Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШКнын Жарандык билим берүү борборунда каржылык сабаттуулук боюнча лекциялар жана тренингдер өттү
31-октябрда бүт дүйнөдө өткөрүлүп жаткан Аманаттын бүткүл дүйнөлүк күнүнүн алкагында КР Улуттук банкы, Кыргызстандын банктар бирлиги жана “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК (“БПБ” ЖАК) КР БШКнын жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун аянтчаларында каржылык сабаттуулук боюнча лекциялар жана тренингдер өткөрүштү.
Калктын каржылык сабаттуулугун жана аманат салуу маданиятын арттыруу иш-чаранын максаты болуп саналат, бул үй-бүлөнүн бюджетин ашкере чыгымдардан коргоого жана акыл-эстүү каржылык чечимдерди кабыл алууга көмөк көрсөтөт.
Иш-чарага ЖОЖдордун студенттери катышты. Иш-чара республиканын бардык аймактарындагы жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда көрсөтүлдү.
КР Улуттук банкы калктын каржылык сабаттуулугу боюнча лекция өткөрдү, анда каржылык сабаттуулук түшүнүгүнүн мааниси ачылып, Кыргызстандагы каржылык сабаттуулуктун деңгээли, каржылык сабаттуулукту жогорулатуу ресурстары, каржылык ийгиликтин эрежелери, анын ичинде аманаттардын зарылдыгы жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат берилди.
“БПБ” ЖАК өкүлдөрү презентация жасап, QR-кодун пайдалануу менен төлөмдөрдү жана которууларды кабыл алып, төлөөгө мүмкүндүк берүүчү төлөм тиркемелери жана өнүмдөрү, төлөм тиркемелерин жана банк карталарын пайдалануу менен алдамчылык операцияларын азайтуу боюнча чаралар жөнүндө айтып беришти.
Кыргызстандын банктар бирлиги тарабынан чакан жана орто бизнес (ЧОБ) үчүн каржылык сабаттуулук боюнча окутуу платформасын пайдалануу жана мындан ары онлайн курсун өтүү боюнча окутуу онлайн тренинги өткөрүлдү.
Студенттер каражаттарды инвестициялоо, аманаттар боюнча, мобилдик банк тиркемелерин пайдалануу боюнча кызыктырган суроолорду берип, практикалык мисалдар менен коштолгон жоопторду алышты.
КР Улуттук банкы менен Кыргызстандын банктар бирлиги КР БШКга караштуу “Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору” долбоорунун өнөктөштөрү болуп саналат. Тараптардын кызматташуусу калктын каржылык сабаттуулугун арттыруу, каржылык билим берүүнүн санариптик каражаттарын жайылтуу боюнча биргелешкен агартуу, билим берүү, маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүүдө күч-аракеттерди бириктирүүнү көздөйт.
КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору тарабынан буга чейин Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы тарабынан Бишкек жана Ош шаарларындагы, Ош, Чүй, Баткен жана Талас облустарындагы жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда калктын каржылык сабаттуулугун арттыруу боюнча окутуу курстарын өткөрүүнү уюштургандыгын белгилей кетүү керек. Кийинки этапта Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда калктын каржылык сабаттуулугун арттыруу боюнча окутуу курстарын өткөрүү пландалууда.
www.jaran.kg сайтындагы жаңылыктарга көңүл буруңуз. Суроолоруңуз болсо, 1255, +312 620171 тел. же bilim@shailoo.gov.kg электрондук почта аркылуу кайрылсаңыз болот.
Эсиңизге салабыз: Республика боюнча китепканалардын, жаштар борборлорунун, маданият үйлөрүнүн, ЖӨБО имараттарынын базасында жарандык жана санариптик билим берүү боюнча 70 борбор ачылган. Борборлордо калктын бардык катмарлары үчүн жарандык билим берүүнүн жана санариптик көндүмдөргө үйрөтүү программалары ишке ашырылат. Борборлордун алкагында иш-чаралар ар кандай форматтарда – өлкөдө жарандык, укуктук жана санариптик билим берүүгө багытталган онлайн/оффлайн окутуу курстарын, тренингдерди, семинарларды, конференцияларды, дебаттарды, аялдардын клубдарын өткөрүү форматтарында уюштурулат.
