Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдардын өлчөмүн бекитти
Кыргыз Республикасынын щайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук щайлоо комиссиясынын бүгүн 14-июлда өткөн кезектеги жыйынында КР БШКнын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдардын өлчөмүн 499 млн. 438 600 сом өлчөмүндө бекитишти.
Ошондой БШКнын кечээки өткөн жыйынында негиз катары кабыл алынган КР БШКнын Атайын өкүлү туурасындагы ЖОБО бекитилди. БШКнын мүчөлөрү курамына КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери кирген шайлоочуларды Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн жүрүшү боюнча кабардар кылуу маселелери боюнча Жумушчу топтун жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун учурунда үгүт иштеринин тартибин сактоону көзөмөлдөө боюнча Жумушчу топтун түзүлүшү жөнүндөгү токтомду кабыл алышты.
Мындан тышкары КР БШКнын КР Президенттик кызматына талапкерлердин атайын эсептери үчүн банктык мекемелерди аныктоо жөнүндөгү токтому кабыл алынды.
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн КР Президенттик кызматына талапкер К. Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү – Аида Төлөгөнованы жана Самат Бөрүбаевди каттады.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т. Абдраимов Кыргызстандагы донорлук коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов бүгүн, 14-июлда Кыргызстандагы донорлук коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууга Кыргызстандагы ЕККУ, ЕС, ПРООН, ЮСАИД сыяктуу эл аралык уюмдардын, эл аралык өнүгүүнүн Жапон агенттигинин жана шайлоо системаларынын Эл аралык Фонддун өкүлдөрү катышышты.
Талкуунун чордонунда КР БШКнын президенттик шайлоолор учурундагы донорлук коомчулук менен болгон кызматташтыгы туурасындагы маселе каралды.
КР БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов жолугушуунун катышуучуларын БШКнын иш пландары жөнүндө кеңири кабардар кылып, комиссиянын донорлук коомчулук менен кызматташуусун КР БШКнын шайлоо технологияларынын Борбору координациялай тургандыгын белгилеп өттү жана донорлук коомчулуктун өкүлдөрүн конструктивдүү, ачык кызматташууга чакырды.
“Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы өз ишмердүүлүгүн ачыктык жана тактык принциптерин кармануу менен жүргүзөт жана шайлоону адилет өткөрүү үчүн бардык аракеттерди жумшайт” , - деп баса белгиледи КР Боршайкомунун төрагасы.
Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле шайлоо процессине эл аралык байкоочулардын катышуусу, шайлоочуларды Кыргызстандын жаңы шайлоо мыйзамдары туурасында кабардар кылуу жана кызматташтыктын башка багыттары туурасындагы маселелер козголду.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын Аппарат жетекчилигине Султанов М.С. дайындалды
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Төрагасы Т.Абдраимовдун 2011-жылдын 12-июлдагы буйругу менен 1966-жылы туулган Султанов Марат Сейтбаевич КР БШКнын Аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул кызмат 2010-жылдан бош турган.
М.Султанов 1990-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин “укук таануу” адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун 1990-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда консультанттыктан баштаган.
1991-жылдан 1995-жылга чейин Чүй областынын Ысык-Ата районунун сотунда судья, Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунда судья болуп иштеген.
Түрдүү жылдарда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын юридикалык бөлүмүндө референт, эксперт, сектор башчысы кызматын аткарган.
1999-2002-жылдары жана 2006-жылдан 2008-жылга чейин эки жолу Бишкек шаарынын Биринчимай райондук сотунун төрагасы болгон.
2003-жылдан 2006-жылга чейин АРИСте юрист, андан кийин АРИСтин аткаруучу директору болгон.
2008-жылдан 2010-жылга чейин Бишкек шаардык сотунун төрагасы болгон. 2011-жылдын март айынан КР БШК Аппаратынын жетекчиси болгонго чейин АРИСте юристтик кызматта иштеген.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы.
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы Регламенти бекитилди
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын бүгүнкү өткөн жыйынында комиссиянын мүчөлөрү “Шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыгылган КР БШКнын Регламентин бекитишти.
Жыйында ошондой эле “Атайын өкүл жөнүндөгү”, “Кыргыз Республикасынын БШКнын Коомдук кабылдамасы Жобо жөнүндөгү”, “2011-жылдын 30 –октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого КРнын чектеринен тышкары жактарда жашаган же жүргөн КРнын жарандарынын катышуусун уюштуруу жөнүндөгү” Жоболор бекитилди.
Ошондой эле аймактык шайлоо комиссияларын түзүү боюнча Жумушчу тобу, шайлоолорду Кыргыз Республикасынын чектеринен тыш жактарда өткөрүү жана эл аралык байкоочулар менен иш алып баруу боюнча Жумушчу тобу, Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кийирүү боюнча Жумушчу тобу түзүлдү.
“Атайын өкүл” кызматы “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” КРнын конституциялык Мыйзамына ылайык кийирилет. Атайын өкүл БШКнын төрагасы тарабынан тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына дайындалуучу мамлекеттик кызматчы, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкери болуп саналат.
Шайлоонун жаңы мыйзамдарына ылайык, республиканын чектеринен тыш жактардагы шайлоо участоктору Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүктөрү бар шаарларда түзүлөөрүн белгилей кетели.
БШКнын Коомдук кабылдамасы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү убактысына түзүлөт. Коомдук кабылдаманын максаты – Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоо, жарандардын КР БШКнын ишмердүүлүгүнө байланышкан кайрылуулары, каалоо –сунуштары жана дооматтары менен натыйжалуу жана оперативдүү иш алып барууну уюштуруу. Коомдук кабылдаманын алдына Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоо, жарандардын КР БШКнын ишмердүүлүгүнө байланышкан кайрылуулары, каалоо –сунуштары жана дооматтары менен натыйжалуу жана оперативдүү иш алып баруу, шайлоо мыйзамдары боюнча шайлоочуларга, талапкерлерге, алардын ишенимдүү кишилерине жана саясый партиялардын өкүлдөрүнө, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, шайлоо процессинин катышуучуларына юридикалык, консультативдик -методикалык жардам көрсөтүү милдети коюлган.
Коомдук кабылдама КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында жайгашкан (Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 59)
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Аймактык шайлоо комиссияларын түзүү үчүн керектүү документтерди берүү жана кабыл алуу маселеси боюнча түшүндүрмө
Жергиликтүү кеңештердин көңүлүнө!
Азыркы учурда бүтүндөй республика боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн көрсөтүү процесси жүрүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун негизги иш чараларынын Календарлык планына ылайык аймактык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 15-июлуна чейин узартылды.
Жергиликтүү кеңештер саясый партиялардан, коомдук уюмдардан жана шайлоочулардын чогулуштарынан көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтарды жана чогулуштардын протоколдорун кабыл алууга милдеттүү.
Документтерди кабыл алуу аяктагандан кийин жергиликтүү кеңештер өзүнүн кезексиз сессиясында көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтарды жана чогулуштун протоколун бекитүү менен шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссияга тапшыруулары зарыл. Ушундан улам, аймактык шайлоо комиссияларын түзүү процессинде жергиликтүү кеңештердин милдети керектүү документтерди кабыл алуу, калыптандыруу жана КР БШКга тапшыруу болуп калат. Мында жергиликтүү кеңештер документтерди талапкерлерди көрсөтүү субьектилеринин бардыгынан, бөлүүгө жол бербей, кабыл алуулары керек.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо документтеринин формалары жана үлгүлөрү
Шайлоо комиссиясына талапкерлерди көрсөтүү үчүн документтердин формалары жана үлгүлөрү менен бул жерден таанышууга болот
Кененирээк билүү >>
Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө ЖОБО
Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө ЖОБО – бул жерде
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн жаңы регламентин талкуулоодо
Бүгүн, 11-июлда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү.
Күн тартибине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү КР БШКнын жаңы Регламентин карап чыгышты. Талкуулоодон кийин Регламенттин долбоорун кошумча иштеп чыгууга жиберүү чечими кабыл алынды.
Мындан тышкары БШК мүчөлөрү “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушча топ жөнүндө” жоболорду карап жана бекитишти.
Шайлоо мезгилинде, БШКда бүгүн кабыл алынган токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ түзүлөт.
Жыйналышта БШК мүчөлөрү шайлоо алдындагы үгүткө катышкан ЖМКларды аккредиттөөнүн жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилиндеги алардын ишинин тартибин бекитишти. Ошондой эле БШК мүчөлөрүнүн кароосуна “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо эл аралык (чет элдик) байкоочулардын статусу жана ыйгарым укуктары, иш аракеттеринин тартиби жөнүндө” Жобо киргизилди жана бекитилди.
