Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР Борбордук шайлоо комиссиясы КР БШКнын мүчөсү Бекматов Абдыжапар Гапыровичке көңүл айтат
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты КР БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматовдун агасы Ахмадали Гапыровдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгын билдирет.
Орду толгус жоготуу кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын шайлоо процессинде коррупцияга каршы чаралар
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефрендум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында 2023-2025 жылдарда КР БШКнын аракеттеринин коррупцияга каршы стратегиялык планынын долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол болуп ѳттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коррупцияга каршы иштиктүү кеңештин (ККИК) башкы катчысы Н. Муканова, мамлекеттик бийлик органдарынын ѳкүлдѳрү, мамлекеттик органдарда коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуулар, БШКнын мүчѳлѳрү жана аппараты катышты.
ККИКнын башкы катчысы Н. Муканова 2023-2025 жылдарда Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы стратегиясын баяндоо менен Кыргыз Республикасында социалдык-психологиялык, саясий-экономикалык, технологиялык мамилелер сыяктуу эле коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иштерди уюштуруунун маанилүү жагдайларын, ошондой коррупцияларга каршы олуттуу милдеттерди жана аларды чечүүнүн чараларын бѳлүп кѳрсѳттү.
БШКнын тѳрагасы шайлоо системасына жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында кабыл алынган бардык чаралар иш жүзүндѳ коррупцияга каршы мүнѳзѳ ээ экендигин белгиледи. Шайлоолор аркылуу жогорку кызмат адамдары жана бийлик органдары – Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттары түзүлѳт жана легитимдештирилет. Ошондуктан бийлик системасында жана башкарууда коррупцияны болтурбай коюу үчүн аларды түзүү этабында эле шайлоодо – бийлик органдарын жана кызмат адамдарын шайлоодо коррупцияга бѳгѳт коюу маанилүү.
Шайлоонун жыйынтыгын эсептѳѳдѳ тике бурмалоолор жана тигил же бул талапкердин кызыкчылыгында бир нече ирет добуш берүү мүмкүнчүлүгү референдум ѳткѳргѳнгѳ чейин шайлоолордо башкы коррупциялык кѳрүнүш болду.
Мамлекет бурмалоо мүмкүнчүлүгүн четтетүүгѳ мүмкүнчүлүк берген бир катар ыраттуу кардиналдуу чараларды кабыл алды – шайлоочулардын так эсебин (биометрия) жана добуштарды так эсептѳѳнү (АЭУ) камсыз кылган жаңы технологиялар киргизилди, толук ачык-айкындык камсыз кылынды, шайлоолорго жарандык контроль жүргүзүүнүн кеңири жабдыктары бар.
Шайлоонун жүрүршүндѳ добуштарды сатып алуулар жана административдик ресурстарды кыянатчылык менен пайдалануулдар коррупциялык мүнѳздѳгү олуттуу бузуулар болуп саналат. Мына ушундай массалык түрдѳгү бузуулар 2020-жылдагы кризистин себептеринен болду, ошондуктан мамлекет кризистен кийинки жылдары мындай коррупциялык кѳрүнүштѳргѳ каршы активдүү күч-аракетин жумшады.
2021-жылы болуп ѳткѳн бардык деңгээлдеги – президенттик, жергиликтүү жана парламенттик шайлоолордо администартивдик ресурстарды жана шайлоочулардын добуштарын сатып алууларды жеңип ѳтүүдѳ олуттуу алга жылуулар болду. Бирок шайлоонун жүрүршүндѳ мындай бузууларды четтетүү үчүн кѳп иштерди аткаруу зарыл. Укуктук нормаларды ѳркүндѳтүү жана натыйжалуу укук колдонуу практикасын иштеп чыгуу боюнча чаралар пландаштырылууда. Бул үчүн, анын ичинде укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кесиптик даярдоонун окуу программасына «Шайлоолор учурунда укук коргоо органдарынын ишин ѳзгѳчѳлүктѳрү» деген темады атайын курсту киргизүү сунуш кылынууда.
Реформа улантылууда, анткени анын ийгилиги реформа процессинде мамлекет кабыл алган укуктук, уюштуруучулук жана технологиялык чараларга гана эмес, ошондой эле анын ичинде укук маданиятынын жогорулашына, шайлоо процессинин алкагында кѳптѳгѳн субъекттердин ѳз ара мамилелеринин комплексине жараша болот. Бул баарыдан мурда шайлоочулар менен шайлоого катышкан талапкерлердин жана партиялардын ортосундагы ѳз ара мамилерлерге байланыштуу.
Шайлоолорго ишенимдин деңгээлин кѳтѳрүү жана шайлоого шайлоочулардын катышуусун жогорулатуу иштин башкы максаты болуп саналат. Булар эки ѳз ара байланыштагы процесс. Жарандардын маалымат алуусун жана шайлоонун ролун аңдап түшүнүүсүн жакшыртуу, ага катышуу тартби, адам укугунун жана эркиндигинин, демократиянын баалуулугу жана жарандын жана мамлекеттин милдеттери боюнча кеңири маалыматтык түшүндүрүү кампаниясын жайылтуу пландаштырылууда.
Бул үчүн БШК тарабынан мамлекеттик органдар менен тыкыс ѳз ара аракетте республикада жарандык жана санариптик билим берүүнүн (ЖСББ) 70 борбору түзүлдү.
БШКнын коррупцияга каршы планында ишке ашырылып жаткан мына мындай шайлоо системасынын чаралары белгиленген: Борбордук шайлоо комиссиясынын, саясий партиялардын, шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин ортосунда технологиялык ѳз ара аркеттенүүнү, анын ичинде санариптештирүүнү жана инновацияны киргизүүнү ѳнүктүрүү; коррупциялык кѳрүнүштүн базалык экономикалык себептерин ачуу жана четтетүү, шайлоолорду ѳткѳрүүдѳ коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу, ченемдик укуктук актыларда коррупциялык нормаларды четтетүү, шайлоо мыйзамдарынын маселелери боюнча окутуучу иш-чараларды ѳткѳрүү.
