БШК Ананьев айыл өкмөтүндө жаңы шайлоонун датасын дайындайт
07 сентября 2020
2020-жылдын 4-сентябрында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнө шайлоо болуп өттү.
Көрсөтүлгөн талапкер Б. И. Курманходжоев талап кылынган добуштарды ала албагандыгына байланыштуу (6 – «макул», 11 – «каршы»), БШКнын
Ысык-Көл жана Түп аймактык шайлоо комиссиялары боюнча атайын өкүлү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайталап шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө кайрылды.
Шайлоо күнү КРнын БШКнын отурумунун чечими менен аныкталат.
КР БШК маалымат бөлүмү
