Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Жогорку Кеңеш шайлоо босогосун, күрөөнү тѳмѳндѳтүү, жана 2-форма боюнча арыздарды колдонуу боюнча шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизгенден кийин БШК парламентке кайра шайлоону дайындайт
17.10.2020

Жогорку Кеңеш шайлоо босогосун, күрөөнү тѳмѳндѳтүү, жана 2-форма боюнча арыздарды колдонуу боюнча шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизгенден кийин БШК парламентке кайра шайлоону дайындайт

2020-жылы 15-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайра шайлоону дайындоо жана уюштуруу маселеси боюнча кеңешме болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы кайра шайлоо дайындалганга чейин  жарандардын кызыкчылыктарын билдирген саясий күчтѳрдүн парламенттеги ѳкүлчүлүгүн кеңейтүү үчүн мыйзам деңгээлинде укуктук шарттарды түзүү маанилүү деп эсептейт. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кыска мөөнөттө төмөнкүлөрдү карап чыгуу өтүнүчү менен мурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылган: парламентке өтүүнүн шайлоо босогосун, шайлоо күрѳѳсүнүн өлчөмүн тѳмѳндѳтүү маселелери; шайлоо дареги боюнча добуш берүү (2-форма боюнча арыз) укугун колдонуу тартибин шайлоо дарегин бир гана жолу ѳзгѳртүү,  бир облустун чектеринде шайлоо дарегин ѳзгѳртүүгѳ тыюу салуу, ошондой эле арыздарды кабыл алууну добуш берүү күнүнѳ чейин 30 күн калганда  аяктоо бөлүгүндөгү  маселелери; иш-аракеттери шайлоонун натыйжасын жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон саясий партиялардын кайра шайлоого катышуусун мыйзам менен жөнгө салуу маселелери. Кеңешменин алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындоонун укуктук жана уюштуруу өңүттөрү талкууланды. Шайлоо дайындалгандан кийин кайра шайлоо эки ай мөөнөттүн ичинде өткөрүлүүгө тийиш. Добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжасын 2020-жылы чыгарууга мүмкүнчүлүк болсун үчүн БШК мүчөлөрү шайлоону 20-декабрга дайындоону максатка ылайык деп эсептейт. Маалымат үчүн: “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, шайлоо жараксыз жана болбой калды деп таанылган, добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча талапкер, саясий партия шайланбай калган учурда кайра шайлоо дайындалат. Кайра шайлоо бир айдын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат жана тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлөт. Мында шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү үчтөн бирине кыскарат.  Кайра шайлоону өткөрүү жөнүндө билдирүү Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү чечим кабыл алгандан кийин 7 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандатын Бердиев Аккулу Тагаевичке тапшырды
16.10.2020

БШК Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандатын Бердиев Аккулу Тагаевичке тапшырды

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандаты болгондуктан, «Республика-Ата-Журт» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесиндеги КР Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер Бердиев Аккулу Тагаевичти  ЖКнын шайланган депутаты катары таануу токтомун чыгарды. БШК токтому менен Бердиев Аккулу Тагаевич КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталып, ага күбөлүк жана төш белги берилди. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Руслан Казакбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16.10.2020

БШК Руслан Казакбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын  16-октябрындагы өз жыйналышында “Республика-Ата Журт” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Руслан Казакбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын  14-октябрындагы №197 Жарлыгынын негизинде кабыл алынды,  ага ылайык “Республика-Ата Журт” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Казакбаев Руслан Айтбаевич Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри болуп дайындалган. Депутаттын ыйгарым укуктарын аткарууга айкалышпаган ишке өткөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 3-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 6-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 3-пункттарына, 2-бөлүгүнө ылайык КР БШК КР Жогорку Кеңешинин депутаты Казакбаев Русландын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.   Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаевдин күбөлүгү анык эмес деп табылды. КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 16-октябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
16.10.2020

2020–ж. 16-октябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 15-октябрь 2020-ж. Убактысы: 11:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Руслан Казакбаевдин  ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (баяндамачы – Исаков Б.С., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн эксперти) 2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (баяндамачы – Исаков Б.С., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн эксперти) 3. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК Ө.Ч. Текебаевдин КР ЖК депутатынын статусун калыбына келтирүү бөлүгүндөгү арызын канааттандырды
15.10.2020

БШК Ө.Ч. Текебаевдин КР ЖК депутатынын статусун калыбына келтирүү бөлүгүндөгү арызын канааттандырды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 15-октябрында өз жыйналышында Ө.Ч. Текебаевдин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 1-ноябрындагы №529 токтомун жокко чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты статусун калыбына келтирүү бөлүгүндөгү арызын канааттандыруу, 2017-жылдын 15-декабрындагы №546 токтомун жокко чыгаруу бөлүгү боюнча баш тартуу жөнүндө токтом кылды. 2020-жылы 8-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ө.Ч. Текебаевден Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын мурда ага берилген мандатын кайтарып берүүгө байланыштуу арыз келип түштү. Арызда депутаттын мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратуу үчүн мыйзамдуу негиздер жараксыз болуп калгандыгы, себеби Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2019-жылдын 21-августундагы токтомуна ылайык ага карата мурда чыгарылган Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 16-августундагы өкүмү, Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 2-октябрындагы өкүмү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы токтому жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 2019-жылдын 3-майындагы токтому жокко чыгарылганы белгиленет. Ушуга байланыштуу арыз берүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч. Текебаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон жана бош калган мандатты саясий партиядан талапкерлердин тизмеси боюнча кийинки талапкер И.Т. Гайпкуловго өткөрүп берген Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 1-ноябрындагы №529 жана 2017-жылдын 15-декабрындагы №546 токтомдорун жокко чыгарууну өтүнөт. Арыз берүүчү берген материалдарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөнкүлөрдү белгиледи: Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары ага карата соттун күнөө коюу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде мөөнөтүнөн мурда токтотулары белгиленген. Жогоруда аталган беренелердин негизинде, ошондой эле Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 16-августундагы арыз берүүчүгө карата күнөө коюу өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 1-ноябрындагы №529 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч. Текебаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.  “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-декабрындагы №546 токтому менен бош калган мандат “Ата Мекен” саясий партиясынан талапкерлердин тизмесиндеги кийинки талапкер И.Т. Гайпкуловго өткөрүп берилген.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту 2019-жылдын 21-августунда мурда чыгарылган Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 16-августундагы өкүмүн, Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 2-октябрындагы өкүмүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы токтомун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 2019-жылдын 3-майындагы токтомун жокко чыгарган жана Ө.Ч. Текебаевдин ишин жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра карап чыгуу үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 442-беренесине ылайык соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү, аныктамасы, токтому жокко чыгарылышы жана иш боюнча өндүрүш жаңы же жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра жаңыртылышы мүмкүн. Апелляциялык жана кассациялык тартипте чечим чыгарганга чейин сотко белгисиз болгон материалдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна берилген. Берилген далилдерди эске алып, ал жагдайларды жаңыдан ачылган жагдайлар катары таанып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун соттук коллегиясы сотто жаңы териштирүү үчүн ишти биринчи инстанциядагы сотко жөнөткөн. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусун партиялык тизме боюнча алуу жарандардын өздөрүнүн пассивдүү шайлоо укуктарын ишке ашыруусу болуп эсептелерин белгилей кетүү керек. Депутаттын ыйгарым укуктарын токтотуу, башкача айтканда, парламенттин мүчөсү катары шайлоочулар менен байланышын токтотуу соттун чечими менен жүзөгө ашырылып, кийинчерээк сот тарабынан жокко чыгарылган. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесине ылайык адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык. Адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирет. Жогоруда баяндалгандын негизинде азыркы учурда Ө.Ч. Текебаевде анын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жагдайлары жок. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында депутаттын мандатын кайтарып берүү механизми каралбагандыгын белгилей кетүү керек. Ошого карабастан, жол-жобо жагынан жетиштүү түрдө жөнгө салуунун жок экендиги шайланган депутаттын анын депутаттык ишке укуктарын калыбына келтирүүгө негиз түзүүчү укугун ишке ашырууга тыюу салуу катары каралбоого тийиш. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесине ылайык ар бир адам мыйзамда каралган тартипте күнөөлүү экени далилденмейинче жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен белгиленмейинче кылмыш жасаганга күнөөсүз деп эсептелет. Бул принциптин бузулушу материалдык жана моралдык зыяндын орду сот аркылуу толтуруп берилүү үчүн негиз болуп эсептелет. Эч ким өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эмес. Күнөөлүү экенине карата ар кандай шектенүү айыпталуучунун пайдасына чечмеленет. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жогоруда баяндалганды эске алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26, 73-беренелеринин негизинде,  “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен Ө.Ч. Текебаевдин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 1-ноябрындагы №529 токтомун жокко чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты статусун калыбына келтирүү бөлүгүндөгү арызын канааттандырууну, 2017-жылдын 15-декабрындагы №546 токтомун жокко чыгаруу бөлүгү боюнча баш тартууну чечти. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берүү чечими кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК үч айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоону дайындады
15.10.2020