Шайлоо процессинин субъекттери менен ѳз ара аракеттенүүдѳ шайлоо процессинде коррупцияга каршы механизмдерди жана технологияларды пайдаланууга олуттуу кѳңүл бурулган. Алсак, талапкерлердин маалыматтарын текшерүүдѳ, жана процесстин инклюзивдүүлүгүн жогорулатууда чыр-чатакты болтурбоо максатында талапкерлердин жана партиялардын ѳздѳрү тарабынан «Электрондук талапкер» системасы аркылуу талапкерлер жѳнүндѳ электрондук маалыматтар киргизилет, андан кийин «Түндүк» системасы аркылуу автоматтык түрдѳ текшерилет жана «Талапкер» сайтында чагылдырылат.
Шайлоолорду каржылоонун ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатында шайлоо ѳнѳктүгүнүн жүрүшүндѳ шайлоо фонддорунун бардык эсептерин накталай эмес тартипте жүргүзүү боюнча коррупцияга каршы чаралар жүзѳгѳ ашырылды. БШКнын сайтында автоматтык режимде шайлоо фонддорунун каражаттарынын түшүшү жана чыгымдалышы боюнча талапкерлердин бардык банкттык трансакциясы чагылдырылат.
Шайлоолордун каржылык ачык-айкындыгын ѳркүндѳтүү алкагында Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо фонддоруна каражаттардын келип түшүшү жана чыгымдалышы, шайлоо жана рефрендум ѳткѳрүүгѳ республикалык бюджеттен бѳлүнгѳн каражаттардын пландалышы жана чыгашалар сметасынын даярдалышы боюнча автоматтык система (АИС) үчүн ПО иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча аудит жүргүзүүнү пландаштырууда.
Коррупциялык кѳрүнүштѳрдү болтурбоо, шайлоо комиссияларынын ишинде мыйзамдулукту, ачыктыкты, кѳз карандысыздыкты, калыстыкты камсыз кылуу максатында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү мезгилинде шапйлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүнѳ сый акы тѳлѳѳ жѳнүндѳ «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» КР мыйзамынын нормалары киргизилген жана натыйжалуу иштѳѳдѳ «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» КР мыйзамы). Бул норма шайлоо комиссияларында сатып алуу механизмдерин четтетүүгѳ жана АШК жана УШК курамында жарандардын иштѳѳгѳ кызыгуусун жогорулатуу боюнча чараларды кабыл алууга багытталган.
Азыркы учурда БШКда түзүлгѳн ведомстворлор аралык жумушчу топтун алкагында (ВАЖТ) шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү багытында сунуштарды даярдоо боюнча иш жүргүзүлүүдѳ. ВАЖТнын ишине Кыргыз Республикасынын Жогрку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдордун ѳкүлдѳрү, кѳз карандысыз эксперттер катышууда. Шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү боюнча чараларды талкуулоо тегерек столдун алкагында байкоочулардын сын-пикирлерин, жарандардан келип түшкѳн сунуштарды эске алуу менен ачык ѳткѳрүлѳт.
БШКнын ишинин стратегиялык планын талкуулоодо тегерек столдун катышуучулары шайлоо процессин реформалоо процессинде жана технологияларды ишке киргизүүдѳ башка органдардын – СӨМ, ИИМ МТББ кѳптѳгѳн ѳз ара байланыштуу электрондук системалары кошо ѳркүндѳтүлгѳндүгүн белгилешти. Билими жѳнүндѳ документтер тууралуу маалыматтар базасы кийинки шайлоого карата толук түрдѳ санариптештирлиши керектиги белгиленди. «Инфоком» МИ жана «Кадастр» ММ ѳкүлдѳрү жарандардын шайлоолорго катышуусунун эсебин жана шарттарын жакшыртуу максатында БШК менен биргелешип иштѳѳ алкагында конкреттүү чараларды сунуш кылышты.
Шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү шайлоо комиссиялары менен бардык мамлекеттик органдардын жана ЖӨАБ органдарынын активдүү ѳз ара аракеттеринин предмети болуп саналары, ошондуктан планган киргизилген коррупцияга каршы кѳптѳгѳн иш-чаралар ошолор менен биргеликте, ошондой эле жарандык коом менен кызматташууда ѳткѳрүлѳрү белгиленди.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 25-ноябрында өткөн жыйналышында Нарын шаардык, Ак-Талаа, Ысык-Көл жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депутаты Осмокеев Алмазбек Алымкуловичтин (№2, «Патриот Ынтымагы» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Усубалиев Ашырбек Жапаровичке (№9, «Патриот Ынтымагы» с/п) өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депутаты Зайдинов Дастан Арыстанбековичтин (№5, «Патриот Ынтымагы» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Насыров Кубанычбек Алмазбековичке (№10, «Патриот Ынтымагы» с/п») өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депутаты Дыйканбаев Аксатбек Толомушовичтин (№7, «Патриот Ынтымагы» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Черикчиев Адилет Черикчиевичке (№21, «Патриот Ынтымагы» с/п) өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Эргешов Айжигит Калыйбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Жолдошев Кутман Бердибаевичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Абдрахманов айылдык кеңешинин депутаты Ажекова Гульжан Идырысовнанын ыйгарым укуктары каза болгонуна байланыштуу токтотулду. Мандат Байгелдиев Эрлан Дурболоновичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айылдык кеңешинин депутаты Дюшембеков Акылбек Дюшембековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мусабеков Талант Шаршембаевичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айылдык кеңешинин депутаты Намазов Эльдар Уланбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Акылбек уулу Нурланбекке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин депутаты Садыков Сейитбек Бердикожоевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Дубаев Нурзат Болоткановичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айылдык кеңешинин депутаты Бекбердинов Асылбек Баишпековичтин ыйгарым укуктары каза болгонуна байланыштуу токтотулду. Мандат Усупкулов Азамат Доктурбековичке өткөрүп берилди.
Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү жыйналышта өз арызынын негизинде Дюшекеев Олжобай Самаковичти Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин жана Джузумалиев Мурат Шаршенбековичти Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылы 25-ноябрда Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- «Элдик партия» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Пахердинов Медетбек Ахунович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Пазылов Кубанычбек Турдубаевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Токтом Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү М.А. Пахердиновдун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022 - жылы 25 - ноябрда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2022 - жылдын 25 - ноябры
Убактысы: 12:30
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Нарын шаардык, Ак-Талаа, Ысык-Көл жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Мырзакматова Э., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы)
3. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
АНОНС: Коррупцияга каршы күрөшүү – Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын милдети!!!
Жыл сайын 9-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы жарыялаган Коррупцияга каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленүүдө.
Коррупция коомдун демократиялык, моралдык-этикалык негиздерине коркунуч келтирген социалдык, саясий жана экономикалык татаал көрүнүш болуп саналат. Ошондуктан коррупциянын алдын алуу жана жоюу – бул бардык мамлекеттердин жана ар бир жарандын милдети.
Коррупцияга каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнүн алдында КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы иштиктүү кеңеш (ККИК) менен өз ара аракеттешип, бир катар маалыматтык-агартуу иш-чараларын өткөрүүдө.
Бардык каалоочуларды төмөнкү иш-чараларга катышууга чакырабыз:
2022-жылдын 1-декабрында саат 10.00-11.30да Нарын облусунун төмөнкү Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда “Жерди сатып алуу-сатууда жана өткөрүп берүүдө коррупциялык көрүнүштөр” деген темада:
Спикер: КР Президентине караштуу ККИКтин Нарын облусу боюнча аймактык өкүлү Эгембердиев Бакыт Жолдошбекович.
С. Орозбаков атындагы облустук китепкана, Нарын ш., Ленин көч.,33;
Айылдык китепкана, Нарын району, Миң-Булак айылы, У.Жаныбаев көч., 32;
Б. Кыдыкеева атындагы райондук китепкана, Ат-Башы району, Ат-Башы айылы, Өмүракунов көч., 145;
И. Исаков атындагы райондук китепкана, Кочкор району, Кочкор айылы, С.Алиев көч., 11;
Чаек айылындагы ЖСББ, Жумгал району, Чаек айылы, Матыев көч., 127;
Н.Кулназаров атындагы райондук китепкана, Ак-Талаа району, Баетов айылы, З.Ашырбаев көч., 24.
2022-жылдын 2-декабрында саат 10.00-11.30да Ош облусунун төмөнкү Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда “Мамлекеттик органдар тутумунда жана өткөрүп берүүдө коррупцияга каршы стандарттар” деген темада:
Спикер: КР Президентине караштуу ККИКтин Ош облусу боюнча аймактык өкүлү Усенов Сулайман Арстаналыевич.
Облустук китепкана, Ош ш., Курманжан Датка көч., 27;
Жаштар борбору, Кара-Суу району, Нариман а/о, Нурдар айылы, Бабур көч., н/ж;
Айылдык китепкана, Өзгөн району, Мырзаке айылы, Нурбаев көч., 30;
Райондук китепкана, Алай району, Гүлчө айылы, Курманжан Датка көч., 11.
2022-жылдын 2-декабрында саат 10.00-11.30да Баткен облусунун төмөнкү Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда “Сот тутумундагы жана прокуратура органдарындагы коррупциялык көрүнүштөр” деген темада:
Спикер: КР Президентине караштуу ККИКтин Баткен облусу боюнча аймактык өкүлү Абдугапаров Маматкадыр.
Облустук китепкана, Баткен ш., Садыков көч., 4а;
Шаардык. китепкана, Сүлүктү ш., И. Раззаков көч., 109;
«Айдаркен» ЖСББ, Кадамжай району, Айдаркен ш., Кыргызстан көч.,19;
Райондук китепкана, Кадамжай ш., Р.Абдыкадыров көч., 16;
Жаштар борбору, Лейлек району, Раззаков ш., И. Раззаков көч., 21.
2022-жылдын 5-декабрында саат 10.00-11.30да Жалал-Абад облусунун төмөнкү Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда “Билим берүү чөйрөсүндөгү коррупциялык көрүнүштөр” деген темада:
Спикер: КР Президентине караштуу ККИКтин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык өкүлү Абдуллаев Нурбек Абдырахманович.
Облустук китепкана, Жалал-Абад ш., Ленин көч., 20;
Райондук китепкана, Ноокен району,Масы айылы, Ленин көч., 15;
Райондук китепкана, Сузак району, Сузак айылы, Дакан-Палван көч., 9;
Райондук китепкана, Ала-Бука району, Ала-Бука айылы, Ибраимов көч., 67;
Райондук китепкана, Аксы району,Кербен ш., Ныязалы көч., 58;
Райондук китепкана, Токтогул району, Токтогул ш., Суеркулов көч., 2;
Райондук китепкана, Базар-Коргон ш., Осмонов көч., 3;
Жаштар борбору, Майлуу Суу ш., Ленин көч., 50;
Шаардык. китепкана, Таш-Көмүр ш., Сыдыков көч., н/ж;
Шаардык. китепкана, Кара-Көл ш., Сабиров көч., 106/7.
2022-жылдын 9-декабрында саат 10.00-11.30да Ысык-Көл облусунун төмөнкү Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда “Мамлекеттик органдардагы жана саламаттык сактоо тутумундагы коррупция” деген темада:
Спикер: КР Президентине караштуу ККИКтин Ысык-Көл облусу боюнча аймактык өкүлү Илипбаев Руслан Дюшенбекович.
Шаардык. китепкана, Каракол ш., Абдрахманов көч., 136;
Райондук китепкана, Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы, Манас көч., 192;
Райондук китепкана, Тоң району, Бөкөнбаев айылы, Ленин көч., 39;
Райондук китепкана, Түп району, Түп Боромбай көч., 56;
Райондук китепкана, Ак-Суу району, Теплоключенка айылы, Кыдыр Аке көч., 54;
Жаштар борбору, Балыкчы ш., Ж.Аманбаев көч., 103 б.
