КР БШК «Эмгек» саясий партиясынан талапкер Т.А. Солтобаевдин арызын карады

03 мая 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 3-майындагы жыйналышында «Эмгек» саясий партиясынын төрагасы Т.А. Солтобаевдин Токмок шаарында «Республика», «Бирге», «Эл Биримдиги» саясий партияларынын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына талапкер, «Эмгек» саясий партиясынын төрагасы Т.А. Солтобаевден арыз түшкөн, анда арыз ээси «Республика», «Бирге», «Эл Биримдиги» саясий партияларын жоопкерчиликке тартууну жана «Республика», «Бирге», «Эл Биримдиги» саясий партияларынын талапкерлер тизмесин каттоону жокко чыгарууну өтүнөт.

Кыргыз Республикасында шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ материалдарды карап чыгып жана кызыкдар тараптардын жүйөлөрүн угуп, «Республика», «Бирге», «Эл Биримдиги» саясий партияларынын талапкерлер тизмесин каттоону жокко чыгаруу үчүн негиздер жок деген тыянакка келди.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү