Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Саясий партиялар кол койгон таза шайлоо жөнүндө Меморандум
04.09.2020

Саясий партиялар кол койгон таза шайлоо жөнүндө Меморандум

2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын ортосундагы меморандуму   Бишкек ш. 2020-жылдын 4-сентябры     Биз, тѳмѳндѳ кол койгон 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн талапкерлердин тизмесин кѳрсѳткѳн саясий партиялардын ѳкүлдѳрү, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жыргалчылыгын, социалдык–экономикалык өнүгүшүн жогорулатууга көмөктѳшүүгѳ умтулуп, тынчтык, туруктуулук жана Кыргызстандын келечекте гүлдѳп өнүгүшү үчүн жалпы жоопкерчиликти аңдап сезүү менен, шайлоодо бардык катышуучулар үчүн жарандардын кызыкчылыктары артыкчылыктуу болууга тийиш экендигин, ал эми адамдардын колдоосу үчүн реалдуу иштер гана кызмат кыларын таанып, шайлоо реформасынын жүрүшүндө шайлоонун жыйынтыктарынын аныктыгы жана ачык-айкындулуугу реалдуу атаандаштык үчүн жакшы негиз болуп санала тургандыгын таануу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык шайлоону калыс жана акыйкат ѳткѳрүү үчүн аракеттенебиз. Шайлоо комиссияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ѳкмѳттүк эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн жана жарандык активисттердин катышуусунда ушул Меморандумга кол коюп жатып, эл алдында төмөндөгүлөргө милдеттенебиз: Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын кыйшаюсуз аткарууга, Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын ченемдерин сактоого; шайлоо өнөктүгүн ачык-айкындуулуктун жана өз ара сыйлашуунун, жарандардын кызыкчылыктары менен укуктарынын артыкчылыктуулугунун, мыйзамдын үстөмдүгүнүн принциптеринде жүргүзүүгө; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин шайлоого катышкан саясий партиялар жана шайлоо процессинин башка катышуучулары менен конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, саясий оппоненттер менен талаш-тартыштарды мыйзамдын негизинде ачык, жалпы талкуунун негизинде чечүүгө, ошондой эле талаш-тартыштарды чечүү боюнча органдын акыркы чечимдерин кабыл алууга жана сактоого; жаштардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктѳрү чектелген адамдардын жана аялдардын саясий иштерге жана добуш берүүгѳ тең укуктуу катышуусуна жана жетишүүсүнѳ кѳмѳктѳшүүгѳ; шайлоо процессинде этикалык жана моралдык нормаларды сактоого, бири бирибизге карата булганыч технологияларды пайдаланбай туруп үгүт иштерин жүргүзүүгө, билип туруп жалган маалыматтарга негизделген, башка талапкерлердин, саясий партиялардын ар-намысын, кадыр-баркын жана иштиктүү беделин кемсинткен жарыялоолорду жайылтпоого; шайлоо жѳнүндѳ мыйзамдарда белгиленген үгүт эрежелерин, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-басылмаларда жана социалдык медиаларда үгүт жүргүзүүдѳ сактоого; социалдык медиа мүмкүнчүлүктѳрүн атаандаштарга каршы курал катары пайдаланбоого; булактары белгисиз болгон маалыматтарды социалдык медиада жайылтпоого; социалдык медиалардагы саясий жарнактарды партиянын шайлоо фондунун каражаттарынан тѳлѳѳ жана мындай жарнактарды шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоо жѳнүндѳ отчеттордо чагылдыруу; социалдык медиаларда саясий жарнактарды жайгаштыруу үчүн жалган адамдарды пайдаланбоого; добуш берүү күнүнѳ чейин 24 саат калганда жана добуш берүү күнү үгүт жүргүзбѳѳгѳ жана социалдык медиаларда добуш берүү күнүнѳ чейин 5 күн калганда жана добуш берүү күнү коомдук пикирлерди сурап-билүүнүн жыйынтыктарын жайылтпоого; шайлоочулардын добуштарын сатып алууга өзүнүн катышуусун жана өз өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын, партиялаштарынын, үгүт жүргүзүүчүлөрдүн, туугандарынын, досторунун, тааныштарынын жана башка адамдардын катышуусун болтурбоого, шайлоочулардын добуштарын сатып алууга каршы бардык чаралар менен күрөшүүгө, анын ичинде укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө; шайлоочуларды добушун добуш берүүнүн купуялуулугу корголо тургандыгына, башка адам кандай добуш бергендигин эч ким билбей тургандыгына ишендирүүгѳ; өздөрүнүн максаттарына жетишүү үчүн административдик ресурстарды пайдаланууну, анын ичинде кызматтык же кызмат абалынын артыкчылыктарын пайдаланууну жокко чыгарууга; күч колдонуу менен коркутуу же социалдык жаатташуу жана каршылашуу, талапкерлердин жана саясий партиялардын ичинен атаандаштардын шайлануу мүмкүнчүлүгүн каралоо же басаңдатуу максатында күч колдонууга көкүтүү камтылган маалыматтарды, үгүт жана маалыматтык материалдарды интернет жана башка ресурстар аркылуу расмий же жашыруун басып чыгарбоого жана жайылтпоого; добуш берүү жана добуштарды эсептөө процессинде жарандардын өз эркин билдирүү эркиндигине укукка сыйбас таасир көрсөтүүнүн ар кандай аракеттеринен баш тартууга, добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузбоону колдоого; шайлоо процессинин бардык катышуучуларына карата ачык болуу жана сыйлоо принциптеринин негизинде калыс жана акыйкат шайлоолорду өткөрүүгө ар тараптуу көмөктөшүүгө, шайлоо комиссияларына, аккредитацияланган байкоочуларга жана укук коргоо органдарына алардын ишинде көмөк көрсөтүүгө; шайлоо алдындагы мезгилде жана шайлоодон кийин ыңгайлуу жана тынч шарттарга кѳмѳктѳшкѳндѳй кырдаалда шайлоо кампаниясын уюштурууга жана ѳткѳрүүгѳ.   Биз шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн талапкерлер жана саясий партиялар менен өз ара аракеттенүү үчүн калыс жана ачык болууга, ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарын- бурмалоолорго жана манипуляцияларга жол бербей, адилеттүү жана объективдүү болууга чакырабыз. Ушул Меморандум кол коюлган учурдан тартып күчүнѳ кирет жана 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган шайлоолордун натыйжалары белгилүү болгонго чейин колдонулат. Бирдей юридикалык күчкө ээ болгон кыргыз жана орус тилдеринде Бишкек шаарында 2020-жылдын 4-сентябрында кол коюлду. КР БШК маалымат бөлумү
Кененирээк билүү >>
БШК "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартты
03.09.2020