БШК үч айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоону дайындады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 15-октябрында өз жыйналышында Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө, Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 14-сентябрындагы №214 токтому менен 2020-жылдын 2-октябрына дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо катталган талапкерлер керектүү сандагы добуш албагандыктан шайланган эмес. 2020-жылы 2-апрелде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык Талас облусунун Бакай-Ата районунун администрация башчысы – акимдин № 22/VI-б буйругу менен И.А. Сарыев Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылдык кеңешинин сунуштамасынын негизинде ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Буйрукка макул болбогон И.А. Сарыев Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна кайра орноштуруу жөнүндө арыз менен Бакай-Ата районунун сотуна кайрылган. 2020-жылы 19-майда Талас облусунун административдик соту И.А. Сарыевдин административдик доосун кароосуз калтырган. Административдик-процесстик кодекстин 213-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык эгерде мыйзамда башка мөөнөт каралбаса, сот чечимди угузгандан кийин отуз күндүн ичинде апелляциялык даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн. Чүй облусунун Москва районунун администрация башчысы – акимдин 2020-жылдын 7-октябрындагы №196-р буйругу менен Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Баги Ибрагим Юшизович берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык төмөнкүдөй токтом кылды: 1. Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо саат 9дан 12ге чейин өткөрүү менен 2020-жылдын 29-октябрына дайындалсын; 2. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө, Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо саат 9дан 12ге чейин өткөрүү менен 2020-жылдын 28-октябрына дайындалсын. БШК Сокулук, Бакай-Ата жана Москва аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды пайдалануу, дезэритме, спирти бар антисептик менен колду иштеп чыгуу) сактоо менен өткөрүүнү уюштурууну тапшырды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Садык Шер-Нияздын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
15.10.2020

БШК Садык Шер-Нияздын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын  15-октябрында өз жыйналышында “Ата Мекен” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Садык Шер-Нияздын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды. Токтом “Ата Мекен” парламенттик фракциясынан  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Садык Шер-Нияздын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө келип түшкөн жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык кабыл алынды. Депутат Садык Шер-Нияздын күбөлүгү анык эмес деп табылды. КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 15-октябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
15.10.2020

2020–ж. 15-октябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 15-октябрь 2020-ж. Убактысы:  Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Садык Шер-Нияздын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (баяндамачы – Исаков Б.С., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн эксперти) 2. Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө, Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы – Исаков Б.С., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн эксперти) 3. Ө.Ч. Текебаевдин арызы жөнүндө (баяндамачы – Шаршеналы у.Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 4. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
13.10.2020

ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги

№ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Шайлоону өткөрүү убактысы Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөөнөтү Талапкерлердин каттоо мөөнөтү 2020-жылдын 26-октябры Кайра шайлоо Ысык-Көл облусу Ысык-Көл району 1 Ананьев айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00гө чейин саат 18:00гө чейин 18.10.2020-ж. саат 18:00гө чейин 21.10.2020-ж. 2020-жылдын 30-октябры Ош облусу Ноокат району 2 Кара-Таш айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 22.10.2020-ж. саат 18:00гө чейин 25.10.2020-ж. 2020-жылдын 30-октябры Нарын облусу Кочкор району 3 Кум-Дөбө айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 22.10.2020-ж. саат 18:00гө чейин 25.10.2020-ж. 4 Кара-Суу айыл өкмөтү саат 15:00дөн 18:00 чейин саат 18:00гө чейин 22.10.2020-ж. саат 18:00гө чейин 25.10.2020-ж.
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 3-октябрга карата саясий партиялардын шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат
13.10.2020

2020-жылдын 3-октябрга карата саясий партиялардын шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш. КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 3-октябрга карата банк маалыматтарынын негизинде 16 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди. № Саясий партиянын аталышы Келип түштү Чыгымдалды 1 “Биримдик”(Единство)” демократиялык партиясы 104 663 800 104 663 799 2 “Мекенчил” 19 564 546 19 564 546 3 “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы 8 191 800 8 191 800 4 “Мекеним Кыргызстан” 142 521 897 142 503 472 5 “Реформа” 7 900 142 7 899 982 6  “Ата Мекен” социалисттик партиясы 52 833 288 52 833 288 7 “Замандаш” 41 707 659 41 707 659 8 “Бүтүн Кыргызстан” 9 486 674 9 486 674 9 “Социал-Демократтар” 16 404 744 16 403 624 10 “Мекен Ынтымагы” 7 493 010 7 493 010 11 “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” 10 788 264 10 788 264 12 “Ордо” 14 430 000 14 430 000 13 “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ 50 323 758 50 323 758 14 “Республика” 51 847 905 51 847 905 15 “Кыргызстан” 123 918 707 123 646 285 16 “Чоң Казат” 6 788 914 6 788 914   Бардык саясий партиялар боюнча: 668 865 108 668 572 980 БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобуКөбүрөөк маалыматты бул жерден жүктөөгө болот: Кирешелер жана чыгымдар  
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 13-октябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
13.10.2020

