Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоодо коомдук байкоочуларды каттады
14.09.2020

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоодо коомдук байкоочуларды каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Эгль” коомдук фондунан 2020-жылдын 17-августундагы №77 чечими менен катталган коомдук байкоочуну каттоону жокко чыгаруу жана ушул чечим күчүнө кирген учурдан тартып анын №5с  күбөлүгүн жараксыз деп таануу чечимин кабыл алды. КР БШК 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине “Эгль” коомдук фондунан белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү менен төмөнкү коомдук байкоочуларды каттоону чечти: - Өмүрканова Чолпон Аскербековнаны, · Медетов Мирлан Кубатовичти. Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин,  “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 2-июлундагы №139 ПЖ Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы №226 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин  депутаттарын шайлоодо жана референдумда коомдук байкоочулардын каттоо тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
БШК бир талапкерди “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды
14.09.2020

БШК бир талапкерди “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 14-сентябрындагы жыйналышында Муратбек кызы Айперини “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Чечим Муратбек кызы Айперинин 2020-жылдын 12-сентябрындагы талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө кириш №06/1981 жеке арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы “Биримдик” (Единство)”демократиялык партиясы” саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады
14.09.2020

Борбордук шайлоо комиссиясы “Биримдик” (Единство)”демократиялык партиясы” саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады

Бүгүн – 2020-жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоодо “Биримдик” (Единство)”демократиялык партиясы” саясий партиясынын төмөнкү ишенимдүү адамдарын каттоо чечимин кабыл алды: №   Ф. А. А. Туулган датасы   Джабиев Болот Асыкбаевич 04.12.1959   Апосту Владимир Андреевич 19.05.1958   Кыдырмаев Боскун Эсеналиевич 22.06.1961   Жанпейишов Омурбек Абдылдаевич 24.10.1974   Гайыпов Бектур Абдипаттович 05.09.1981   Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевич 02.10.1976   Тынымсеитова Сырга Мырзагуловна 03.10.1976   Бухман Леонид Юльевич 10.11.1965   Качканаков Замир Барпыгулович 22.03.1975   Осмоналиев Сталбек Асанканович 31.03.1964   Тентиев Мирбек Жоодатбекович 24.11.1985   Момунбеков Бектурсун Жылдызович 15.07.1969   Эдилов Талантбек Расабекович 29.07.1980   Тургамбаев Тойчубек Жумадилович 16.09.1965   Казыкеев Мырзабек Кожобекович 14.03.1956   Чечим жарандардын кат түрүндөгү арыздарынын жана “Биримдик” (Единство)”демократиялык партиясы” саясий партиясынын 2020-жылдын 12-сентябрындагы кириш №06/1982 сунуштамасынын негизинде ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 8-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү       
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы “Мекенчил” саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады
14.09.2020

Борбордук шайлоо комиссиясы “Мекенчил” саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады

Бүгүн – 2020-жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоодо “Мекенчил” саясий партиясынын төмөнкү ишенимдүү адамдарын каттоо чечимин кабыл алды: № Ф. А. А. Туулган датасы   Гайыпов Асан Абдырахманович 02.03.1983   Сатыев Медербек Асанбекович 03.03.1974   Карабаев Азизбек Шавкатжанович 30.10.1987   Апыев Талантбек Мамытович 31.08.1970   Эгембердиев Талантбек Мураталиевич 20.06.1969   Аленов Бахпурбек Абдыкарович 17.01.1968   Жапаров Калыбек Арзибекович 13.10.1970   Ашым улу Самарбек 21.04.1982   Рашитова Наргиза Сабиржановна 29.07.1983   Шайбылдаев Кутманбек Маматкасымович 17.07.1984   Шайбылдаев Акылбек Маматкасымович 15.02.1969   Шайбылдаев Аскарали Маматкадырович 14.01.1981   Токоев Акылбек Азизбекович 02.09.1969   Шайбылдаев Дастанбек Маматкадырович 25.02.1979   Ормотоев Уланбек Аттокурович 26.12.1979   Бегимкулов Жумаадыл Искендербекович 27.07.1989   Адилбек кызы Гулнура 04.02.1995   Сатыев Чынгыз Асанбекович 28.11.1987   Машрапов Жаныбек Даданович 20.01.1960 Чечим жарандардын кат түрүндөгү арыздарынын жана “Мекенчил” саясий партиясынын 2020-жылдын 12-сентябрындагы кириш №06/1976 сунуштамасынын негизинде ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 8-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы “Ата Мекен” социалисттик саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады
14.09.2020