2022-жылдын 7-декабрында саат 10.00-11.30да Чүй облусунун төмөнкү Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда “Жерди сатып алуу-сатууда жана өткөрүп берүүдө коррупциялык көрүнүштөр” деген темада:
Спикер: КР Президентине караштуу ККИКтин Чүй облусу боюнча аймактык өкүлү Мурсалиев Марс Султанович.
Борбордук китепкана, Токмок ш., Сарыбагышев көч., 80А;
Маданият үйү, Кемин району, Кемин ш., Победа көч., 23;
Чүй борбордук китепканасы, Чүй району, Чүй айылы, М. Сансызбаев көч., 75;
Облустук китепкана, Ысык-Ата району, Кант ш., Маликов чолок көч., 5
Райондук китепкана, Сокулук району, Сокулук айылы, Ленин көч., 124;
Лебединовка айылындагы ЖСББ, Аламүдүн району, Лебединовка айылы, Ленин көч., 354а;
Кайыңды шаарындагы ЖСББ, Панфилов району, Кайыңды ш., Садовый чолок көч., 7;
Райондук китепкана, Жайыл району, Кара-Балта ш., Кожомбердиев пр., 117.
2022-жылдын 8-декабрында саат 10.00-11.30да Талас облусунун төмөнкү Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда “Билим берүү чөйрөсүндөгү, айрыкча ЖОЖдордо жана бала бакчалардагы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу” деген темада:
Спикер: КР Президентине караштуу ККИКтин Талас облусу боюнча аймактык өкүлү Султанкулов Кубат Орозбекович.
Облустук китепкана, Талас ш., Ч. Айтматов көч., 353;
Райондук китепкана, Талас району, Көк-Ой айылы, Ленин көч., 270
Райондук китепкана, Бакай-Ата району, Бакай-Ата айылы, Манас көч., 82;
Покровка айылындагы ЖСББ, Манас району, Покровка айылы, Б.Чойбеков көч., 19;
Жаштар борбору, Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылы, Кожомуратов көч., 18.
Эгерде суроолоруңуз болсо, 1255, +312 620171 тел. же bilim@shailoo.gov.kg, adskyrgyzstan@gmail.com электрондук почтасы аркылуу кайрылсаңыз болот.
Маалымат үчүн: Республика боюнча китепканалардын, жаштар борборлорунун, маданият үйлөрүнүн, ЖӨБО имараттарынын базасында жарандык жана санариптик билим берүү боюнча 70 борбор ачылган.
Борборлордо калктын бардык катмарлары үчүн жарандык билим берүүнүн жана санариптик көндүмдөргө үйрөтүү программалары ишке ашырылат. Борборлордун алкагында иш-чаралар ар кандай форматтарда – өлкөдө жарандык, укуктук жана санариптик билим берүүгө багытталган онлайн/оффлайн окутуу курстарын, тренингдерди, семинарларды, конференцияларды, дебаттарды, аялдардын клубдарын өткөрүү форматтарында уюштурулат.
КР БШКнын Жарандык билим берүү жана IT борбору
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын делегациясы Казакстан Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого байкоо жүргүзүүгө эл аралык байкоочулар катары катышууда
20-ноябрда Казакстан Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого БШК төрагасы Н.Шайлдабекова башында турган, курамына БШК мүчөлөрү А.Дубанбаева жана М.Наспеков кирген Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү КМШ жана ШКУнун байкоочу миссияларынын курамында эл аралык байкоочулар катары катышууда.
Добуш берүүнүн жүрүшүнө төмөнкүлөр байкоо жүргүздү:
-А.Бердиев - Лейлек АШКнын төрагасы;
-А.Хамраев – БШКнын Лейлек, Сүлүктү АШКдагы атайын өкүлү;
- М.Жапарова - Баткен АШКнын төрагасы;
- Б.Айтбаев – Баткен ш. АШКнын төрагасы;
- Б.Конуров - Бишкек ш. АШКнын төрагасы;
- К.Сарбагышев - ЖӨБО жана ШПКМ эксперти.
Кыргыз делегациясы үч шаарда - Астана, Алматы жана Шымкентте иш алып барышып, шайлоо участкаларында жана шайлоо штабдарында болушту.
Шайлоонун алдында Армения, Азербайжан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан өлкөлөрүнүн борбордук шайлоо органдарынын төрагаларынын, ошондой эле Россиянын жана Беларусиянын өкүлдөрүнүн Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Абдиров менен жолугушуусу өттү.
Кыргыз делегациясына шайлоо өнөктүгүнүн негизги этаптарынын өзгөчөлүктөрү, атап айтканда, президенттикке талапкерлерди көрсөтүүнүн жана каттоонун жыйынтыктары, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшү, шайлоочулардын жана шайлоо участкаларынын саны, Казакстан Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитациялоонун жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.
Белгилей кетсек, Казакстан Республикасындагы президенттик шайлоого 641 эл аралык байкоочу, анын ичинде ЕККУ ДИАУБ, КМШ, КМШ ПАА, ЖККУ ПА, Түрк мамлекеттер уюму, Түрк ПА, ШКУ, АӨИЧК, ИКУнун, ошондой эле 35 чет мамлекеттен байкоочу Миссиясынын өкүлдөрү аккредитацияланган. Казакстанда жалпысынан алганда 10 101 шайлоо участогу бар. Анын ичинде Казакстан Республикасынын чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүнө караштуу 53 өлкөдө 68 участок бар. 86 шайлоо участогунда аймактык комиссиялардын чечими менен добуш берүү саат 6.00дө башталды. Тизмелерде 11 миллион 950 миң 485 жаран катталган.
Жалпысынан алганда участкалык комиссиялар тарабынан жарандардын жазуу түрүндөгү арыздарынын негизинде добуш берүү укугуна арналган эсептен чыгарууга 22 578 күбөлүк берилген.
Борбордук комиссия Казакстан Республикасынын Президенттигине талапкер катары 6 адамды каттады:
1. Токаев Касым-Жомарт Кемелевич,
2. Кажыкен Мейрам Зекешевич,
3. Дайрабаев Жигули Молдакалыкович,
4. Абден Каракат Жаксылыккызы,
5. Турсынбекова Салтанат Пархатовна,
6. Ауесбаев Нурлан Сатыбалдиевич.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 18-ноябрында өткөн жыйналышында Ысык-Көл, Ош, Кара-Суу, Өзгөн, Нарын шаардык, Ак-Талаа, Жумгал, Сузак, Базар-Коргон, Бакай-Ата жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты Алымбаев Айбек Сагындыковичтин (№1, «Улуу Кыргызстан» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Айтбаев Ынтымак Самыйбековичке (№10, «Улуу Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты Ибраев Эдильбек Бактыбековичтин (№4, «Улуу Кыргызстан» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Метреев Толомуш Шергазиевичке (№13, «Улуу Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Ош шаардык кеңешинин депутаты Манап кызы Айжананын (№15, «Биздин Кыргызстан» депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.
Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты Турдиев Маруфжан Розиевич (№7, «Биздин Кыргызстан» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.
Ош шаардык кеңешинин депутаты Абдыкадырова Ракия Кимсанбаевнага (№30, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) мандат өткөрүп берилди.
Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин депутаты Маткасымов Маратбек Абибиллаевичтин ыйгарым укуктары жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосунун негизинде токтотулду. Мандат Токтобаев Мирбек Маматжановичке өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депутаты Сопакунов Онолбек Монолдорович (№4, «ОРДО» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Дүйшеналиев Азамат Акылбековичке (№7, «ОРДО» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Ат-Талаа районунун Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаты Койчубек кызы Светанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Султанкулов Турсунбек Тилековичке өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Эрикбек уулу Кайраттын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Усубакунова Света Сулаймановнага өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылдык кеңешинин депутаты Исмаилов Куштарбек Базарбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Бостонов Адилет Джоомартовичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кыз-Көл айылдык кеңешинин депутаты Маматжанов Алимбек Камалбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Асанбеков Эркинбек Аттокуровичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айылдык кеңешинин депутаты Ашуров Мирзагани Шеровичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Султанов Абакул Курваналиевичке өткөрүп берилди.
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ленинполь айылдык кеңешинин депутаты Омуралиев Аскат Эсенбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Джакыбалиев Бактыгул Сатканкуловичке өткөрүп берилди.
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ленинполь айылдык кеңешинин депутаты Уркумбаев Бакытбек Абдылдабековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Маматаев Мирбек Суйеркуловичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айылдык кеңешинин депутаты Ногойбаев Исламбек Кожегуловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Азыков Тунгуч Бакытбековичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айылдык кеңешинин депутаты Ибраимов Нурлан Таалайбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Бозжигитов Эрнест Самарбековичке өткөрүп берилди.
Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү жыйналышта өз арызынын негизинде Кулманбетов Азамат Керезбековичти (№6, «Улуу Кыргызстан» саясий партиясы), Чекиров Талант Сокиновичти (№7,«Улуу Кыргызстан» саясий партиясы), Нургазы уулу Саламатты (№9,«Улуу Кыргызстан» саясий партиясы), Сатыбалдиев Алмаз Канатбековичти (№12, «Улуу Кыргызстан» саясий партиясы) Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаардык кеңешинин, Райымбек уулу Уранды (№46, «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы) Ош шаардык кеңешинин, Мусаев Кубанычбек Суйуновичти Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин, Эсенканова Эльзат Иманкалыйовнаны, Мамбеталиев Изат Асанкановичти жана Эрнисбек уулу Маратты Нарын облусунун Жумгал районунун Чон-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022 - жылы 18 - ноябрда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2022-жылдын 18 - ноябры
Убактысы: 12:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ысык-Көл, Ош, Кара-Суу, Өзгөн, Нарын шаардык, Ак-Талаа, Жумгал, Сузак, Базар-Коргон, Бакай-Ата жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШК аппаратынын кызматкерлери кыргыз тилин билүү деңгээли боюнча текшерүү иш тапшырып, жат жазуу жазышты
КР БШК аппаратынын кызматкерлери кыргыз тилин билүү деңгээли боюнча текшерүү иш тапшырып, жат жазуу жазышты.
Иш-чара «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында «Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө» КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №15 протоколдук тапшырмасына ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн “Сабаттуу жазуу” өнөктүгүнүн алкагында өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы уюштуруп жаткан бул өнөктүктүн максаты:
- жарандарга мамлекеттик тилде сабаттуу жана сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн кызматкерлердин мамлекеттик тил тармагындагы сабаттуулугун жогорулатуу;
- мамлекеттик тил катары кыргыз тилинин кадыр-баркын өстүрүү;
- мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин мамлекеттик тилдин эрежелерин сактоо, өнүктүрүү боюнча күч-аракеттерин арттыруу;
- кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары толук баалуу иштөөсүнө шарттарды түзүү, кыргыз тилинин коомдун бардык тармактарында колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кыргыз тилине кызыгуусун арттыруу.
Кененирээк билүү >>
Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнүнүн урматына Кыргыз Республикасынын жаш жарандарына биринчи паспорттор тапшырылды
Бүгүн аймактардагы жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнүн майрамдоого карата Кыргыз Республикасынын жаш жарандарына биринчи паспортторду тапшыруу аземин өткөрүлдү. Республика боюнча 16 жашка толгон 500гө жакын жаш балдар өздөрүнүнүн инсандыгын күбөлөндүрүүчү негизги документин алышты.
Бүгүнкү күн балдар үчүн өзгөчө күн экени талашсыз, анткени алар өмүрүндө дагы бир чекти басып өтүштү, эрезеге жетип, жоопкерчиликтүү болуп калышты.
Кыргыз Республикасынын жараны – Кыргыз Жараны болуу эмнени билдирерин, анын конституциялык укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин жаш балдарга түшүндүрүштү. Аткарылышын жарандар күткөн мамлекеттин милдеттери бар, ошол эле учурда аткарышын мамлекет күткөн жарандардын милдеттери дагы бар.
Ар бир адам туулгандан тартып алып салгыс жана ажыратылгыс укуктарга жана эркиндиктерге ээ болот. Адам укуктарынын маанисин кадыр-баркын сезүү менен жашоо үчүн керектүү, базалык ченемдерди аныктоочу нерсе катары түшүнсө болот, ал укуктардын универсалдуулугу бери дегенде адамдардын баары тең деген түшүнүктөн келип чыгат. КР Конституциясына ылайык, адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирет.
Ошону менен бирге, адамдын мамлекет менен укуктук байланышынан келип чыгуучу жаран катары укуктары жана милдеттери бар. Конкреттүү мамлекетте адам пайдалана алуучу укуктар менен эркиндиктердин көлөмү, ошондой эле ошол мамлекет ага жүктөөчү милдеттердин көлөмү ал адамда ошол мамлекеттин жарандыгы бардыгына же жоктугуна түздөн-түз көз каранды болот. Жарандын укуктары ал кайсыл мамлекетке таандык экендигине жараша бири-биринен айырмаланышы мүмкүн.
Мамлекет жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, алардын өмүрүн, ар-намысын, абийирин жана мүлкүн сактоону камсыздоого, коомдун нормалуу өнүгүшүнө жана гүлдөп-өсүшүнө шарт түзүүгө тийиш, ал эми жарандар өз кезегинде буга ар тараптан көмөк көрсөтүүсү керек. Ошол сыяктуу эле мамлекет жарандардан белгилүү бир милдеттенмелерди аткарышын күтөт, алардын арасында Конституцияны жана мыйзамдарды сактоо, башка адамдардын укуктарын, эркиндиктерин, ар-намысын жана абийирин урматтоо, курчап турган айлана-чөйрөнү сактоо, салык төлөө, Ата-Журтту коргоо башкы орунду ээлейт.
Жаштар өз укуктарын толук деңгээлде пайдаланышы жана өз милдеттерин аткарышы үчүн аларга Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелери тууралуу айтылды жана каалоочуларга электрондук санариптик кол тамга беришти.
Иш-чаранын соңунда балдарга эстеликке сувенирлер тапшырылды.
Бул акция Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү министрлигинин көмөктөшүүсү менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан өткөрүлүүдө.
Баардык сүрөттөрдү көрүү үчүн бул жерди басыңыз
Кененирээк билүү >>
БШКда Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнүнүн урматына БУУнун Башкы Ассамблеясынын жаштардын моделдик жыйналышы өттү
10-ноябрда Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленет, бул күн Жаштардын бүткүл дүйнөлүк демократиялык федерациясынын негизделгендигинин урматына белгиленген.
Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнү менен бир күндө Кыргызстандын Өкмөтү республиканын демократиялык багытын ишке ашырууда жаш муундун улам өсүп бараткан ролун эске алып, жаштар саясатын андан ары өнүктүрүү максатында 2002-жылы Кыргызстандын Жаштар күнүн расмий түрдө уюштурган.
Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнүн жана Кыргызстандын Жаштар күнүн майрамдоо урматына КР БШК Борбордук Азиядагы дебаттардын эл аралык ьилим берүү ассоциациясы (IDEA CA) менен биргеликте БУУнун мини-модель форматында иш-чара өткөрдү.
Бул форматтын алкагында Бишкекте БШКда БУУнун Башкы Ассамблеясынын моделдик жыйналышы өткөрүлдү, анда жаштар БУУга мүчө 21 өлкөнүн делегаттары болуу менен БУУнун Коопсуздук Кеңешинин “жаштар, тынчтык жана коопсуздук” боюнча 2535 (2020) резолюциясынын аткарылышын талкуулашты. Ош жана Талас шаарларынан жаш спикерлер дагы онлайн форматында жыйналышка кошулушту.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча балдар БУУнун БАсынын иши тууралуу түшүнүк алышты, сунуштарды тариздөөгө, өлкөлөрдүн көз караштарын баяндоого катышуу көндүмүн, компромисс табуу жана консенсуска келе билүү билгичтигин, жыйналыштын соңку документи – БУУнун резолюциясын түзүү көндүмүн өздөштүрүштү.
Учурда 193 өлкө кирген Бириккен Улуттар Уюмуна Кыргызстандын бир добуштан кабыл алынгандыгына быйыл 30 жыл болду. БУУнун трибунасы – өлкөнүн көз карашын билдирүү жана өлкөнү өнүктүрүүнүн, тынчтыктын кыйла актуалдуу маселелерин талкуулоо, реалдуу окуялар тууралуу чындыкты дүйнөгө жеткизүү мүмкүнчүлүгү.
30 жыл ичинде БУУнун Башкы Ассамблеясы кыргыз тарап демилгелеген маселелер боюнча, атап айтканда, 1995-жылы “Кыргыздын улуттук «Манас» эпосунун миң жылдыгын майрамдоо”, 2002-жылы “Тоолордун Эл аралык жылы”, “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылын майрамдоо” ж.б. сыяктуу бир катар резолюциялар кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун демилгеси боюнча Бириккен Улуттар Уюму 2022-жылды “Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн Эл аралык жылы” деп жарыялады. Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн Эл аралык жылы тууралуу резолюция БУУга мүчө бардык мамлекеттер тарабынан бир добуштан кабыл алынды.
2022-жылы 11-октябрда Нью-Йоркто Кыргызстан БУУга мүчө 126 мамлекеттин колдоосуна ээ болуп, 2023-2025-жылдарга БУУнун адам укуктары боюнча Кеңешине шайланды. Кечээ жакында эле 2022-жылы 20-сентябрда Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында жалпы дебаттарда чыгып сүйлөдү, анда бүт дүйнө бийик трибунадан кыргыз-тажик чек арасындагы реалдуу кырдаал тууралуу билди.
БШК төрагасы жаштарды жигердүү болууга, өз максаттарына жетүү үчүн алга умтулууга чарчап-чаалыкпастан күч-аракет жумшоого чакырды, ошондой эле катышып олтурган жаштар өз Мекенин – Кыргызстандын өкүлү болуп, БУУнун трибунасында реалдуу чыгып сүйлөй турган улуттук жана дүйнолүк лидерлер болоруна ишенерин билдирди.
Жаштар форумуна жигердүү катышкандыгы үчүн катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Өзгөчө айырмаланган делегаттар төмөнкү номинацияларда белгиленди:
Имин Иминжан – «Тең төрага катары баалуу салымы үчүн» номинацияда;
Орозалиева Мырзаайим – «Мыкты позициядагы кат үчүн» номинацияда;
Курманбеков Шернияз - «Мыкты делегат» номинацияда;
Сатыкенов Эмир - «Айырмаланган делегат» номинацияда.
2. Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнүнүн урматына КР БШКнын Жарандык билим берүү борбору Жаш жарандын мектебинде ЖОЖдордун студенттери үчүн “Жаштар жана шайлоо” деген темада дага лекция өткөрдү. Катышуучуларга шайлоонун ролу жана жол-жоболору түшүндүрүлдү, добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү тутумунун иштөөсү көрсөтүлүп, добуш берүүнү моделдөө жүргүзүлдү.
Иш-чаранын соңунда студенттер «Kahoot» интеллектуалдык оюнун ойношту. Жеңүүчүлөр эстеликке байгелерди алышты.
Муну билүү кызыктуу!!!
Шайлоочулардын тизмесинин түзүмүндө жалпы республика боюнча жаш шайлоочулардын (18 жаштан 30ка чейинки (кошуп алганда) курактагы) үлүшү 32%ды б.а. 1 201 533 адамды түзөт. Бирок 2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо алардын ичинен 246 803 адам катышты, бул 20,5%ды түзөт. Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынын тизмелерине жыл сайын 18 жашка толгон 80 миң жаңы шайлоочу киргизилет.
Шайлоодо жаштар чоң дараметке жана шайлоонун натыйжаларына таасир эте алуучу реалдуу күчкө ээ!!!
Кененирээк билүү >>
АНОНС! Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнү – БШКда
10-ноябрда Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленет, бул күн Жаштардын бүткүл дүйнөлүк демократиялык федерациясынын негизделгендигинин урматына белгиленген. Бул окуя 1945-жылы 29-октябрь — 10-ноябрда Лондондо Жаштардын бүткүл дүйнөлүк федерациясында болуп өткөн.
Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнүн майрамдоо алкагында БШК төмөнкү бир катар иш-чараларды өткөрөт:
1. Борбордук шайлоо комиссиясы IDEA CA менен биргеликте Бириккен Улуттардын Уюмунун (БУУ) мини модели форматында иш-чара өткөрүүнү пландаштырууда.
БУУ Модели деген эмне экендигин Сиз билесизби? Же, балким, Сиз жалпысынан моделдик кыймыл жөнүндө уккандырсыз?
Эгерде билбесеңиз же укпасаңыз муну оңдоого жана эң белгилүү эл аралык уюмдардын биринин ишине ичинен көз чаптырууга эң сонун мүмкүнчүлүгүңүз бар!
БУУ Модели – бул роль аткаруучу кызык оюн, анда студенттер жана жогорку класстардын окуучулары Бириккен Улуттар Уюмунун ишин кайталашат. Анын катышуучулары – делегаттары, байкоочулар, төрагалар жана эксперттер – күн тартибиндеги маселелерди талкуулоо үчүн конференцияга келген БУУга мүчө өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын расмий өкүлдөрүнүн ролдорун аткарышат. Моделде делегаттар жеке өз көз караштарын билдирбестен, өздөрү өкүлү болуп келген өлкөнүн расмий көз караштарын айтышат. Жыйналыштын соңунда күн тартибиндеги маселе боюнча резолюция кабыл алынат.
Оюндун жүрүшүндө делегаттар дипломатиялык, лидерлик, чечендик көндүмдөргө, ошондой эле консенсуска келе билүү жана компромисс табуу билгичтигине ээ болушат.
Бишкек шаарынын жаш активисттери БУУнун мини-модель форматы боюнча иш-чарасына катышат, анда БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйналышында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин “жаштар, тынчтык жана коопсуздук” боюнча 2535 (2020) резолюциясынын аткарылышы талкууланат. БУУнун бул резолюциясы чыр-чатак учурунда жана чыр-чатактан кийинки кырдаалдарда, уламдан улам көп кайталанып жаткан катаал катаклизмдерге жана жаратылыш кырсыктарына даярдык көрүү, ошондой эле жаштардын турмушуна жана алардын келечегине, анын ичинде COVID-19 пандемиясына таасир этүүчү коомдук саламаттыкты сактоо тармагындагы проблемаларды чечүү маселелеринде улуттук жана жергиликтүү дараметти чыңдоодо жаштардын уникалдуу ролун таануу менен жаштарга колдоо көрсөтүүгө жана аларды чечим кабыл алуу процесстерине тартууга чакырат.
Иш-чарага онлайн кошулуу форматында Ош жана Талас шаарларынан спикерлер кошулат.
Датасы жана убактысы: 2022-жылдын 10-ноябры, саат 10.00дөн тартып саат 16.00гө чейин
Өткөрүлүүчү жер: Бишкек ш., Пушкин көч., 50
2. Шайлоочулардын тизмесинин түзүмүндө жалпы республика боюнча жаш шайлоочулардын үлүшү 32%ды б.а. 1 201 533 адамды түзөрүн Сиз билесизби? Бирок 2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо алардын ичинен 246 803 адам катышты.
Шайлоодо жаштар чоң дараметке жана шайлоонун натыйжаларына таасир эте алуучу реалдуу күчкө ээ боло тургандыгы жөнүндө Жаш жарандын мектебинде ЖОЖдордун студенттери үчүн “Жаштар жана шайлоо” деген лекцияда айтылат.
Студенттерге Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктары, Кыргыз Республикасындагы шайлоонун ролу, шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун жана аныктыгын камсыздоочу жаңы шайлоо модели тууралуу айтылат, өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо аралаш шайлоо тутумунун негизги жоболору ачылат.
Катышуучуларга автоматтык эсептөөчү урналардын иштөөсү көрсөтүлүп, добуш берүүнү моделдөө жүргүзүлөт.
Датасы жана убактысы: 2022-жылдын 10-ноябры, саат 11.00
Өткөрүлүүчү жер: Бишкек ш., Пушкин көч., 50
3. Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынын тизмелерине жыл сайын 18 жашка толгон 80 миң жаңы шайлоочу киргизилет.
Облустардагы Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда КР Санариптик ѳнүктүрүү министрлигинин көмөктөшүүсү менен Кыргыз Республикасынын жаш жарандарына биринчи паспортторду тапшыруунун салтанаттуу аземи өтөт.
Паспорт – ар бир адамдын турмушундагы башкы документ. Ушул күндөн тартып паспорт биздин жаш жарандарыбызды өмүр бою коштоп жүрөт.
“Жаран жана мамлекет” деп аталган интерактивдүү сессияда Кыргыз Республикасынын жараны – Кыргыз Жараны болуу деген эмнени билдирери түшүндүрүлөт, анын укуктары жана милдеттери тууралуу айтылат. Соңунда жаш жарандардын электрондук санариптик кол тамгасын (ЭСК) каттап, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик электрондук сервистерин пайдаланууга үйрөтүшөт.
Датасы жана убактысы: 2022-жылдын 15-ноябры, саат 10.00дө
Өткөрүлүүчү жер: облустук ЖСББ
Кененирээк билүү >>
БШК Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт!
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайт!
ЖМК калктын көпчүлүгү үчүн маалыматтын маанилүү булагы болуп кызмат өтөгөн азыркы мезгилибизде журналисттин эмгегинин мааниси күн сайын өсүүдө.
Сиздер ансыз өлкөнүн жана коомдун, инсандын алга карай өнүгүшүн, коомдо сөз эркиндигинин жана тең укуктуулуктун, өз ара урматтоонун жана тынчтыктын идеалдарын бекемдөөнү элестетүүгө болбой турган маанилүү жана керектүү иштерди аткарып жатасыздар. Мамлекет менен жарандык коомдун өз ара аракеттешүүсүнө көмөк көрсөтүп, калк менен кайра байланыштын маанилүү социалдык миссиясын жүзөгө ашырып келатасыздар.
Өлкөбүздө ачык, мыйзамдуу жана адилеттүү демократиялык шайлоо тутумун калыптандырууда журналисттер олуттуу салым кошууда.
Биз журналистиканын негизги принциптери – аныктык, объективдүүлүк жана ыкчамдык принциптерин жетекчиликке алып, өз ишин абийирдүүлүк жана ар-намыстуулук менен аткарып жаткан жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин жигердүү жарандык позициясын жогору баалайбыз. Көз карандысыз ой жүгүрткөндүктөрү, жарыялоолорундагы калыстыгы жана конструктивдүү сындагандыгы үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
Сиздерге жаңы ой-максаттардын ишке ашуусун, чыгармачылык идеяларды жана кызыктуу маалыматтык себептерди каалайбыз. Ден соолугуңуздар чың болуп, баштаган бардык ишиңиздерди эргүү менен ийгилик коштосун!
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 4-октябрында өткөн жыйналышында Бакай-Ата, Аксы, Сузак, Ат-Башы, Аламүдүн, Сокулук жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Лениполь айылдык кеңешинин депутаты Ачеков Ислан Амановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Усенов Тилек Шайсыновичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Кербен шаардык кеңешинин депутаты Султанмиродов Нурсултан Султанмиродовичтин (№5, «Ынтымак» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Умаркулов Тожимырза Тороевичке (№10,«Ынтымак» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма айылдык кеңешинин депутаты Исаков Амангелди Зудпукаровичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Камбарбеков Равшан Аширбековичке өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Талаа айылдык кеңешинин депутаты Исмаилов Рахатбек Шабданалиевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Жумашов Марсбек Казыбековичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңешинин депутаты Молдошева Акбермет Мырсабековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Макеева Динар Абдыбековнага өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаты Тилебек уулу Эмилбек (№1, «Өнүгүү-Прогресс» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Нурланбек уулу Азаматка (№3, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылдык кеңешинин депутаты Бопоев Максатбек Батырбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Асаналиев Тыныстан Асаналиевичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Б. Мамбетов айылдык кеңешинин депутаты Мусагалиева Наргиза Жанышбековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. №3 шайлоо округу боюнча талапкерлер жок болгондуктан, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 52-беренесине ылайык кийинки шайлоого чейин депутаттык мандат бош турат.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Тор айылдык кеңешинин депутаты Муканбетов Эрик Кайыповичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Үсөнбек уулу Медетке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айылдык кеңешинин депутаты Балбаев Азаматтын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Султанбеков Мырзабек Жаныбековичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаты Байгазиева Чынара Байгазиевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Стамкулова Гульнара Калыбековнага өткөрүп берилди.
Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү жыйналышта өз арызынын негизинде Нышанбаев Медербек Токтоназаровичти (№8, «Ынтымак» саясий партиясы) Жалал-Абад облусунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022 - жылы 4 - ноябрда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2022-жылдын 04 ноябры
Убактысы: 12:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Бакай-Ата, Аксы, Сузак, Ат-Башы, Аламүдүн, Сокулук жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
22.10.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
21.10.2026
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
19.10.2026
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19.10.2026
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19.10.2026
Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери
16.10.2026
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү