Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
"Ыйман Нуру" Адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен бир талапкер чыгарылды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында "Ыйман Нуру" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө арызынын негизинде Абдрасулов Мухаммед Жеңишбаевичти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечими кабыл алынды.
Чечим "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык, Абдрасулов Мухаммед Жеңишбаевичтин 2020-жылдын 9-сентябрындагы кир.№ 06/1917 талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө жеке арызынын негизинде кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Араван АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
Бүгүн, 2020-жылдын 11-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ош облусунун Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды:
- комиссиянын курамынан Жарматов Элдарбек Искандаровичти ("Ата Мекен" саясий партиясынан) чыгаруу;
- резервден комиссиянын курамына Токтосунов Төрөбек Гуломжоновичти (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизүү.
Чечим Араван аймактык шайлоо комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык берген сунушунун негизинде кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Ош шаарындагы үч шайлоо участогунун дарегин өзгөрттү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 11-сентябрындагы отурумунда Ош шаарындагы төмөнкү шайлоо участкаларынын даректерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды:
• № 5311 шайлоо участогу Зайнабетдинов көчөсүндөгү № 2 Үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратынан Ж. Райымбеков көчөсү, 106а дарегиндеги “Мол Булак” бала бакчасынын имаратына көчүрүү;
• № 5908 кошумча шайлоо участогу Мамыров көчөсү, 88а дарегиндеги "Асан-Үсөн" жеке ишканасынын имаратынан Мамыров көчөсү, 97 дарегиндеги "Аяна" жеке ишканасынын имаратына көчүрүү;
• № 5910 кошумча шайлоо участогу Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин "Черемушки" кичи районундагы Моминов көчөсү, 148а дарегиндеги имаратынан "Черемушки" кичи районундагы Моминов көчөсү, 181 дарегиндеги "Кыргызстан" кинотеатрынын имаратына көчүрүү.
Чечим Ош аймактык шайлоо комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Ош шаарындагы № 5311, № 5908, № 5910 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча кайрылуусунун, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарынын негизинде кабыл алынды.
Ош аймактык шайлоо комиссиясына Ош шаардык мэриясы менен биргеликте шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Чүй айыл өкмөтүнүн башчысына кайрадан шайлоо дайындады
Бүгүн, 2020-жылдын 11-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону мурда катталган талапкерлерге кайрадан шайлоо белгилөө тууралуу токтомун кабыл алды.
Шайлоо 2020-жылдын 28-сентябрына саат 9:00дон 12:00го чейин дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 28-августундагы № 182 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2020-жылдын 11-сентябрында кворумдун жоктугунан өтпөй калган.
Чечим "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобого ылайык кабыл алынды.
Чүй аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону уюштуруу жана камсыз кылуу тапшырылды:
- добуш берүү бөлмөсүн жана андагы буюмдарды дезинфекциялоого;
- шайлоо процессинин катышуучуларынын ортосунда 1,5-2 метр аралыкты сактоо үчүн белгилерди белгилөө;
- кире бериште жана шайлоо бюллетендерин берүү учурунда тазалоочу каражаттар менен камсыздоо;
- шайлоо катышуучуларынын дене табын контактсыз термометр менен өлчөнүшүн камсыз кылуу;
- шайлоо процессинин катышуучуларына бир жолу колдонулуучу бет каптарды жана кол каптарды берүү;
- колдонулган материалдарды жана объекттерди дезинфекциялоону уюштуруу.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөн жок
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 28-августундагы отурумунда Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо үчүн мурда катталган талапкерлерге кайрадан шайлоону 2020-жылдын 11-сентябрына белгилөө жөнүндө чечим кабыл алган.
Анда, Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо, КРнын БШКнын 2020-жылдын 12-августундагы № 163 токтому менен 2020-жылдын 28-августуна дайындалып, ал шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өтпөй калгандыгынан, кайрадан дайындалган. 2020-жылдын 11-сентябрындагы шайлоодо жалпы 21 депутаттын ичинен 6 депутат катышкан, 15 депутат катышкан эмес.
Шайлоо кворум жоктугуна байланыштуу кайра өткөн жок.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жана КМШга мүчө өлкөлөрүнүн Парламенттер Аралык Ассамблеясынын кеңеши менен шайлоонун ачыктыгын жана аныктыгын камсыздоону талкуулашты
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңеши жана демократиянын өнүгүүсүнө, парламентаризмге жана КМШ ПАА мүчө-мамлекеттеринин жарандарынын шайлоо укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү боюнча эл аралык институтунун Бишкектеги филиалы менен биргеликте “Шайлоонун ачыктыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуунун заманбап технологиялары” деген аталышта эл аралык конференция өткөрдү.
Конференция эки аянтта - Бишкекте жана Санкт-Петербургда онлайн өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын БШК төрайымы Н.Шайлдабекова, КМШ ПАА Кеңешинин Катчылыгынын жетекчи - баш катчысы Дмитрий Кобицкий, КМШ ПАА Кеңешинин Баш катчысынын орун басары, КР ЖК ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев, КМШ ПАА ДӨМЭАИнин Бишкек филиалынын директору Исламбек Мурсабеков, КМШ ПАА ДӨМЭАИнин Бакуда, Ереванда жана Кишиневдогу филиалдарынын өкүлдөрү, Москвадан, Санкт-Петербургдан жана Билефельдден (ГФР) окумуштуулар жана эксперттер, КР БШК мүчөлөрү катышышты.
Кыргыз Республикасынын БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова санариптик технологияларды Кыргыз Республикасынын шайлоо тутумуна киргизүү жөнүндө, Кыргызстандын шайлоо моделинин артыкчылыктары жана жетишкендиктери жөнүндө айтып берди.
“Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун ачык-айкындыгына, калыстыгына жана ишенимдүүлүгүнө жетишүү үчүн, шайлоо процессине санарип технологияларын максималдуу киргизип жатат. Кыргыз Республикасында шайлоочулардын тизмесин түзүү жана шайлоого катышуу биометрикалык каттоонун негизинде жүргүзүлөт, бул манипуляцияларды жокко чыгарат жана шайлоочулардын ишенимин камсыз кылат. Добуш берүүнүн натыйжаларын эсептөө үчүн автоматтык эсептөөчү урналар жана кол менен эсептөө колдонулат. Тизме порталы (https://tizme.gov.kg/) иштелип чыкты, анда шайлоочулардын тизмелери, аймактар, жынысы, жаш курактары боюнча маалыматтар, ошондой эле шайлоочулардын тизмеси боюнча статистика камтылган, ал шайлоо мезгилинде күн сайын, ал эми шайлоо аралык мезгилде ай сайын жаңыланып турат», - деди Н.Шайлдабекова.
КМШ ПАА Кеңешинин Катчылыгынын Баш катчысы жана жетекчиси Дмитрий Кобицкий заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жарандардын өз укуктарын жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет, бирок ошол эле учурда деструктивдүү максаттарда колдонсо болот деп баса белгиледи.
«Учурда Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын эл аралык маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жаатында кызматташуу жөнүндө биргелешкен билдирүүсүн даярдоо жүрүп жатат, бул ушул маселенин олуттуу экендигин жана ага көңүл бурулгандыгын айгинелейт. Шайлоо процесстеринин ыкчам технологияланышы шайлоолорго байкоо жүргүзүү үчүн колдонулуп жаткан ыкмаларды жана критерийлерди кайра карап чыгуу жана аягына чыгаруу маселесин так көтөрүп чыкты», - деп белгилеп, КМШ ПААнын Өнүгүүсүнө Мониторинг жүргүзүү боюнча Эл аралык Институт КМШдан келген эл аралык байкоочулар үчүн сунуштарды жаңыртуунун үстүндө иштеп жаткандыгын баса белгиледи.
КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев маалыматтык технологияларды колдонуу аркылуу мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун, шайлоо процесстерин башкаруунун сапатын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүн, айрыкча шайлоонун ачыктыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууну белгиледи.
КР БШК башчысынын айтымында, алдыдагы 4-октябрдагы парламенттик шайлоого даярдык көрүү үчүн “Шайлоочулар кабинети” кызматы иштелип чыккан.
«Бул кызмат арыздарды берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен жарандардын жигердүү шайлоо укугун ишке ашыруу шарттарын жакшыртуу максатында иштелип чыккан. Системада электрондук арыз берүү жана каттоо үчүн керектүү маалыматтар, берилген арыздардын иштелип чыгуу статусу, шайлоочу дайындалган шайлоо участкасы жөнүндө маалыматтар, эскертүү, кыймылдын тарыхы бар», - деди Нуржан Шайлдабекова.
КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңешинин өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын БШК тарабынан иштелип чыккан, талапкерлер жана саясий партиялар жөнүндө шайлоочулардын ачыктыгын, жеткиликтүүлүгүн жана маалымдуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан (алардын программалары, биографиялык маалыматтары, шайлоо фонддору) жана шайлоо жараянын маалымдоо компоненттеринин бири болуп саналган “Талапкер” ресурсу сунушталды.
Шайлоодо колдонулган жабдыктарга, келген адамды аныктоого жана добуштарды автоматтык түрдө саноого өзгөчө көңүл бөлүндү.
“Автоматтык режимде добуш берүү аяктагандан кийин, маалыматтар корголгон байланыш каналдары аркылуу АЭУдан БШКнын борбордук серверине жөнөтүлөт. Участкалык шайлоо комиссияларындагы АЭУдагы 97% маалыматтар добуш берүү аяктагандан кийин 1,5 сааттын ичинде келип түшөт. Ошол эле учурда жалпы добуш берүү күнүндө маалыматтар Маалыматтык Шайлоо тутумунда такай жаңыланып турат жана баарына жеткиликтүү», - деди БШК жетекчиси.
Ленинград областынын (Россия) Шайлоо комиссиясынын төрагасы Михаил Лебединский мыйзамдарда жана эл аралык стандарттарда белгиленген шайлоону ачык жана айкын даярдоонун жана өткөрүүнүн талаптарын ишке ашыруу үчүн колдонулган ыкмалар жөнүндө айтып берди. Ленинград областында 13-сентябрда губернаторду шайлоодо негизги добуш берүү күнү белгиленди. Быйыл биринчи жолу, алар үч күндүн ичинде өтүп жатат.
«Өз ишинин ачыктыгын камсыз кылуу максатында шайлоо комиссиялары социалдык тармактарда жигердүү иштеп жатышат, шайлоо комиссияларынын жыйналыштары онлайн режиминде көрсөтүлүп жатат. Бардык шайлоо участоктору видео байкоо менен жабдылган, бюллетендерди автоматтык түрдө иштетүүчү 188 комплекс орнотулган, бул добуштардын дээрлик 27% ушул жол менен иштетүүгө мүмкүндүк берет. Быйыл биз ачык добуш берүүнүн үч жаңы түрүн уюштуруп жатабыз, эми аларды сыноодон өткөрүп жатабыз жана мындан ары өнүгүүгө жардам берет деп ишенебиз ”, - деп баса белгиледи Михаил Лебединский.
КМШ ПАА ДӨМЭАИнин эксперти, юридика илимдеринин доктору, профессор, Россия Федерациясынын илимге эмгек сиңирген ишмери Роман Ромашов "Шайлоо процессиндеги маалыматтык коопсуздук: заманбап чакырыктар жана коркунучтар, оптималдаштыруунун жолдору" аттуу докладын жаңы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жайылтууга байланыштуу маалыматты жайылтуу маселелерин мыйзамдык жөнгө салууну өркүндөтүү зарылдыгына арнады.
«Интернет мейкиндиги мамлекеттик юрисдикция менен чектелбейт жана мамлекеттер аны толук көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөткөн мамлекет, ал белгилеген эрежелердин чегинде иш алып барат жана маалымат агымдарын мыйзамсыз максаттарда колдонгон деструктивдүү күчтөр өз иш-аракеттеринде иезуиттердин “Максат каражатты актайт” принцибин жетекчиликке алышат, - деп Роман Ромашов көйгөйдү белгилеп, процесстин бардык катышуучуларынын чыныгы жоопкерчилиги алдында шайлоонун ачык-айкындуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу зарылдыгын баса белгиледи.
КМШ ПАА Кеңешинин катчылыгынын башчысынын орун басары - КМШ ПАА ДӨМЭАИнин директору, юридика илимдеринин доктору, профессор Иван Мушкет шайлоонун ачыктыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуунун курамдык бөлүгү катары шайлоочулардын укуктук нигилизмин жеңип чыгуунун маанилүүлүгү жөнүндө маселе көтөрдү. Ал укуктук нигилизмди жеңүү үчүн шайлоочулардын укуктук маданиятын жогорулатуу, шайлоочунун инсандык жигердүү позициясын калыптандыруу, айрыкча жаш шайлоочуга карата укуктук билим берүү менен алектенүү керек деген пикирин билдирди.
«Жаштар менен иштөө, аларды агартуу жана билим алуу бүгүнкү күндө өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда. Бул багытта КМШ Жаштар парламенттер аралык ассамблеясы көп иштерди жасап жатат. Жаш парламентарийлерде көптөгөн демилгелер бар, эми алар КМШ өлкөлөрүнүн жаштарын ар кандай деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын ишине тартуу маселелерин талкуулап жатышат», - деп баса белгиледи Мушкет. Ал ошондой эле шайлоочулардын арасында, өзгөчө жаштарды чөйрөсүндө окуу-консультативдик ишмердүүлүктү активдештирүү зарылдыгын белгилеп өттү.
«Байкоочуларды окутуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу үчүн атайын курстарды жана программаларды түзүү керек. Бул иш-чара КМШ өлкөлөрүндө болуп жаткан шайлоо өнөктүгүнө дал келиши керек », - деди институттун директору.
Россиянын Шайлоо Укугу Коомдук Институтунун (РШУКИ) Кеңешинин төрагасы, юридика илимдеринин кандидаты, Россия Федерациясынын эмгек сиңирген юристи Игорь Борисов өзүнүн "Шайлоо технологияларын өнүктүрүүнүн азыркы этабында мамлекеттердин шайлоонун ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуудагы милдети" деген сөзүндө шайлоо жол-жоболорунун техникалык өнүгүү темпин эске алуу менен, байкоо жүргүзүүнү жөнгө салуучу документтерге өзгөртүү киргизүү зарылдыгын белгиледи.
"Бүгүнкү күндө байкоо жүргүзүү институтуна байкоо жүргүзүүнүн жаңы технологияларына өтүүдө көмөктөшүү, шайлоонун натыйжаларынын аныктыгы жана ишенимдүүлүгү жөнүндө бардык күмөндөрдү жоюуга мүмкүндүк берүү менен, бул байкоо жүргүзүүнүн айрым стандарттарын иштеп чыгуу үчүн эл аралык аянтчаларда тиешелүү ишти талап кылат", - деди Игорь Борисов.
Мэриленд Университетинин (АКШ) доктору (PhD) Эмилбек Джураев шайлоодогу манипуляцияга себеп болгон факторлор жана аларды жеңүү жолдору жөнүндө айтып жатып, шайлоо жараянынын саясий жана коомдук процесстер менен ажырагыс байланышын белгиледи. Ал шайлоочулардын эркин бурмалоого алып келиши мүмкүн болгон системалык факторлорду, ошондой эле бул көрүнүштөрдү азайтууда технологиянын ролун баса белгиледи.
КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысынын кеңешчиси, юридика илимдеринин кандидаты Сергей Караваев аралыктан электрондук добуш берүүнү ишке ашыруу тажрыйбасына токтолду. Ал шайлоо тутумундагы жаңылыктарды, анын ичинде жаңы технологияларды колдонууга байланыштуу жаңылыктарды коомдук кабылдоодогу түшүнүксүздүктү белгиледи.
КМШ ПААнын Бишкек филиалынын директору Исламбек Мурсабеков болуп өткөн тегере столдо Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн укуктук статусунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө КМШ өлкөлөрүнүн тажрыйбасына таянып айтып берди. Ал белгилегендей, Шериктештик мейкиндигинде шайлоо тутумун өнүктүрүү жигердүү уланууда жана ошол эле учурда жаңы чакырыктар пайда болууда. Ал жакында эле пайда болгон социалдык тармактардагы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө кысым көрсөтүү көйгөйүнө жана бул көрүнүшкө каршы туруучу механизмдерди түзүү зарылдыгына көңүл бурду.
Билефельд университетинин илимий кызматкери (Германия) Анатолий Бояшов электрондук добуш берүү тутумун уюштуруу жана колдонуу ыкмаларын стандартташтыруу маселелерине токтолду. Эл аралык уюмдардын, КМШ ПААнын шайлоо процессинде маалыматтык технологияларды колдонуу стандарттарын иштеп чыгууда жана кабыл алууда ролун белгиледи.
"Электрондук добуш берүү тутумдарын колдонууну жөнгө салган эл аралык келишимдер жок болсо, шайлоону байкоо жүргүзүү тажрыйбасы бар эл аралык уюмдар, мисалы КМШ ПАА жаңы стандарттарды жана эрежелерди демилгелей алат”, - деп баса белгилеп, Анатолий Бояшов, ЕККУнун жана КМШнын маалыматтык-коммуникациялык тутумдардын аудити жана коммерциялык эмес уюмдардын электрондук добуш берүү тутумунун мониторингине катышууну консолидациялоо маселелерге карата мамилелеринин айырмачылыгына токтолду. ЕККУнун көрсөтмөлөрүндө иш жүзүндө коомдук уюмдардын байкоочуларынын иш-милдеттеринин эң маанилүүсү камтылган, ал эми КМШ алкагында маалыматтык-коммуникациялык тутумдардын туура иштешин текшерүү түздөн-түз байкоочуларга жүктөлгөн.
"Эл аралык мамилелердин мамлекеттик эмес катышуучуларында, корпорацияларда, учурда маалыматтарды чогултуу жана сактоо менен байланышкан адам укуктары компонентин бузгандыгы үчүн эч кандай жоопкерчилик жок", - деди эксперт.
Эл аралык конференциянын катышуучулары шайлоонун ачыктыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуунун заманбап технологияларын, шайлоо технологияларын өнүктүрүүнүн азыркы этабында мамлекеттердин шайлоонун ачыктыгын жана маалымдуулугун камсыз кылуудагы милдеттенмелери, манипуляцияларга жана аларды жеңүүгө өбөлгө түзгөн факторлор, чоң маалыматтардын көйгөйлөрү жана электрондук добуш берүү тутумдарын стандартташтыруу маселелерин талкуулашты.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
№
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
Шайлоону өкөрүү убактысы
Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөнөтү
Талапкерлердин каттоо мөнөтү
11 сентябрь 2020-жыл
Чүй облусу
Чүй району
1
Чүй айылдык
(кайра шайлоо)
9-00дөн 12-00 чейин
Саат 18-00гө чейин
04.09.2020 -жылы
Саат 18-00гө чейин
07.09.2020 -жылы
16 сентябрь 2020- жыл
Чүй облусу
Сокулук району
2
Гавриловка айылдык
9-00дөн 12-00 чейин
Саат 18-00гө чейин
09.09.2020 -жылы
Саат 18-00гө чейин
11.09.2020 -жылы
17 сентябрь 2020- жыл
Ысык-Көл облусу
Ысык-Көл району
3
Чоң-Сары-Ой айылдык
9-00дөн 12-00 чейин
Саат 18-00гө чейин
10.09.2020 -жылы
Саат 18-00гө чейин
12.09.2020 -жылы
21 сентябрь 2020-жыл
Чүй облусу
Чүй району
4
Ак-Бешим айылдык
9-00дөн 12-00 чейин
Саат 18-00гө чейин
14.09.2020 -жылы
Саат 18-00гө чейин
17.09.2020 -жылы
21 сентябрь 2020-жыл
Ысык-Көл облусу
Ысык-Көл району
5
Ананьев айылдык (кайра шайлоо)
9-00дөн 12-00 чейин
Саат 18-00гө чейин
11.09.2020 -жылы
Саат 18-00гө чейин
13.09.2020 -жылы
25 сентябрь 2020-жыл
Ош облусу
Өзгөн району
6
Ак-Жар айылдык
9-00дөн 12-00 чейин
Саат 18-00гө чейин
17.09.2020 -жылы
Саат 18-00гө чейин
19.09.2020 -жылы
25 сентябрь 2020-жыл
Ысык-Көл облусу
Ысык-Көл району
7
Бостери айылдык
9-00дөн 12-00 чейин
Саат 18-00гө чейин
17.09.2020 -жылы
Саат 18-00гө чейин
19.09.2020 -жылы
Кененирээк билүү >>
«Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалды
Бүгүн 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында БШКнын 2020-жылдын 7-июлундагы №18 чечими менен катталган «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан Урдавлетов Руслан Саадатовичти финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоону жокко чыгаруу жана ага берилген №8 каттоо күбѳлүгүн анык эмес деп таануу тууралуу чечим кабыл алды.
БШК «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Абыкеев Чынгыз Шейшенбековичти каттоону жана ага белгиленген үлгүдѳгү күбѳлүк берүүнү чечти.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын мурда сунуш кылган финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жана финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Абыкеев Чынгыз Шейшенбековичти каттоо тууралуу 2020-жылдын 7-чентябрында келип түшкѳн маалымдамасынын негизинде кабыл алынды.
КР БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК «Биримдик» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 2020-жылдын 9-сентябрында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республкасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо «Биримдик» демократиялык партиясы» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарынын тизмесин каттады.
Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, жарандардын жазуу жүзүндѳгү арыздарынын жана «Биримдик» демократиялык партиясы» саясий партиясынын сунуштамасынын негизинде кабыл алынды.
Биримдик» демократиялык партиясы» саясий партиясынан ишенимдүү адамдардын тизмеси
№
Ф. А.Ж.
Туулган датасы
1.
Качканаков Замир Барпыгулович
22.03.1975
2.
Узгенов Самарбек Торобекович
02.07.1965
3.
Жоробеков Таалайбек Дуйшенбекович
06.09.1969
4.
Абдыраимов Джекшеналы Бекманбетович
04.05.1957
5.
Торобеков Сабит Мухамеджанович
18.09.1970
6.
Аманов Тилеген Эркинович
17.01.1980
7.
Зарлыков Болот Съездбекович
15.11.1980
8.
Пахомов Александр Дмитриевич
05.12.1983
9.
Сыдыков Таалайбек Турарбекович
17.01.1968
10.
Эмилбеков Качкынбек
06.10.1952
11.
Жусупова Мээрим Рыскелдиновна
16.05.1980
12.
Субанбеков Амантур Жайлообекович
03.04.1989
13.
Шералиев Эркинбек Максатбекович
14.09.1989
14.
Орунбаев Талайбек Алишерович
13.05.1974
15.
Салихов Кенеш Каримович
04.11.1961
16.
Тажибаев Бабарахим
26.08.1955
17.
Рахматиллаев Лутфилла
12.07.1953
18.
Дыйканбаев Ыдырыс
01.09.1951
19.
Алмаматов Омурбек
10.05.1956
20.
Тойчуев Мирсаид Маматкалылович
25.05.1982
21.
Артыков Шамил Жусупович
05.06.1961
22.
Нышанбаев Болотбек Нуруллаевич
30.08.1981
23.
Молдалиев Ыдырыс Мусаевич
11.01.1954
24.
Кулназаров Руслан Арстанович
29.11.1981
25.
Ташиев Ураимжан
23.01.1955
26.
Суйумбаев Кудайберген Абдикалыкович
07.01.1963
27.
Жолчиев Абдыкадыр Алибаевич
14.11.1958
28.
Джолдошев Кубанычбек Ниязович
03.06.1960
29.
Сооронбаев Кайрат Манасбекович
22.08.1985
30.
Маматканов Кенещбек Апсалиевич
23.01.1966
31.
Ахмедов Курманбек Раманкулович
07.06.1959
32.
Сарыев Ыманалы
01.01.1959
33.
Сатыбалдиев Эралы Арыкбаевич
02.05.1956
34.
Айдаралиев Абдыбек Осмонбекович
21.07.1977
35.
Токтогулов Сабыржан Уезбаевич
07.01.1957
36.
Нышанов Кубанычбек Калдарович
21.11.1970
37.
Капаров Алмаз Жээнкулович
20.03.1977
38.
Асеков Нурбек Тилекович
10.04.1972
39.
Усеналиев Алмазбек Амангельдиевич
05.05.1967
40.
Баялиев Кебек Абдразакович
15.07.1958
41.
Бейшембиев Данияр Болотбекович
21.11.1986
42.
Онкобаев Бактыбек Кусейинович
23.06.1969
43.
Элеманова Жылдыз Алдаярбековна
03.02.1987
44.
Табалдиев Алишер Кадырбекович
18.06.1985
45.
Бейшембаев Мукаш Итикулович
27.11.1960
46.
Султангазиев Нарынбек Бактыгулович
27.03.1982
47.
Луконина Алина Николаевна
29.10.1987
48.
Айтматов Куштарбек Суюнбаевич
12.09.1977
49.
Погиба Юрий Леонидович
14.08.1965
КР БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК “Мекенчил” саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 9-сентябрында ѳзүнүн жыйынында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республкасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо “Мекенчил” саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жѳнүндѳ чечим кабыл алды.
Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, жарандардын жазуу жүзүндѳгү арыздарынын жана «Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын сунуштамасынын негизинде кабыл алынды.
«Мекенчил» саясий партиясынан ишенимдүү адамдардын тизмеси
№
Ф.А.Ж.
Туулган датасы
Сыргабаев Батырбек Токтогулович
30.01.1985
Мамасадыков Нургазы Карабекович
01.09.1985
Тайчабаров Заирдин Ормонович
16.08.1964
Асанбаев Тилекберди Чынтемирович
01.05.1959
Беккулиев Бактыбек Ибраимович
19.10.1969
Шатманова Айтбу Эсеновна
09.03.1965
Былыкова Гулжамал Максатовна
10.08.1971
Бекимбетов Эрмек Усупбекович
06.02.1987
Сагынбаев Авасбек Апсаматович
17.07.1950
Маматов Рустам Нийматилаевич
25.04.1983
Сыргабаев Абдусамат Токтогулович
26,08.1988
Мамаюсупов Эркинбек Абдимиталипович
07.02.1978
Омурзаков Нурбек Абдикаримович
20.04.1973
Маатжакыпов Акматбек Кимсанович
25.07.1966
Сопубеков Арстанбек Шадибекович
08.07.1985
Матисаков Байгазы Абдигапарович
13.01.1990
Маарамов Тынчтыкбек Шарабидинович
01.06.1986
Доулбеков Нурлан Турсуналиевич
28.09.1955
КР БШК ммалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
А.Б. Конутаев БШКда «Мекеним Кыргызстан» партиясынан ѳкүл болуп катталды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 9-сентябрында ѳзүнүн жыйынында Конутаев Алмаз Болушевичти «Мекеним Кыргызстан» партиясынын КР БШКдагы ѳкүлү кылып каттады.
Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык «Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын сунуштамасынын негизинде кабыл алынды.
БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
“Республика” саясий партиясынын жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 9-сентябрындагы өз жыйналышында “Республика” саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Исмаилов Анарбек Касымовичтин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.
БШКнын чечими менен анын ордуна “Республика” саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Туржанов Арстанбек Жапарбекович катталды.
Чечим мурда сунушталган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жана шайлоо боюнча жаңы ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындоо жөнүндө “Республика” саясий партиясынан 2020-жылдын 9-сентябрында келип түшкөн билдирүүнүн негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
“Ыйман Нуру” саясий партиясынын жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалды
Бүгүн – 2020-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясынан БШКнын 2020-жылдын 10-августундагы №70 чечими менен катталган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Мурзакулов Бекболот Муктарбековичтин каттоосун жокко чыгаруу жана ага берилген №98 каттоо күбөлүгүн анык эмес деп таануу жөнүндө чечим кабыл алды.
БШК “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Эркебаев Нурбек Турдалиевичти каттоо жөнүндө чечим чыгарды.
Чечим “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү” саясий партиясынын мурда сунушталган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Эркебаев Нурбек Турдалиевичти дайындоо жөнүндө жөнүндө 2020-жылдын 8-сентябрында келип түшкөн билдирүүсүнүн негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК М.Ю. Володинаны “Чоң казат” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды
Бүгүн – 2020-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Володина Марьяна Юрьевнаны “Чоң казат” саясий партиясынан КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарды.
Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Володина Марьяна Юрьевнанын 2020-жылдын 8-сентябрындагы талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө кат жүзүндөгү кириш №06/1893 арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу тобунун чечимин эске алып, кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК К.А. Турдукожоев менен Р.К. Кожобаевди “Ыйман Нуру” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды
Бүгүн – 2020-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Турдукожоев Кубанычбек Асанбековичтин жана Кожобаев Руслан Курманбековичти “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынан КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарды.
Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, К.А. Турдукожоев менен Р.К. Кожобаевдин 2020-жылдын 7-сентябрындагы талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө кат жүзүндөгү кириш №06/1853 жана № 06/1854 арыздарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу тобунун чечимин эске алып, кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Лейлек, Чаткал жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 9-сентябрдагы жыйынында Лейлек, Чаткал жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү токтомун кабыл алды.
Токтом Лейлек, Чаткал ТШКларынын мүчөлөрү К. Саюнованын, Э. Бердиевдин жана А. Кулиевдин комиссиялардын курамынан чыгаруу жөнүндөгү арыздарынын жана Ноокат ТШКнын көрсөтүүсүнүн негизинде кабыл алынды.
Лейлек ТШКсына “Кыргызстан” саясый партиясынан К. Саюнованын, “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынан Э. Бердиевдин ордуна жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү Т. Джемуратов жана Г. Рузибаев резервден комиссиянын курамына киргизилди.
Ал эми Чаткал ТШКсына жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын өкүлү А. Кулиевдин ордуна резервдеги жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын өкүлү Т. Дадабаев комиссия курамына кирди.
Ноокат ТШКсына жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынан Г. Нишанбаеванын ордуна резервдеги жергиликтүү өзү-өзү башкаруу органынын өкүлү Т. Молдобаев комиссия курамына кирди.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
02.10.2026
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02.10.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
01.10.2026
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01.10.2026
КР БШКнын бөлүм башчысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды
28.09.2026
Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу