“Кабар” улуттук маалымат агенттиги саясый партияларга бекер кызмат көрсөтөт
07 сентября 2020
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин 18-пункту боюнча, негиздөөчүлөрү мамлекеттик органдар же жергиликтүү органдар, болбосо аларга баш ийген мекемелер менен ишканалардын жалпыга маалымдоо каражаттары же интернет-басылмалары болуп, алар республикалык бюджеттен же жергиликтүү бюджеттен бир бөлүгү каржыланса, ошондой эле башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырмалуу салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө жеңилдиктери бар болсо, алар талапкерлерге, саясый партияларга шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүүзүүдө бирдей мүмкүнчүлүктөр менен камсыздоого милдеттүү.
Ушуга ылайык, “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги 2020-жылдын 4-сентябрынан 4-октябрга чейинки үгүт иштерин жүргүзүү убагында өз сайтында төмөнкүдөй бекер кызматтарды саясый партияларга сунуш кылат:
1. бир рекламалык-маалыматтык материалды жарыялоо (көлөмү 2 беттен көп эмес (А4) + беш сүрөткө чейин);
2. видеороликти жайгаштыруу (3 минуттан көп эмес).
Ошол эле учурда агенттик:
• жарнамалык-маалыматтын мазмуну жана жасалгасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана редакциянын ички саясатына туура келбесе, кабыл албай коюуга укуктуу;
• зарыл болсо жарнамалык-маалыматты туура жазуу жана стилистикасы жагынан оңдоого укуктуу болот.
Жайгаштыруу боюнча байланыш телефону: 0773 92 23 83, kabar@kabar.kg
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