Ошондой эле, КР БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун сунушу боюнча БШК мүчөлөрү токтом талкуулашты жана кабыл алышты, ага ылайык БШК Жогорку Кеңешке жана Өкөмөткө КР БШК кызматтык адамдарынын, мамлекеттик кызматкерлеринин жана КР БШК Аппаратынын башка кызматкерлеринин эмгек акысынын шарттарын жана алардын өлчөмдөрүн КР парламентинин, Өкмөтүнүн кызматтык адамдарынын, мамлекеттик кызматкерлеринин жана Аппаратынын башка кызматкерлеринин эмгек акысынын шарттары жана алардын өлчөмдөрү бирдей мааниде белгилөө боюнча кайрылат.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы.
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы КР Президентин шайлоо боюнча шайлоо документтеринин формаларын жана үлгүлөрүн бекитти
Бүгүн, 8-июлда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү.
Күн тартибине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо документтеринин формаларын жана үлгүлөрүн, шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таратуунун тартиби жөнүндө Жобону бекитишти.
Боршайлоокомдун мүчөлөрү, “Республика” саясый партиясынан депутаттыкка талапкерлер Уран Мурадыловдун, Нурланбек Баймуратовдун, Венера Исалиеванын, Мирлан Жеенчороевдин, талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу жана өз каалоосу менен депутаттык мандатты алуудан баш тартуу жөнүндө арызын карап чыгышып, республиканын мыйзамына ылайык алардын арыздарын канагаттандырды.
Ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (“Республика” партиясы) Алтынай Өмүрбекованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Депутат А.Өмүрбекованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселе, анын депутаттык ыйгарымдар менен төп келишпеген ишке өткөндүгүнө байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына берген арызынын негизинде каралган.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3-пунктун жетекчиликке алып, Борбордук шайлоо комиссиясы КР Жогорку Кеңешинин депутаты деп “Республика” саясый партиясынан Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообековичти каттады.
Жыйналышта Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов катталган депутат Ш.Абдыкеримовго белгиленген үлгөдөгү күбөлүктү жана төш белгини тапшырды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Кыргызстандын элине, саясий партияларга, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарына КАЙРЫЛУУСУ
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!
2011-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө негизги звено болуп эсептеле турган аймактык, участкалык комиссиялардын курамына саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү башталат.
Бүгүнкү күндө, шайлоо системасын реформалоо алкагында, шайлоону даярдоодо жана уюштурууда бардык деңгээлдеги комиссиялардын мүчөлөрүнүн ролу өтө маанилүү. Андыктан, бардык шайлоо процесстерине карата элдин ишениминин деңгээли алардын иш-аракеттерине жараша болмокчу.
Аймактык, участкалык комиссиялардын курамына 30 миңден ашык жарандарды тартуу болжолдонууда.
Кыргыз Республикасында аймактык, участкалык комиссияларда жоопкерчиликтүү жана олуттуу иш алып бара турган жарандар аз эмес.
Аймактык, участкалык комиссиялардын курамында иштөө адамдар менен калыс, адилет жана абийирдүү иштей билүүнү талап кылгандыгы менен жооптуу. Ошону менен бирге бул комиссиялар эки жылдык мөөнөткө, ал эми резерви беш жылдык мөөнөткө түзүлөт, бул тийиштүү комиссиянын мүчөлөрүнүн жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну жана коргоону камсыз кылууда жоопкерчилигин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Саясий партиялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлчүлүк органдары талапкерлердин резервин түзүүдө жарандарды комиссияга көрсөтүү учурунда алардын макулдугун эске алуулары зарыл.
2011-жылдын 30-октябрында кыргызстандыктар өздөрүнүн тарыхый тандоосун жасайт. Бардык деңгээлдеги комиссиялардын мүчөлөрүнүн милдети – Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун мыйзамдуулугун, ачык-айкындыгын камсыз кылуу менен жарандардын добуштарын эсептөө жана башка иш-аракеттерди шайлоо мыйзамдарына ылайык адилет, ачык жүргүзүү болуп эсептелет.
Аймактык, участкалык комиссиялардын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор (алардын резерви 11 адамдан кем эмес санда) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарынын жетекчилеринин колтамгасы жана мөөрү менен, ал эми саясий партияларда – чогулуштун, же анын аймактык бөлүмүнүн төрагасынын жана катчысынын колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек.
Саясий партиялардын жана жергилктүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарынын протоколдоруна тиркелет:
- Аймактык, участкалык комиссиялардын курамында иштөөгө макулдугу жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө арызы.
- Паспортунун көчүрмөсү.
- Иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтар.
- Байланышуу маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого аймактык комиссиялардын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2011-жылдын 15-июлунун саат 18-00 чейин кабыл алынат, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого участкалык комиссиялардын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2011-жылдын 25-июлунун саат 18-00 чейин тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарында кабыл алынат (жергиликтүү, райондук кеңештер).
Сурап-билүү телефону: 66-51-86, 62-08-29
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген кол коюу барактарындагы колтамгалардын жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
Кол коюу барагы – бул жерде
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон, шайлоочулардын колтамгаларын чогултуунун жыйынтыктары жөнүндө протокол - бул жерде
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдоп шайлоочулардын колтамгаларын чогултуунун жалпы жыйынтыктары жөнүндө протокол - бул жерде
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгалары бар кол коюу барактарын кабыл алуу жөнүндө МААЛЫМКАТ - бул жерде
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамдын талаптарын бузуулардын болжолдуу түрлөрү - бул жерде
Кол коюу барактарын текшерүүнүн натыйжалары жөнүдө ПРОТОКОЛ - бул жерде
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон кол коюу барактарын текшерүүнүн ВЕДОМОСТУ - бул жерде
Кол коюу барактарында камтылган шайлоочулардын колтамгаларын жана маалыматтарды текшерүү боюнча жумушчу топтун КОРУТУНДУСУ - бул жерде
Кененирээк билүү >>
2011-жыл 30-октябрь – Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо!
Урматтуу саясий партиялар! Урматтуу шайлоочулар!
Аймактык шайлоо комиссияларынын курамын түзүү процесси башталды. Сиздер алардын курамына өз талапкерлериңерди көрсөтүүгө активдүү катыша аласыздар.
Көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтар жана чогулуштардын протоколдору тийиштүү райондук жана шаардык кеңештерге 2011-жылдын 15-июлунда саат 18-00дөн кечиктирилбестен берилиши керек.
Толук маалыматты Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынан 0312-66-51-86 жана 62-08-29 телефондору боюнча жана Борбордук шайлоо комиссиясынын www.shailoo.gov.kg. сайтынан аласыздар.
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын Боршайлоокому КР Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча иш чаралардын Календарлык планын бекитти
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 2011-жылдын 5-июлундагы өзүнүн жыйналышында КР Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш чаралардын Календарлык планын бекитти.
Республиканын шайлоо мыйзамына ылайык даярдык иш чаралары шайлоо комиссияларын түзүү, шайлоо участкаларын уюштуруу, шайлоочулардын тизмесин түзүү багыттарында жүргүзүлөт. Иш чаралардын планы ошондой эле талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана иштеринин кепилдигин, шайлоо алдындагы үгүттү маалыматтык камсыз кылууну жана жүргүзүүнү, эл аралык байкоочулар менен иштөө боюнча жана коомчулук менен байланыш аракеттерин жөндөйт.
Планды талкуулоонун жүрүшүндө БШК мүчөлөрү аймактык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 15-июлунда аяктайт, алардын курамын түзүү ү.ж.25-июлунда аяктайт деген чечим кабыл алышты. Участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү процесси 2011-жылдын 25-июлунда, аларды түзүү 2011-жылдын 1-августунда аяктайт. Шайлоо участкаларын түзүү 2011-жылдын 15-июлунда аяктайт.
Планга ылайык шайлоо комиссияларынын кадрларынын квалификациясын жогорулатуу 2011-жылдын 1-августунан башталат.
Жыйналышта БШК мүчөлөрү ошондой эле шайлоо комиссияларынын толук кандуу ишин камсыз кылыш үчүн КР Конституциясынын жана шайлоо мыйзамдарынын китепчелерин басып чыгаруу тууралу чечим кабыл алышты.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалганы белгилүү.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календарлык планы
Кененирээк билүү >>
Шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын ММКлары үчүн маалымат
Шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын ММКлары үчүн маалымат
“Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы токтому “Эркин тоо” газетасынын 2011-жылдын 1-июлундагы санына жарыяланды.
Шайлоолорду өткөрүүдө телерадиоберүүнүн, мезгилдүү басма сөз каражатынын тийиштүү уюмдары шайлоо датасы расмий жарыяланган 10 календарлык күндөн кечиктирбестен эфирдик убакытты, басма сөз бетин берүүгө төлөөнүн шарттары жана өлчөмдөрү жөнүндө маалыматтарды жарыялоолору керек жана Боршайлоокомго тапшыруулары зарыл.
