КР БШК «Бирге» саясий партиясынан талапкер К.К. Чокеевдин Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №58 чечимине арызын карады

03 мая 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 3-майындагы жыйналышында «Бирге» саясий партиясынан талапкер К.К. Чокеевдин Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №58 чечимине арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.

2021-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына «Бирге» саясий партиясынан талапкер К.К. Чокеевден Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №58 чечимине арыз түшкөн, ага ылайык Токмок аймактык шайлоо комиссиясы К.К. Чокеевдин №7068 УШКдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп таануу жөнүндө даттануусун канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алган.

Мурда «Бирге» саясий партиясынан талапкер К.К. Чокеев «Республика» саясий партиясына байланыштуу Токмок АШКга даттануу берген, даттанууга ылайык аталган партия добуш берүү күнү – 11-апрелде №7068 участоктук шайлоо комиссиясынын аймагында үгүт жүргүзгөң.

«Бирге» саясий партиясынан талапкер К.К. Чокеев Токмок АШКнын чечимине макул болбой, Борбордук шайлоо комиссиясына даттануу берип, Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №58 чечимин жокко чыгарууну, ошондой эле №7068 УШКдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп таанууну өтүнгөн.

Кыргыз Республикасында шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ материалдарды карап чыгып жана кызыкдар тараптардын жүйөлөрүн угуп, далилдердин жетишсиздигине, ошондой эле Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №58 чечими укук ченемдүү жана негиздүү кабыл алынгандыгына байланыштуу Токмок АШКнын чечимин жокко чыгаруу үчүн негиз жок экендигин белгиледи.

Ушуга байланыштуу КР БШК «Бирге» саясий партиясынан талапкер К.К. Чокеевдин Токмок АШКнын 2021-жылдын 16-апрелиндеги №58 чечимине арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү