БШК Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады

24 октября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 24-октябрдагы өз жыйналышында Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады.

Нарын облусунун Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 19-октябрындагы № 150-б, буйругу менен Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Алмаз Тобокелович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 12-ноябрына дайындалды.

Шайлоо саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлөт.

БШК «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобого ылайык шайлоо жөнүндө чечим кабыл алды.

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы №244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды пайдалануу, дезэритме, спирти бар антисептик менен колду иштеп чыгуу) сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

КР БШК маалымат бөлүмү