Башкы Жаңылыктар 2021–ж. 1-майда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн …

2021–ж. 1-майда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

01-Май, 2021

Өткөрүү датасы: 1 май 2021-ж.

Убактысы: 21:30

Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. “Социал –демократтар” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Д. Толегоновдун Ысык- Ата АШКнын иш аракеттерине карата даттануусу жөнүндө

(баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)

2. 2021-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

(баяндамачы- Джаманкулова Мира Кокуловна, Ысык- Ата АШКнын төрагасы)

4. “ Асыл -Мурас Жаштар ” саясий партиясынын аялдар үчүн 30 % квотасы тууралуу даттануусу жөнүндө

(баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)

5. “Асыл- Мурас Жаштар ” саясий партиясынын кайра эсептөөнүн протоколуна карата даттануусу жөнүндө

(баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)

7. 2021-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн Талас облусунун Талас шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

(баяндамачы- Сетеков Таалайбек Болокбаевич, Талас АШКнын атайын өкүлү)

 

6. “Ишеним ” саясий партиясынын координатору Д. Малабековдун саясий партиянын талапкерлердин тизмеси тууралуу арызы жөнүндө

(баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)

8. 2021-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

3. Чүй облусунун Аламудун районунун Васильевка айылыдык кеңешинин тургундарынын кайрылуусу жөнүндө

(баяндамачы – Абдысатаров Т.З., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)

9. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Васильевка жана Төмөнкү – Аларча айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы- Мамасадыкова Гүлмира Абдыкапаровна, Аламүдүн АШКнын төрагасы)

10. У. Сыйдановдун талапкер Б. Салбаровго карата арызы жөнүндө

(баяндамачы – Абдысатаров Т.З., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)

11. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Москва районунун Беловодский айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы- Сейитбаев Талант Калыгулович, Москва АШКнын төрагасы)

12. Садыковдун арызы боюнча

(баяндамачы- Шайназаров Т. У., коррупцияны алдын алуу маселеси боюнча ыйгарым укуктуу топтун мүчөсү)

13. К. Бактыбаевдин Кара –Суу АШКнын 2021-жылдын 25-апрелинеги № 40 чечимине карата даттануусу жөнүндө

(баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)

14. Д. Турганбаевдин саясий партиясынын тизмесинен алып салынгандыгы тууралуу даттануусу жөнүндө

(баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү)

15. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

16. Ар кандай маселелер

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>