Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР Борбордук шайлоо комиссиясы КР БШКнын мүчөсү Джурабаева Гульнар Курашбековнага  көңүл айтат
07.05.2021

КР Борбордук шайлоо комиссиясы КР БШКнын мүчөсү Джурабаева Гульнар Курашбековнага  көңүл айтат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты КР БШКнын мүчөсү Гульнар Джурабаеванын атасы Курашбек Джурабаевдин мезгилсиз дүйнөдөн  кайткандыгын билдирет. Орду толгус жоготуу кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты 
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШК администрациялык ресурсту кыянат пайдаланууга байланыштуу билдирет
04.05.2021

Бишкек АШК администрациялык ресурсту кыянат пайдаланууга байланыштуу билдирет

№4, 11 муниципалдык аймактык башкармасынын (МАБ) кызмат адамдарынын администрациялык ресурсту кыянат пайдалануусуна байланыштуу жарыяланган видео боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы төмөнкүлөрдү билдирет. Бишкек АШКга А. Манасбековдон (№11 МАБ) жана М. Тургуновадан (№4 МАБ) мыйзамдарда белгиленген тартипте арыз, даттануу түшкөн жок. №11 МАБ боюнча: Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш алкагында тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн Бишкек АШК тарабынан Бишкек шаарынын укук коргоо органдарына билдирилди. 2021-жылдын 30-апрелинде Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБден токтотулган сотко чейинки өндүрүштүн материалы түшкөн. 2021-жылдын 3-майында Бишкек АШК №11 МАБдын кызматкерлери А.Манасбековдон, Б.Ш. Чекировадан жана Э.Г. Абдуллаевадан кат жүзүндөгү түшүнүктөрдү алды. №11 МАБдын адиси А.Манасбеков МАБдын начальниги менен анын ортосунда жумушка байланыштуу түшүнбөстүк жана талаш-тартыш бар экендигин түшүндүрдү. Анын айтуусунда Э. Абдуллаева (№11 МАБдын начальниги) аны кысымга алат, каттарга кол койбойт, ошентип, тартип жоопкерчилигине тартып, андан соң иштен бошоткусу келет. №11 МАБдын башкы адиси Б.Ш. Чекирова түшүнүк катында үй-бүлөлүк шарты боюнча 2021-жылдын 16-мартынан тартып, 15-майына чейин эмгек акы сакталбаган өргүүгө чыкканын жана эч кандай үгүт жүргүзбөгөндүгүн көрсөтөт. Өз кезегинде Э. Абдуллаева ал тараптан кызматкерлерин, үй комитет башчыларын «Эмгек» партиясына иште деп эч кандай мажбурлоо болбогондугун билдирди. Б.Ш. Чекированын үгүт жүргүзүү иш-чараларына катышкандыгы же катышпагандыгы тууралуу ага эч нерсе белгисиз, себеби өргүүгө чыккандан кийин ал жумушка келген эмес. Бишкек АШК муниципалдык кызматкерлер (башкы адис жана начальник) тарабынан администрациялык ресурсту кыянат пайдалануу белгилери боюнча “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык маңызы боюнча териштирүү жана тиешелүү чара көрүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясына материалдарды жөнөттү. №4 МАБ боюнча: Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБден Кыргыз Республикасынын Жоруктар кодексинин 871 беренесинде каралган жорук жасады деп шектелгендиги үчүн №4 МАБдын начальнигинин орун басарына билдирме тапшырылгандыгы жана материалдар Ленин райондук прокуратурасына, андан ары – сотко жөнөтүлгөндүгү тууралуу Бишкек АШКга кат түшкөн. Иштин бардык жагдайларын иликтөө, ошондой эле көрсөтүлгөн фактыда шайлоо мыйзамдарын бузуу бар-жогун ар тараптуу карап чыгуу максатында видеодо көрсөтүлгөн бардык адамдар Бишкек АШКга чакыртылды. Өзүнүн түшүнүк катында №4 МАБдын начальнигинин орун басары Ы.К.Турсукеев үгүт иштерине тиешеси жок экендигин, тигил же бул партияга иште деп эч кимди мажбурлабагандыгын жазган. М. Тургунованын аны айыптоосу экөөнүн жеке өз ара мамилесинен улам болгондугун белгилейт. Өзүнүн түшүнүк катында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Р.Ш. Жакышов №4 МАБдын кызматкерлеринин ортосунда келип чыккан өз ара түшүнбөстүктөргө эч кандай тиешеси жок экендигин көрсөткөн. Жаран М. Тургунова (№4 МАБдын кварталдык комитетинин төрагасы) ден соолугуна шылтап, Бишкек АШКга келбегендигин белгилөө керек. Жаран У.Б. Акуновдун арызы боюнча: 2021-жылдын 2-майында жаран У.Б. Акуновдон базарлардын салык төлөмдөрү тууралуу фото документ тиркелген, жеке ишкерлер жана коммерциялык уюмдар үчүн жеке патенттердин наркын төлөөгө «Эмгек» саясий партиясынын тиешесин текшерүү боюнча арыз түшкөн. Бишкек АШК арыз ээсине укук коргоо органдарына кайрылууну сунуштады. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
-
03.05.2021