Ушундан улам, шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын ММКлары 2011-жылдын 10-июулуна чейин, ошол күнү да, Борбордук шайлоо комиссиясына:
Шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдык жөнүндө билдирүү-кат, анда ММК жетекчисинин фамилиясы, аты, атасынын аты, даректери жана байланышуу үчүн маалыматтары;
ММКнын нотариалдык бекитилген уставынын көчүрмөсү;
Төлөөнүн шарттары жана өлчөмдөрү жөнүндө маалыматтар жарыяланган газетанын номеринин көчүрмөсү тапшырылышы керек.
Төмөндө Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттары үчүн билдирүү-каттын үлгүсүн көрсөтөбүз.
Үлгү
Кыргыз Республикасынын Борбордук
шайлоо комиссиясына
Юстиция Министрлигинде расмий каттоодон өткөн (катталуу датасы) телерадиокомпания (ММК аталышы) Кыргыз Республикасынын аймагында эфирге чыгат (датасы), Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даяр.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн ТРК (аталышы) аккредитациялоону суранабыз.
Тийиштүү документтер тиркелет.
Урматтоо менен,
ММК жетекчисинин фамилиясы, аты, атасынын аты
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган массалык маалымат каражаттары үчүн түшүндүрмө.
КР Президенти 2011-жылдын 4-июлунда кол койгон “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы бүгүн 5-июлда “Эркин тоо” газетасына жарыяланды.
Конституциялык мыйзамда КР Президентин шайлоодогу шайлоо алдындагы үгүткө катышкан ММКларга карата жаңы киргизүүлөр бар.
Алсак, 24-берененин 4-пунктуна ылайык талапкерлерге, саясый партияларга берилген төлөнүүчү эфирдик убакыттын баасы, шайлоолорду дайындоо күнүнө чейин 6 ай мурда алынгандан ашпашы керек. Мында басма аянтынын баасы шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашышы мүмкүн эмес.
“Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы токтому “Эркин тоо” газетасынын 2011-жылдын 1-июлундагы санына жарыяланганы белгилүү.
Шайлоо мыйзамына ылайык, шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн башталат жана добуш берүүгө 24 саат калганда токтотулаарын эскертип кетмекчибиз. Кайталап добуш берүү өтөкрүлгөндө шайлоо алдындагы үгүт кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан башталат жана кайталап добуш берүү башталаарына 24 саат калганда токтотулат (жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын 23-беренесинин 1,2-пунктчалары).
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын Боршайлоокому КР Жогорку Кеңешинин президенттик шайлоону дайындоо жөнүндө токтомуна ылайык аларды өткөрүүгө даярдыкты баштады
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына КР Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңештин 2011-жылдын 30-июнундагы токтому келип түштү, ошону менен шайлоо кампаниясына расмий старт берилди”-деп билдирди 2-июлдагы пресс-конференцияда, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев.
Жогорку Кеңештин токтому менен КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалганы белгилүү. КР Боршайлоокомго колдонуудагы мыйзамга ылайык шайлоону өткөрүүнү камсыз кылуу, КР Өкмөтүнө шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн финансалык маселелерин чечүү тапшырылган.
БШК төрагасы А.Сариев президенттик шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө тышкы иштер, коргоо, ички иштер, билим берүү жана илим, саламаттык сактоо, эмгек, ишке орноштуруу жана миграция, калкты социалдык коргоо маселелерин алып барышкан КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучулук органдарынын башчылары тартылаарын билдирди. КР Баш прокуратурасына шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө КР мыйзамдарынын жана Конституциясынын сакталышын камсыздоо тапшырылды.
А.Сариевдин билдирүүсү боюнча Боршайлооком жакынкы күндөрдө КР Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш чаралардын Календарлык планын бекитет. Иш чаралардын планы жөнүндө шайлоо кампаниясынын катышуучуларына, ММКларга, байкоочуларга, шайлоо алдындагы кампанияларды, талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо боюнча, шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдыруу боюнча саясый партияларга билдирилет.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
07.11.2026
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
07.11.2026
КР БШКсы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт
07.11.2026
КР БШКсы маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт
06.11.2026
Исхак Масалиев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
06.11.2026
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
06.11.2026
Жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду