Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 9-сентябрында ѳзүнүн жыйынында Конутаев Алмаз Болушевичти «Мекеним Кыргызстан» партиясынын КР БШКдагы ѳкүлү кылып каттады.
Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык «Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын сунуштамасынын негизинде кабыл алынды.
БШК маалымат бѳлүмү