-

-  
Кененирээк билүү >>
КР БШК «Эмгек» саясий партиясын каттоону жокко чыгаруу жөнүндө «Республика», «Ата-Журт Кыргызстан», «Бирге», «Эл Биримдиги» саясий партиялар өкүлдөрүнүн арыздарын канааттандыруудан баш тартты
03.05.2021

КР БШК «Эмгек» саясий партиясын каттоону жокко чыгаруу жөнүндө «Республика», «Ата-Журт Кыргызстан», «Бирге», «Эл Биримдиги» саясий партиялар өкүлдөрүнүн арыздарын канааттандыруудан баш тартты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 3-майындагы жыйналышында Токмок шаарында «Эмгек» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жөнүндө «Республика», «Ата-Журт Кыргызстан», «Бирге», «Эл Биримдиги» саясий партиялар өкүлдөрүнүн арыздарын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына «Республика», «Ата-Журт Кыргызстан», «Бирге», «Эл Биримдиги» саясий партияларынын өкүлдөрүнөн кайрылуу түшкөн, ал кайрылуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине дагы жөнөтүлгөн. Кайрылуусунда «Республика», «Ата-Журт Кыргызстан», «Бирге», «Эл Биримдиги» саясий партиялары «Эмгек» саясий партиясы тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузууларга жол берилгендигин көрсөтүп, ага байланыштуу «Эмгек» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгарууну өтүнүшөт. Ал кайрылуу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына дагы жөнөтүлгөндүгүн эске алып, Кыргыз Республикасында шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ ал кайрылууну Ыкчам чара көрүүчү координациялык топко жөнөткөн. Кыргыз Республикасында шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ өз компетенциясынын алкагында Борбордук шайлоо комиссиясына «Республика», «Ата-Журт Кыргызстан», «Бирге», «Эл Биримдиги» саясий партияларынын талаптарын канааттандыруудан баш тартууну сунуштады.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШК «Эмгек» саясий партиясынан талапкер Т.А. Солтобаевдин арызын карады
03.05.2021

КР БШК «Эмгек» саясий партиясынан талапкер Т.А. Солтобаевдин арызын карады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 3-майындагы жыйналышында «Эмгек» саясий партиясынын төрагасы Т.А. Солтобаевдин Токмок шаарында «Республика», «Бирге», «Эл Биримдиги» саясий партияларынын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына талапкер, «Эмгек» саясий партиясынын төрагасы Т.А. Солтобаевден арыз түшкөн, анда арыз ээси «Республика», «Бирге», «Эл Биримдиги» саясий партияларын жоопкерчиликке тартууну жана «Республика», «Бирге», «Эл Биримдиги» саясий партияларынын талапкерлер тизмесин каттоону жокко чыгарууну өтүнөт. Кыргыз Республикасында шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ материалдарды карап чыгып жана кызыкдар тараптардын жүйөлөрүн угуп, «Республика», «Бирге», «Эл Биримдиги» саясий партияларынын талапкерлер тизмесин каттоону жокко чыгаруу үчүн негиздер жок деген тыянакка келди.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК «Республика» саясий партиясынан талапкер Р.Кадыркуловдун Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №59 чечимине арызын карады
03.05.2021

КР БШК «Республика» саясий партиясынан талапкер Р.Кадыркуловдун Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №59 чечимине арызын карады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 3-майындагы жыйналышында «Республика» саясий партиясынан талапкер Р.Кадыркуловдун Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №59 чечимине арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды. 2021-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына «Республика» саясий партиясынан талапкер Р.Кадыркуловдон Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №59 чечимине арыз түшкөн, ага ылайык Токмок аймактык шайлоо комиссиясы Р.Кадыркуловдун №7067 УШКдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп таануу жөнүндө даттануусун канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алган. Мурда «Республика» саясий партиясынан талапкер Р.Кадыркулов «Бирге» саясий партиясына байланыштуу Токмок АШКга даттануу берген, даттанууга ылайык аталган партия добуш берүү күнү – 11-апрелде №7067 участоктук шайлоо комиссиясынын аймагында үгүт жүргүзгөң. «Республика» саясий партиясынан талапкер Р.Кадыркулов Токмок АШКнын чечимине макул болбой, Борбордук шайлоо комиссиясына даттануу берип, Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №59 чечимин жокко чыгарууну, ошондой эле №7067 УШКдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп таанууну өтүнгөн. Кыргыз Республикасында шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ материалдарды карап чыгып жана кызыкдар тараптардын жүйөлөрүн угуп, далилдердин жетишсиздигине, ошондой эле Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №59 чечими укук ченемдүү жана негиздүү кабыл алынгандыгына байланыштуу Токмок АШКнын чечимин жокко чыгаруу үчүн негиз жок экендигин белгиледи. Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы «Республика» саясий партиясынан талапкер Р.Кадыркуловдун Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №59 чечимине арызын арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүм
Кененирээк билүү >>
БШК «Эл биримдиги» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Ч. Алмасбековдун Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №60 чечимине арызын канааттандыруудан баш тартты
03.05.2021

БШК «Эл биримдиги» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Ч. Алмасбековдун Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №60 чечимине арызын канааттандыруудан баш тартты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 3-майындагы жыйналышында «Эл биримдиги» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Ч. Алмасбековдун Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №60 чечимине арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды. 2021-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына «Эл биримдиги» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Ч. Алмасбековдон Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №60 чечимине даттануу түшкөн, ага ылайык Токмок аймактык шайлоо комиссиясы №7069 УШКдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп таануу жөнүндө Ч. Алмасбековдун даттануусун канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алган. Мурда «Эл биримдиги» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Ч. Алмасбеков «Бирге» саясий партиясына байланыштуу Токмок АШКга даттануу берген, даттанууга ылайык аталган партия добуш берүү күнү – 11-апрелде №7069 участоктук шайлоо комиссиясынын аймагында үгүт жүргүзгөн. «Эл биримдиги» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Ч. Алмасбеков Токмок АШКнын чечимине макул болбой, Борбордук шайлоо комиссиясына даттануу берип, Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №60 чечимин жокко чыгарууну, ошондой эле №7069 УШКдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп таанууну өтүнгөн. Кыргыз Республикасында шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ материалдарды карап чыгып жана кызыкдар тараптардын жүйөлөрүн угуп, Борбордук шайлоо комиссиясына Токмок АШКнын чечимин күчүндө калтырууну жана даттанууну канааттандыруудан баш тартууну сунуштады.   Жогоруда баяндалгандын негизинде КР БШК «Эл биримдиги» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Ч. Алмасбековдун Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №60 чечимине арызын арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШК «Бирге» саясий партиясынан талапкер К.К. Чокеевдин Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №58 чечимине арызын карады
03.05.2021

КР БШК «Бирге» саясий партиясынан талапкер К.К. Чокеевдин Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №58 чечимине арызын карады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 3-майындагы жыйналышында «Бирге» саясий партиясынан талапкер К.К. Чокеевдин Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №58 чечимине арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды. 2021-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына «Бирге» саясий партиясынан талапкер К.К. Чокеевден Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №58 чечимине арыз түшкөн, ага ылайык Токмок аймактык шайлоо комиссиясы К.К. Чокеевдин №7068 УШКдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп таануу жөнүндө даттануусун канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алган. Мурда «Бирге» саясий партиясынан талапкер К.К. Чокеев «Республика» саясий партиясына байланыштуу Токмок АШКга даттануу берген, даттанууга ылайык аталган партия добуш берүү күнү – 11-апрелде №7068 участоктук шайлоо комиссиясынын аймагында үгүт жүргүзгөң. «Бирге» саясий партиясынан талапкер К.К. Чокеев Токмок АШКнын чечимине макул болбой, Борбордук шайлоо комиссиясына даттануу берип, Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №58 чечимин жокко чыгарууну, ошондой эле №7068 УШКдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп таанууну өтүнгөн. Кыргыз Республикасында шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ материалдарды карап чыгып жана кызыкдар тараптардын жүйөлөрүн угуп, далилдердин жетишсиздигине, ошондой эле Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №58 чечими укук ченемдүү жана негиздүү кабыл алынгандыгына байланыштуу Токмок АШКнын чечимин жокко чыгаруу үчүн негиз жок экендигин белгиледи. Ушуга байланыштуу КР БШК «Бирге» саясий партиясынан талапкер К.К. Чокеевдин Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №58 чечимине арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 3-майда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
03.05.2021

2021–ж. 3-майда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 3 май 2021-ж. Убактысы: 19:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. «Бирге» саясий партиясынын талапкери К.К. Чокеевдин Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №58 чечимине карата даттануусу жөнүндө («Республика» саясий паритиясына карата, №7068 УШК) (баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 2. «Эл биримдиги» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Ч. Алмасбековдун Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №60 чечимине карата даттануусу жөнүндө(«Бирге» саясий паритиясына карата, №7069 УШК) (баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 3. «Республика» саясий партиясынын талапкери Р.Кадыркуловдун Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №59 чечимине карата даттануусу жөнүндө («Бирге» саясий паритиясына карата, №7067 УШК) (баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 4. “Эмгек” саясий партиясынын төрагасы Т.А. Солтобаевдин арызы жөнүндө («Республика», «Бирге», «Эл Биримдиги» саясий партиялардын каттоосун жокко чыгаруу тууралуу) (баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 5. «Республика», «Ата-Журт Кыргызстан», «Бирге», «Эл Биримдиги» саясий партиялардын өкүлдөрүнүн «Эмгек» саясий партиясынын каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 6. К.Чокеевдин (с/п "Бирге"), А. Маликовдун (с/п "Эл Биримдиги") жана Т. Солтобаевдин (с/п "Эмгек") Токмок шаарында массалык каттоо боюнча арызы жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 7. Н. Жумабекованын арызы жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 8. М. Каниметовдун жана Г.Г. Сулаймановдун арыздары жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 9. Ар кандай маселелер  
Кененирээк билүү >>
Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары анык эмес деп таанылды
01.05.2021

Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары анык эмес деп таанылды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы  2021-жылдын 1-майындагы жыйналышында Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын анык эмес деп таануу зарылдыгы жѳнүндѳ тыянакка келди. 2021 №192 жѳнүндѳ 2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №21 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп ѳттү. Токмок шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31 мандатты түзѳт. Токмок шаардык кеңешине шайлоо ѳткѳрүү үчүн 1 бирдиктүү шайлоо округу жана 20 шайлоо участкалары түзүлгѳн. Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 5 саясий партия катталган, 4 саясий партия: Эмгек» - 47,62% (16 мандат); «Бирге» - 18,49% (6 мандат); «Эл Биримдиги» - 14,13% (5 мандат); «Республика» - 11,92% (4 мандат) шайлоочулардын 7 жана андан кѳп пайыз добуштарын алышкан. 2021-жылдын 11-апрелинде Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо ѳткѳрүлгѳн. Шайлоочулардын саны бардыгы болуп 38 577 түзгѳн, алардын ичиненен добуш берүүгѳ 16 070 шайлоочу катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынын 41,66% түзѳт. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 51, 56-1-беренелерине ылайык 20 участкалык шайлоо комиссияларында добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорунун негизинде Токмок аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 1-майындагы протоколу менен шайлоолорду болуп ѳттү деп тааныган жана Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын белгилеген. КР БШКга 2021-жылдын 19-апрелинде Токмок шаарында жарандарды жапырт каттоо тууралуу «Бирге-Вместе» жана «Эл Биримдиги» саясий партияларынын ѳкүлдѳрүнѳн арыз келип түшкѳн. Өз арызында арыз ээлери «Эмгек» саясий партиясынын ѳкүлдѳрү тарабынан жарандарды жапырт каттоо жүргүзүлгѳн факты боюнча Токмок шаарындагы 26 даректи кѳрсѳтүшкѳн. Бул, арыз ээлеринин пикири боюнча, 2021-жылдын 11-апрелинде ѳткѳрүлгѳн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларына ѳзүнүн таасирин тийгизген. 2021-жылдын 23-апрелинде Борбордук шайлоо комиссиясына Токмок шаары боюнча «Эмгек» саясий партиясынын штабынын башчысынан арыз келип түшкѳн, ал арызда Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан башка саясий партиялар тарабынан да Токмок шаарындагы 142 дарек боюнча жапырт каттоо менен манипуляция жасалышы мүмкүн экендиги кѳрсѳтүлгѳн. Арыздар Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоо процессинин субъекттеринин даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча Жумушчу топ тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү координациялык тобунун алкагында укук коргоо органдары менен бирдикте каралды. Келип түшкѳн арыздарды, укук коргоо органдары сунуш кылган маалыматтарды, БШК тарабынан шайлоочулардын тизмесин талдоону карап чыгып жана талкуулап, арыз ээлеринин жүйѳлѳрүн, ыйгарым укуктуу органдардын маалыматтарын, Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын түшүндүрмѳлѳрүн угуп, Борбордук шайлоо комиссиясы тѳмѳндѳгүлѳрдү аныктады. 1) Борбордук шайлоо комиссиясы жүргүзгѳн шайлоочулардын тизмесин талдоо тѳмѳндѳгүлѳрдү кѳрсѳттү: 1. Арыздарда кѳрсѳтүлгѳн даректердин кѳпчүлүгүндѳ – 2020-жылы жарандарды жапырт каттоо фактысы болгон, бирок андан ары шайлоочулардын тизмесине киргизилген эмес. Маанилүү: «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Мыйзамдын нормаларына ылайык шайлоочулардын тизмесине паспорттогу белгиси тастыктаган жергиликтүү жамааттын мүчѳлѳрү гана киргизилет. Демек, катталган жарандар катталган боюнча калышкан, бирок паспортторун алмаштырышкан эмес жана шайлоочулардын тизмесине киргизилген эмес. Жапырт каттоо фактысы боюнча 2020-жылы мамлекеттик органдар тарабынан чоң иштер жасалган, ошонун натыйжасында шайлоочулардын тизмесине жапырт негизсиз киргизүүлѳр токтотулган. 2. кѳрсѳтүлгѳн даректердин айрымдарында – дарек-маалымат базасына катоо фактысы жана шайлоочулардын тизмесине киргизүү фактысы болгон, бирок ошол адамдар шайлоодо добуш беришкен эмес, 3. арыздарда кѳрсѳтүлгѳн Токмок шаарындагы 30дан ашык даректер боюнча Дарек-маалымат базасына катоо фактысы жана шайлоочулардын тизмесине киргизүү жана жарандардын 2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү фактысы болгон. Шайлоочулардын тизмесине киргизүү жана добуш берүүгѳ катышуу менен коштолгон жарандарды жапырт каттоо боюнча билдирилген даректер жети шайлоо участкасына - №7068, 7069, 7070, 7071, 7072, 7075, 7081 участкаларына таандык. Жалпысынан 2021-жылдын 11-аперелинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын биротоло тизмесиндеги жогоруда кѳрсѳтүлгѳн 30дан ашуун даректер боюнча 7 шайлоо участкаларына (№7068, 7069, 7070, 7071, 7072, 7075, 7081) 624 жаран киргизилгендиги, ал эми добуш берүүгѳ (идентификациялангандар) 414 жаран катышкандыгы аныкталды. 2) «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 4-бѳлүгүнүн тѳртүнчү абзацына ылайык, шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын бардык деңгээлдеринде ыкчам чара көрүүчү координациялык (ЫЧККТ) топтор түзүлөт, анын курамына комиссиялардын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирет. ЫЧКТ алкагында шайлоо комиссиялары менен укук коргоо органдарынын ортосунда туруктуу ыкчам ѳз ара аркеттенүү, бузууларды ѳз ара талдоо, органдардын ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган чараларды талдоо жүргүзүлѳт. Келип түшкѳн арыздар ѳзүнүн компетенциясынын алкагында кароо үчүн укук коргоо органдарына жѳнѳтүлгѳн. Укук коргоо органдарынан келип түшкѳн маалыматтар, анын ичинде БШКнын жыйынында билдирилген маалыматтар боюнча, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки ѳндүрүш материалы 2021-жылдын 26-апрелинде Токмок шаарынын ИИБнин БКЖР катталган жана сотко чейинки текшерүү башталган. Жогоруда аталган сотко чейинки ѳндүрүштү иликтѳѳ убагында ички иштер органдары тарабынан МКК маалыматтары боюнча Токмок шаарынын аймагында 2106 жаран мыйзамсыз (андан ары шайлоочулардын тизмесине киргизүү, ошондой эле киргизбѳѳ менен) катталган, алардын кѳпчүлүгү Токмок шаарына жакын жайгашкан айылдардын жана башка облустардын тургундары. Ички иштер органдарынын сотко чейинки ѳндүрүш материалдарына ылайык - сотко чейинки ѳндүрүштүн алкагында каттоо жѳнүндѳ маалыматтарды, кыймылсыз мүлк ээлерин сурамжылоо жана аларда катталган адамдарды иликтѳѳ мүлк ээлеринин уруксаты жок жарандарды мыйзамсыз каттоо, шайлоого катыштыруу максатында жарандарды бир дарекке каттоо жана партияларды колдоо орун алгандыгын кѳрсѳттү, айрым иликтенген жапырт каттоо даректери депутаттыкка талапкерлерге же алардын жакын туугандарына таандык болуп чыккан. Ошондой эле каттоо үчүн жарандарга акча тѳлѳнгѳндүгү тууралуу кѳрсѳтмѳлѳр бар, ошондой эле бир ишкананын мүчѳлѳрүн каттоо учурлары бар. Текшерүү улантылып жатат. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 5-бѳлүгүнѳ ылайык «Аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктарын шайлоо участкасында төмөндөгүлөр боюнча жараксыз деп табат: 1) эгерде добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербесе; 2) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө убагында эреже бузуулар шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүсүнө таасир этсе; 3) Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча». «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 6-бѳлүгүнѳ ылайык: «Шайлоо участкасында добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду түзүүнүн тартибин бузуу менен байланышкан, ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси алган добуштардын санын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербеген жоболорду бузуулар шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү белгилөөгө мүмкүндүк бербеген эреже бузуулар деп түшүнүлөт. Шайлоо участкасында добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн же добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн жүрүшүндө шайлоочулар өз эрк-ниетин билдиришине таасир эткен, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, жарандар шайлоо укуктарын жүзөгө ашырышына тоскоолдук кылуу, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан жоболорду бузуулар шайлоочулардын эрк-ниетине таасир эткен эреже бузуулар деп түшүнүлөт». №7068, 7069, 7070, 7071, 7072, 7075, 7081 шайлоо участкаларында жарандарды жапырт каттоо, аларды шайлоочулардын тизмесине киргизүү жана андан ары мыйзамдарды бузуу менен коштолгон добуш берүү (мүлк ээлеринин уруксаты жок, жергиликтүү жамааттын мүчѳлѳрү эмес, административдик ресурстарды колдонуу) аркылуу жарандары жапырт каттоо сыяктуу бузуулардын орун алгандыгын, алардын добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир тийгизгендигин эске алуу менен, Борбордук шайлоо комиссиясы аталган шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык эмес деп таануунун зарылдыгы жѳнүндѳ тыянакка келет. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 7-бѳлүгүнѳ ылайык: «Эгерде шайлоо участкаларынын добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн бирин камтыган бөлүгүндө добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылса, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тааныйт». Токмок шаардык кеңешине депутаттарды шайлоого катышкан шайлоочулардын жалпы саны бардык 20 шайлоо участогунда 16 070 шайлоочуну түзѳт. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык эмес деп таанууга жаткан 7 шайлоо участогунда (№7068, 7069, 7070, 7071, 7072, 7075, 7081) добуш беришкен шайлоочулардын саны 5427 шайлоочуну түзѳт. Бул Токмок шаары боюнча бардык шайлоо участкаларында катышкан шайлоочулардын санынын үчтѳн бир бѳлүгүнѳн (33,77%) ашыгын түзѳт.  Ушул шарттар «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 7-бѳлүгүнѳ ылайык Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын анык эмес деп таануу үчүн негиз болуп саналат. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык «Эгерде шайлоо болбой калса, жараксыз деп табылса, добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча талапкер (талапкерлердин тизмеси) шайланбай калса кайталап шайлоо дайындалат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан шайлоолор болбой калган, жараксыз деп табылган күндөн тартып бир айдын ичинде дайындалат жана тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлөт…». Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38, 39, 41, 42-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18, 20 беренелерин жетекчиликке алып, КР БШК төмөнкүдөй токтом кылды: 1. Токмок аймактык шайлоо комиссиясы Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо №7068, 7069, 7070, 7071, 7072, 7075, 7081 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык эмес деп таанысын жана Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколду жокко чыгарсын. 2. Токмок аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 11-апрелинде ѳткѳн Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын анык эмес деп таанысын жана 2021-жылдын 11-апрелинде ѳткѳн Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 1-майындагы протоколун жокко чыгарсын. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесинин 2-бѳлүгүндѳ шайлануучу кызматтарга талапкерлер тарабынан кайталап шайлоо өткөрүү учурунда шайлоону жараксыз деп табуу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан көрсөтүлүшү мүмкүн эмес экендиги белгиленген. БШК укук коргоо органдарынын иштеринин жыйынтыгы боюнча, жогоруда кѳрсѳтүлгѳн бузуулар боюнча талапкерлердин күнѳѳсү же катыштыгы бар экендиги аныкталган учурда талапкерлердин кайра шайлоого катышуусуна жол бербѳѳ боюнча чаралар кабыл алынууга тийиш деген токтом кылды. 3. Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылынсын. Ошондой эле КР БШК Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын жоопкерчилигин кароого токтом кылды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Талас шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды
01.05.2021

