КР БШК «Эмгек» саясий партиясын каттоону жокко чыгаруу жөнүндө «Республика», «Ата-Журт Кыргызстан», «Бирге», «Эл Биримдиги» саясий партиялар өкүлдөрүнүн арыздарын канааттандыруудан баш тартты

03 мая 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 3-майындагы жыйналышында Токмок шаарында «Эмгек» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жөнүндө «Республика», «Ата-Журт Кыргызстан», «Бирге», «Эл Биримдиги» саясий партиялар өкүлдөрүнүн арыздарын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына «Республика», «Ата-Журт Кыргызстан», «Бирге», «Эл Биримдиги» саясий партияларынын өкүлдөрүнөн кайрылуу түшкөн, ал кайрылуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине дагы жөнөтүлгөн.

Кайрылуусунда «Республика», «Ата-Журт Кыргызстан», «Бирге», «Эл Биримдиги» саясий партиялары «Эмгек» саясий партиясы тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузууларга жол берилгендигин көрсөтүп, ага байланыштуу «Эмгек» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгарууну өтүнүшөт.

Ал кайрылуу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына дагы жөнөтүлгөндүгүн эске алып, Кыргыз Республикасында шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ ал кайрылууну Ыкчам чара көрүүчү координациялык топко жөнөткөн.

Кыргыз Республикасында шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ өз компетенциясынын алкагында Борбордук шайлоо комиссиясына «Республика», «Ата-Журт Кыргызстан», «Бирге», «Эл Биримдиги» саясий партияларынын талаптарын канааттандыруудан баш тартууну сунуштады.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү