Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары аныкталды
2021-жылдын 19- майында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышында 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү тууралуу токтом кабыл алынды.
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өткөн.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 1 арыз келип түшкөн. Келип түшкөн арыз каралып, ал боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынды.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37,38,40,51,59-1, 62-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кабыл алды.
Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясы шайланган депутаттарды 3 күндүк мөөнөттө каттайт жана аларга ырастамаларды жана белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырат.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 19-майда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 19 май 2021-ж.
Убактысы: 18.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжайлары тууралуу Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. Баткен облусунун Баткен шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
4. Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
5. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
6. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
7. Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
8.Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
9. Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
10. Жалал-Абад облусунун Кербен шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
11. Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
12. Чүй облусунун Панфилов районунун Кайынды шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
13. Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
14. Чүй облусунун Кемин районунун Орловка шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
15. Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
16. Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон, Масалиев, Чаувай, Марказ жана Орозбеков айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
17. Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу, Первомай, Беш-Терек айыл өкмөттөрүнүнбашчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
18. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач, Авлетим, Кызыл-Туу, Кара-Суу, Кашка-Суу, Жерге-Тал айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
19. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя, Чаткал, Сумсар айыл өкмөттөрүнүнбашчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
20. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука, 1-Май, Көк-Таш айыл өкмөттөрүнүнбашчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
21. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман, Бешик-Жон, Кеңеш, Сайдыкум, Талдуу-Булак, Могол, Кызыл-Үңкур айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
22. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай, Көк-Ирим, Каргалык, Сары-Булуң айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
23. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Дарыя, Ырыс, Барпы, С.Атабеков, Кара-Алма, Курманбеков, Кыз-Көл, Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
24. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун М.Абдылдаев, Кетмен-Төбө, Жаңы-Жол, А.Суеркулов, Ничке-Сай, Үч-Терек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
25. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал, Достук, Масы, Момбеков, Ноокен, Сакалды, Шайдан айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
26. Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү, Ленин, Жошолу, Корул жана Жаңы-Алай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
27. Ош облусунун Араван районунун Чек-Абад, Алля Анаров, Керме-Тоо, Нурабад, Тепе-Коргон жана Төө-Моюн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
28. Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык, Жоош, Катта-Талдык, Кашкар-Кыштак, Кызыл-Кыштак, Кызыл-Суу, Мады, Папан, Савай, Сарай, Сары-Колот жана Шарк айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
29. Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата, Т. Зулпуев, Кара-Таш, Найман жана Кулатов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
30. Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол, Кызыл-Октябрь, Кара-Таш, Мырза-Аке, Жазы, Кызыл-Тоо жана Дөң-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
31. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң, Күн-Чыгыш, Көл-Төр, Ак-Терек айыл өкмөттөрүнүнбашчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
32. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп, Кудургу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
33. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
34. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк айыл өкмөтүнүнбашчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
35. Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат, Сары-Коо, Степь, Жайыл, Сосновка, Талды-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
36. Чүй облусунун Кемин районунун Чым –Коргон, Алмалуу, Кызыл-Октябрь, Боролдой, А.Дуйшеев, Ильич, Ак-Тюз, Чоң-Кемин айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
37. Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу, Биринчи Май, Беш-Терек айыл өкмөттөрүнүнбашчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
38. Чүй облусунун Сокулук районунун Саз, Военно-Антоновка, Жаңы-Жерского айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
39. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
40. "Эмгек партиясы" саясий партиясынын арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
41. “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
42. А. Акылбеков, А. Аматов, Р. Бактыбековдун арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
43. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө
(баяндамачы –Айтикеев Т. О., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
44. М. Назаркуловдун арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
45. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШК Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарынын биринчи сессиясын чакырды
2021-жылы 17-майда Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарынын биринчи сессиясы болуп өттү.
Жыйналыштын жүрүшүндө депутаттар мандат жана төш белгилерди алышты. Айырмалоо белгилерин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н. Шайлдабекова тапшырды. Мындан тышкары, эл өкүлдөрү белек катары төмөнкү мезгилдүү басылмаларды алышты: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдарды жана “Мен – жергиликтүү кеңештин депутатымын” аттуу практикалык кеңештердин жыйнагын.
Аземге КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Б. Анаркулов, Базар-Коргон районунун акими Б. Козуев, ошондой эле шаардын активисттери катышты.
Н. Шайлдабекова шайланган депутаттарды куттуктап, тарыхый окуя болуп өткөнүн белгиледи.
“Сиздер Базар-Коргон шаарынын биринчи депутаттары болуп калдыңыздар. Бул абдан жооптуу миссия, сиздер жарандардын ишенимин актап, кеңешти натыйжалуу иштететесиздер жана бардык күч-аракетиңиздерди шаарды өнүктүрүүгө, жарандардын жыргалчылыгын арттырууга жумшайсыздар деп ишенебиз. Саясий көз караштарына карабай, шайланган депутаттар жарандардын кызыкчылыктарын, социалдык-экономикалык көйгөйлүү маселелерди чечүүнү өз иштериндеги артыкчылыктуу багыт кыларына ишенебиз. Сиздерди ак-ниет иштеп, Базар-Коргон шаарынын тургундарынын кызыкчылыктарын жогору коюуга, алдыдагы бардык милдеттерди биргелешип чечүүгө чакырамын”, - деди БШК башчысы.
БШК Төрагасы Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 5 саясий партия катышып, баары шаардык кеңеште мандат алышканын дагы баса белгиледи. Бул шайлоо адилет өткөндүгүн көрсөтөт. Бүгүнкүгө чейин Базар-Коргон шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыктарына нааразылык билдирген бир дагы арыз берилген жок, деп белгиледи Н. Шайлдабекова.
Депутаттыкка 265 талапкер, анын ичинде 90 аял ат салышты.
Маалымат үчүн:
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-февралындагы № 19 Мыйзамы менен Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңеши түзүлдү.
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 ПЖ Жарлыгы менен дайындалган Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-майындагы № 188 токтому менен Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу бекитилди.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык “жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактардагы, шаардагы жергиликтүү кеңештердин биринчи сессиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан тиешелүү кеңешке шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен чакыртылат”. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, КР БШК Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңешинин биринчи сессиясы 2021-жылдын 17-майына чакыруу чечимин кабыл алды.
Базар-Коргон шаардык кеңешинин биринчи сессиясынын күн тартибине кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, кеңештин ишин уюштуруунун дагы башка эң маанилүү маселелери киргизилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылдык кеңешинин № 2199 шайлоо участогунда кайра добуш берүү өткөрүлдү
2021-жылдын 16-майында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылдык кеңешинин № 2199 шайлоо участогунда кайра добуш берүү өткөрүлдү.
№ 2199 шайлоо участогундагы шайлоочулардын жалпы саны – 2534 адам, алардын ичинен 1228 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 48,46 %ды түздү.
Мурда Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен 13 талапкер катталган (анын ичинде 9 эркек, 4 аял).
Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча 5 депутат шайланган, анын экөө – аялдар.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандатын Жээнбаев Осконбай Сатыбаевичке тапшырды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандаты болгондуктан, Жээнбаев Осконбай Сатыбаевичти «Республика- Ата Журт» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты катары таануу токтомун чыгарды.
БШК токтому менен Жээнбаев Осконбай Сатыбаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты болуп катталып ага күбөлүк жана төш белги берилди.
Токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык мандаты бош калгандыгына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бөлүгүнө, 65-беренесинин 3, 4-1 бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР ЖК депутаты З.К. Рысалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 14-майындагы жыйналышында “Республика-Ата Журт” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Рысалиев Зарылбек Кылычбековичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
КР БШК Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 10-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 5-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 9-пункттарына, 2-бөлүгүнө ылайык КР ЖК депутаты З.К. Рысалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну токтом кылды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Рысалиев Зарылбек Кылычбековичтин күбөлүгү анык эмес деп таанылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 14-майда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 14-май 2021-ж.
Убактысы: 18: 30
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты З.К. Рысалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШК кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктайт!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кыргызстандыктарды Рамазан айын жыйынтыктаган Орозо айт майрамы менен куттуктайт!
Орозо айт жаркын майрамы динге ишенүүчү адамдардын турмушунда чоң мааниге ээ. Ар бир мусулман үчүн Рамазан орозо кармоо айы эле эмес, ал ошондой эле жакшылыктын, жыргалчылыктын, өз ара жардамдашуунун жана өз ара түшүнүшүүнүн айы.
Орозо кармаган отуз күн динге ишенүүчү адамдарга ички дүйнөсүнүн тазаланып, жаңылануусуна, ыйман, адеп-ахлак сапаттарынын бекемделишине, үй-бүлөдөгү, коомдогу жана өлкөдөгү бакубатчылык, тынчтык жана ынтымак үчүн изги иштерди жасоого дем берген.
КР БШК Кыргыз Республикасынын жарандарына чың ден соолук жана ар бир үй-бүлөгө бакубатчылык, кубаныч тартуулоочу ийгиликтерди жана бакыт-таалай каалайт! Сүйүктүү Кыргызстаныбызда биримдик жана гүлдөп-өнүгүү болсун!
Кененирээк билүү >>
БШКнын Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө Кайрылуусу
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана саясий партиялардын өкүлдөрү!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын- Ош аймактык, Талас облусунун Талас шаардык, Талас, Бакай-Ата, Чүй облусунун Токмок, Москва, Чүй, Ысык-Көл облусунун Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо максатында, саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү тууралуу жарыялайт.
Аймактык шайлоо комиссиялары – жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жана ишке ашырууну камсыз кылган, шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурган коллегиалык орган болуп саналат. Аймактык шайлоо комиссияларынын курамындагы иш жооптуу жана шайлоо мыйзамдарына ылайык так жүргүзүлөт.
Ошол себептен, аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын макулдугун, алардын шайлоо комиссияларынын ишине даярдык деңгээлин, иш тажрыйбасын эске алуу зарыл.
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдору чогулуштун төрагасынын жана катчысын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго жашаган жери көрсөтүлгөн жана кол тамгалары менен күбөлөндүрүлгөн чогулушка катышкандардын тизмеси тиркелүүгө тийиш.
Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. БШКага саясий партиянын жетекчисинин (жана чогулуштун төрагасынын) колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүргөн тийиштүү документ тапшырылат.
Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет:
-аймактык шайлоо комиссиялардын резервинде иштөөгө макулдугу жөнүндө талапкердин арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;
-паспортунун көчүрмөсү;
-иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же резюмеси);
-байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин негизинде төмөнкүлөр АШКнын мүчөсү боло албайт:
- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
- судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;
- талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;
- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;
- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
- шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда терс негиздер боюнча бошотулган адамдар.
Көрсөтүү субъектилери шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калк жашаган пунктта жашашы керек экенин эске алуулары зарыл.
Жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2021-жылдын 20-майынын саат 18-00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында (шаардык, айылдык кеңештерде) кабыл алынат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары сессиясында каралган документтерди (сессиялардын токтомдору жана көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси менен) тиешелүү АШКга берет. БШКнын тиешелүү АШКдагы атайын өкүлү бүт документтерди БШКга тапшырат.
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2021-жылдын 20-майынын саат 18-00гө чейин саясий партиянын жетекчи органынын өкүлү тарабынан БШКга тапшырылат.
“Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө” жана “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” жоболор менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын www.shailoo.gov.kg расмий сайтынан таанышсаңыздар болот.
Маалымат алуу телефону: (0312) 62-08-29, (0312) 62-35-69
Эскертүү: “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктунун негизинде аймактык шайлоо комиссияларынын курамында ар бир саясий партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн, башкача айтканда, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын курамында турган саясий партиялар (БШКнын расмий сайтын караңыз) ошол аймактык шайлоо комиссиясынын резервине документтерди берүүсү мүмкүн эмес.
Кененирээк билүү >>
Ноокен АШК Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун № 2199 шайлоо участогунда кайра добуш берүүнү өткөрөт
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 11-майындагы жыйналышында “Ноокен районунун № 2199 шайлоо участогунда кайра добуш берүүнү дайындоо жөнүндө” Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 3-майындагы № 45 чечимин бекитүүнү токтом кылды.
КР БШК токтому менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун № 2199 шайлоо участогунда кайра добуш берүүнү даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 346 600 (үч жүз кырк алты миң алты жүз) сом суммасында бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара аракеттешип, шайлоочулардын тизмелери менен иштөөнү камсыздайт.
Токтом “Ноокен районунун № 2199 шайлоо участогунда кайра добуш берүүнү дайындоо жөнүндө” Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 3-майындагы № 45 чечиминин негизинде, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 38-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 25-беренелерин жетекчиликке алып, кабыл алынды.
Ноокен АШКнын чечими менен мында таанышууга болот
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Ноокен жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 11-майындагы жыйналышында Ноокен жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды.
Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кубатов Болотбек Усупбекович, Акматалиева Зурахан Карабаевна, Бекеева Айгул Жокошевна, Назаров Нурланбек Токторбаевич, Эшенкулов Жумабек Асылбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Алимбеков Эламан Асанбаевич, Каримова Гулиза Аширалиевна, Абдыкайымова Кумаркан Абдыкаюмовна, Зулумбекова Динара Жанышовна, Абдувахапова Хасиетхан Йигиталиевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Аксы аймактык шайлоо комиссиясы:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынанкөрсөтүлгөн Тилешов Куттубек Жумабекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Базаралы уулу Эрмек резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
КР БШК токтому Ноокен жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссияларынын курамдарынан жана резервдеринен чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 11-майындагы жыйналышында жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Суу, Кара-Буура, Сокулук, Сузак жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу токтом кабыл алды.
Каза болгондугуна байланыштуу Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Таиров Халилдин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Низамов Хайрулла Кочкоровичке өткөрүп берилди.
Депутаттын жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпагандыгына байланыштуу Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Толонов Фахридинбек Мурзаевичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Мамараимов Абдихамид Саитовичке өткөрүп берилди.
Депутаттын жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпагандыгына байланыштуу Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Айтбай уулу Асхаттын ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат айдоочу Атакулов Абдыганы Алибаевичке өткөрүп берилди.