Талас шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

2021-жылдын 11-апрелинде Талас шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Талас шаарындагы жалпы шайлоочулардын саны 22102 болсо, анын 9871 шайлоочусу шайлоого катышкан, бул 44,66%ды түзөт. Талас шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Талас шаарынын аймагында 10 шайлоо участкасы жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн. 2021-жылы 11-мартта Талас аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери менен 11 саясий партиянын тизмесинде 558 талапкер катталган (алардын ичинен: 324 эркек, 234 аял). 2021-жылы 27-апрелде Талас  аймактык шайлоо комиссиясы Талас шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды: Талас шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 7% тоскоолдуктан өтүп, катталган 11 партиянын ичинен 5 партия өттү: 1. «Аманат» - 19,29 %  2. «Асыл Мурас-Жаштар» - 19,23 %  3. «Ыйман Нуру» - 11,32 %                   4. «Республика» - 10,37 %  5. «Кыргызстан» - 8,60 %     Талас шаардык кеңешин шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын ортосундагы мандаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү: 1. «Аманат» - 9 мандат; 2. «Асыл Мурас-Жаштар» - 8 мандат;  3. «Ыйман Нуру» - 5 мандат;  4. «Республика» - 5 мандат;  5. «Кыргызстан» - 4 мандат. "Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын БШКсы тийешелүү аймактагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоону жүзөгө ашырат. КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
-
01.05.2021

-

-
Кененирээк билүү >>
-
01.05.2021

-

-
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 1-майда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
01.05.2021

2021–ж. 1-майда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 1 май 2021-ж. Убактысы: 21:30 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. “Социал –демократтар” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Д. Толегоновдун Ысык- Ата АШКнын иш аракеттерине карата даттануусу жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 2. 2021-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө (баяндамачы- Джаманкулова Мира Кокуловна, Ысык- Ата АШКнын төрагасы) 4. “ Асыл -Мурас Жаштар ” саясий партиясынын аялдар үчүн 30 % квотасы тууралуу даттануусу жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 5. “Асыл- Мурас Жаштар ” саясий партиясынын кайра эсептөөнүн протоколуна карата даттануусу жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 7. 2021-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн Талас облусунун Талас шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө (баяндамачы- Сетеков Таалайбек Болокбаевич, Талас АШКнын атайын өкүлү)   6. “Ишеним ” саясий партиясынын координатору Д. Малабековдун саясий партиянын талапкерлердин тизмеси тууралуу арызы жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 8. 2021-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Чүй облусунун Аламудун районунун Васильевка айылыдык кеңешинин тургундарынын кайрылуусу жөнүндө (баяндамачы – Абдысатаров Т.З., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 9. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Васильевка жана Төмөнкү – Аларча айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы- Мамасадыкова Гүлмира Абдыкапаровна, Аламүдүн АШКнын төрагасы) 10. У. Сыйдановдун талапкер Б. Салбаровго карата арызы жөнүндө (баяндамачы – Абдысатаров Т.З., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 11. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Москва районунун Беловодский айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы- Сейитбаев Талант Калыгулович, Москва АШКнын төрагасы) 12. Садыковдун арызы боюнча (баяндамачы- Шайназаров Т. У., коррупцияны алдын алуу маселеси боюнча ыйгарым укуктуу топтун мүчөсү) 13. К. Бактыбаевдин Кара –Суу АШКнын 2021-жылдын 25-апрелинеги № 40 чечимине карата даттануусу жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 14. Д. Турганбаевдин саясий партиясынын тизмесинен алып салынгандыгы тууралуу даттануусу жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 15. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 16. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШК Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктоо мөөнөттөрүнө байланыштуу билдирет
01.05.2021

Бишкек АШК Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктоо мөөнөттөрүнө байланыштуу билдирет

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 2-майына чейин) шайлоонун натыйжаларын аныктайт. 19-апрелде Бишкек АШК өз чечими менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо КЭДП (НДПК) саясий партиясы үчүн берилген шайлоочулардын добуштары бар шайлоо бюллетендерин жараксыз бюллетендерге киргизип, КЭДП (НДПК) саясий партиясы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тааныды. Бишкек АШКнын ал чечими Борбордук шайлоо комиссиясына даттанылды. 2021-жылы 24-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы өз чечими менен Бишкек АШКнын аталган чечимин укук ченемдүү жана негиздүү деп тапты. 2021-жылы 24-апрелде Бишкек шаарынын Административдик соту Бишкек АШКнын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерин жокко чыгаруу тууралуу КЭДП (НДПК) саясий партиясынын административдик доосу боюнча талаптарын канааттандыруудан баш тартты. Учурда КЭДП (НДПК) саясий партиясы биринчи инстанциядагы соттун чечимин кассация тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна даттанды. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык соттун чечими чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет жана мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, кызмат адамдары, шайлоо комиссиялары жана шайлоо процессинин башка катышуучулары тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болот. Ошол эле учурда Мыйзам менен белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө көзөмөл даттануусун берүү Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерин же биринчи инстанциядагы соттун чечимдерин аткарууну токтото турат. Бишкек АШК 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана шайлоо натыйжаларын аныктоо боюнча тиешелүү иштер бүгүнкүгө чейин жүргүзүлүп жаткандыгын белгилейт. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык Бишкек АШКнын, Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Бишкек шаарынын Административдик сотунун чечимдерин аткарууну токтото турулганын эске алып, шайлоо комиссияларынын негизги иш принциптерин жана шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын укуктарын сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту КЭДП (НДПК) саясий партиясынын кассациялык даттануусун кароонун жыйынтыгы боюнча чечим чыгарганга чейин добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоо натыйжаларын аныктоо токтотулуп турарын Бишкек АШК билдирет. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШК айрым шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тапты
01.05.2021

Бишкек АШК айрым шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тапты

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо №№1027, 1116, 1153, 1217, 1251, УШКларда добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорду, автоматтык эсептөөчү урналардын жыйынтыктоочу отчётторун, иденттештирүүнүн жыйынтыктоочу чектерин текшерүү процессинде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы добуш берген шайлоочулардын саны иденттештирүүдөн өткөн шайлоочулардын санынан ашык экендигин белгиледи. Ошонун негизинде, Бишкек АШК №№1027, 1116, 1153, 1217, 1251 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык деп ишенимдүү белгилөөгө мүмкүн эмес деген тыянакка келди. Бишкек АШК 2021-жылдын 30-апрелиндеги жыйналышында №№1027, 1116, 1153, 1217, 1251 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тапты. 
Кененирээк билүү >>
1 … 225 227 … 484