Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Саясий партиялардын шайлоо бюллетениндеги ирет номурлары аныкталды
09.09.2020

Саясий партиялардын шайлоо бюллетениндеги ирет номурлары аныкталды

Бүгүн – 2020-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы саясий партиялардын шайлоо бюллетениндеги ирет номурларын аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрдү. Чүчүкулак саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда ачык форматта өттү. Саясий партиялар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан каттоодон өткөн ирээтте чүчүкулак кармашты, тактап айтканда: 1. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы”, 2. “Мекен Ынтымагы”, 3. “Ата Мекен” социалисттик партиясы, 4. “Мекенчил”, 5.  “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“, 6. “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы, 7. “Замандаш”, 8. “Чоң Казат”. 9. “Реформа”, 10. “Республика”, 11. “Бүтүн Кыргызстан”, 12. “Социал-Демократтар”, 13. “Биримдик” (Единство)”демократиялык партиясы, 14. “Мекеним Кыргызстан”, 15. “Ордо”, 15. “Кыргызстан”. Саясий партиялардын номурлары иреттик бюллетенде төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: 1. “Биримдик” (Единство)”демократиялык партиясы, 2. “Мекенчил”, 3. “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы, 4. “Мекеним Кыргызстан”, 5. “Реформа”, 6. “Ата Мекен” социалисттик партиясы, 7. “Замандаш”, 8. “Бүтүн Кыргызстан”, 9. “Социал-Демократтар”, 10. “Мекен Ынтымагы”, 11. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы”, 12. “Ордо”, 13.  “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“, 14. “Республика”, 15. “Кыргызстан”, 16. “Чоң Казат”. Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, катталган саясий партиялардын шайлоо бюллетениндеги кезектешүүсүн аныктоо боюнча чүчүкулактын 2020-жылдын 9-сентябрындагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетенинин текстин жана таризин бекитти. КР БШК маалымат бөлүмү   
Кененирээк билүү >>
БШК “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттады
09.09.2020

БШК “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттады

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 9-сентябрдагы жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынан көрсөтүлгөн КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо чечимин кабыл алды. Эске салсак, КР БШК 2020-жылдын 3-сентябрында  “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынан КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө” №121-чечимин кабыл алган. 2020-жылдын 9-сентябрындагы Бишкек шаарынын Административдик сотунун чечими менен, КР БШК 2020-жылдын 3-сентябрында  “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынан КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө” №121-чечими мыйзамсыз деп таанылып ал жокко чыгарылган. Жогоруда келтирилгендерди эске алуу менен, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 60-61-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 3-7-18-беренелерине таянып жана 2020-жылдын 9-сентябрындагы Бишкектин Административдик сотунун чечимин жетекчиликке алуу менен, КР БШК “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынан КР Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкерлердин “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясы тарабынан көрсөтүлгөн тизмесин каттоо чечимин кабыл алды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 9-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
09.09.2020

2020–ж. 9-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: сентябрь 2020-ж. Убактысы: Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетенинин таризин жана текстин бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 2. Лейлек, Чаткал жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 3. «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерди чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 4. «Чон Казат» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке?ешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерди чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 5. «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 6. «Республика» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 7. «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 8. “Мекенчил” саясий партиясынын өкүлдөрүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 9. «Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 10. Мекенчил” саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 11. “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын өкүлүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 12. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
"Талапкер" маалыматтык ресурсу: талапкерлердин тизмелери, шайлоо алдындагы программалары, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоо
09.09.2020

"Талапкер" маалыматтык ресурсу: талапкерлердин тизмелери, шайлоо алдындагы программалары, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоо

Бүгүн, 2020-жылдын 9-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Талапкер” маалыматтык ресурсунда талапкерлердин тизмесин жана 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Жогорку Кеңешке шайлоого катышкан саясий партиялардын программаларын жарыялады. http://talapker.shailoo.gov.kg “Талапкер” ресурсундагы маалыматтар жарандарга партиялар, алардын талапкерлеринин тизмелери, партиялардын шайлоо программалары жана шайлоо фондунан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө маалымат берүүгө багытталган. 9-сентябрга Борбордук шайлоо комиссиясы 16 саясий партиядан талапкерлердин тизмесин каттаган. Депутаттыкка талапкерлердин жалпы саны 1912. Алардын 1294ү эркектер, 618и аялдар. Мүмкүнчүлүгү чектелген 41 талапкер, 35 жашка чейинки 605 жаран жана 326 башка улутундагы талапкерлер катталды. Эске салсак, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-беренесине ылайык, талапкерлердин тизмесин аныктоодо саясий партия төмөнкү өкүлчүлүктү эске алууга милдеттүү: - бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосун; - 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 5 талапкер алгачкы 65 талапкердин тизмесине киргизилиши керек; - ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 5 талапкер алгачкы 65 талапкердин тизмесине киргизилиши керек; - кеминде 2 талапкердин - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 50 талапкердин тизмесине киргизилиши керек. “Талапкер” порталына өтүү үчүн, шилтемени териңиз.
Кененирээк билүү >>
БШК: Каттоодон өткөн 1912 талапкердин 1641инин соттолгондугу жок
08.09.2020

БШК: Каттоодон өткөн 1912 талапкердин 1641инин соттолгондугу жок

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР Ички иштер министрлигинин маалыматтык технологиялар боюнча башкы башкармалыгынын жана КР Жогорку сотунун маалыматтары боюнча катталган талапкерлерди текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымдады Саясый партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесине кирген талапкерлердин соттолгондугу бар/жок экендиги боюнча маалымат  № Саясый партиянын аталышы       Талапкерлердин саны КР ИИМ МТББ маалыматы боюнча КР Жогорку сотунун билдирүүсү боюнча 50 талапкер боюнча соттун чечиминин жоктугу боюнча маалымат такталды     Соттолгон эмес Соттолгон эмес / соттуулугу алынган Чечим жок КоП боюнча жоопко тартылган (сот жоопкерчилигине тартылбайт) акталган/ иши токтогон Кароо стадиясында /чечим жок   Бардыгы: 15 с/п 1912 1641 221 50 5 26 19 1  «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы» 78 73 5 - - - - 2 «Мекен Ынтымагы» 149 129 18 2 - 2 - 3  «Ата Мекен» 150 130 18 2 1 1 - 4 «Мекенчил» 136 108 24 4  1 2 1 5 «Бир Бол» 108 96 11 1 - 1 - 6 «Ыйман Нуру» 101 85 11 5 - 3 2 7 «Замандаш» 156 139 15 2 - 1 1 8 «Чоң Казат» 81 64 15 2 - - 2 9 «РЕФОРМА» 84 78 3 3 - 3 - 10 «Республика» 166 145 18 3 2 1 - 11 «Социал-демократтар» 101 78 13 10 - 3 7 12 «Биримдик» (Единство)демократиялык партиясы 200 170 24 6 - 6 - 13 «Мекеним Кыргызстан» 200 169 29 2 1 1 - 14  «ОРДО» 100 88 8 4 - 2 2 15 «Кыргызстан» 102 89 9 4 - - 4  
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 4-сентябрга карата саясий партиялардын шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат
08.09.2020

2020-жылдын 4-сентябрга карата саясий партиялардын шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат

2020-жылдын 4-сентябрга карата саясий партиялардын шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш. КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 4-сентябрга карата банк маалыматтарынын негизинде 16 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди. Көчүрүү үчүн:  Маалымат  
Кененирээк билүү >>
Баткен облусунда КРнын ЖКнин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп өттү
08.09.2020

Баткен облусунда КРнын ЖКнин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп өттү

Баткен облусундагы КРнын ЖКнин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп өттү. КРнын БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова жана КРнын вице-премьер-министри А. Мадумаров Баткен облусундагы шайлоо участкаларынын даярдык процессин облустук жетекчилик, жергиликтүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен талкуулашты. Штабдын башчылары шайлоо участкаларында болушуп, Баткен, Кызыл-Кыя, Кадамжай шаарларында, Баткен облусунун бир катар айыл өкмөттөрүндө УШКлардын материалдык-техникалык жабдылышын текшеришти. Учурда Баткен облусунда 215 шайлоо участкасы иштеп, анда жалпы саны 289518 шайлоочу катталган. Шайлоочулардын контролдук тизмеси шайлоо участкаларында илинген. Баткен районунун шаарларында жана айыл өкмөттөрүндө биометрикалык каттоодон өтүүчү 26 пункт бар. Шайлоочулардын тизмесинде өзүн тактоо жана биометрикалык каттоодон өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маалыматтык плакаттар жана баннерлер илинген. КРнын БШКсы менен УШКнын ортосунда ыкчам маалымат алмашууну жакшыртуу максатында, шайлоо участкаларына планшеттер жана телекөрсөтүү мониторлору таратылды. Жабдуулар Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан берилген. Гаджеттер билим берүү максатында, участкалык комиссиянын мүчөлөрү жана шайлоочулар үчүн дагы бирдей колдонулат, бул үчүн БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен видеотасмалар тартылган. УШКларды пандустар жана чакыруу баскычтары менен жабдуу иштери динамикалуу жүрүп жатат, ДМЧА муктаждыктарынын карталары түзүлүп, алардын негизинде алардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга жардам көрсөтүлөт. Комиссиянын мүчөсүн чакыруу баскычтары майыптарга, кичинекей балдары бар ата-энелерге жана улгайган адамдарга арналган. Шайлоо участкаларында маалыматтык жана үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн атайын орундар бөлүнгөн. Ушул этапта комиссиялардын мүчөлөрүнүн (3 шаардык жана 3 округдук шайлоо комиссиясынын 72 мүчөсү, участкалык шайлоо комиссиясынын 2675 мүчөсү) ден соолугун коргоо максатында 4400 медициналык бет кап, кол кап жана 440 литр дезинфекциялоочу каражаттар (антисептиктер) таратылды. Шайлоо күнү УШК мүчөлөрү үчүн респираторлор, бардык шайлоочулар үчүн бет каптар жана кол каптар берилет. Облустук жана шаардык штабдын отурумунда Н. Шайлдабекова мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөр кабыл алынып, шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти, атап айтканда, административдик ресурсту партиялардын шайланышына жана талапкерлердин кызыкчылыгына пайдалануусу боюнча эске салды. Ошондой эле ал шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүдөн алыс болуп, мыйзамдарда көрсөтүлгөн чектерде комиссияларга жардам берүүгө чакырды. Бул түзөтүүлөр добуш сатып алуу үчүн жооп бере турган субъекттердин чөйрөсүн дагы кеңейтти. Шайлоочулардын добушун сатып алуу – кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу иш-аракет болуп саналат, ал үчүн талапкердин өзү гана эмес, анын жакын туугандары, талапкердин өкүлдөрү жана ишенимдүү адамдар, мурда болгондой, ошондой эле добуш сатып алууда катышкан ар бир жаран жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Талапкерлердин жана партиялардын добушун сатып алуу 220000 сомдон 260000 сомго чейин айып пул салынат же 2 жыл 6 айга чейин эркинен ажыратылат. Шайлоо комиссияларынын жана укук коргоо органдарынын катышуусунда түзүлгөн Ыкчам жооп кайтаруучу координациялык топтор добуш сатып алуу жана башка мыйзам бузууларга каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүшү керек, ошондой эле көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө коомчулукка маалымат берип турушу керек. Өз кезегинде, А.Мадумаров жергиликтүү бийликке УШКларды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону, шайлоодо технологиялык жабдууларды коргоону, коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылууну тапшырды. Ошондой эле, мамлекеттик органдарга региондогу эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдө кармоо жана объектилердеги санитардык нормаларды жана талаптарды, жарандардын ден соолугун коргоо чараларын камсыз кылууга чоң көңүл буруу тапшырылды. КР БШК маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК жана ЕККУнун ДИАУБу алдыдагы парламенттик шайлоону  даярдоону талкуулады
08.09.2020

БШК жана ЕККУнун ДИАУБу алдыдагы парламенттик шайлоону даярдоону талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н. Шайлдабекованын ЕККУнун ДИАУБунун Бозеруп Томас Вильгельм башында турган миссиясынын мүчөлөрү менен 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоого байкоо жүргүзүү маселелери боюнча жолугушуусу болду. ЕККУнун ДИАУБунун миссиясынын башчысы Бозеруп Томас Вильгельм шайлоого байкоо жүргүзүүгө чакырганы үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына ыраазычылык билдирди. Ал ЕККУнун ДИАУБунун 12 эксперттен турган командасы Бишкекке 2-сентябрда келгенин билдирди. Келерки жумада Кыргызстанга 18 узак мөөнөттүү байкоочулар күтүлүп жатат, алар өлкө боюнча тиешелүү аймактарга бөлүштүрүлөт. “ДИАУБ Кыргызстанда көп убакыт болду жана азыр дагы болууда. Бул биз байкоо жүргүзө турган он экинчи шайлоо. Биздин байкоо жүргүзүүнүн негизи – бул көз карандысыздык. Байкоо жүргүзүүдөгү эле эмес, шайлоодон кийинки дагы көз карандысыздык”, - деп айтты ал. Н. Шайлдабекова Кыргызстан реформасы 2013-2014-жылдары башталган шайлоо тутумун өркүндөтүү процессинде экенин айтып берди. “2018-жылы Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын кабыл алды, ал мурдагы шайлоо өнөктүктөрүндө ЕККУнун ДИАУБунун эл аралык байкоочулары берген сунуштарды ишке ашыруу боюнча чараларды дагы камтыйт. Парламент менен өз ара аракеттешүүнүн натыйжасында ал сунуштарды мыйзам чыгаруу деңгээлинде ишке ашырууга мүмкүн болду. Кыргызстан демократиялык шайлоодо ЕККУнун мүчөсү катары өлкө алган милдеттенмелер боюнча эл аралык стандарттарды жана ченемдерди жактырат”, - деп айтты ал.   Төрага шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу процессинде ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жана ЕККУнун ДИАУБунун эксперттери тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоонун маанилүү жана натыйжалуу экенин белгиледи. Н. Шайлдабекова айтуусу боюнча шайлоо өнөктүгү өзүнүн эң жогорку жигердүү баскычына чыкты – 4-сентябрдан тартып үгүт өнөктүгү башталды. “Каттоо этабынын жыйынтыгы боюнча 15 саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси катталды. Алдыдагы шайлоонун өзгөчөлүктөрүнүн бири – шайлоо өнөктүгүн каржылоонун ачык-айкындуулугу. Партиялардын фонддорундагы каражаттардын кыймылын чагылдыруу ишке ашырылууда. Азыр шайлоо фонддорун түзүүнүн мыйзамдуулугуна байкоо жүргүзүүгөжана аны текшерүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү усулду иштеп чыгуудабыз. Мыйзам боюнча бул шайлоодо дебаттардын саны көбөйтүлүп, концерт, мелдеш ж.б. өткөрүү сыяктуу ар түрдүү үгүт форматтарынын саны чектетилди. Мыйзамга дебаттардын саны талапкерлерге берилүүчү акысыз обо убактысынын жарымынан кем эмес бөлүгүн түзүүгө тийиш деген ченем киргизилди. Кийинки жумадан тартып тв-каналдарда дебат программасы башталат, ал жаштардын, талапкер аялдардын дебаттарын, лидерлердин жалпы улуттук дебаттарын камтыйт. Шайлоочулар талапкерлердин сапаттары тууралу көбүрөөк маалымат алсын үчүн дебаттардын жүрүшүнө колдоо тобунун катышуусуна тыюу салынды. Жолугушууда Кыргызстанда добуштарды сатып алууга жана администрациялык ресурсту пайдаланууга каршы натыйжалуу санкциялар боюнча мыйзам кабыл алынганы белгиленди. Шайлоонун инклюзивдүүлүгү боюнча чаралар тууралу айтылды.  “Тизме” порталында шайлоочулардын тизмеси тууралу жалпы маалымат бар, андан өз шайлоо участогун таап, орун которуштуруу тарыхы менен таанышууга мүмкүн болот. Кыргызстанда шайлоо комиссиясына тиешелүү арыз берип же портал аркылуу добуш берүү күнүнө чейин 15 күндөн кечиктирбестен өз шайлоо дарегин өзгөртүү мүмкүнчүлүгү бар. Шайлоо участокторунун картасы шайлоочуларга шайлоо участокторунун чек аралары менен таанышууга, жакын жайгашкан шайлоо участогун табууга көмөктөшөт. Шайлоону андан ары санариптештирүү алкагында шайлоочунун электрондук кабинети сервиси киргизилген, анда авторлоштуруудан өтүп, электрондук форматта арыз берүү мүмкүн болот. Мында Өкмөт бекиткен авторлоштуруунун бирдиктүү тутуму – электрондук санариптик кол тамга жана ID-картанын коду колдонулат. Бир нече күн мурда Өкмөт электрондук санариптик кол тамганы (ЭСК) каттоону акысыз жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алды, бул шайлоочулар тарабынан ЭСКны каттоосун активдештирди жана, шексиз түрдө, жарандардын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматта алуусун кеңейтүү үчүн маанилүү негиз болуп калат”, - деп айтты Н.Шайлдабекова. Жолугушууда БШК тарабынан ЕККУнун ДИАУБунун байкоочулары үчүн шайлоо процессинин ар кандай маанилүү өңүттөрү боюнча брифингдерди өткөрүү макулдашылды. КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарынын административдик соту "Актив" саясий партиясынын арызын канааттандыруудан баш тартты
08.09.2020

