Башкы Жаңылыктар АНОНС: Коррупцияга каршы күрөшүү – Кыргыз Республикасынын ар …

АНОНС: Коррупцияга каршы күрөшүү – Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын милдети!!!

24-Ноя, 2022

Жыл сайын 9-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы жарыялаган Коррупцияга каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленүүдө.
Коррупция коомдун демократиялык, моралдык-этикалык негиздерине коркунуч келтирген социалдык, саясий жана экономикалык татаал көрүнүш болуп саналат. Ошондуктан коррупциянын алдын алуу жана жоюу – бул бардык мамлекеттердин жана ар бир жарандын милдети.
Коррупцияга каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнүн алдында КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы иштиктүү кеңеш (ККИК) менен өз ара аракеттешип, бир катар маалыматтык-агартуу иш-чараларын өткөрүүдө.
Бардык каалоочуларды төмөнкү иш-чараларга катышууга чакырабыз:
2022-жылдын 1-декабрында саат 10.00-11.30да Нарын облусунун төмөнкү Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда “Жерди сатып алуу-сатууда жана өткөрүп берүүдө коррупциялык көрүнүштөр” деген темада:
Спикер: КР Президентине караштуу ККИКтин Нарын облусу боюнча аймактык өкүлү Эгембердиев Бакыт Жолдошбекович.

  1. С. Орозбаков атындагы облустук китепкана, Нарын ш., Ленин көч.,33;
  2. Айылдык китепкана, Нарын району, Миң-Булак айылы, У.Жаныбаев көч., 32;
  3. Б. Кыдыкеева атындагы райондук китепкана, Ат-Башы району, Ат-Башы айылы, Өмүракунов көч., 145;
  4. И. Исаков атындагы райондук китепкана, Кочкор району, Кочкор айылы, С.Алиев көч., 11;
  5. Чаек айылындагы ЖСББ, Жумгал району, Чаек айылы, Матыев көч., 127;
  6. Н.Кулназаров атындагы райондук китепкана, Ак-Талаа району, Баетов айылы, З.Ашырбаев көч., 24.

​2022-жылдын 2-декабрында саат 10.00-11.30да Ош облусунун төмөнкү Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда “Мамлекеттик органдар тутумунда жана өткөрүп берүүдө коррупцияга каршы стандарттар” деген темада:

Спикер: КР Президентине караштуу ККИКтин Ош облусу боюнча аймактык өкүлү Усенов Сулайман Арстаналыевич.

  1. Облустук китепкана, Ош ш., Курманжан Датка көч., 27;
  2. Жаштар борбору, Кара-Суу району, Нариман а/о, Нурдар айылы, Бабур көч., н/ж;
  3. Айылдык китепкана, Өзгөн району, Мырзаке айылы, Нурбаев көч., 30;
  4. Райондук китепкана, Алай району, Гүлчө айылы, Курманжан Датка көч., 11.

2022-жылдын 2-декабрында саат 10.00-11.30да Баткен облусунун төмөнкү Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда “Сот тутумундагы жана прокуратура органдарындагы коррупциялык көрүнүштөр” деген темада:

Спикер: КР Президентине караштуу ККИКтин Баткен облусу боюнча аймактык өкүлү Абдугапаров Маматкадыр.

  1. Облустук китепкана, Баткен ш., Садыков көч., 4а;
  2. Шаардык. китепкана, Сүлүктү ш., И. Раззаков көч., 109;
  3. «Айдаркен» ЖСББ, Кадамжай району, Айдаркен ш., Кыргызстан көч.,19;
  4. Райондук китепкана, Кадамжай ш., Р.Абдыкадыров көч., 16;
  5. Жаштар борбору, Лейлек району, Раззаков ш., И. Раззаков көч., 21.

2022-жылдын 5-декабрында саат 10.00-11.30да Жалал-Абад облусунун төмөнкү Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда “Билим берүү чөйрөсүндөгү коррупциялык көрүнүштөр” деген темада:

Спикер: КР Президентине караштуу ККИКтин Жалал-Абад облусу боюнча аймактык өкүлү Абдуллаев Нурбек Абдырахманович.

  1. Облустук китепкана, Жалал-Абад ш., Ленин көч., 20;
  2. Райондук китепкана, Ноокен району,Масы айылы, Ленин көч., 15;
  3. Райондук китепкана, Сузак району, Сузак айылы, Дакан-Палван көч., 9;
  4. Райондук китепкана, Ала-Бука району, Ала-Бука айылы, Ибраимов көч., 67;
  5. Райондук китепкана, Аксы району,Кербен ш., Ныязалы көч., 58;
  6. Райондук китепкана, Токтогул району, Токтогул ш., Суеркулов көч., 2;
  7. Райондук китепкана, Базар-Коргон ш., Осмонов көч., 3;
  8. Жаштар борбору, Майлуу Суу ш., Ленин көч., 50;
  9. Шаардык. китепкана, Таш-Көмүр ш., Сыдыков көч., н/ж;
  10. Шаардык. китепкана, Кара-Көл ш., Сабиров көч., 106/7.

2022-жылдын 9-декабрында саат 10.00-11.30да Ысык-Көл облусунун төмөнкү Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда “Мамлекеттик органдардагы жана саламаттык сактоо тутумундагы коррупция” деген темада:

Спикер: КР Президентине караштуу ККИКтин Ысык-Көл облусу боюнча аймактык өкүлү Илипбаев Руслан Дюшенбекович.

  1. Шаардык. китепкана, Каракол ш., Абдрахманов көч., 136;
  2. Райондук китепкана, Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы, Манас көч., 192;
  3. Райондук китепкана, Тоң району, Бөкөнбаев айылы, Ленин көч., 39;
  4. Райондук китепкана, Түп району, Түп Боромбай көч., 56;
  5. Райондук китепкана, Ак-Суу району, Теплоключенка айылы, Кыдыр Аке көч., 54;
  6. Жаштар борбору, Балыкчы ш., Ж.Аманбаев көч., 103 б.

2022-жылдын 7-декабрында саат 10.00-11.30да Чүй облусунун төмөнкү Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда “Жерди сатып алуу-сатууда жана өткөрүп берүүдө коррупциялык көрүнүштөр” деген темада:

Спикер: КР Президентине караштуу ККИКтин Чүй облусу боюнча аймактык өкүлү Мурсалиев Марс Султанович.

  1. Борбордук китепкана, Токмок ш., Сарыбагышев көч., 80А;
  2. Маданият үйү, Кемин району, Кемин ш., Победа көч., 23;
  3. Чүй борбордук китепканасы, Чүй району, Чүй айылы, М. Сансызбаев көч., 75;
  4. Облустук китепкана, Ысык-Ата району, Кант ш., Маликов чолок көч., 5
  5. Райондук китепкана, Сокулук району, Сокулук айылы, Ленин көч., 124;
  6. Лебединовка айылындагы ЖСББ, Аламүдүн району, Лебединовка айылы, Ленин көч., 354а;
  7. Кайыңды шаарындагы ЖСББ, Панфилов району, Кайыңды ш., Садовый чолок көч., 7;
  8. Райондук китепкана, Жайыл району, Кара-Балта ш., Кожомбердиев пр., 117.

2022-жылдын 8-декабрында саат 10.00-11.30да Талас облусунун төмөнкү Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда “Билим берүү чөйрөсүндөгү, айрыкча ЖОЖдордо жана бала бакчалардагы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу” деген темада:

Спикер: КР Президентине караштуу ККИКтин Талас облусу боюнча аймактык өкүлү Султанкулов Кубат Орозбекович.

  1. Облустук китепкана, Талас ш., Ч. Айтматов көч., 353;
  2. Райондук китепкана, Талас району, Көк-Ой айылы, Ленин көч., 270
  3. Райондук китепкана, Бакай-Ата району, Бакай-Ата айылы, Манас көч., 82;
  4. Покровка айылындагы ЖСББ, Манас району, Покровка айылы, Б.Чойбеков көч., 19;
  5. Жаштар борбору, Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылы, Кожомуратов көч., 18.

Эгерде суроолоруңуз болсо, 1255, +312 620171 тел. же bilim@shailoo.gov.kg, adskyrgyzstan@gmail.com электрондук почтасы аркылуу кайрылсаңыз болот.

Маалымат үчүн: Республика боюнча китепканалардын, жаштар борборлорунун, маданият үйлөрүнүн, ЖӨБО имараттарынын базасында жарандык жана санариптик билим берүү боюнча 70 борбор ачылган.

Борборлордо калктын бардык катмарлары үчүн жарандык билим берүүнүн жана санариптик көндүмдөргө үйрөтүү программалары ишке ашырылат. Борборлордун алкагында иш-чаралар ар кандай форматтарда – өлкөдө жарандык, укуктук жана санариптик билим берүүгө багытталган онлайн/оффлайн окутуу курстарын, тренингдерди, семинарларды, конференцияларды, дебаттарды, аялдардын клубдарын өткөрүү форматтарында уюштурулат.

КР БШКнын Жарандык билим берүү жана IT борбору

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>