Башкы Жаңылыктар Саясий партияла таза шайлоо жөнүндө Меморандумуна кол коюшту

Саясий партияла таза шайлоо жөнүндө Меморандумуна кол коюшту

04-Сен, 2020

Бүгүн, 4-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялардын ортосунда Меморандумга кол коюлду.

Кол коюуга Борбордук шайлоо комиссиясынынтөрагасы Н.Шайлдабекова, БШК тарабынан талапкерлеринин тизмеси катталган 13 саясий партиянын жетекчилери, шайлоо комиссияларынын, өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык активисттер катышты. Меморандум “Демократия үчүн Вестминстер фонду”, БУУнын өнүктүрүү программасы жана “Жарандык платформа” КФнун техникалык колдоосу менен иштелип чыккан.

КРнын БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, таза жана акыйкат шайлоону камсыздоо Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары болуп саналат, бирок буга жалгыз же өзүнчө гана жетишүүгө болбойт.

«Меморандум, мыйзамдын ченемдерин толуктаган саясий күрөштүн алгылыктуу ыкмаларын, өнөктүктүн эрежелерин аныктоого арналган саясий партиялардын "мырзалардын келишими" деп аталган жүрүм-турум Кодекси катары кызмат аткарат. Кол коюунун максаты - саясий партияларга оюндун кабыл алынган эрежелери боюнча бир пикирге келүүгө жардам берүү жана шайлоо процессине ишенимди жогорулатуу. Бул Меморандумдун жаңылыгы болуп талапкерлердин социалдык тармактардагы жүрүм-турумун ыктыярдуу жөнгө салуу», - деди ал.

БУУнун өнүктүрүү программасынын шайлоо боюнча улук кеңешчиси Юлия Шипилованын айтымында, саясий партиялардын ортосундагы Меморандумга кол коюусу, демократиялык шайлоолордун эл аралык стандарттарга жана эл аралык алдыңкы тажрыйбага ылайык өтүшүнүн маанилүү кепилдиги болуп саналат.

"Бардык саясий партиялар Меморандумдун шарттарын кабыл алгандыгы жана анын жоболорун колдогондугу – саясий маданияттын жана шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жаңы стандарттарынын, айрыкча социалдык тармактарда өнүгүп жаткандыгын күбөлөндүрөт" - деди ал.

«Меморандум - бул келишим, анын катышуучулары мыйзамдын чегинде гана иш алып барууга, жек көрүү сөздөрүн колдонбоого, зомбулук, кастык жана кадыр-баркка шек келтирүү коркунучтарын камтыган материалдарды таратпоого жана башка эрежелерин кабыл алууга милдеттенишет. Меморандумга кол коюу демократиялык принциптерге негизделген таза шайлоону өткөрүүгө жардам берет”, - деди Демократия үчүн Вестминстер фондунун Кыргызстандагы өкүлү Айгүл Байбураева.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын так сактоого, шайлоо жөнүндө мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоого, ошондой эле шайлоо өнөктүгүн ачык-айкындуулук жана өз ара урматтоо, жарандардын кызыкчылыктарынын жана укуктарынын артыкчылыгы, мыйзамдын үстөмдүгү принциптери боюнча жүргүзүүгө милдеттеништи.

Документке кол коюу менен, тараптар саясий оппоненттер менен болгон талаш-тжашыартыштарды мыйзамдын негизинде ачык, коомдук талкууда чечүүгө, шайлоо процессинде этикалык жана адеп-ахлактык ченемдерди сактоого, бири-бирине карата ыплас технологияларды колдонбостон, шайлоо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген үгүт иштерин жүргүзүүгө, үгүт өнөктүгүнүн эрежелерин сактоого даяр экендигин тастыкташты.

Меморандумда социалдык медиадагы саясий жарнама үчүн партиянын шайлоо фондунан төлөөгө жана мындай жарнакты шайлоо өнөктүгүн каржылоонун отчетторунда көрсөтүү жана социалдык медиага саясий жарнактарды жайгаштыруу үчүн жалган адамдарды колдонбоо талаптары камтылган.

Партиялар, шайлоочулардын добуштарын сатып алууга, алардын жана алардын өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын, партия мүчөлөрүнүн, агитаторлордун, туугандарынын, досторунун, тааныштарынын жана башка адамдардын катышуусун жокко чыгарууга макул болушту жана добуштарды сатып алууга бардык жолдор менен каршы күрөшүү боюнча макулдугун билдиришти.

Партиялардын ортосунда жарандардын эркин билдирүү эркиндигине, добуш берүү жана добуштарды саноо процессине туура эмес таасир этүү аракеттеринен баш тартуу жана добуш берүүнүн купуялуулугун бузбоо жөнүндө макулдашуу түзүлдү.

Бүгүн, 4-сентябрда, үгүт өнөктүгү башталды, ал 2020-жылдын 3-октярбрында аяктайт.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>