Бишкек шаарынын административдик соту "Актив" саясий партиясынын арызын канааттандыруудан баш тартты

Бишкек шаарынын Административдик соту 2020-жылдын 7-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 3-сентябрындагы № 120 чечимин мыйзамсыз деп таануу жөнүндө арызды канааттандырууда «Актив» саясий партиясын канааттандыруудан баш тартты. Соттун чечиминде чечим кабыл алынган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кире тургандыгы көрсөтүлгөн, бирок чечим кабыл алынган күндөн тартып үч календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Эске салсак, КР БШК 3-сентябрда өзүнүн чечими менен "Актив" саясий партиясын каттоого берилген документтерди текшерүү учурунда төмөнкү мыйзам бузуулар аныкталгандыгына байланыштуу "Актив" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тарткан: 1) талапкерлердин тизмесин аныктоодо саясий партия өкүлчүлүктү эске алышы керек болгон талаптарга ылайык, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацынын талаптары аткарылбаса: - бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайызынан ашпоосу керек, мында саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн аялдар менен эркектердин талапкерлердин тизмесиндеги ырааттуулук үч позициядан ашпоосу керек. 2) "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун талаптары аткарылбаса, анда Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо күрөөсүн төлөгөндүгүн тастыктаган документти берүү талаптары белгиленген. Конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарына ылайык, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн конституциялык мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди тапшырбоо, ошондой эле конституциялык мыйзамда каралган талапкерлерди көрсөтүү тартибин сактабоо, каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат. КР БШК маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК социалдык түйүндөгү саясий жарнама маселелери боюнча Facebook менен кызматташа баштады
07.09.2020

БШК социалдык түйүндөгү саясий жарнама маселелери боюнча Facebook менен кызматташа баштады

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (КР БШК) Facebook социалдык түйүнүнүн өкүлдөрү менен онлайн форматтагы жолугушуу өткөрдү. Фейсбукта саясий жарнаманы жайгаштыруу, аны маркировкалоо жана түйүндө жайгаштыруу үчүн акы төлөөнүн булагын аныктоо маселелери КР БШКнын Facebook социалдык түйүнүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусунун башкы максаты болду. КР БШКнын Facebook социалдык түйүнүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу Кыргыз Республикасындагы БУУӨП кеңсеси тарабынан уюштурулду. Жолугушууга КР БШК төрайымы Н.Шайлдабекова, КР БШКнын маалымдоо жана үгүт иштерин жүргүзүү боюнча жумушчу тобунун мүчөсү Гүлнара Журабаева, КР БШКнын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Руслан Изреков катышты. Facebook тарабынан жолугушууга Мамлекеттик саясат маселелери боюнча менеджер Кавита Канхи жана Фейсбуктун шайлоонун тазалыгын камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Наташа Джог катышты. Жолугушууга ошондой эле БУУӨПтүн Шайлоо боюнча улук кеңешчиси Юлия Шипилова катышты. Жолугушуу учурунда Facebook өкүлдөрү түйүндүн инсанды тийиштүү документтердин жардамы менен тастыктоо жолу аркылуу колдонуучуларды идентификациялоого байланышкан саясаты тууралуу маалымдап, мында кайсы аккаунтта кандай адам катталгандыгы так белгилүү боло тургандыгын айтышты. Бардык саясий жарнама www.facebook.com/ads/library/report дарегинде жайгашкан жана коомдук мааниге ээ маселелерге, шайлоого же саясатка байланышкан Жарнама китепканасына топтолот. Анын жогорку бетиндеги тандай турган жеринен Кыргызстан өлкөсүн тандоо керек. Азыркы тапта Кыргызстан боюнча китепканада 879 жарыя бар, аларга жалпысынан $3 737 каражат жумшалган. Китепканада ошондой эле жарнамага акы төлөгөн жеке инсандар менен партиялар жөнүндө маалымат да чагылдырылат. КР БШК төрайымы Н.Шайлдабекова Facebook менен кызматташуунун маанилүү экендигин белгиледи: «Биз Facebook өкүлдөрү менен кызматташып баштаганыбызды абдан баалайбыз. Facebook тарабынан саясий жарнамалар жайгаштырылып жаткан аккаунттарды верификациялоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар Фейсбуктун шайлоонун таза өтүшүнө кошуп жаткан салымы деп эсептейбиз. Бул тигил же бул партиянын же талапкердин саясий жарнамасын каржылоонун ачык-айкындуулугуна көз салууга мүмкүнчүлүк берет. Партиялар, өз кезегинде, верификация жол-жоболорунан өтөт, бул болсо алардын фейк аккаунттарга каршы күрөшүнө жардам берет». «Социалдык түйүндөр шайлоо кампаниясын өткөрүүдө маанилүү роль ойноодо. Ушул маселени жөнгө салган эл аралык стандарттардын жок экендигине байланыштуу Facebook социалдык түйүнү акы төлөнүүчү саясий жарнаманы каржылоонун ачык-айкындуулугун камсыздоо жана шайлоочуга мындай жарнаманы каржылоо булактары тууралуу толук маалымат берүү боюнча өз саясатын ишке киргизүүдө. Бул, албетте, шайлоочунун аң-сезимдүү тандоо жасашына көмөкчү болот», - деп белгиледи БУУӨПтүн Шайлоо боюнча улук кеңешчиси Юлия Шипилова. КР БШК төрайымынын “жымжырт күнү” (“день тишины”) Америка Кошмо Штаттарынын Президентин шайлоодо колдонула турган саясаттын мисалы боюнча Facebook платформасында саясий жарнаманы жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюу мүмкүндүгү тууралуу суроосуна Facebook өкүлдөрү бул жаңы саясат экендигин жана азырынча АКШ аймагында гана колдонула тургандыгын, бирок Кыргызстан расмий түрдө суроо-талап менен кайрыла турган болсо, бул маселени карап көрүүгө даяр экендиктерин маалымдашты. Тараптар ушул маселени чечүү боюнча мындан ары да байланышта болуу жөнүндө макулдашып, ошондой эле жаңыдан түптөлүп келе жаткан жемиштүү кызматташтык үчүн бири-бирине ыраазычылыгын билдиришти.
Кененирээк билүү >>
БШК “Ыйман Нуру” адилеттик жана өнүгүү саясый партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен алты талапкерди чыгарды
07.09.2020

БШК “Ыйман Нуру” адилеттик жана өнүгүү саясый партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен алты талапкерди чыгарды

7-сентябрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында берген арызынын негизинде “Ыйман Нуру” адилеттик жана өнүгүү саясый партиясынан КР Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен Ильичбек Эргешовду, Нияз Сарыевди, Молдожаш Турдукуловду, Шумкар Пазыловду, Жаныбек Заирбековду, Алтынай Уранбекованы чыгарды.  Бул чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамдын 6-7-18-беренелеринин негизинде, “Ыйман Нуру” адилеттик жана өнүгүү саясый партиясынын жазуу түрүндөгү катынын негизинде, 3-сентябрдагы Алтынай Уранбекованын арызынын негизинде жана КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодо саясый партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун чечимин эске алуу менен кабыл алынды.  КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Э. Океновду “Социал-демократтар” саясый партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен чыгарды
07.09.2020

БШК Э. Океновду “Социал-демократтар” саясый партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен чыгарды

7-сентябрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы берген арызынын негизинде “Социал-демократтар” саясый партиясынан КР Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен Эрмек Тологонович Океновду чыгарды.  Бул чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамдын 6-7-18-беренелеринин негизинде, ушул жылдын 5-сентябрындагы “Социал-демократтар” саясый партиясынын жазуу түрүндөгү катынын негизинде жана КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодо саясый партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун чечимин эске алуу менен кабыл алынды.  КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 25 эл аралык байкоочуну аккредитациялады
07.09.2020

БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 25 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 7-сентябрдагы жыйынында 2020-жылдын 4-октябрында боло турган КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын 25 өкүлүн эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өткөрүү токтомун кабыл алды. Аккредитациядан өткөн эл аралык байкоочулардын тизмеси   № п/п Байкоочу өкүл болгон эл аралык уюм Аты-жөнү   Өлкө Ээлеген кызматы   ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (БДИПЧ) Хачикян Найра Армения  Узак мөөнөттүү байкоочу   ДИАУБ Шулянкова Ирина Беларусь Республикасы Узак мөөнөттүү байкоочу   ДИАУБ   Неквиндова Маркета Чехия Республикасы Узак мөөнөттүү байкоочу     ДИАУБ Немец Ян Чехия Республикасы Узак мөөнөттүү байкоочу   ДИАУБ Банг Ханна Дания Узак мөөнөттүү байкоочу     ДИАУБ Талиури Лела Грузия Узак мөөнөттүү байкоочу    ДИАУБ Рахимбеков Нурул  Казакстан Республикасы Узак мөөнөттүү байкоочу   ДИАУБ Бедрицкий Александр Россия Федерациясы Узак мөөнөттүү байкоочу   ДИАУБ Богданова Кристина Россия Федерациясы Узак мөөнөттүү байкоочу   ДИАУБ Дронова Варвара Россия Федерациясы Узак мөөнөттүү байкоочу   ДИАУБ Перевозчиков Всеволод Россия Федерациясы Узак мөөнөттүү байкоочу   ДИАУБ Хеюм Николас Швеция Узак мөөнөттүү байкоочу   ДИАУБ Якобссон Эва Швеция Узак мөөнөттүү байкоочу   ДИАУБ Прадеш Варчело Максимо Хуан Швеция Узак мөөнөттүү байкоочу   ДИАУБ Варфус Марио Швейцария Узак мөөнөттүү байкоочу   ДИАУБ Гамбонини Моника Швейцария Узак мөөнөттүү байкоочу   ДИАУБ Меррилл Анна АКШ Узак мөөнөттүү байкоочу   ДИАУБ Вилегас Даниэл АКШ Узак мөөнөттүү байкоочу   Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Миссиясы   Гуминский Виктор Александрович Беларусь Республикасы Миссиянын башчысы, КМШ АК төрагасынын биринчи орун басары     КМШ Кулеба Олег Викторович Беларусь Республикасы Штаб жетекчиси, КМШ АК Кеңешчиси     КМШ Варганов Денис Александрович Беларусь Республикасы КМШ АК Кеңешчиси     КМШ Кремская Ольга Витальевна Беларусь Республикасы КМШ АК Кеңешчиси   КМШ Юркевич Павел Сергеевич Беларусь Республикасы КМШ АК Кеңешчиси   Молдова РеспубликасынынБорбордук шайлоо комиссиясы Роско Мария  Молдова Республикасы Молдова БШКнын Шайлоо окутуу борборунун башкы адиси      Молдова Республикасынын БШК Маковей Виорика  Молдова Республикасы Молдова БШКнын Шайлоо окутуу борборунун башкы адиси      
Кененирээк билүү >>
БШК Д. Алымбековду “Ата Мекен” социалисттик саясый партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен чыгарды
07.09.2020

БШК Д. Алымбековду “Ата Мекен” социалисттик саясый партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен чыгарды

7-сентябрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы берген арызынын негизинде “Ата Мекен” социалисттик саясый партиясынан КР Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен Дастан Алымбекович Алымбековду чыгарды.  Бул чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамдын 6-7-18-беренелеринин негизинде, ушул жылдын 4-сентябрындагы “Ата Мекен” социалисттик саясый партиясынын жазуу түрүндөгү катынын негизинде жана КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодо саясый партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун чечимин эске алуу менен кабыл алынды.  КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда укуктарын токтотту
07.09.2020

БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда укуктарын токтотту

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 7-сентябрдагы жыйынында Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын төмөндөгү жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, ваканттык депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин келе жаткан талапкерлерге берүү чечимин бекитти: •    Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Курманбек айылдык кенешинен – Алмазбек Нарматовду жеке арызына байланыштуу бошотуп, мандат убактылуу иштебеген Таалайбек Наскуловго берилди;  •    Сузак районундагы Кызыл-Туу айылдык кенешинен – Асылбек Маканбаев каза болгондугуна байланыштуу бошотулуп, мандаты убактылуу иштебеген Турат Джороевге берилди; •    Сузак районунун Ленин айылдык кенешинен – Торобай Жумабаев каза болгондугуна байланыштуу бошотулуп, мандат №25-орто мектептин мугалими Максат Маматазизовага берилди.   Сузак аймактык шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 20-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР мыйзамынын 3-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 52-беренесине ылайык чечим кабыл алган.  Боршайком Сузак ТШКнын чечимин “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 6-7-18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР мыйзамынын 3-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 52-беренесине ылайык бекитти.  КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Ананьево, Ак-Жар жана Бостери айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады
07.09.2020

БШК Ананьево, Ак-Жар жана Бостери айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 7-сентябрдагы жыйынында Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын, Өзгөн районундагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын жана Ысык-Көл районундагы Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындады. 2020-жылдын 4-сентябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо талапкерге караганда “бардык талапкерлерге каршы” позициясына көпчүлүк добуш берилген. Ош облусунун Өзгөн районунун администрация башчысы – акиминин 28-августтагы буйругу менен Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Каримжан Тургунбаевич Турдумаматов өзү берген арызга байланыштуу кызматынан бошотулган. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун администрация башчысы – акиминин 1-сентябрдагы буйругу менен Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдымаликович Жамангулов берген арызына байланыштуу кызматынан бошотулган. КР БШКнын токтому менен Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2020-жылдын 21-сентябрына саат тогуздан он экиге чейин дайындалды. Өзгөн районундагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын, Ысык-Көл районундагы Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 25-сентябрда саат тогуздан он экиге чеийн өткөрүү дайындалды. Ысык-Көл райондук жана Өзгөн райондук аймактык шайлоо комиссияларына шайлоолорду КР мыйзамдарына ылайык жана КР Өкмөтү 2020-жылдын 11-майында токтом менен бекиткен санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен (1,5 – 2 метрлик аралык сактоону камсыздоо, бир жолку бет каптарды колдонуу, атайын аралашма менен колдорду тазалоо) менен өткөрүү тапшырылды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
1 … 304 306 … 483