Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо дайындалды

21 октября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-октябрындагы жыйналышында Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоону 2020-жылдын 4-ноябрына дайындоо жөнүндө чечим кабыл алды.

Шайлоо саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлөт.

2020-жылдын 25-сентябрына дайындалган шайлоого Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысына 4 талапкер катталган, катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыздары келип түшкөнүнө байланыштуу өтпөй калды.

БШК “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык кайра шайлоо жөнүндө чечим кабыл алды.

Өзгөн  аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы №244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды пайдалануу, дезэритме, спирти бар антисептик менен колду иштеп чыгуу) сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

КР БШК маалымат бөлүмү