КР БШКнын Жарандык билим берүү жана IT борбору
Кененирээк билүү >>
Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда IT кесиптерине онлайн окутуу башталат
2022-жылы 10-ноябрдан тартып бардык Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда жаңы замандын кесиптерин өздөштүрүүнү каалаган, бирок окуганга финансылык мүмкүнчүлүктөрү жок адамдар үчүн КӨП ТАЛАП КЫЛЫНГАН IT КЕСИПТЕРИНЕ ОНЛАЙН ОКУТУУ башталат.
Улантуучу топтогулар үчүн курстар: SEO - SEARCH ENGINE OPTIMIZATION
Курс үч айга эсептелген. Курстун жүрүшүндө Сиз ачкыч сөздөр боюнча статистика чогултууга жардам берүүчү аспаптар менен таанышасыз, ошондой эле илгерилетүүнүн маңызы эмнеден тураарын жана SEO теги эмне экендигин биле аласыз, сайтты оптималдаштыруу, ачкыч сөздөрдү тандоо, түзүмдү иштеп чыгуу, ошондой эле Wordpress негизинде сайтты реконструкциялоо боюнча иш тажрыйбасына, керектүү базага ээ болосуз.
Курсту аяктагандан кийин Сиз издөө тутумдарынын иш принциптерин билесиз, сайт үчүн туура контент даярдоого, SEO тегини, Google статистиканы, SearchConsoleни, Яндекс метриканы кандай пайдалануу, керек аудитория үчүн өнүмдү кантип туура жеткизүү керек экендигин, Wordpressте сайтты башкарууну ж.б. үйрөнөсүз.
Курстун кыргыз тилиндеги программасы менен мында таанышууга болот:
Курстун орус тилиндеги программасы менен мында таанышууга болот:
ОКУТУУ КАНДАЙ ӨТӨТ?
Окутуу онлайн өтөт. Катышуучуларга окутуу платформасында курс боюнча видео сабактарга кирүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Окутуу үчүн убакытты катышуучу өзү тандайт, себеби платформадагы сабактар24/7 режиминде жеткиликтүү болот. Жума ичинде график боюнча 3 сабакка катышуу зарыл.
Катышуучу графикке ылайык видео сабакка катышат, үй тапшырманы аткарат жана платформаны жүктөйт. Мезгил-мезгили менен материалды өздөштүргөндүгүн текшерүү үчүн ортодо тестер жүргүзүлөт.
Күн сайын, дүйшөмбүдөн жумага чейин катышуучуларга колдоо көрсөтүү үчүн ментор алар менен байланышта болот. Иш Telegramдагы чат-топтордо жүргүзүлөт.
Курстун соңунда курсту аяктагандар үчүн сынак өткөрүлөт жана сертификат берилет. Сертификат электрондук түрдө дагы болот, ошондой эле долбоордун катышуучуларынын курсту бүткөндүгүнө арналган ар түрдүү иш-чараларда өздөрүнө дагы тапшырылышы мүмкүн.
Курстар Программалык камсыздоонун жана кызмат көрсөтүүлөрдун Кыргыз Ассоциациясы (КАРПОУ) тарабынан берилүүдө.
Суроолоруңуз болсо, 1255, +312 620171 тел. аркылуу кайрылсаңыз болот жана 2022-жылдын 10-ноябрына чейин bilim@shailoo.gov.kg электрондук почтасы боюнча каттала аласыз.
Эсиңизге салабыз: Республика боюнча китепканалардын, жаштар борборлорунун, маданият үйлөрүнүн, ЖӨБО имараттарынын базасында жарандык жана санариптик билим берүү боюнча 70 борбор ачылган.Борборлордо калктын бардык катмарлары үчүн жарандык билим берүүнүн жана санариптик көндүмдөргө үйрөтүү программалары ишке ашырылат. Борборлордун алкагында иш-чаралар ар кандай форматтарда – өлкөдө жарандык, укуктук жана санариптик билим берүүгө багытталган онлайн/оффлайн окутуу курстарын, тренингдерди, семинарларды, конференцияларды, дебаттарды, аялдардын клубдарын өткөрүү форматтарында уюштурулат.
КР БШКнын Жарандык билим берүү жана IT борбору
Кененирээк билүү >>
Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда компьютердик сабаттуулук боюнча онлайн курстар башталат
2022-жылы 10-ноябрда бардык Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда бардык каалоочулар үчүн КОМПЬЮТЕРДИК САБАТТУУЛУК БОЮНЧА ОНЛАЙН ОКУТУУ башталат.
Жаңы баштагандар үчүн курстар: КОМПЬЮТЕРДИК САБАТТУУЛУК
Курс жаңы баштагандарды санарип дүйнөсү, компьютерде иштөөнүн негизги түшүнүктөрү менен тааныштырууга жана көндүмдөрүнө үйрөтүүгө арналган. Бул видео сабактардан Сиз компьютер – эмне экендигин жана анын кандай түрлөрү болорун биле аласыз. Сиз тексттик редакторлорду өздөштүрүп, алар менен иштөөнү үйрөнөсүз, презентацияңызды түзөсүз. Интернеттен маалымат издеп табууга, электрондук почтасы боюнча кат жөнөтүүгө, онлайн сактагычтардын, заманбап платформалардын жана мессенджерлердин артыкчылыктарын талдай билүүгө ж.б. көп нерселерге үйрөнөсүз. Курс компьютерде иштөө тармагындагы билимди кеңейтүүгө жардам берет. Ошондой эле түшүнүксүз маселелер болсо, Сизде менторлордон кеңеш алууга мүмкүнчүлүгүңүз болот.
Курс 6 жумага созулат.
Курсту аяктагандан кийин Сиз компьютерде иштөөнүн эң жөнөкөй көндүмдөрүн өздөштүрөсүз, текст документтерин өз алдыңызча түзүүгө, программаларды коюууга, интернеттен керектүү маалыматты издеп табууга үйрөнөсүз, онлайн платформалар жана сактагычтар, техниканын башка көп мүмкүнчүлүктөрү жөнүндо биле аласыз.
Курстун кыргыз тилиндеги программасы менен мында таанышууга болот:
Курстун орус тилиндеги программасы менен мында таанышууга болот:
ОКУТУУ КАНДАЙ ӨТӨТ?
Окутуу онлайн өтөт. Катышуучуларга окутуу платформасында курс боюнча видео сабактарга кирүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Окутуу үчүн убакытты катышуучу өзү тандайт, себеби платформадагы сабактар24/7 режиминде жеткиликтүү болот. Жума ичинде график боюнча 3 сабакка катышуу зарыл.
Катышуучу графикке ылайык видео сабакка катышат, үй тапшырманы аткарат жана платформаны жүктөйт. Мезгил-мезгили менен материалды өздөштүргөндүгүн текшерүү үчүн ортодо тестер жүргүзүлөт.
Күн сайын, дүйшөмбүдөн жумага чейин катышуучуларга колдоо көрсөтүү үчүн ментор алар менен байланышта болот. Иш Telegramдагы чат-топтордо жүргүзүлөт.
Курстун соңунда курсту аяктагандар үчүн сынак өткөрүлөт жана сертификат берилет. Сертификат электрондук түрдө дагы болот, ошондой эле долбоордун катышуучуларынын курсту бүткөндүгүнө арналган ар түрдүү иш-чараларда өздөрүнө дагы тапшырылышы мүмкүн.
Курстар Программалык камсыздоонун жана кызмат көрсөтүүлөрдун Кыргыз Ассоциациясы (КАРПОУ) тарабынан берилүүдө.
Суроолоруңуз болсо, 1255, +312 620171 тел. аркылуу кайрылсаңыз болот жана 2022-жылдын 10-ноябрына чейин bilim@shailoo.gov.kg электрондук почтасы боюнча каттала аласыз.
