Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

-
30.04.2021

-

-
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2021-жылдын 11-апрелиндеги «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумдун натыйжаларын аныктады
30.04.2021

КР БШК 2021-жылдын 11-апрелиндеги «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумдун натыйжаларын аныктады

2021-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышында 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумдун (жалпы элдик добуш берүүнүн) натыйжалары тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын протоколу бекитилди. Конституциялык Мыйзамдын 37-беренесине ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү аймактарда добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын 54 протоколунун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумдун (жалпы элдик добуш берүүнүн) натыйжалары тууралуу протокол түздү. Мында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 30-апрелиндеги №172 токтомуна ылайык референдумдун натыйжалары тууралуу протоколду түзүүдө добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган 21 участок боюнча маалыматтардын чыгарылып салынганы эске алынды. Маалымат үчүн: Добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган 21 участок боюнча референдумдун катышуучуларынын тизмелерине киргизилген жарандардын саны – 39 595, анын ичинде – 16 594ү добуш берүүгө катышкан. Коюлган суроого “макул” деп 13 724 жаран же 82,70%ы жана “каршы”  деп 1656 жаран же 9,98%ы жооп берди, ал эми жогоруда аталган участкаларда добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылган учурга чейин 1 214 бюллетень жараксыз деп таанылган. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөнкүдөй токтом кылды: - «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу боюнча 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдум (жалпы элдик добуш берүү) болуп өттү деп таанылсын. - долбоору «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31  Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) чыгарылган жана 2021-жылдын 19-мартында «ЭркинТоо» газетасынын 21-22 (3200-3201) сандарына жарыяланган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдум (жалпы элдик добуш берүү) менен кабыл алынды деп таанылсын. Референдумдун натыйжалары тууралуу КР БШКнын протоколуна ылайык: референдумдун катышуучуларынын тизмелерине киргизилген жарандардын жалпы саны – 3 606 201 референдумдун катышуучусу; добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын саны – 1 322 124 же референдумдун катышуучуларынын тизмелерине киргизилген жарандардын жалпы санынын 36,66%ы. коюлган суроого “макул” деп жооп берген референдумдун катышуучуларынын саны – 1 048 660 жаран же добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын 79,32%ы. коюлган суроого “каршы”  деп жооп берген референдумдун катышуучуларынын саны – 181370 же добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын 13,72%ы. Референдумдун натыйжалары тууралуу КР БШКнын 2021-жылдын 30-апрелиндеги № 173 токтому Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине жөнөтүлдү, расмий сайтта жарыяланды жана «ЭркинТоо» газетасына берилди. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү            
Кененирээк билүү >>
Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды
30.04.2021

Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 30-апрелиндеги жыйынында 11-апрелде өткөн Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду бекитти. Баткен аймактык шайлоо комиссиясы 3 күндүн ичинде жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарын каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырат. Бул чечим "Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 37-38-40-51-59-1, 62-беренелерине ылайык кабыл алынды. КР БШК Маалымат бөлүмү   
Кененирээк билүү >>
Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды
30.04.2021

Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

2021-жылдын 11-апрелинде Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Сүлүктү шаарындагы жалпы шайлоочулардын саны 10819 болсо, анын 5188 шайлоочусу шайлоого катышкан, бул 47,97%ды түзөт. Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Сүлүктү шаарынын аймагында 13 шайлоо участкасы жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн. 2021-жылы 11-мартта Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери менен 7 саясий партиянын тизмесинде 378 талапкер катталган (алардын ичинен: 241 эркек, 137 аял). 2021-жылы 23-апрелде Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясы Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды: Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 7% тоскоолдуктан өтүп, катталган 7 партиянын ичинен 7 партия өттү: 1. «Өнугуу-Прогресс» - 21,24% 2. «Ынтымак» - 16,96% 3. «Ыйман Нуру» - 14,44% 4. «Жаны-Доор» - 12,95% 5. «Замандаш» - 11,28% 6. «Республика» - 10,91% 7. «Ата-Журт Кыргызстан» - 10,60% Сүлүктү шаардык кеңешин шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын ортосундагы мандаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү: 1. «Өнугуу-Прогресс» - 7 мандатов; 2. «Ынтымак» - 5 мандатов; 3. «Ыйман Нуру» - 5 мандатов; 4. «Жаны-Доор» - 4 мандата; 5. «Замандаш» - 4 мандата; 6. «Республика» - 3 мандата; 7. «Ата-Журт Кыргызстан» - 3 мандата. "Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын БШКсы тийешелүү аймактагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоону жүзөгө ашырат. КР БШК Маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды
30.04.2021

Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

2021-жылдын 11-апрелинде Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Өзгөн шаарындагы жалпы шайлоочулардын саны 30404 болсо, анын 11224 шайлоочусу шайлоого катышкан, бул 36,92%ды түзөт. Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчү Өзгөн шаарынын аймагында 14 шайлоо участкасы жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн. 2021-жылы 11-мартта Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери менен 7 саясий партиянын тизмесинде 351 талапкер катталган (алардын ичинен: 239 эркек, 112 аял). 2021-жылы 24-апрелде Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды: Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 7% тоскоолдуктан өтүп, катталган 7 партиянын ичинен 5 партия өттү: 1. «Народно-демократическая партия Кыргызстана» - 33,25% 2. «Ата-Журт Кыргызстан» - 24,14% 3. «Аманат» - 13,42% 4. «Өнугуу-Прогресс» - 9,84% 5. «Нур» - 7,12% Өзгөн шаардык кеңешин шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын ортосундагы мандаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү: 1. «Народно-демократическая партия Кыргызстана» - 12 мандат; 2. «Ата-Журт Кыргызстан» - 9 мандат; 3. «Аманат» - 13,42% (5 мандат); 4. «Онугуу-Прогресс» - 3 мандат; 5. «Нур» - 2 мандат. "Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын БШКсы тийешелүү аймактагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоону жүзөгө ашырат. КР БШК Маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
Ош облусунун Кара-Суу районунун 3 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды
30.04.2021

Ош облусунун Кара-Суу районунун 3 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 30-апрелиндеги жыйынында 11-апрелде өткөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман, Папан жана Кызыл- Кыштак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду бекитти. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы 3 күндүн ичинде жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарын каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырат. Бул чечим "Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 37-38-40-51-59-1, 62-беренелерине ылайык кабыл алынды. КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Баткен облусунун Кадамжай районунун 3 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды
30.04.2021

Баткен облусунун Кадамжай районунун 3 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 30-апрелиндеги жыйынында 11-апрелде өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик, Көтөрмө жана Марказ айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду бекитти. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы 3 күндүн ичинде жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарын каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырат. Бул чечим "Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 37-38-40-51-59-1, 62-беренелерине ылайык кабыл алынды. КР БШК Маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
-
30.04.2021

-

-
Кененирээк билүү >>
Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды
30.04.2021

Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

2021-жылдын 11-апрелинде Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Кадамжай шаарындагы жалпы шайлоочулардын саны 8112 болсо, анын 2714 шайлоочусу шайлоого катышкан, бул33,17%ды түзөт. Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчү Кадамжай шаарынын аймагында 5 шайлоо участкасы жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн. 2021-жылы 11-мартта Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери менен 11 саясий партиянын тизмесинде 378 талапкер катталган (алардын ичинен: 241 эркек, 137 аял). 2021-жылы 14-апрелде Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды: Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 7% тоскоолдуктан өтүп, катталган 11 партиянын ичинен 5 партия өттү: 1. «Бүтүн Кыргызстан» - 19,8% 2. «Ынтымак» - 16,1% 3. «Өнугуу Прогресс» - 14,6% 4. «Улуу Журт» - 9,9% 5. «Калыс» - 7,4% Кадамжай шаардык кеңешин шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын ортосундагы мандаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү: 1. «Бүтүн Кыргызстан» - 6 мандат; 2. «Ынтымак» - 5 мандат; 3. «Өнугуу Прогресс» - 5 мандат; 4. «Улуу Журт» - 3 мандат; 5. «Калыс» - 2 мандат. "Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын БШКсы тийешелүү аймактагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоону жүзөгө ашырат. КР БШК Маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды
30.04.2021

Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 30-апрелиндеги жыйынында 11-апрелде өткөн Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду бекитти. Талас аймактык шайлоо комиссиясы 3 күндүн ичинде жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарын каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырат. Бул чечим "Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 37-38-40-51-59-1, 62-беренелерине ылайык кабыл алынды. КР БШК Маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
Талас облусунун Бакай-Ата районунун 2 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды
30.04.2021

Талас облусунун Бакай-Ата районунун 2 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 30-апрелиндеги жыйынында 11-апрелде өткөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак жана Боо-Терек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду бекитти. Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясы 3 күндүн ичинде жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарын каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырат. Бул чечим "Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 37-38-40-51-59-1, 62-беренелерине ылайык кабыл алынды. КР БШК Маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Могол айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды
30.04.2021

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Могол айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 30-апрелиндеги жыйынында 11-апрелде өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Могол айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду бекитти. Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясы 3 күндүн ичинде жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарын каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырат. Бул чечим "Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 37-38-40-51-59-1, 62-беренелерине ылайык кабыл алынды. КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды
30.04.2021

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

2021-жылдын 11-апрелинде Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Жалал-Абад шаарындагы жалпы шайлоочулардын саны 50126 болсо, анын 20077 шайлоочусу шайлоого катышкан, бул 40,05%ды түзөт. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчү Жалал-Абад шаарынын аймагында 25 шайлоо участкасы жана бир аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн. 2021-жылы 11-мартта Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдери менен 5 саясий партиянын тизмесинде 293 талапкер катталган (алардын ичинен: 194 эркек, 99 аял). 2021-жылы 23-апрелде Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды: Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 7% тоскоолдуктан өтүп, катталган 5 партиянын ичинен 3 партия өттү: 1. «Ата-Журт Кыргызстан» - 61,19% 2. «Өнүгүү-Прогресс» - 14,32% 3. «Ыйман Нуру» - 12,20% Жалал- Абад шаардык кеңешин шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын ортосундагы мандаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү: 1. «Ата-Журт Кыргызстан» - 22 мандат; 2. «Өнүгүү-Прогресс» - 5 мандат; 3. «Ыйман Нуру» - 4 мандат. "Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын БШКсы тийешелүү аймактагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоону жүзөгө ашырат. КР БШК Маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 18 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды
30.04.2021

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 18 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 30-апрелиндеги жыйынында 11-апрелде өткөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булун, Ивановка, Сын-Таш, Юрьевка, Нурманбет, Красная - Речка, Кочкорбаев, Жээк, Ак-Кудук, Бирдик, Узун-Кыр, Интернациональный, Туз, Ысык-Ата, Люксембург, Логвиненкого, Ново-Покровка жана Милянфан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду бекитти. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясы 3 күндүн ичинде жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарын каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырат. Бул чечим "Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 37-38-40-51-59-1, 62-беренелерине ылайык кабыл алынды. КР БШК Маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
Ош облусунун Өзгөн районунун 19 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды
30.04.2021

Ош облусунун Өзгөн районунун 19 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 30-апрелиндеги жыйынында 11-апрелде өткөн Ош облусунун Өзгөн районунун Кара-Таш, Кызыл-Октябрь, Жалпак-Таш, Куршаб, Кароол, Баш-Дөбө, Төрт-Көл, Жылалды, Ийри-Суу, Чангет, Зергер, Дон-Булак, Жазы, Кызыл-Тоо, Салам-Алик, Колдук, Ак-Жар, Алтын-Булак жана Мырза-Аке айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду бекитти. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы 3 күндүн ичинде жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарын каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырат. Бул чечим "Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 37-38-40-51-59-1, 62-беренелерине ылайык кабыл алынды. КР БШК Маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
-
30.04.2021

-

-
Кененирээк билүү >>
1 … 226 228 … 484