Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөн жок

11 сентября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 28-августундагы отурумунда Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо үчүн мурда катталган талапкерлерге кайрадан шайлоону 2020-жылдын 11-сентябрына белгилөө жөнүндө чечим кабыл алган.

Анда, Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо, КРнын БШКнын 2020-жылдын 12-августундагы № 163 токтому менен 2020-жылдын 28-августуна дайындалып, ал шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өтпөй калгандыгынан, кайрадан дайындалган. 2020-жылдын 11-сентябрындагы шайлоодо жалпы 21 депутаттын ичинен 6 депутат катышкан, 15 депутат катышкан эмес.

Шайлоо кворум жоктугуна байланыштуу кайра өткөн жок.

КР БШК маалымат бөлүмү