Эсиңизге салабыз: Республика боюнча китепканалардын, жаштар борборлорунун, маданият үйлөрүнүн, ЖӨБО имараттарынын базасында жарандык жана санариптик билим берүү боюнча 70 борбор ачылган.Борборлордо калктын бардык катмарлары үчүн жарандык билим берүүнүн жана санариптик көндүмдөргө үйрөтүү программалары ишке ашырылат. Борборлордун алкагында иш-чаралар ар кандай форматтарда – өлкөдө жарандык, укуктук жана санариптик билим берүүгө багытталган онлайн/оффлайн окутуу курстарын, тренингдерди, семинарларды, конференцияларды, дебаттарды, аялдардын клубдарын өткөрүү форматтарында уюштурулат.
КР БШКнын Жарандык билим берүү жана IT борбору
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда жаштардын санариптик лидерлер менен жолугушуулары өтүүдө
10-ноябрга – Жаштардын эл аралык күнүнө утурлай КР БШКнын жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда (ЖСББ) Кыргызстандын санариптик лидери Тимур Моне менен жолугушуулары өтүүдө.
Алгачкы жолугушуулар бүгүн – 2022-жылы 1-ноябрда Ош жана Кызыл-Кыя шаарларында Ош мамлекеттик университетинин студенттери, облустук китепкананын окурмандары жана кызматкерлери, жергиликтүү жаш активисттер болуп өттү.
Семинардын башталышында Тимур Мон катышуучулардын IT-билим деңгээлин, иште IT-технологияларды пайдалануу даражасын аныктоо максатында алар менен таанышуу маектешүүнү өткөрдү.
Семинардын жүрүшүндө Тимур маалымат технологиялар дүйнөсү, азыркы кездеги тенденциялар жана чексиз мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди, IT тармагындагы эл аралык статистиканы келтирди, IT-көндүмдөрүн жана кесибин өздөштүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ийгиликтүү кейстер, атап айтканда, кыз-келиндердин IT тармагындагы жетишкендиктери, минимум дегенде 6 ай ичинде базалык IT-көндүмдөрүн жана кесибин өздөштүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана Интернеттеги жеткиликтүү түрдө акысыз негиздеги IT-курстары, ошондой эле өз алдынча өнүгүү жана өз алдынча билим алуу үчүн жаштар пайдалана алуучу интернет-ресурстардын кеңири спектри тууралуу маалымат берилди.
Жолугушууда жаштар IT чөйрөсүндө ийгиликке кантип жетишсе болоруна, кантип талап кылынган IT-адис болуу мүмкүнчүлүгүнө, өз старт-абын баштоо үчүн эмнеге көбүрөөк көңүл буруу жана кандай аракеттерди жасоо керектигине ж.б. көп маселелерге кызыгып, суроолорду беришти.
Ушундай эле жолугушуулар төмөнкү аймактарда дагы өтөөрүн эске салабыз:
2-ноябрда саат 10.00дө – Баткен ш., Садыков көч., 4а, ЖСББ. Облустук китепкана;
3-ноябрда саат 10.00дө – Жалал-Абад ш., Ленин көч., 20 ЖСББ.
Облустук китепкана.
Суроолоруңуз болсо, 1255, +312 620171 тел. же bilim@shailoo.gov.kg электрондук почта аркылуу кайрылсаңыз болот.
Маалымат үчүн: Республика боюнча китепканалардын, жаштар борборлорунун, маданият үйлөрүнүн, ЖӨБО имараттарынын базасында жарандык жана санариптик билим берүү боюнча 70 борбор ачылган.Борборлордо калктын бардык катмарлары үчүн жарандык билим берүүнүн жана санариптик көндүмдөргө үйрөтүү программалары ишке ашырылат. Борборлордун алкагында иш-чаралар ар кандай форматтарда – өлкөдө жарандык, укуктук жана санариптик билим берүүгө багытталган онлайн/оффлайн окутуу курстарын, тренингдерди, семинарларды, конференцияларды, дебаттарды, аялдардын клубдарын өткөрүү форматтарында уюштурулат.
КР БШКнын Жарандык билим берүү жана IT борбору
Кененирээк билүү >>
БШКда шайлоо укугун жана процессин өркүндөтүү боюнча сунуштарды кеңири талкуулоо өтөт
2022-жылы 28-октябрда Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча топтун шайлоо укугун жана процессин өркүндөтүү боюнча ЕККУ ДЖАУБдун, башка эл аралык жана коомдук байкоочулардын сунуштарын талкуулоого арналган кеңири жыйналышы өтөт.
Жыйналыш 2021-жылдын 28-ноябрында өткөнКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча ЕККУ ДЖАУБдун Миссиясынын Башчысы Даме Одри Френсис Гловердин, коомдук байкоо жүргүзүүчү уюмдардын өкүлдөрүнүн, көз карандысыз эксперттердин, мамлекеттик органдардын ж.б. өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт.
Жыйналыш 2022-жылы 28-октябрда саат 10:00дө Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 50 дарегинде жайгашкан БШКнын жыйналыштар залында башталат.
2021-жылдын 28-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча ЕККУ Миссиясынын сунуштарынын тизмеги.
Катышуу маселелери боюнча 0312 665452,0706 090925 телефондору аркылуу басма сөз кызматына кайрылса болот.
Урматтоо менен,
КР БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 27-октябрында өткөн жыйналышында Жалал-Абад, Баткен шаардык, Баткен, Ноокат, Аламүдүн жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Туманов Мирлан Келдибековичтин (№11, «Ата-Журт Кыргызстан» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Юлдашев Наби Ганижановичке (№23, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Маматов Урматбек Самагановичтин (№16, «Ата-Журт Кыргызстан» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Джолдошев Айбек Доолатбековичке (№29, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаты Исаев Султанали Махамаджановичтин (№13, «Ала-Тоо Кыргыз жери» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Аширов Азамат Абдашимовичке (№16, «Ала-Тоо Кыргыз жери» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаты Алиханов Анарбай Абдиллаевичтин (№1, «Жаны Доор» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мадымаров Бекболот Калбаевичке (№5, «Жаны Доор» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаты Абдырахманов Чынгызбек Рашитбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Аскарова Нурила Марипбаевнага өткөрүп берилди.
Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаты Пирматов Тойчубай Умаралиевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Жолдошев Кошназар Шермаматовичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаты Дуйшенов Едильбек Эркинбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Медеталиев Автандил Токоновичке өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал айылдык кеңешинин депутаты Бектурсунов Эрландын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Салкарбек уулу Адылбекке өткөрүп берилди.
Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү жыйналышта өз арыздарынын негизинде Ташбеков Алмазбек Абдибааповичти Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин (№4, «Жаны Доор» саясий партиясы), Бекмурзаев Азамат Абдырахмановичти Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылы 27-октябрда Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди.
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сагынбек уулу Максат, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жумагулова Пери Жумагуловна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Арунова Базаркүл Асаналиевна, Турдумамбетова Айнура Эштековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Токтом Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү М. Сагынбек уулунун, П.Ж. Жумагулованын Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022 - жылы 27 - октябрда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2022-жылдын 27 октябры
Убактысы: 15:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Жалал-Абад, Баткен шаардык, Баткен, Ноокат, Аламүдүн жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Мырзакматова Э., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы)
3. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Майдан айылдык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өттү
2022-жылы 22-октябрда Майдан айылдык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өттү.
Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Р. Омурзаков Майдан айылдык кеңешинин шайланган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырды.
Майдан айылдык кеңешинин төрагалыгына 2 талапкер – А.Ж. Насиров жана А.С. Сатарова көрсөтүлдү.
Добуш берүүгө Майдан айылдык кеңешинин 21 депутатынын 20 депутаты катышты, талапкер А.Ж. Насиров үчүн 12 депутат, А.С. Сатарова үчүн 7 депутат добуш берди, 1 депутат баарына каршы добуш берди.
Добуш берүүнүн натыйжасы боюнча Насиров Абдижамил Жусупович Майдан айылдык кеңешинин төрагалыгына шайланды.
Маалымат үчүн:
Насиров Абдижамил Жусупович, 1969-жылы 27-январда туулган.
Улуту: кыргыз.
Билими: жогорку.
Эмгек жолу:
1992 – 1993-жж. –«Мурас» ассоциациясында экспедитор-сатуучу жана агроном;
1996 – 1998-жж. – КР УИА бюросунун илимий кызматкери;
1998 – 2001-жж. – Үч-Коргон токой чарбасында токойчу;
2001 – 2012жж. – жеке ишкер;
2012-ж. – Майдан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары;
2012 – 2015-жж. – жеке ишканаларда юрист;
1999, 2012, 2018-жж. Майдан айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК административдик кызмат орундарынын улук топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнү жарыялайт
Кененирээк маалымат менен Конкурстар бөлүмүнөн тааныша аласыздар.
Кененирээк билүү >>
БШК Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитти
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 17-октябрындагы жыйналышында 2022-жылы 9-октябрда болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кадамжай АШКнын протоколун бекитти.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө 5 шайлоо округу түзүлүп, 5 шайлоо участогу уюштурулган.
Майдан айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны - 21, анын ичинен 9 мандат аялдар үчүн калтырылган. 44 талапкер катталган, анын ичинде - 11 аял.
Шайлоочулардын тизмесине бардыгы 8120 шайлоочу киргизилген. Добуш берүүгө жалпысынан 3130 шайлоочу катышты, бул 38,55%ды түздү.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде арыз жана даттануулар түшкөн жок.
Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кадамжай АШК протоколуна ылайык баардыгы 21 депутат шайланды, анын ичинен 9 депутат - аял.
№1 Кара-Жыгач шайлоо округу (№8110 УШК, 6 мандат). Шайлоочулардын тизмесине 2311 шайлоочу киргизилип, 771 (33,36%) шайлоочу катышты.
№2 Майдан шайлоо округу (№8111 УШК, 5 мандат). Шайлоочулардын тизмесине 1886 шайлоочу киргизилип, 685 (36,32%) шайлоочу катышты.
№3 Кароол шайлоо округу (№8112 УШК, 2 мандат). Шайлоочулардын тизмесине 605 шайлоочу киргизилип, 347 (57,36%) шайлоочу катышты.
№4 Сары-Алтын шайлоо округу (№8153 УШК, 4 мандат). Шайлоочулардын тизмесине 1760 шайлоочу киргизилип, 690 (39,20%) шайлоочу катышты.
№5 Исамариям шайлоо округу (№8195 УШК, 4 мандат). Шайлоочулардын тизмесине 1558 шайлоочу киргизилип, 637 (40,89%) шайлоочу катышты.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 27-пунктуна ылайык КР БШК Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерин бекитет жана аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий түрдө жарыялоону жүзөгө ашырат.
Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы Майдан айылдык кеңешинин шайланган депутаттарын 3 күндүк мөөнөттө каттайт, аларга белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Айылдагы аялдардын эл аралык күнүнүн урматына жарандык жана санариптик билим берүү боюнча 6 борбордо жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубдарынын жолугушуулары өттү
15-октябрь – Айылдагы аялдардын эл аралык күнү
17-октябрда Айылдагы аялдардын эл аралык күнүнүн урматына Жарандык жана санариптик билим берүү борбору (ЖСББ) Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) менен биргеликте жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубдарынын жолугушууларын өткөрдү.
Жолугушууларга айылдык кеңештердин аял депутаттары, ошондой эле жергиликтүү жамааттардын лидерлери, активист кыз-келиндери катышты.
Маалымат үчүн: жыл сайын 15-октябрда белгиленүүчү Айылдагы аялдардын эл аралык күнү (InternationalDayofRuralWomen), коом айылдагы аялдарга канчалык көп нерсеге милдеттүү экендигин, алардын эмгеги канчалык баага татыктуу болорун коомго эскертүүгө арналган.