2020–ж. 13-октябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 13-октябрь 2020-ж. Убактысы: 11.00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Садык Шер-Нияздын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы) 2. Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы) 3. Ө.Ч. Текебаевдин арызы жөнүндө (баяндамачы – Шаршеналы у.Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 4. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
БШК Ө.Ч. Текебаевдин арызы боюнча чечим кабыл алган жок
12.10.2020

БШК Ө.Ч. Текебаевдин арызы боюнча чечим кабыл алган жок

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Текебаев Өмүрбек Чиркешовичтин аны 6-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары каттоо жөнүндө арызы боюнча чечим кабыл алган жок. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ө.Ч. Текебаевден Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 1-ноябрындагы №529 жана 2017-жылдын 15-декабрындагы №546 чечимдерин жокко чыгарууга байланыштуу арыз келип түштү. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 1-ноябрындагы №529 чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч. Текебаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-декабрындагы №546 чечимине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүнүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин негизинде “Ата Мекен” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандаты “Ата Мекен” саясий партиясынан талапкерлердин тизмесиндеги кийинки талапкер И.Т. Гайпкуловго өткөрүп берилген. Ө.Ч. Текебаев арызында Ө.Ч. Текебаевге жана Д.Т. Чотоновго карата Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 16-августундагы өкүмү, Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 2-октрябрындагы өкүмү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы токтому жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 2019-жылдын 3-майындагы токтому Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2019-жылдын 21-августундагы токтомуна ылайык жокко чыгарылганын белгилейт. Арызга ылайык “депутаттын мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратуу үчүн мыйзамдуу негиздер жараксыз болуп калгандыктан жана азыркы учурда жок болгондуктан” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ага карата мурда кабыл алынган чечимдерин жокко чыгарууну жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын ага кайтарып берүүнү өтүнөт. Арыз берүүчү берген материалдарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышта БШКнын 8 мүчөсү катышкандыктан Ө.Ч. Текебаевдин 6-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары каттоо жөнүндө арызы боюнча чечим кабыл алган жок. Экөө каршы добуш берди, ал эми чечим кабыл алуу үчүн 8 добуш керек. КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
Мурат Шамиль Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
12.10.2020

Мурат Шамиль Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 12-октябрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 18-сентябрындагы №221 токтому менен дайындалган Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжаларын бекитүү токтомун кабыл алды. Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жергиликтүү кеңештин депутаттары көрсөткөн 3 талапкер – Карабаев Жыргалбай Алышович, Керимкулов Серик Сабырбекович жана Мурат Шамиль катталган. Талас аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралу протоколу менен добуш берүүнүн жыйынтыгы белгиленген, ага Көк-Ой айылдык кеңешинин 21 депутатынын 15и катышкан. Добуш берүүдө Ж.А. Карабаев менен С.С. Керимкулов добуш алган эмес, Мурат Шамиль 14 добуш алган, “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн добуш берилген эмес. Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 7-октябрындагы шайлоонун натыйжасы тууралу протоколу менен Мурат Шамиль Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп аныкталган. Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжасы боюнча арыз, даттануулар түшкөн эмес. КР БШК маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо дайындалды
12.10.2020

Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо дайындалды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 12-октябрындагы жыйналышында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоону 2020-жылдын 26-октябрына дайындоо жөнүндө чечим кабыл алды. Шайлоо саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 22-сентябрындагы №228 токтому менен 2020-жылдын 6-октябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу өтпөй калды. БШК “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык кайра шайлоо жөнүндө чечим кабыл алды. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы №244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды пайдалануу, дезэритме, спирти бар антисептик менен колду иштеп чыгуу) сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды. КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кара-Таш, Кум-Дөбө жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады
12.10.2020

КР БШК Кара-Таш, Кум-Дөбө жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 12-октябрдагы өз жыйналышында Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш, Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады. Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 7-октябрындагы №61 буйругу менен Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Мамарасулов Баатырбек Сулайманович берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган. Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 7-октябрындагы №27-б буйругу менен Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Асанбаев Майрамбек Жекшенович берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган. Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 7-октябрындагы №28-б буйругу менен Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Табылдиев Сүйүндүк Молдобекович берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган. Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш, Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2020-жылдын 30-октябрына дайындалды, шайлоо саат 9:00дөн 12:00гө чейин  өткөрүлөт. Ноокат жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды пайдалануу, дезэритме, спирти бар антисептик менен колду иштеп чыгуу) сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды. КР БШК маалымат бөлүмү   
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 12-октябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
12.10.2020

2020–ж. 12-октябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 12-октябрь 2020-ж. Убактысы: 13.00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Ө.Ч. Текебаевдин арызы жөнүндө (Баяндамачы – Шаршеналы у.Адилет, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 2. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
1 … 291 293 … 483