин.   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII- чакырылышына талапкер партиялардын кайрылуусу 7- сентябрь Дүйшөнбү   9- сентябрь  Шаршенби   11- сентябрь Жума №1 “Мекен Ынтымагы” саясий партиясы   19:50 №6 “Биримдик” саясий партиясы 19:50 №11 “Чоң казат” саясий партиясы 19:50   №2 “Реформа” саясий партиясы   20:00 №7 “Ордо” саясий партиясы 20:00 №12 “Мекенчил” саясий партиясы 20:00 №3  “Республика” саясий партиясы   20:10 №8 “Кыргызстан” саясий партиясы 20:10 №13 “Бир Бол” саясий партиясы 20:10 №4 “Ата Мекен” саясий социалисттик  партиясы       20:20 №9 “Замандаш” саясий партиясы   20:20 №14 “Ыйман Нуру” саясий партиясы   20:20 №5 “Социал-демократтар” саясий партиясы   20:30 №10 “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы 20:30 №15 “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын” саясий партиясы 20:30   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII- чакырылышына талапкер партиялар менен түз байланыш 7- сентябрь Дүйшөнбү   8- сентябрь Шейшемби   9- сентябрь  Шаршенби   10- сентябрь Бейшенби   11- сентябрь Жума   №1 “Ата Мекен” саясий социалисттик  партиясы   22:15 №2 “Замандаш” саясий партиясы 22:15 №8 “Ыйман Нуру” саясий партиясы 22:15 №9 “Кыргызстан” саясий партиясы 22:15 №15 “Чоң казат” саясий партиясы 22:15   №3 “Социал-демократтар” саясий партиясы   22:30 №10 “Биримдик” саясий партиясы 22:30   №4 “Мекен Ынтымагы” саясий партиясы 22:45 №11 “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы 22:45   №5 “Ордо” саясий партиясы 23:00 №12 “Республика” саясий партиясы 23:00   №6 “Реформа” саясий партиясы   23:15 №13 “Мекенчил” саясий партиясы 23:15   №7 “Бир Бол” саясий партиясы 23:30 №14 “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын” саясий партиясы 23:30                             Жаштар теледебаты 14- сентябрь Дүйшөнбү 20:00-22:00 16- сентябрь Шаршенби 20:00-22:00 18- сентябрь Жума 20:00-22:00 №1 “Реформа” саясий партиясы   №2 “Кыргызстан” саясий партиясы   №3 “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын” саясий партиясы   №4 “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы   №5 “Мекен Ынтымагы” саясий партиясы №6 “Социал-демократтар” саясий партиясы   №7 “Мекенчил” саясий партиясы   №8 “Ыйман Нуру” саясий партиясы   №9 “Республика” саясий партиясы   №10 “Ордо” саясий партиясы №11 “Чоң казат” саясий партиясы   №12 “Замандаш” саясий партиясы   №13 “Ата Мекен” саясий социалисттик  партиясы   №14 “Биримдик” саясий партиясы   №15 “Бир Бол” саясий партиясы     Айым талапкерлердин теледебаты 21- сентябрь Дүйшөнбү 20:00-22:00 23- сентябрь Шаршенби 20:00-22:00 25- сентябрь Жума 20:00-22:00 №1 “Мекен Ынтымагы” саясий партиясы   №2 “Кыргызстан” саясий партиясы   №3 “Социал-демократтар” саясий партиясы   №4 “Биримдик” саясий партиясы   №5 “Республика” саясий партиясы   №6 “Мекенчил” саясий партиясы   №7 “Ата Мекен” саясий социалисттик  партиясы   №8 “Бир Бол” саясий партиясы   №9 “Замандаш” саясий партиясы   №10 “Ордо” саясий партиясы №11 “Чоң казат” саясий партиясы   №12 “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын” саясий партиясы   №13 “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы   №14 “Ыйман Нуру” саясий партиясы   №15 “Реформа” саясий партиясы   Лидерлер теледебаты   28- сентябрь Дүйшөнбү 20:00-23:00 30- сентябрь Шаршенби 20:00-23:00 2- октябрь Жума 20:00-23:00 №1 “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы   №2 “Социал-демократтар” саясий партиясы   №3 “Ата Мекен” саясий социалисттик  партиясы   №4  “Ордо” саясий партиясы   №5 “Реформа” саясий партиясы   №6  “Мекен Ынтымагы” саясий партиясы   №7 “Бир Бол” саясий партиясы   №8 “Ыйман Нуру” саясий партиясы   №9 “Кыргызстан” саясий партиясы   №10 “Республика” саясий партиясы №11 “Мекенчил” саясий партиясы   №12 “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын” саясий партиясы   №13 “Чоң казат” саясий партиясы   №14 “Замандаш” саясий партиясы   №15“Биримдик” саясий партиясы          
Кененирээк билүү >>
“Кабар” улуттук маалымат агенттиги саясый партияларга бекер кызмат көрсөтөт
07.09.2020

“Кабар” улуттук маалымат агенттиги саясый партияларга бекер кызмат көрсөтөт

 “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин 18-пункту боюнча, негиздөөчүлөрү мамлекеттик органдар же жергиликтүү органдар, болбосо аларга баш ийген мекемелер менен ишканалардын жалпыга маалымдоо каражаттары же интернет-басылмалары болуп, алар республикалык бюджеттен же жергиликтүү бюджеттен бир бөлүгү каржыланса, ошондой эле башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырмалуу салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө жеңилдиктери бар болсо, алар талапкерлерге, саясый партияларга шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүүзүүдө бирдей мүмкүнчүлүктөр менен камсыздоого милдеттүү. Ушуга ылайык, “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги 2020-жылдын 4-сентябрынан 4-октябрга чейинки үгүт иштерин жүргүзүү убагында өз сайтында төмөнкүдөй бекер кызматтарды саясый партияларга сунуш кылат:  1.        бир рекламалык-маалыматтык материалды жарыялоо (көлөмү 2 беттен көп эмес (А4) + беш сүрөткө чейин); 2.         видеороликти жайгаштыруу (3 минуттан көп эмес). Ошол эле учурда агенттик: •          жарнамалык-маалыматтын мазмуну жана жасалгасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана редакциянын ички саясатына туура келбесе, кабыл албай коюуга укуктуу; •          зарыл болсо жарнамалык-маалыматты туура жазуу жана стилистикасы жагынан оңдоого укуктуу болот. Жайгаштыруу боюнча байланыш телефону:  0773 92 23 83,    kabar@kabar.kg КР БШК Маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КНИА “Кабар” предоставит бесплатные услуги политическим партиям
07.09.2020

КНИА “Кабар” предоставит бесплатные услуги политическим партиям

Согласно п. 18 ст.22 конституционного Закона “О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики”, средства массовой информации или интернет-издания, учредителями (соучредителями, владельцами) которых являются государственные органы и органы местного самоуправления или их подведомственные учреждения и предприятия, которые финансируются полностью или частично за счет средств республиканского или местного бюджета, а также средства массовой информации, которые имеют льготы по уплате налогов и обязательных платежей по сравнению с другими средствами массовой информации, обязаны обеспечить кандидатам, политическим партиям равные возможности проведения предвыборной агитации. В соответствии с этим Кыргызское Национальное информационное агентство “Кабар” предоставит следующие бесплатные виды услуг на своем сайте для политических партий во время агитационного периода с 4 сентября по 4 октября 2020 года: публикация одного рекламно-информационного материала (объемом не более 2 страниц (А4) + до 5 фотографий); размещение одного видеоролика (не более 3 минут). При этом агентство оставляет за собой право: не принимать к публикации рекламно-информационный материал, содержание и/или оформление которых противоречит действующему законодательству Кыргызской Республики, а также внутренней политике редакции; в случае необходимости редактировать рекламно-информационный материал с точки зрения правописания и стилистики. Контакты по вопросам публикации:  0773 92 23 83,    kabar@kabar.kg Информационный отдел ЦИК КР
Кененирээк билүү >>
БШК Ананьев айыл өкмөтүндө жаңы шайлоонун датасын дайындайт
07.09.2020