Берген жеке арызынын негизинде Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айылдык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Шекербеков Таласбек Жээнбековичке өткөрүп берилди.
Депутаттын жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпагандыгына байланыштуу Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешинин депутаты Матмуратов Сулайманкул Махамматовичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат окутуучу Тойбаева Дилара Эркинбековнага өткөрүп берилди.
Берген жеке арызынын негизинде Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаты Жаныбаев Абдижалил Тагеровичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат кесиптик лицейдин башкы бухгалтери Мамбетов Нурланбек Исмаилбековичке өткөрүп берилди.
Берген жеке арызынын негизинде Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ак-Там айылдык кеңешинин депутаты Жолдошов Жылдызбек Маматовичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Орозбаев Уларбек Жанубековичке өткөрүп берилди.
Токтом «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Базар-Коргон шаардык кеңешинин биринчи сессиясы чакырылды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 11-майындагы жыйналышында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңешинин биринчи сессиясы 2021-жылдын 17-майына чакыруу чечимин кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-февралындагы № 19 Мыйзамы менен Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңеши түзүлдү.
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 ПЖ Жарлыгы менен дайындалган Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-майындагы № 188 токтому менен Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу бекитилди.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык “жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактардагы, шаардагы жергиликтүү кеңештердин биринчи сессиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан тиешелүү кеңешке шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен чакыртылат”. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, КР БШК Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңешинин биринчи сессиясы 2021-жылдын 17-майына чакыруу чечимин кабыл алды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 11-майда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 11 май 2021-ж.
Убактысы: 16:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Базар-Коргон шаардык кеңешинин биринчи сессиясын чакыруу тууралуу
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Суу, Кара-Буура, Сокулук, Сузак жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралу
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Ноокен жана Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун № 2199 шайлоо участогунда кайра добуш берүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. "Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы” саясий партиясынын арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)6. Ош облусунун Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө
6. Ош облусунун Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)
7. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын жамааты ардагерлерди, ооруктагы эмгекчилерди жана баардык кыргызстандыктарды Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктайт
Урматтуу Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери, ооруктун эмгекчилери! Кадырлуу кыргызстандыктар!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты 1941-1945-жылдардагы УлууАта мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен чын жүрѳктѳн куттуктайт.
Фронттогу ардагерлердин, ооруктагы эмгекчилердин, ошондой эле бүлүнүп, кыйроого учураган ѳлкѳбүздү калыбына келтиргендердин баарынын күжүрмѳн эрдиги менен биз 76 жылдан бери бейпил асмандын алдында, шаарларды куруп, дыйканчылык кылып, балдарды чоңойтуп келатабыз. Муундар алмашат, бирок силердин эрдигиңиздер, майтарылбас баатырдыгыңыздар үчүн улам кийинки муун ыраазычылыгын айтып, силерге таазим эте берет.
Мекенди коргоодо, жалпы Жеңишке жетишүүдѳ боордош элдер менен эриш-аркак болгон Кыргызстандын эли зор салым кошту. Биздин жүз миңдеген жердештер майданда баатырдык менен кармашып, оорукта адам чыдагыс кыйынчылыктарды баштан кечирип, ѳздѳрүнүн жарандык милдетин ар-намыс менен аткарышты жана Ата-Журтка берилүүнүн нукура үлгүсүн кѳрсѳтүштү. Алардын баарын эсте тутуу, улуу Жеңиште жетишилген тынчтыкты сактоо – биздин ыйык парзыбыз.
Кадырлуу мекендештер, урматтуу ардагерлер жана ооруктун эмгекчилери!
КР БШК Сиздерге бекем ден соолук, бакубат турмуш, урмат-сый каалайт. Ар бир жаңы күн жалпыбызга бейпилдиктин, жакшылыктын күнү болсун, Кыргызстан элинин биримдиги чыңдала берсин!
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШКнын Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партияларга жана талапкерлерге кайрылуусу
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн акыркы окуяларды кайгыруу менен кабыл алды жана курман болгондордун туугандарына жана жакындарына терең көңүл айтат.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 28-беренесине ылайык талапкерлер, алардын жакын туугандары, талапкердин жубайы, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз.
Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялар жана талапкерлер Баткен облусунун тургундарына кайрымдуулук жардам көрсөтүүсү жөнүндө келип түшкөн билдирүүлөргө байланыштуу Бишкек АШК шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүнү токтото турууну көптөн көп суранат.
Ага кошумча Бишкек АШК ЖМКларга жана интернет-басылмаларга шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартибин жана эрежелерин бузуулар добуш берүү күнүнө чейин жана добуш берүү күнү шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүсүнө иш жүзүндө таасир этүүчү бузуулар болуп саналарын түшүндүрөт.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
09.10.2026
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09.10.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
08.10.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 9-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
07.10.2026
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07.10.2026
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби