КР БШКнын делегациясы Казакстан Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого байкоо жүргүзүүгө эл аралык байкоочулар катары катышууда

20 ноября 2022

20-ноябрда Казакстан Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого БШК төрагасы Н.Шайлдабекова башында турган, курамына БШК мүчөлөрү А.Дубанбаева жана М.Наспеков кирген Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү КМШ жана ШКУнун байкоочу миссияларынын курамында эл аралык байкоочулар катары катышууда.

Добуш берүүнүн жүрүшүнө төмөнкүлөр байкоо жүргүздү:

-А.Бердиев - Лейлек АШКнын төрагасы;

-А.Хамраев – БШКнын Лейлек, Сүлүктү АШКдагы атайын өкүлү;

- М.Жапарова - Баткен АШКнын төрагасы;

- Б.Айтбаев – Баткен ш. АШКнын төрагасы;

- Б.Конуров - Бишкек ш. АШКнын төрагасы;

- К.Сарбагышев - ЖӨБО жана ШПКМ эксперти.

Кыргыз делегациясы үч шаарда - Астана, Алматы жана Шымкентте иш алып барышып, шайлоо участкаларында жана шайлоо штабдарында болушту.

Шайлоонун алдында Армения, Азербайжан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан өлкөлөрүнүн борбордук шайлоо органдарынын төрагаларынын, ошондой эле Россиянын жана Беларусиянын өкүлдөрүнүн Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Абдиров менен жолугушуусу өттү.

Кыргыз делегациясына шайлоо өнөктүгүнүн негизги этаптарынын өзгөчөлүктөрү, атап айтканда, президенттикке талапкерлерди көрсөтүүнүн жана каттоонун жыйынтыктары, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшү, шайлоочулардын жана шайлоо участкаларынын саны, Казакстан Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитациялоонун жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.

Белгилей кетсек, Казакстан Республикасындагы президенттик шайлоого 641 эл аралык байкоочу, анын ичинде ЕККУ ДИАУБ, КМШ, КМШ ПАА, ЖККУ ПА, Түрк мамлекеттер уюму, Түрк ПА, ШКУ, АӨИЧК, ИКУнун, ошондой эле 35 чет мамлекеттен байкоочу Миссиясынын өкүлдөрү аккредитацияланган. Казакстанда жалпысынан алганда 10 101 шайлоо участогу бар. Анын ичинде Казакстан Республикасынын чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүнө караштуу 53 өлкөдө 68 участок бар. 86 шайлоо участогунда аймактык комиссиялардын чечими менен добуш берүү саат 6.00дө башталды. Тизмелерде 11 миллион 950 миң 485 жаран катталган.

Жалпысынан алганда участкалык комиссиялар тарабынан жарандардын жазуу түрүндөгү арыздарынын негизинде добуш берүү укугуна арналган эсептен чыгарууга 22 578 күбөлүк берилген.

Борбордук комиссия Казакстан Республикасынын Президенттигине талапкер катары 6 адамды каттады:

1. Токаев Касым-Жомарт Кемелевич,

2. Кажыкен Мейрам Зекешевич,

3. Дайрабаев Жигули Молдакалыкович,

4. Абден Каракат Жаксылыккызы,

5. Турсынбекова Салтанат Пархатовна,

6. Ауесбаев Нурлан Сатыбалдиевич.