БШК "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 3-сентябрдагы жыйынында талапкерлерди көрсөтүүнүн жол-жобосу бузулгандыгына байланыштууу "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн КРнын ЖКнин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды. КРнын БШКнын чечиминде төмөнкүлөр айтылат: 2020-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы)  «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу ѳкүлү тарабынан аталган саясий партиянын  талапкерлеринин тизмесин каттоо үчүн документтер берилген. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 61-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибинин конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашырат же каттоодон баш тартуу тууралуу жүйөлүү чечим чыгарат. Каттоо үчүн берилген документтерди текшерүү процессинде  2020-жылдын 28-августунда Борбордук шайлоо комиссиясына берилген талапкерлердин тизмеси саясий партиянын съездинде добуш берилген талапкерлердин тизмесине ылайык келбегендигине байланыштуу «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу тууралуу арыз Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкѳн. Бул кайрылууну толук жана ар тараптуу карап чыгуу жана баяндалган жүйөлөрдү тактоо үчүн текшерүү жүргүзүү учурунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардан документтерди алуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобу тарабынан «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан кошумча материалдар жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын съездинин көрмө жазылмасы суратылды. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан материалдарды жана көрмө жазууну изилдөөдө талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартиби сакталбагандыгы аныкталды. 2020-жылдын 2-сентябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында Жумушчу топ белгилеген талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибин бузуулар ырасталды. Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 5-бѳлүгүндө кол тамга жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына берилери белгиленген. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына берилген документтерден белгилүү болгондой 2020-жылдын 19-августунда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын кезексиз 13-съезди болуп ѳтүп, анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин 120 адам санындагы тизмеси бекитилген. Бирок, «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы тарабынан берилген материалдардан жана көрмө жазылмадан Борбордук шайлоо комиссиясына каттоо үчүн кийинчерээк берилген талапкерлердин тизмеси “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын съездинде кѳрсѳтүлгѳн жана ага съезддин делегаттары добуш берген талапкерлердин тизмесине ылайык келбегендиги аныкталды. Съездде жүргүзүлгөн көрмө жазылмадан белгилүү болгондой фамилиялары үн чыгарып окулган жана добушка коюлган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына айрым талапкерлер кийинчерээк талапкерлердин тизмеси бекитилгенден кийин алынып салынган, алардын ордуна башка адамдар киргизилген  жана Борбордук шайлоо комиссиясына депутаттыкка талапкерлердин өзгөртүлгөн тизмеси берилген. Ошол эле учурда берилген тизмеге кошумча киргизилген талапкерлер съездде бекитилген эмес. Мындан тышкары, «Бүтүн Кыргызстан» саясий берген көрмө жазылманы иликтѳѳнүн жүрүшүндѳ партиянын съездин ѳткѳрүүдѳ добуш берүүнүн жол-жоболорунун талаптары бузулган – съезддин делегаттарына жашыруун добуш берүү камсыз кылынбаган жагдайлар  орун алгандыгы аныкталды. Алсак, добуш берүүчүнүн эрк-ниетин билдирүүсүнүн купуялуулугун камсыз кылууга тийиш болгон добуш берүү үчүн кабиналар же атайын жабдылган жайлар жок болгон. Делегаттар шайлоо бюллетендерин ачык эле толтурушкан жана башка делегат толтурган  бюллетендин мазмунун көрүү мүмкүнчүлүктөрү болгон. Мында добуш бергендер катышып олтургандар добуш берген делегаттын эрк-ниетин билдирүүсүнүн натыйжасын кѳрүп тургандай шартта добуш берүү үчүн тунук урнага ташташкан. Бул жагдай добуш берүүнүн жол-жобосун съезддин делегатынын эрк-ниетин билдирүүсүнө контролду жана добуш берүүнүн натыйжасына таасир этүүнү камсыздагандай жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Баяндалган жагдайлар «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын съездин ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү жана добуш берүү тартибин сактоо бѳлүгүндѳ шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин одоно бузуулар орун алгандыгын айгинелейт. Конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 7-бѳлүгүнѳ ылайык съездде талапкерлерди кѳрсѳтүү жана бекитүү тартибин сактабоо талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.  КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
Тынчтык Шайназаров БШКнын жаңы мүчөсү болду
03.09.2020

