КР Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого добуш берүүнүн жыйынтыгын бекитти.
КР БШКнын 2020-жылдын 17-августундагы №166-токтому боюнча Сокулук районундагы Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо ушул жылдын 1-сентябрында болуп өттү.
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 1-сентябрындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколунда добуш берүүгө Сокулук айылдык кеңешинин 21 депутатынын 16сы катышкандыгы жазылган. Добуш берүүдө Б. Бактыбаев 11 добуш алып, “бардыгына каршы” позициясына 5 депутат добуш берген.
Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча арыздар түшкөн эмес. Боршайком бул шайлоону таануу чечимин кабыл алды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
07-Сен, 2020