Башкы Жаңылыктар Бишкек АШК администрациялык ресурсту кыянат пайдаланууга байланыштуу билдирет

Бишкек АШК администрациялык ресурсту кыянат пайдаланууга байланыштуу билдирет

04-Май, 2021

№4, 11 муниципалдык аймактык башкармасынын (МАБ) кызмат адамдарынын администрациялык ресурсту кыянат пайдалануусуна байланыштуу жарыяланган видео боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы төмөнкүлөрдү билдирет.

Бишкек АШКга А. Манасбековдон (№11 МАБ) жана М. Тургуновадан (№4 МАБ) мыйзамдарда белгиленген тартипте арыз, даттануу түшкөн жок.

№11 МАБ боюнча:

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш алкагында тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн Бишкек АШК тарабынан Бишкек шаарынын укук коргоо органдарына билдирилди. 2021-жылдын 30-апрелинде Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБден токтотулган сотко чейинки өндүрүштүн материалы түшкөн.

2021-жылдын 3-майында Бишкек АШК №11 МАБдын кызматкерлери А.Манасбековдон, Б.Ш. Чекировадан жана Э.Г. Абдуллаевадан кат жүзүндөгү түшүнүктөрдү алды.

№11 МАБдын адиси А.Манасбеков МАБдын начальниги менен анын ортосунда жумушка байланыштуу түшүнбөстүк жана талаш-тартыш бар экендигин түшүндүрдү. Анын айтуусунда Э. Абдуллаева (№11 МАБдын начальниги) аны кысымга алат, каттарга кол койбойт, ошентип, тартип жоопкерчилигине тартып, андан соң иштен бошоткусу келет.

№11 МАБдын башкы адиси Б.Ш. Чекирова түшүнүк катында үй-бүлөлүк шарты боюнча 2021-жылдын 16-мартынан тартып, 15-майына чейин эмгек акы сакталбаган өргүүгө чыкканын жана эч кандай үгүт жүргүзбөгөндүгүн көрсөтөт.

Өз кезегинде Э. Абдуллаева ал тараптан кызматкерлерин, үй комитет башчыларын «Эмгек» партиясына иште деп эч кандай мажбурлоо болбогондугун билдирди. Б.Ш. Чекированын үгүт жүргүзүү иш-чараларына катышкандыгы же катышпагандыгы тууралуу ага эч нерсе белгисиз, себеби өргүүгө чыккандан кийин ал жумушка келген эмес.

Бишкек АШК муниципалдык кызматкерлер (башкы адис жана начальник) тарабынан администрациялык ресурсту кыянат пайдалануу белгилери боюнча “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык маңызы боюнча териштирүү жана тиешелүү чара көрүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясына материалдарды жөнөттү.

№4 МАБ боюнча:

Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБден Кыргыз Республикасынын Жоруктар кодексинин 871 беренесинде каралган жорук жасады деп шектелгендиги үчүн №4 МАБдын начальнигинин орун басарына билдирме тапшырылгандыгы жана материалдар Ленин райондук прокуратурасына, андан ары – сотко жөнөтүлгөндүгү тууралуу Бишкек АШКга кат түшкөн.

Иштин бардык жагдайларын иликтөө, ошондой эле көрсөтүлгөн фактыда шайлоо мыйзамдарын бузуу бар-жогун ар тараптуу карап чыгуу максатында видеодо көрсөтүлгөн бардык адамдар Бишкек АШКга чакыртылды.

Өзүнүн түшүнүк катында №4 МАБдын начальнигинин орун басары Ы.К.Турсукеев үгүт иштерине тиешеси жок экендигин, тигил же бул партияга иште деп эч кимди мажбурлабагандыгын жазган. М. Тургунованын аны айыптоосу экөөнүн жеке өз ара мамилесинен улам болгондугун белгилейт.

Өзүнүн түшүнүк катында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Р.Ш. Жакышов №4 МАБдын кызматкерлеринин ортосунда келип чыккан өз ара түшүнбөстүктөргө эч кандай тиешеси жок экендигин көрсөткөн.

Жаран М. Тургунова (№4 МАБдын кварталдык комитетинин төрагасы) ден соолугуна шылтап, Бишкек АШКга келбегендигин белгилөө керек.

Жаран У.Б. Акуновдун арызы боюнча:

2021-жылдын 2-майында жаран У.Б. Акуновдон базарлардын салык төлөмдөрү тууралуу фото документ тиркелген, жеке ишкерлер жана коммерциялык уюмдар үчүн жеке патенттердин наркын төлөөгө «Эмгек» саясий партиясынын тиешесин текшерүү боюнча арыз түшкөн. Бишкек АШК арыз ээсине укук коргоо органдарына кайрылууну сунуштады.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>