БШК Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандатын Карыбеков Арзыбек Кенжекуловичке тапшырды
21 октября 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандаты болгондуктан, “Республика – Ата Журт” саясий партиясынын катталган талапкерлеринин тизмесиндеги кийинки талапкер Карыбеков Арзыбек Кенжекулович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты катары таануу токтомун чыгарды.
БШК токтому менен Карыбеков Арзыбек Кенжекулович КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталып, ага күбөлүк жана төш белги берилди.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
