Боршайком Нарын шаардык жана Араван ТШКсынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 7-сентябрындагы жыйынында төмөндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү чечимин кабыл алды:
• Нарын облусунун Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясы боюнча:
- комиссия курамынан “Мекен Ынтымагы” саясый партиясынан Кудайбергенова Чолпон Асипакуновнаны чыгаруу;
- резервден комиссия курамына жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын өкүлү Эсенгелдиева Бактыгуль Чолуковнаны киргизүү;
- комиссия курамынан жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун өкүлчүлүгүнүн өкүлү Тилекматова Гүлнур Мирбековнаны чыгаруу;
- резервден комиссия курамына жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун өкүлү Усон кызы Жыпаркулду киргизүү.
• Ош облусунун Араван аймактык шайлоо комиссиясы боюнча:
- комиссия курамынан жергиликтүү өзү-өзү башкаруу органынын өкүлү Сулайманов Сираждин Адахамовичти чыгаруу;
- - комиссиянын курамына резервдеги жергиликтүү өзү-өзү башкаруу органынын өкүлү Халилова Абидахон Зунинивнаны киргизүү.
Чечим Нарын шаардык жана Араван аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: Ч. Кудайбергенованын, Г. Тилекматованын, С. Сулайманованын арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүу боюнча шайлоо комисиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-18-19-беренелери боюнча, “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө” КР мыйзамынын 21-1-беренелеринин 1-бөлүгүнүн 4-пункту боюнча, КР БШКсынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375-токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана алып барууунун эрежеси жөнүндө” Жобого таянуу менен кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
07-Сен, 2020