Тынчтык Шайназаров БШКнын жаңы мүчөсү болду

Бүгүн, 3-сентябрда, КРнын БШКнын жаңы мүчөсү Тынчтык Шайназаров Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумуна катышты. Боршайкомдун төрагасы Н.Шайлдабекова аны кесиптештери менен тааныштырып, иштерине ийгилик каалады. Бүгүн, Кыргыз Республикасынын парламенти, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн кызмат ордуна Жогорку Кеңештин учурдагы чакырылышынын көпчүлүк коалициясынан "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Тынчтык Шайназаровдун талапкерлигин колдоду. Тынчтык Шайназаровдун талапкерлигин КСДП, "Республика - Ата Журт", "Бир Бол" жана "Кыргызстан" партиялары кирген азыркы чакырылыштагы көпчүлүк коалициясы көргөзгөн. "Өнүгүү-Прогресс" партиясы көпчүлүк коалициясынын курамына кирбейт, бирок каалаган депутатын көрсөтө алат. Жалпысынан анын талапкерлигине 81 депутат – “макул”, 4 депутат – “каршы» болду. Өмүр баяны: Шайназаров Тынчтык Урайимович, 1974-жылы 27-февралда Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылында туулган. 1991-жылы Ош шаарындагы № 7 Нариманов атындагы орто мектебин аяктаган. Ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетинин “укук таануу” адистигине тапшырып, 1996-жылы ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун 1996-жылы покуратура органдарында баштаган. Ош облусунун Чоң-Алай районунун прокуратурасында стажер-тергөөчүдөн Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасынын тергөөчүсүнө чейин эмгектенген. 1999-жылдын февраль айынан 2001-жылдын ноябрь айына чейин Ош облустук прокуратурасынын кылмыштарды иликтөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору болуп иштеген. 2001-жылдан 2007-жылдын августуна чейин улук тергөөчү, прокурор жана Ош облусундагы кылмыштарды иликтөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2007-жылы Ош шаарынын прокурорунун улук жардамчысы, андан кийин 2009-жылдын август айына чейин Ош облусунун прокурорунун улук жардамчысы болгон. 2009-жылдын сентябрь айында ал Жалал-Абад шаарынын прокурору кызматына дайындалган. 2010-жылдын ноябрь айында "Республика" саясий партиясынан V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2010-жылдын 23-декабрынан тартып КРнын ЖКнин Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланган. 2015-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болуп “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан шайланган. Үй-бүлөлү, беш баланын атасы. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК “Актив” партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартты
03.09.2020

БШК “Актив” партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартты

Бүгүн – 3-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйналышында “Актив” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси жөнүндө маселени карады. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топ “Актив” саясий партиясынан келип түшкөн документтерди карап чыгып, “Актив” саясий партиясы көрсөткөн талапкерлердин тизмеси ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык келбейт деген чечим чыгарды, атап айтканда: 1) талапкерлердин тизмесин аныктоодо саясий партия төмөнкүдөй өкүлчүлүктү эске алууга милдеттүү деген “”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын” 60-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацынын талаптары сакталган эмес: - бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосу, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосу керек; 2) шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти Борбордук шайлоо комиссиясына берүү боюнча “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун талаптары сакталган эмес. Жогоруда баяндалганды эске алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1 жана -2-пункттарына ылайык “Актив” саясий партиясы көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды. КР БШК маалымат бөлүмү     
Кененирээк билүү >>
БШК "Кыргызстан" саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады
03.09.2020

БШК "Кыргызстан" саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы "Кыргызстан" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө чечим кабыл алды. Жумушчу топтун корутундусунун негизинде "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60, 61-беренелерин; "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, "Кыргызстан" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөткөн талапкерлердин тизмесин каттады. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК "Биримдик" саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады
03.09.2020

БШК "Биримдик" саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы "Биримдик демократиялык партиясы" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө чечим кабыл алды. Жумушчу топтун корутундусунун негизинде "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60, 61-беренелерин; "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, "Биримдик демократиялык партиясы" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөткөн талапкерлердин тизмесин каттады. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК "Социал-демократтар" саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады
03.09.2020

БШК "Социал-демократтар" саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады

Бүгүн, 3-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн жыйынында "Социал-демократтар" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин карады.  Жумушчу топтун корутундусунун негизинде "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60, 61-беренелерин; "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, "Социал-демократтар" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөткөн талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө Осмонбаев Улан Калыбаевичтин, Сатаров Аскат Токтосуновичтин жана Нурланов Эрмек Нурлановичтин жеке арызынын негизинде аны чыгаруу чечими кабыл алынды. БШК «Социал-демократтар» саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесин каттоону чечти. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады
03.09.2020

БШК "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө чечим кабыл алды. Жумушчу топтун корутундусунун негизинде "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60, 61-беренелерин; "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөткөн талапкерлердин тизмесин каттады. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК «Ордо» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады
03.09.2020

БШК «Ордо» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады

Бүгүн, 3-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн жыйынында «Ордо» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин карады.  Жумушчу топтун корутундусунун негизинде "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60, 61-беренелерин; "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, «Ордо» саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөткөн талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө Орозоваев Максат Кубанычбекович жеке арызынын негизинде аны чыгаруу чечими кабыл алынды. БШК «Ордо» саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесин каттоону чечти. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК "Реформа" саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады
03.09.2020

БШК "Реформа" саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы "Реформа" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө чечим кабыл алды. Жумушчу топтун корутундусунун негизинде "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60, 61-беренелерин; "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, "Реформа" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөткөн талапкерлердин тизмесин каттады. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК "Республика" саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады
03.09.2020

БШК "Республика" саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады

2020-жылдын 3-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында "Республика" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо чечимин кабыл алды. Чечим Жумушчу топтун корутундусунун негизинде "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60, 61-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынган. "Республика" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөткөн талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө - Алибеков Шерахмад Халилович, № 55; - Муратбеков Айдарбек Анарбекович, № 103; - Пратов Саипжон Махаматкабылович, № 110; - Закиров Азамат Закирович, № 118; - Aсанбеков Атайбек Асанбекович, № 119; - Абдырахманов Кенжебек Турдуевич, № 121; - Осмоналиев Самир Кушайбекович, № 123; - Жолдошев Астанбек Дарибаевич, №125; - Абдыкадыр уулу Бектур, № 126; - Иманалиев Канат Тойчубекович, № 127; - Тургуналиев Тургун Акынбекович, № 134; - Кемпирбаев Тимур Тургумбекович, №137; - Эшимканов Нурдан Кырманбекович, № 142; - Касымов Акжолтой Догдурбаевич, № 145; - Усаров Нурмухаммед Самадович, № 146; - Урманбетов Жаныбек Туратбекович, № 151; - Токтосунов Элдияр Канатбекович, № 153; - Кулуев Данияр Райымбекович, № 157; - Маматаев Шерипкан Суйундуевич, № 163; - Кудайбергенов Алтынбек Эрмуканбетович, № 167; - Касмалиев Усеин Турсунбекович, № 171; - Адылов Самат Муратович, № 173; - Акибаев Нурбек Айткулович, № 177; - Жапаркулов Артур Мамбетжанович, № 178; - Акматалы уулу Максат, № 179; - Үсөнкан уулу Бекболсун, № 181; - Искендеров Сухраб Болотович, № 182; - Осмонов Чолпонбек Мэлсович, № 183; - Сатаев Айбек Замирович, № 186; - Якупов Рашид Юсупович, № 194; - Хан Лаврентий Борисович, № 195; - Умаралиев Ильесхон Хатамович, №193; - Ражапов Нарзулло Нуриллоевич, № 199; - Бердикеев Дастан Бообекович, № 198  жеке арыздарынын негизинде чыгарылды. КР БШК маалымат бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
БШК "Ыйман Нуру" адилеттик жана өнүгүү саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады
03.09.2020

БШК "Ыйман Нуру" адилеттик жана өнүгүү саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады

3-сентябрдагы отурумда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Ыйман Нуру” адилеттик жана өнүгүү саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси жөнүндө маселени карады. Жумушчу топтун корутундусунун негизинде "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60, 61-беренелерин; "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып; "Ыйман Нуру" адилеттик жана өнүгүү саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөткөн талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө Тулебердиев Ренат Темирбековичтин талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө арызынын негизинде аны чыгаруу чечими кабыл алынды. БШК «Ыйман Нуру» адилеттик жана өнүгүү саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоону чечти. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК "Мекенчил" саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады
03.09.2020

БШК "Мекенчил" саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады

3-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн жыйынында "Мекенчил" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо тууралуу чечим кабыл алды. Чечим, Жумушчу топтун корутундусунун негизинде "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60, 61-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды. "Мекенчил" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөткөн талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө Мамадалиев Мураджон Атамирзаевичтин жана Тейфуров Расим Захидиновичтин жеке арыздарынын негизинде алар тизмеден чыгарылды. КР БШК маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады
03.09.2020

БШК "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттады

Бүгүн, 3-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн жыйынында "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин карады. Жумушчу топтун корутундусунун негизинде "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60, 61-беренелерин; "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып; "Мекен Ынтымагы" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөткөн талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө Темиралиев Нурбек Асанбековичтин жеке арызынын негизинде аны чыгаруу чечими кабыл алынды. БШК «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесин каттоону чечти. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ош облусундагы бир шайлоо участкасынын дареги өзгөртүлдү
03.09.2020

Ош облусундагы бир шайлоо участкасынын дареги өзгөртүлдү

Бүгүн, 3-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ош облусунун Ноокат районундагы Зулпуев айыл аймагынын № 5561 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү боюнча чечим кабыл алды. Чечим Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык” кайрылуусунун негизинде кабыл алынды. БШК Ош облусунун Ноокат районундагы Зулпуев айыл аймагынын № 5561 шайлоо участогунун дарегин Калдай айылынын К. Бобулов көчөсүндөгү №25 жеке менчик бала бакчасынын имаратынан Калдай айылынын Мамат Ажы Бобулов көчөсү, 58 Калдай атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүү боюнча чечимин кабыл алды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР ЖКнын депутаты Шайназаров Тынчтык Ураимовичтин ыйгарым укуктарын токтотту
03.09.2020

БШК КР ЖКнын депутаты Шайназаров Тынчтык Ураимовичтин ыйгарым укуктарын токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 3-сентябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шайназаров Тынчтык Урайимовичтин "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды. Токтом Т.У.Шайназаровдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча келип түшкөн жеке арызынын негизинде кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.У.Шайназаровдун күбөлүгү жараксыз деп таанылды. Тынчтык Шайназаров 3-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү болуп шайланган. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы сунуштаган. Т. Шайназаровго 81 депутат – “макул”, 4 депутат – “каршы” деген добуштарын берген, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого аттанган Назарали Ариповдун ордуна келди. КР БШК маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
1 … 306 308 … 483