Борбордук шайлоо комиссиясы “Ата Мекен” социалисттик саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 14-сентябрдагы өз жыйналышында жарандардын кат түрүндөгү арыздарынын жана “Ата Мекен” социалисттик саясий партиясынын 2020-жылдын 11-сентябрындагы кириш №06/1971 сунуштамасынын негизинде 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоодо “Ата Мекен” социалисттик саясий партиясынын төмөнкү ишенимдүү адамдарын каттоо чечимин кабыл алды: №   Ф. А. А Туулган жылы 1 Молдокулова Уулкан Кубатовна 27.09.1991 2 Ташбалтаев Көчкөнбек Махматович 28.08.1984 3 Ратбеков Эрлан Русланович 21.08.1997 4 Ашурова Разия Кочкоровна 10.03.1958 5 Ашурова Канайым Рахимовна 13.02.1986 6 Шарапов Бейшенали Асамидинович 08.08.1995 7 Алишеров Алтынбек Кадырбекович 19.09.1994 Чечим ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 8-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
М.Ж. Жусупбеков Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты болуп калды
14.09.2020

М.Ж. Жусупбеков Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты болуп калды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 14-сентябрындагы жыйналышында Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги бош депутаттык мандатты шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитти. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан бош депутаттык мандатты саясий партиядан (“Ата-Журт” деп.фракциясы) катталган талапкерлердин тизмесинен шайланган депутаттардан кийинки талапкер Жусупбеков Максатбек Жаныбековичке (№8) өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган. БШК чечими  “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү        
Кененирээк билүү >>
Жайыл жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
14.09.2020

Жайыл жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 14-сентябрдагы жыйналышында Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды: “Замандаш” саясий партиясынан Абдылдаев Талгат Кылычбекович, “НУР” саясий партиясынан Дуйшенбаев Мурашынбек Курманкулович, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан Айдарканов Багдад Жумшатбекович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Жумадилдеева Назгуль Жумадилдеевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Сатаев Нуридин Асанбекович, Токсобаева Зульфия Чолпонкуловна, Кененсариева Гульназ Бекболотовна, Урмолдоева Гульнара Барыктабасовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин. БШК Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды: жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Фаст Екатерина Петровна, Жаныш кызы Назира, Өмуралиев Эрлан Картаңбекович, Жыргалбаев Нурбек Усенкулович, “Калыс” саясий партиясынан Айдралиева Айжан Камчыбековна, “Биримдик” саясий партиясынан Ногоев Нурмат Болотханович комиссиянын курамынан чыгарылсын; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Аблаев Бектен Турсуналиевич, Касымалиев Ыса Мырзабекович, Жумагулова Светлана Өскуловна, Ранат уулу Мирбек, “Народная” саясий партиясынан Адылов Самат Муратович, “Ак-Шумкар” саясий партиясынан Камбарова Динара Мурадовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин. Чечим Жайыл жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комисиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК сегиз шайлоо участкасынын дарегин өзгөрттү
14.09.2020

БШК сегиз шайлоо участкасынын дарегин өзгөрттү

2020-жылдын 14-сентябрындагы отурумунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоо участкаларынын төмөнкү даректерин өзгөртүү боюнча чечим кабыл алды: Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Туз айыл аймагынын № 7132 шайлоо участогунун дареги: Осмонов көчөсүндөгү маданият үйүнүн имаратынан, А.Айталиев атындагы Туз орто мектебинин имаратына; Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл аймагынын № 7142 шайлоо участогунун дареги: Логвиненко айыл өкмөтүнүн имаратынан Кирпичная көчөсү, 2 дарегиндеги "Алтын Балалык" бала бакчасынын имаратына; Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл аймагынын № 7136 шайлоо участогунун дареги: Жакишев көчөсүндөгү Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн имаратынан Тайкашкаев көчөсү, 27 дарегиндеги О.Бөлөбалаев атындагы орто мектебинин имаратына; Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл аймагынын № 3100 шайлоо участогунун дареги: Ленин көчөсүндөгү клубдун имаратынан Ленин көчөсүндөгү Качыбек атындагы орто мектебинин имаратына; Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл аймагынын № 3112 шайлоо участогунун дареги: Өмүралы көчөсүндөгү клубдун имаратынан Асанбай көчөсүндөгү Алышпаев атындагы орто мектебинин имаратына; Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл аймагынын № 3106 шайлоо участогунун дареги: Ленин көчөсүндөгү М.Жусупов атындагы орто мектебинин имаратынан Арык-Мырза көчөсүндөгү клубдун имаратына; Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Булуң айыл аймагынын № 3104 шайлоо участогунун дареги: Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн имаратынан Ажын шоссесинин боюндагы Туманов атындагы орто мектебинин имаратына; Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл аймагынын № 3128 шайлоо участогунун дареги: Рахмат көчөсүндөгү Эшимбеков атындагы орто мектебинин имаратынан Рахмат көчөсүндөгү Кара-Жал айыл өкмөтүнүн имаратына. Чечим "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоо участкаларынын айрым даректерин өзгөртүү боюнча кайрылууларынын негизинде кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо күнүн белгиледи
14.09.2020

БШК Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо күнүн белгиледи

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 14-сентябрындагы отурумунда Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады. Шайлоо 2020-жылдын 2-октябрында саат 9:00дон 12:00го чейин өтөт. Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 337-р буйругу менен Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Чоодуев Уран Казымбекович каза болгондугуна байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону дайындоо жөнүндө чечимди "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык кабыл алды. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыз кылуу жана көзөмөлдөө, бир жолу колдонулуучу бет каптарды колдонуу, дезинфекциялоочу, спирт камтыган антисептик менен колду тазалоо) тапшырылды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Россиядагы мекендештерге мобилдүү топтор шайлоо укуктарын ишке ашырууга жардам берет
14.09.2020

Россиядагы мекендештерге мобилдүү топтор шайлоо укуктарын ишке ашырууга жардам берет

Чет мамлекеттерде жашаган жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууга жардам берүү үчүн мобилдүү топтор ишин баштады. Мобилдүү топтор КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын КР Тышкы иштер министрлиги, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргелешип, 2020-жылдын 4-октябрында боло турган КР ЖК депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү алкагында уюшулган. Бул демилге ПРООНдун, Миграция боюнча эл аралык уюмдун (МОМ) жана Германиянын өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашууда.   Мобилдүү топтор алдыда турган парламенттик шайлоолорду уюштуруу иштери, анын ичинде жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү, чет өлкөлөрдө жайгашкан даректер жана шайлоо участокторунун саны, жарандарды консулдук каттоого коюу, биометрикалык каттоо боюнча маалыматтык түшүндүрүү иштерин аткарып жатышат.   “КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участоктору дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана мамлекеттик органдардын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүндө Тышкы иштер министрлигинин сунушу жана аккредиттелген мамлекеттер менен макулдашуу боюнча түзүлөт. Чет мамлекеттерде жашаган Кыргызстандын жарандарынын шайлоо мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн, чет өлкөлөрдө 44 шайлоо участогу түзүлгөн, анын ичинен биринчи жолу Россиянын Иркутск, Сургут, Южно-Сахалинск, Якутск шаарларында, ошондой эле Италия менен Францияда да ачылган. Мобилдүү топтордун ишти эрте баштоосу пландалган, бирок пандемия шартында  авиакаттамдардын жабыктыгынан улам, топтун чыгуусу рейстердин ачылышына жараша уюштурулат. Биринчи мобилдүү топ ушул жылдын 22-августунан 28-августка чейин Түркиянын Бурса, Измир, Бодрум, Анталья, Анкара жана Стамбул шаарларында мекендештер менен жолугушуп, биометрикалык каттоо жүргүзгөн. Ал эми 4-7-сентябрда АКШнын Чикаго жана Сан-Франциско шаарларында, 5-10-сентябрда Италиянын Неаполь, Болонья жана Кальяри шаарларында биометрикалык каттоо жүргүзүлгөн. 12-сентябрдан тарта мобилдүү топтор Россияда иштей башташты. Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Челябинск шаарларында жолугушуулар болуп өттү. Россиянын шаарларында пландалган кезектеги жолугушуулар: 14 -сентябрда Курган шаарында 14-сентябрда Хабаровск шаарында 14-же 15-сентябрда Москва шаарында 15-сентябрда Казань шаарында 15-сентябрда Тюмень шаарында 15-сентябрда Южно-Сахалинск шаарында 16-сентябрда Сургут шаарында 16-сентябрда Владивосток шаарында 17-сентября Якутск шаарында өтөт. Кыргыз Республикасынын жараны болуп, биометрикалык каттоодон өтүп жана жакынкы дипломатиялык өкүлчүлүктө же консулдук мекемеде консулдук каттоого турган адам автоматтык түрдө https://shailoo.gov.kg/ru/konstitucionnye-zakony-kr/konstitucionnye-zakony-kr/O_vyborah_Pr-1913/ шайлоочулардын тизмесине киргизилет. Консулдук каттоого туруу үчүн документтердин топтомун жыйнап алып чет өлкөдөгү мекемеге ар ким жеке өзү келиш керек же КРдин чет өлкөдөгү мекемесинин расмий электрондук сайтына сканирленген документтерди же КР ТИМ порталына  - https://mfa.gov.kg “Консулдук каттоо” маалыматтык системасы менен жөнөтүү керек. Консулдук төлөмдөр консулдук каттоого тургандыгы үчүн алынбайт.   Жарандардын шайлоочулардын тизмесине киргендиги тууралуу маалыматты «Тизме» http://www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталы аркылуу шайлоо учурунун убактысында КР дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин аймактарындагы шайлоо участокторунан билүүгө болот. Консулдук каттоо жана биометрикалык каттоодон өтүү процедуралары боюнча толук маалыматты  https://shailoo.gov.kg/ru/golosovanie-za-rubezhom/materialy/ шилтемеси аркылуу кирип билсе болот. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 13-сентябрына карата шайлоочулардын тизмеси боюнча маалымат
14.09.2020

2020-жылдын 13-сентябрына карата шайлоочулардын тизмеси боюнча маалымат

2020-жылдын 4-октябрына дайындалган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмесиндеги саны: 3 465 415, бул: - шайлоочулардын алдын ала түзүлгөн тизмесине салыштырганда (шайлоочулардын саны 3 429 043) 36 372ге өскөн (1,1%); - 2015-жылдын 4-октябрындагы КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого салыштырмалуу (шайлоочулардын саны 2 761 297) 704 118ге өскөн (25,5%); - 2017-жылдын 15-октябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого салыштырмалуу (шайлоочулардын саны 3 025 770) 439 645ке өскөн (14,5%); 12/09/2020-жылга карата шайлоочулардан (форма 1 жана 2) түшкөн арыздардын саны: Форма 2 боюнча - - "Шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу электрондук форматта 11 264: 237 арыз шайлоочулар тарабынан жокко чыгарылган; 389 арыз системдүү администраторлор тарабынан жокко чыгарылган; 8 365 арыз иштелип чыккан; 2 247 арыз иштелүүдө. - ШКУга атайын 253 006 арыз: 192 519 арыз иштелип чыккан; Дагы иштелүүдө 60 487 арыз бар.  Жалпы суммасы 264 270 арыз шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети тууралуу (шайлоочулардын жалпы санынан 7,63% пайызы) түшкөн.   Форма 1 боюнча - - "Шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу электрондук форматта- 12; - ШКУга атайын 3 835 арыз;  3 847 арыз өзүнүн шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматын тактоо боюнча түшкөн.
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 14-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
13.09.2020

2020–ж. 14-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы:  14 сентябрь 2020-ж.                                                                                                Убактысы: 15:00                                                                                                Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 2. Чүй облусунун Ысык-Ата, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын аймагындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө  (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 3. Жайыл жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 4. Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу  (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 5. «Ата Мекен» саясий Социалисттик партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 6. «Мекенчил» саясий  партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 7. «Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы»                                    саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 8.«Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерди чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 9. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 10. С.У. Абдрахмановдун арызы жөнүндө (баяндамачы – Уметалиев К.К., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү ) 11. Д. Джусуповдун кайрылуусу жөнүндө (баяндамачы – Уметалиев К.К., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү ) 12.  Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясында ДМЧ шайлоочулардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча чаралар талкууланды
12.09.2020

Борбордук шайлоо комиссиясында ДМЧ шайлоочулардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча чаралар талкууланды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча Жумушчу тобунун жыйналышында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын (ДМЧШ) шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча чаралар каралды. “Саясий партияларга карата жалпы нускасынын 1%ынан аз эмес саны ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар үчүн окуганга ыңгайлуу чоңойтулган арипте, сурдокотормону же субтитрди колдонуу, ошондой эле Брайль арибин же атайын каражаттарды колдонуу менен басылып чыккан үгүт материалдарын жарыялоо жана таркатуу талабы алдыдагы парламенттик шайлоонун жаңылыгы болуп саналат. Мындан тышкары, парламенттик шайлоону даярдоо алкагында тиешелүү УШКлар жана АШКлар социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте ар бир шайлоо участогу боюнча ДМЧШлардын муктаждык картасын түзүп, ага ар бир шайлоочунун жеке муктаждыктары (пандус, лупа ж.б.) жана добуш берүү үчүн жайдын жеткиликтүүлүгүн баалоо киргизилди“, - деп белгиледи КР БШК Төрагасы Н. Шайлдабекова.  БШК ДМЧШлардын муктаждыктарын эске алуу менен добуш берүү үчүн жайларга карата төмөнкүдөй атайын талаптарды иштеп чыкканы айтылды: столдор, добуш берүүчү кабиналар жана урналар, ошондой эле маалыматтык такталар кресло пайдалануучу же өз алдынча кыйынчылык менен кыймылдаган шайлоочуларга жеткиликтүүлүк камсыздалгандай жайгаштырылышы керек (бийиктиги, туурасы, жайгашуусунун узатасы жана орду боюнча); добуш берүүчү бир кабина бийиктиги полдун деңгээлинен 75 смден кем эмес бийиктикте, туурасы 40 смден кем эмес жана узатасы 30 смден кем эмес бюллетень толтуруучу орун (столчо, такта, буюм койгуч ж.б.) менен жабдылышы керек; добуш берүү үчүн жайларда (бери дегенде добуш берүү үчүн бир кабинада) чоңойтуп көрсөтүүчү айнекти (лупа) жана/же Брайль трафаретин жайгаштыруу керек, кошумча жарык берүү, стулдар дагы каралышы абзел; добуш берүү үчүн урналар (АЭУ) добуш берүү үчүн жайда турган адамдар бюллетендеги белгилерди көрбөгөндөй болуп, добуш берүү үчүн атайын жабдылган кабинадан бир жарым метрден ашык эмес аралыкта жайгаштырылышы керек. Жыйналышта айтылгандай, КР БШК иштеп чыккан жана ишке ашырып жаткан 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясында шайлоонун инклюзивдүүлүгүн жакшыртуунун маанилүү өңүтү катары добуш берүү үчүн шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгүнөн, ДМЧ шайлоочуларды эсепке алуудан баштап, ДМЧШларга атайын форматта маалымдоо жана аларды үгүттөө боюнча чараларды кошо алганда ДМЧШлардын шайлоо укуктарын комплекстүү камсыздоо белгиленген. Стратегияда жайлардын жеткиликтүүлүгү, маалымдоо стандарттары ж.б. тууралу конкреттүү ченемдик жазма буйруктар белгиленген. Учурда Стратегияда каралган КР шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча бардык иш-чаралар (ДМЧШларга тийиштүү) толук аткарылды. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматтары боюнча бүгүнкү күндө 72 583 ДМЧШ майыптыгы боюнча жөлөкпул алуучу болуп саналат. Социалдык өнүктүрүүнүн алты мекемесинде 342 ДМЧШ бар. КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
БШК "Реформа" саясий партиясынын ишенимдүү адамын каттады
11.09.2020

БШК "Реформа" саясий партиясынын ишенимдүү адамын каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 11-сентябрында өткөн жыйынында 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо "Реформа" саясий партиясынан Бөрүбаев Болот Давлетбековичти ишенимдүү адамы катары каттоо чечимин кабыл алды. Чечим "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Бөрүбаев Болот Давлетбековичтин жазуу жүзүндөгү арызынын жана "Реформа" саясий партиясынын сунушунун негизинде кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
БШК "Реформа" саясий партиясынын өкүлүн каттады
11.09.2020

БШК "Реформа" саясий партиясынын өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 11-сентябрындагы отурумунда 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо "Реформа" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы өкүлү катары Борончиев Азамат Самагановичти каттоону чечти. Чечим "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, "Реформа" саясий партиясынын сунушунун негизинде кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК "Ата Мекен" Социалисттик саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады
11.09.2020

БШК "Ата Мекен" Социалисттик саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 11-сентябрында өткөн жыйынында 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо "Ата Мекен" Социалисттик саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады. Алар: № Ф. А. А. Туулган жылы 1. Уметалиев Нурбек Жаныбекович 05.02.1979 2. Иманбеков Бакытбек Иманбекович 10.08.1954 3. Березюк Александр Яковлевич 10.12.1959 4. Нышанкулов Абдилмурат Момунжанович 20.03.1967 5. Усупбаев Азамат Токтосунович 17.12.1980 6. Абдылдаев Мэлис Кадикеевич 16.05.1987 7. Эмилов Темир Аттокурович 05.04.1964 8. Калпетов Бактыбек Имамадиевич 22.05.1975 Чечим "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, "Ата Мекен" Социалисттик саясий партиясынын жарандардын жазуу жүзүндөгү арыздарынын сунушунун негизинде кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 302 304 … 483