“Ыйман Нуру” саясий партиясынын жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалды

10 сентября 2020

Бүгүн – 2020-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясынан БШКнын 2020-жылдын 10-августундагы №70 чечими менен катталган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Мурзакулов Бекболот Муктарбековичтин каттоосун жокко чыгаруу жана ага берилген №98 каттоо күбөлүгүн анык эмес деп таануу жөнүндө чечим кабыл алды. 

БШК “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Эркебаев Нурбек Турдалиевичти каттоо жөнүндө чечим чыгарды.

Чечим “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү” саясий партиясынын мурда сунушталган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Эркебаев Нурбек Турдалиевичти дайындоо жөнүндө жөнүндө 2020-жылдын 8-сентябрында келип түшкөн билдирүүсүнүн негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү