Башкы Жаңылыктар БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону …

БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындады

21-Окт, 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-октябрындагы өз жыйналышында жаңы чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону жекшембиге, 2020-жылдын 20-декабрына дайындоо жөнүндө токтом кылды.

Жыйналышта БШК мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планын бекитти.

Токтом “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 63-беренесинин негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп таануу жөнүндө” токтомун жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

БШК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карата төмөнкүдөй токтом кылды:

1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бекиткен чыгымдардын сметасына ылайык кайра шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын бөлүп берсин;

2) кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулуктун, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жарандардын саламаттыгын, укук тартибин жана коомдук коопсуздукту сактоо, анын ичинде шайлоо комиссияларынын жайларын жана добуш берүү үчүн жайларды кайтаруу, алардын өрт коопсуздугун, шайлоо документтерин ташыган транспорт каражаттарын коштоо жана кайтаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;

3) шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук тутумдардын киберкоопсуздугун, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутуму аркылуу маалыматтарды алмашууну камсыздоодо, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн байланыштын үзгүлтүксүз жана коопсуз каналдары менен камсыздоодо, шайлоочулардын тизмесин түзүүдө жана аны Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде актуалдаштырууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөктөшсүн.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы кайра шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо тапшырылды.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шарларынын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жетекчилери тиешелүү органдардын жана шайлоо комиссияларынын кайра шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин түзүү, тактоо, уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине көмөктөшүүгө тийиш.

КР БШК маалымат бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
30-Окт, 2026

КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 30-октябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:- Эсенбеков Азамат Эсенбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча С. Довлотов жана каржы маселелери боюнча Г.Б. Абылова;- Жапыкеев Сыймык Асылбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо маселелери боюнча Т.М. Айдаралиева.Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
30-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 30-октябрда өз жыйынында Жайыл, Москва, Ноокат, Ош, Өзгөн, Аксы, Сузак, Ноокен, Жети-Өгүз, Баткен шаардык, Баткен жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.         • Жайыл районунун Суусамыр айылдык кеңешинин депутаты Турсунбекова Бурулкан Курамаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумабек уулу Максатка өткөрүлүп берилди;   *     Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Сейткулов Аскар Садыковичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сулайманов Маратбек Бейшеновичке  өткөрүлүп берилди;   *     Ноокат районунун Н. Исанов айылдык  кеңешинин депутаты Маматилла уулу Канназардын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сыдыков Маматали Надировичке   өткөрүлүп берилди;* Ош шаардык  кеңешинин депутаты Кулдышева Гүлсара Кенжеевнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясы)  ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, кийинки талапкер Тултемирова Гульфина Токтомушевнага (“Жаңы-Кыргызстан” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;* Өзгөн шаардык  кеңешинин депутаты Низамидинова Манзурахан Гуламидиновнанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы)  ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Юлдашбаев Сирожиддин Хасанбаевичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;* Өзгөн шаардык  кеңешинин депутаты Закирова Барно Абытовнанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы)  ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тажибаев Абдрахмон Рахматжоновичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Кароол айылдык кеңешинин депутаты Эралиев Эгемберди Миталиповичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдибаитов Ниязбек Назаралиевичке өткөрүлүп берилди;* Аксы районунун Кара-Камыш айылдык кеңешинин депутаты Кенжегулов Абдылдабек Кенжегуловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырзабеков Жеңишбек Алыбековичке өткөрүлүп берилди;* Сузак районунун Кыз-Көл айылдык кеңешинин депутаты Калимбетов Туратбек Каримовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат кийинки талапкер Тилекеев Ибраим Базарбаевичке өткөрүлүп берилди;* Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин депутаты Нурматов Талантбек Таалайбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жолдошов Мирлан Ибрагимжановичке өткөрүлүп берилди;* Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаты Шаймолдоев Бакытбек Сагынбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Бектенов Эрлан Ишенбаевичке өткөрүлүп берилди;* Баткен шаардык кеңешинин депутаты Шарапова Майсарахан Жаркынбаевнанын (“Ала-Тоо Кыргыз Жери” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдразакова Мубаракхан Жолдошовнага (“Ала-Тоо Кыргыз Жери” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;* Баткен районунун Алтын-Бешик айылдык кеңешинин депутаты Муратов Бактыбек Нишановичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Айбашов Анарбай Орозовичке өткөрүлүп берилди;* Баткен районунун Алтын-Бешик айылдык кеңешинин депутаты Козуева Бүажар Абазовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Кадамжай районунун А. Масалиев айылдык кеңешинин депутаты Хакимов Музаффаржон Турсуналиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Саидов Зайдулло Камчинбековичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
30-Окт, 2026

Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Бүгүн, 30-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19, 22-беренелерине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. Кабыл алынган токтомдун негизинде айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:Тиркеме
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Чүй жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын резервдеринин толуктады
30-Окт, 2026

КР БШКсы Чүй жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын резервдеринин толуктады

Бүгүн, 30-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн жыйынында Чүй жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө токтом кабыл алды.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын резервине Касымбекова Бегайым Каныбековна, Рысалиев Дуйшонбек Сайникеевич, Алтыбаева Аида Сагынбековна, Турдиева Жыпаркүл Курманбековна, Шаабаева Айнагуль Абдулказиевна, Айтбаева Гулукан Токтоналиевна, Шамшидинов Кубанычбек Рыскулович киргизилди.Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын резерви жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан Абдуназарова Муяссархон Сайдаматовна жана Худайбердиев Икрамжан Рахимбердиевич менен толукталды.
Кененирээк билүү >>