БШК Ананьев айыл өкмөтүндө жаңы шайлоонун датасын дайындайт

2020-жылдын 4-сентябрында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнө шайлоо болуп өттү. Көрсөтүлгөн талапкер Б. И. Курманходжоев талап кылынган добуштарды ала албагандыгына байланыштуу (6 – «макул», 11 – «каршы»), БШКнын Ысык-Көл жана Түп аймактык шайлоо комиссиялары боюнча атайын өкүлү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайталап шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө кайрылды. Шайлоо күнү КРнын БШКнын отурумунун чечими менен аныкталат. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярданууда Москва шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги иштөө убагын дем алыш күндөрдү кошо алганда кечки саат 21:00гө чейин узартты
06.09.2020

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярданууда Москва шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги иштөө убагын дем алыш күндөрдү кошо алганда кечки саат 21:00гө чейин узартты

Чет өлкөлөрдө убактылуу жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо боюнча БШКнын жумушчу тобу Россия Федерациясында жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу максатында 2020-жылдын 19-сентябрына чейин дем алыш күндөрдү кошо алганда Москва шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги иштөө убагын саат 21:00гө чейин узартты деп маалымдайт. Жарандар шайлоого катышуу маселелери боюнча Элчиликке кайрыла  алышат. КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
БШК акысыз эфир убактысын жана басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрдү
05.09.2020

БШК акысыз эфир убактысын жана басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрдү

Бүгүн – 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу  саясий партиялардын ортосунда акысыз эфир убактысын жана басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрдү. “Мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө” Нускамага (КР БШКнын 2020-жылдын 26-июнундагы № 119 токтомунун редакциясында) ылайык БШК мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү датасын, убактысын жана ордун өз алдынча аныктайт.Чүчүкулак талапкерлерди каттоо аяктаганда, бирок добуш берүү күнүнѳ чейин 35 календардык күндѳн кеч эмес ѳткѳрүлѳт. Уюштуруучулары (тең уюштуруучулары, ээлери) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга караштуу мекемелер жана ишканалар болуп саналган, толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары же интернет-басылмалар, ошондой эле башка медиага салыштырганда салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча жеңилдиктерге ээ болгон ЖМКлар саясий партияларга шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн бирдей мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга милдеттүү. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар өздөрүнө мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысы жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянты берилишине укуктуу.Көрсөтүлгөн эфир убактысы теле- жана радиопрограммалар алда канча көп аудиторияны чогулткан мезгилге –20.00дөн 24-00 саатка чейинки мезгилге туура келүүгө тийиш. Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча акысыз эфир убактысы жана басма аянты төмөнкүчө бөлүштүрүлдү: КТРК телеканалы (саясий партиялардын лидерлеринин катышуусунда теледебаттар) 1.      “Мекеним Кыргызстан”с/п, 2.      “Социал-демократтар”с/п, 3.      “Ата Мекен” социалисттик с/п, 4.      “Ордо”с/п, 5.      “Реформа”с/п, 6.      “Мекен Ынтымагы”с/п, 7.      “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“с/п, 8.      “Ыйман Нуру”с/п, 9.      “Кыргызстан”с/п, 10.    “Республика”с/п, 11.    “Мекенчил”с/п, 12.    “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы”с/п, 13.    “Чоң Казат”с/п, 14.    “Замандаш”с/п, 15.    “ “Биримдик” (Единство)”демократиялык партиясы с/п. КТРК телеканалы (аял талапкерлердин катышуусунда теледебаттар) “Мекен Ынтымагы” с/п, “Кыргызстан” с/п, “Социал-демократтар” с/п, “Биримдик” (Единство)” демократиялык партиясы с/п, “Республика” с/п, “Мекенчил” с/п, “Ата Мекен” социалисттик с/п, “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“с/п, “Замандаш” с/п,  “Ордо” с/п,  “Чоң Казат” с/п,  “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п,  “Мекеним Кыргызстан” с/п,  “Ыйман Нуру” с/п,  “Реформа” с/п. КТРК телеканалы (саясий партиялардын жекече чыгып сүйлөөлөрү) 1.      «Мекен Ынтымагы” с/п, 2.      «Реформа” с/п, 3.      «Республика” с/п, 4.      «Ата Мекен” социалисттик с/п, 5.      «Социал-демократтар” с/п, 6.      “Биримдик” (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 7.      «Ордо” с/п, 8.      «Кыргызстан” с/п, 9.      «Замандаш” с/п, 10.    «Мекеним Кыргызстан” с/п, 11.    «Чоң Казат”с/п, 12.    «Мекенчил” с/п, 13. “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п, 14.    “Ыйман Нуру” с/п, 15. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, КТРК телеканалы (саясий партиялардын жаштар канаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда теледебаттар) 1.      «Реформа” с/п, 2.      «Кыргызстан” с/п, 3.      “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, 4.      «Мекеним Кыргызстан” с/п, 5.      «Мекен Ынтымагы” с/п, 6.      «Социал-демократтар” с/п, 7.      «Мекенчил” с/п, 8.      “Ыйман Нуру” с/п, 9.      «Республика” с/п, 10.    «Ордо” с/п, 11.    «Чоң Казат”с/п, 12.    «Замандаш” с/п, 13.    «Ата Мекен” социалисттик с/п, 14.    «Биримдик (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 15.    «Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п, КТРК (түз байланыш) 1.      «Ата Мекен” социалисттик с/п, 2.      «Замандаш” с/п, 3.      «Социал-демократтар” с/п, 4.      «Мекен Ынтымагы” с/п, 5.      «Ордо” с/п, 6.      «Реформа” с/п, 7.      «Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п, 8.      “Ыйман Нуру” с/п, 9.      «Кыргызстан” с/п, 10.    «Биримдик (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 11.    «Мекеним Кыргызстан” с/п, 12.    «Республика” с/п, 13.    «Мекенчил” с/п, 14.    “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, 15.    п/п “Чоң казат”. “ЭлТР” МТРК телеканалы (саясий партиялардын лидерлеринин катышуусунда теледебаттар) 1.      «Мекеним Кыргызстан” с/п, 2.      «Биримдик (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 3.      «Ордо” с/п, 4.      «Мекен Ынтымагы” с/п, 5.      «Республика” с/п, 6.      «Замандаш” с/п, 7.      «Ата Мекен” социалисттик с/п, 8.      «Чоң Казат”с/п, 9.      “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, 10.    “Ыйман Нуру” с/п, 11.    «Мекенчил” с/п, 12.    «Реформа” с/п, 13.    «Социал-демократтар” с/п, 14.    «Кыргызстан” с/п, 15.    «Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п.  “ЭлТР” МТРК телеканалы (саясий партиялардан талапкерлер менен теледебаттар) 1.      «Мекен Ынтымагы” с/п, 2.      «Мекеним Кыргызстан” с/п, 3.      «Биримдик (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 4.      “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, 5.      «Кыргызстан” с/п, 6.      «Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п, 7.      «Республика” с/п, 8.      «Замандаш” с/п, 9.      «Чоң Казат”с/п, 10.    «Ордо” с/п, 11.    «Реформа” с/п, 12.    «Социал-демократтар” с/п, 13.    «Ата Мекен” социалисттик с/п, 14.    “Ыйман Нуру” с/п, 15.    «Мекенчил” с/п. “ЭлТР” МТРК телеканалы (саясий партиялардын жекече чыгып сүйлөөлөрү) 1.      «Биримдик (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 2.      “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, 3.      «Реформа” с/п, 4.      «Замандаш” с/п, 5.      «Социал-демократтар” с/п, 6.      «Ата Мекен” социалисттик с/п, 7.      “Ыйман Нуру” с/п, 8.      «Кыргызстан” с/п, 9.      «Мекенчил” с/п, 10.    «Ордо” с/п, 11.    «Мекен Ынтымагы” с/п, 12.    «Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п, 13.    «Мекеним Кыргызстан” с/п, 14.    «Республика” с/п, 15.    п/п “Чоң казат”. “ЭлТР” МТРК телеканалы (Элге эмне дейсиз?) 1.      «Республика” с/п, 2.      «Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п, 3.      «Реформа” с/п, 4.      «Кыргызстан” с/п, 5.      “Ыйман Нуру” с/п, 6.      «Социал-демократтар” с/п, 7.      «Чоң Казат”с/п, 8.      «Мекеним Кыргызстан” с/п, 9.      11.    “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, 10.    «Мекен Ынтымагы” с/п, 11.    «Мекенчил” с/п, 12.    «Биримдик (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 13.    «Ата Мекен” социалисттик с/п, 14.    «Замандаш” с/п, 15.    п/п “Ордо”. КУ “Кабар” МА 1.      «Республика” с/п, 2.      «Мекен Ынтымагы” с/п, 3.      «Мекеним Кыргызстан” с/п, 4.      “Ыйман Нуру” с/п, 5.      «Мекенчил” с/п, 6.      «Реформа” с/п, 7.      «Замандаш” с/п, 8.      «Кыргызстан” с/п, 9.      «Ордо” с/п, 10.    «Биримдик (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 11.    “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, 12.    «Социал-демократтар” с/п, 13.    «Чоң Казат”с/п, 14.    «Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п, 15.    «Ата Мекен” социалисттик с/п.    “Кыргыз Туусу” газетасы 1.      «Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п, 2.      «Реформа” с/п, 3.      «Кыргызстан” с/п, 4.      «Мекеним Кыргызстан” с/п, 5.      «Замандаш” с/п, 6.      “Ыйман Нуру” с/п, 7.      «Мекен Ынтымагы” с/п, 8.      «Ата Мекен” социалисттик с/п, 9.      “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, 10.    «Биримдик (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 11.    «Ордо” с/п, 12.    «Чоң Казат”с/п, 13.    «Республика” с/п, 14.    «Социал-демократтар” с/п, 15.    “Мекенчил” с/п.    “Эркин Тоо” газетасы 1.      «Мекеним Кыргызстан” с/п, 2.      “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п, 3.      “Ыйман Нуру” с/п, 4.      «Биримдик (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 5.      «Мекен Ынтымагы” с/п, 6.      «Реформа” с/п, 7.      «Кыргызстан” с/п, 8.      «Замандаш” с/п, 9.      «Чоң Казат”с/п, 10.    «Ордо” с/п, 11.    «Республика” с/п, 12.    «Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п, 13.    «Ата Мекен” социалисттик с/п, 14.    «Мекенчил” с/п, 15.    “Социал-демократтар” с/п. Облустук медиаборборлор 1.      «Ордо” с/п, 2.      “Ыйман Нуру” с/п, 3.      «Замандаш” с/п, 4.      «Реформа” с/п, 5.      «Ата Мекен” социалисттик с/п, 6.      «Республика” с/п, 7.      «Мекенчил” с/п, 8.      «Мекен Ынтымагы” с/п, 9.      «Биримдик (Единство)” демократиялык партиясы с/п, 10.    «Чоң Казат”с/п, 11.    «Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ с/п, 12.    «Мекеним Кыргызстан” с/п, 13.    «Кыргызстан” с/п, 14.    «Социал-демократтар” с/п, 15.    “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” с/п.   КР БШК маалымат бөлүмү           
Кененирээк билүү >>
БШК 15 саясий партиядан 1912 депутаттыкка талапкерди каттады
04.09.2020

БШК 15 саясий партиядан 1912 депутаттыкка талапкерди каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого 15 саясий партиясына  катышууга уруксат берди. Бул партиялар Жогорку Кеңештин депутаттыгына 1 миң 957 талапкерди көрсөтүшкөн, анын 45и өз арыздары боюнча тизмеден чыгарылды. Жалпысынан 1 миң 912 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер катталды. 1 миң 912 талапкердин ичинен 618 же 32,32% аялдар. Партиялардын талапкерлеринин сандары боюнча маалыматтар:   № Саясий партиялардын аталышы Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны Катталган талапкерлердин саны Эркектердин саны Аялдардын саны   Бардыгы келип түшкөн: 15 с/п 1957 1912 (45 тизмеден чыгарылды) 1294 (67,67%) 618 (32,32%) 1 “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” 21.08.2020-ж. 78 78 45 (57,69%) 33 (42,31%) 2 «Мекен Ынтымагы» 21.08.2020-ж. 150 149 101 (67,78%) 48 (32,21%) 3 «Ата Мекен» социалисттик партиясы 23.08.2020-ж. 150 150 100 (66,67%) 50 (33,33%) 4 “Мекенчил” 24.08.2020-ж. 138 136 92 (67,60%) 44 (31,88%) 5 «Бир Бол» мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик партиясы   24.08.2020-ж. 109 108 68 (62,90%) 40 (37%) 6 «Ыйман Нуру» 24.08.2020-ж. 102 101 70 (69,30%) 31 (30,69%) 7 “Замандаш” 24.08.2020-ж. 156 156 107 (68,59%) 49 (31,41%) 8 Чоң Казат» 24.08.2020-ж. 82 81 57 (69,51%) 24 (30,49%) 9 «РЕФОРМА» 24.08.2020-ж. 85 84 55 (64,71%) 29 (35,29%) 10 «Республика» 24.08.2020-ж. 200 166 116 (69,88%) 50 (30,12%) 11 «Социал-демократтар» 24.08.2020-ж. 104 101 67 (66,33%) 34 (32,69%) 12 «Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы 24.08.2020-ж. 200 200 140 (70,00%) 60 (30,00%) 13 «Мекеним Кыргызстан» 24.08.2020-ж. 200 200 140 (70,00%) 60 (30,00%) 14 “ОРДО” 24.08.2020-ж. 101 100 68 (68%) 32 (31,68%) 15 “Кыргызстан” 02.09.2020-ж. 102 102 68 (66, 66%) 34 (33,34%)   КР БШК маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Саясий партияла таза шайлоо жөнүндө Меморандумуна кол коюшту
04.09.2020

Саясий партияла таза шайлоо жөнүндө Меморандумуна кол коюшту

Бүгүн, 4-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялардын ортосунда Меморандумга кол коюлду. Кол коюуга Борбордук шайлоо комиссиясынынтөрагасы Н.Шайлдабекова, БШК тарабынан талапкерлеринин тизмеси катталган 13 саясий партиянын жетекчилери, шайлоо комиссияларынын, өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык активисттер катышты. Меморандум “Демократия үчүн Вестминстер фонду”, БУУнын өнүктүрүү программасы жана “Жарандык платформа” КФнун техникалык колдоосу менен иштелип чыккан. КРнын БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, таза жана акыйкат шайлоону камсыздоо Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары болуп саналат, бирок буга жалгыз же өзүнчө гана жетишүүгө болбойт. «Меморандум, мыйзамдын ченемдерин толуктаган саясий күрөштүн алгылыктуу ыкмаларын, өнөктүктүн эрежелерин аныктоого арналган саясий партиялардын "мырзалардын келишими" деп аталган жүрүм-турум Кодекси катары кызмат аткарат. Кол коюунун максаты - саясий партияларга оюндун кабыл алынган эрежелери боюнча бир пикирге келүүгө жардам берүү жана шайлоо процессине ишенимди жогорулатуу. Бул Меморандумдун жаңылыгы болуп талапкерлердин социалдык тармактардагы жүрүм-турумун ыктыярдуу жөнгө салуу», - деди ал. БУУнун өнүктүрүү программасынын шайлоо боюнча улук кеңешчиси Юлия Шипилованын айтымында, саясий партиялардын ортосундагы Меморандумга кол коюусу, демократиялык шайлоолордун эл аралык стандарттарга жана эл аралык алдыңкы тажрыйбага ылайык өтүшүнүн маанилүү кепилдиги болуп саналат. "Бардык саясий партиялар Меморандумдун шарттарын кабыл алгандыгы жана анын жоболорун колдогондугу – саясий маданияттын жана шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жаңы стандарттарынын, айрыкча социалдык тармактарда өнүгүп жаткандыгын күбөлөндүрөт" - деди ал. «Меморандум - бул келишим, анын катышуучулары мыйзамдын чегинде гана иш алып барууга, жек көрүү сөздөрүн колдонбоого, зомбулук, кастык жана кадыр-баркка шек келтирүү коркунучтарын камтыган материалдарды таратпоого жана башка эрежелерин кабыл алууга милдеттенишет. Меморандумга кол коюу демократиялык принциптерге негизделген таза шайлоону өткөрүүгө жардам берет”, - деди Демократия үчүн Вестминстер фондунун Кыргызстандагы өкүлү Айгүл Байбураева. Тараптар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын так сактоого, шайлоо жөнүндө мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоого, ошондой эле шайлоо өнөктүгүн ачык-айкындуулук жана өз ара урматтоо, жарандардын кызыкчылыктарынын жана укуктарынын артыкчылыгы, мыйзамдын үстөмдүгү принциптери боюнча жүргүзүүгө милдеттеништи. Документке кол коюу менен, тараптар саясий оппоненттер менен болгон талаш-тжашыартыштарды мыйзамдын негизинде ачык, коомдук талкууда чечүүгө, шайлоо процессинде этикалык жана адеп-ахлактык ченемдерди сактоого, бири-бирине карата ыплас технологияларды колдонбостон, шайлоо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген үгүт иштерин жүргүзүүгө, үгүт өнөктүгүнүн эрежелерин сактоого даяр экендигин тастыкташты. Меморандумда социалдык медиадагы саясий жарнама үчүн партиянын шайлоо фондунан төлөөгө жана мындай жарнакты шайлоо өнөктүгүн каржылоонун отчетторунда көрсөтүү жана социалдык медиага саясий жарнактарды жайгаштыруу үчүн жалган адамдарды колдонбоо талаптары камтылган. Партиялар, шайлоочулардын добуштарын сатып алууга, алардын жана алардын өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын, партия мүчөлөрүнүн, агитаторлордун, туугандарынын, досторунун, тааныштарынын жана башка адамдардын катышуусун жокко чыгарууга макул болушту жана добуштарды сатып алууга бардык жолдор менен каршы күрөшүү боюнча макулдугун билдиришти. Партиялардын ортосунда жарандардын эркин билдирүү эркиндигине, добуш берүү жана добуштарды саноо процессине туура эмес таасир этүү аракеттеринен баш тартуу жана добуш берүүнүн купуялуулугун бузбоо жөнүндө макулдашуу түзүлдү. Бүгүн, 4-сентябрда, үгүт өнөктүгү башталды, ал 2020-жылдын 3-октярбрында аяктайт.
Кененирээк билүү >>
Саясий партиялар кол койгон таза шайлоо жөнүндө Меморандум
04.09.2020

Саясий партиялар кол койгон таза шайлоо жөнүндө Меморандум

2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын ортосундагы меморандуму   Бишкек ш. 2020-жылдын 4-сентябры     Биз, тѳмѳндѳ кол койгон 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн талапкерлердин тизмесин кѳрсѳткѳн саясий партиялардын ѳкүлдѳрү, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жыргалчылыгын, социалдык–экономикалык өнүгүшүн жогорулатууга көмөктѳшүүгѳ умтулуп, тынчтык, туруктуулук жана Кыргызстандын келечекте гүлдѳп өнүгүшү үчүн жалпы жоопкерчиликти аңдап сезүү менен, шайлоодо бардык катышуучулар үчүн жарандардын кызыкчылыктары артыкчылыктуу болууга тийиш экендигин, ал эми адамдардын колдоосу үчүн реалдуу иштер гана кызмат кыларын таанып, шайлоо реформасынын жүрүшүндө шайлоонун жыйынтыктарынын аныктыгы жана ачык-айкындулуугу реалдуу атаандаштык үчүн жакшы негиз болуп санала тургандыгын таануу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык шайлоону калыс жана акыйкат ѳткѳрүү үчүн аракеттенебиз. Шайлоо комиссияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ѳкмѳттүк эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн жана жарандык активисттердин катышуусунда ушул Меморандумга кол коюп жатып, эл алдында төмөндөгүлөргө милдеттенебиз: Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын кыйшаюсуз аткарууга, Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын ченемдерин сактоого; шайлоо өнөктүгүн ачык-айкындуулуктун жана өз ара сыйлашуунун, жарандардын кызыкчылыктары менен укуктарынын артыкчылыктуулугунун, мыйзамдын үстөмдүгүнүн принциптеринде жүргүзүүгө; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин шайлоого катышкан саясий партиялар жана шайлоо процессинин башка катышуучулары менен конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, саясий оппоненттер менен талаш-тартыштарды мыйзамдын негизинде ачык, жалпы талкуунун негизинде чечүүгө, ошондой эле талаш-тартыштарды чечүү боюнча органдын акыркы чечимдерин кабыл алууга жана сактоого; жаштардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктѳрү чектелген адамдардын жана аялдардын саясий иштерге жана добуш берүүгѳ тең укуктуу катышуусуна жана жетишүүсүнѳ кѳмѳктѳшүүгѳ; шайлоо процессинде этикалык жана моралдык нормаларды сактоого, бири бирибизге карата булганыч технологияларды пайдаланбай туруп үгүт иштерин жүргүзүүгө, билип туруп жалган маалыматтарга негизделген, башка талапкерлердин, саясий партиялардын ар-намысын, кадыр-баркын жана иштиктүү беделин кемсинткен жарыялоолорду жайылтпоого; шайлоо жѳнүндѳ мыйзамдарда белгиленген үгүт эрежелерин, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-басылмаларда жана социалдык медиаларда үгүт жүргүзүүдѳ сактоого; социалдык медиа мүмкүнчүлүктѳрүн атаандаштарга каршы курал катары пайдаланбоого; булактары белгисиз болгон маалыматтарды социалдык медиада жайылтпоого; социалдык медиалардагы саясий жарнактарды партиянын шайлоо фондунун каражаттарынан тѳлѳѳ жана мындай жарнактарды шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоо жѳнүндѳ отчеттордо чагылдыруу; социалдык медиаларда саясий жарнактарды жайгаштыруу үчүн жалган адамдарды пайдаланбоого; добуш берүү күнүнѳ чейин 24 саат калганда жана добуш берүү күнү үгүт жүргүзбѳѳгѳ жана социалдык медиаларда добуш берүү күнүнѳ чейин 5 күн калганда жана добуш берүү күнү коомдук пикирлерди сурап-билүүнүн жыйынтыктарын жайылтпоого; шайлоочулардын добуштарын сатып алууга өзүнүн катышуусун жана өз өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын, партиялаштарынын, үгүт жүргүзүүчүлөрдүн, туугандарынын, досторунун, тааныштарынын жана башка адамдардын катышуусун болтурбоого, шайлоочулардын добуштарын сатып алууга каршы бардык чаралар менен күрөшүүгө, анын ичинде укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө; шайлоочуларды добушун добуш берүүнүн купуялуулугу корголо тургандыгына, башка адам кандай добуш бергендигин эч ким билбей тургандыгына ишендирүүгѳ; өздөрүнүн максаттарына жетишүү үчүн административдик ресурстарды пайдаланууну, анын ичинде кызматтык же кызмат абалынын артыкчылыктарын пайдаланууну жокко чыгарууга; күч колдонуу менен коркутуу же социалдык жаатташуу жана каршылашуу, талапкерлердин жана саясий партиялардын ичинен атаандаштардын шайлануу мүмкүнчүлүгүн каралоо же басаңдатуу максатында күч колдонууга көкүтүү камтылган маалыматтарды, үгүт жана маалыматтык материалдарды интернет жана башка ресурстар аркылуу расмий же жашыруун басып чыгарбоого жана жайылтпоого; добуш берүү жана добуштарды эсептөө процессинде жарандардын өз эркин билдирүү эркиндигине укукка сыйбас таасир көрсөтүүнүн ар кандай аракеттеринен баш тартууга, добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузбоону колдоого; шайлоо процессинин бардык катышуучуларына карата ачык болуу жана сыйлоо принциптеринин негизинде калыс жана акыйкат шайлоолорду өткөрүүгө ар тараптуу көмөктөшүүгө, шайлоо комиссияларына, аккредитацияланган байкоочуларга жана укук коргоо органдарына алардын ишинде көмөк көрсөтүүгө; шайлоо алдындагы мезгилде жана шайлоодон кийин ыңгайлуу жана тынч шарттарга кѳмѳктѳшкѳндѳй кырдаалда шайлоо кампаниясын уюштурууга жана ѳткѳрүүгѳ.   Биз шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн талапкерлер жана саясий партиялар менен өз ара аракеттенүү үчүн калыс жана ачык болууга, ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарын- бурмалоолорго жана манипуляцияларга жол бербей, адилеттүү жана объективдүү болууга чакырабыз. Ушул Меморандум кол коюлган учурдан тартып күчүнѳ кирет жана 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган шайлоолордун натыйжалары белгилүү болгонго чейин колдонулат. Бирдей юридикалык күчкө ээ болгон кыргыз жана орус тилдеринде Бишкек шаарында 2020-жылдын 4-сентябрында кол коюлду. КР БШК маалымат бөлумү
Кененирээк билүү >>
1 … 305 307 … 483