Айылдагы аялдардын эл аралык күнүн өткөрүү идеясы 1995-жылы Пекинде өткөн БУУнун Аялдардын 4- конференциясында сунушталган. Бул күндү өткөрүү айылдагы аялдардын көп кырлуу ролун коомдун таануусуна жана аларга колдоо көрсөтүүсүнө ээ болууда иш жүзүндөгү жол катары каралган.
2008-жылы бул майрам БУУнун Башкы Ассамблеясында, 2008-жылдын 12-февралындагы № A/RES/62/136 “Айыл райондорундагы аялдардын абалын жакшыртуу” резолюциясында расмий түрдө бекитилген.
Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубдарынын жолугушуулары жарандык жана санариптик билим берүү боюнча төмөнкү 6 борбордо өткөрүлдү:
1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагынын Большевик айылындагы маданият үйүндө. Жолугушууну Клубдун катышуучусу, Жоош айылдык кеңешинин депутаты Авазкан Ормонова өткөрдү;
2. Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылындагы айылдык китепканада. Жолугушууну Клубдун катышуучусу, Ак-Жар айылдык кеңешинин депутаты Арууке Абдукаримова өткөрдү;
3. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы райондук китепканада. Жолугушууну Клубдун катышуучусу, Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаты Гулсун Абдрасулова өткөрдү;
4. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылындагы райондук китепканада. Жолугушууну Клубдун катышуучусу, Оро айылдык кеңешинин депутаты Парида Саткымбаева өткөрдү;
5. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарындагы райондук китепканада. Жолугушууну Клубдун катышуучусу, Сайдикум айылдык кеңешинин депутаты Октомхон Жолдошова өткөрдү;
6. Баткен облусунун Баткен шаарындагы облустук китепканада. Жолугушууну Клубдун катышуучусу, Баткен районунун Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаты Дарыйка Калыкова өткөрдү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө «Лидерлик платформа – жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын Клубунун» бет ачары болду.
Жолугушууларда кесиптик билим алуу, саясий иштин көндүмдөрүн өнүктүрүү жана инсан катары өнүгүү, шериктештерди издеп табуу, коалиция түзүү жана тажрыйба алмашуу үчүн аял депутаттарга мейкиндик зарыл экедиги белгиленди. Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун базасында түзүлгөн Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубу виртуалдуу жана бетме-бет жолугушуу үчүн ушундай мейкиндик болууга тийиш.
Катышуучулар борборлор көйгөй маселелерди талкуулоо, идея, тажрыйба алмашуу үчүн аянтча болуп, жергиликтүү жамааттар үчүн социалдык жактан маанилүү маселелерди чечүүдө аял депутаттарга көмөк көрсөтөөрүн белгиледи.
Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубдарындагы мындай жолугушуулар КР БШКнын Жарандык билим берүү борборунун Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы менен кызматташуусунун алкагында бардык аймактарда – жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда дагы өткөрүлөт.
КР БШКнын Жарандык билим берүү борбору төмөнкүлөргө багытталган маалыматтык-билим берүү, коммуникациялык кеңири иш-чараларды ишке ашырууну пландоодо:
- аял депутаттардын дараметин арттыруу, талапкер аялдардын атаандаштыкка жарамдуулугун бекемдөө;
- аялдардын өлкөдөгү саясий турмушка катышуусунун маанилүүлүгүн түшүнүү үчүн маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Жалпы республика боюнча жарандык жана санариптик билим берүү боюнча 70 борбор ачылгандыгын эске салабыз.
КР БШКнын Жарандык билим берүү борбору кызматташууга чакырат. 1255, +312 620171 тел. аркылуу же bilim@shailoo.gov.kg электрондук почтасы боюнча кайрылса болот.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылы 14-октябрда Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди.
Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Доолаткелдиева Шырман Абдырахмановна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ташкенбаева Ленура Каныбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Токтом Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ш.А. Доолаткелдиеванын Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 14-октябрында өткөн жыйналышында Таш-Көмүр, Кара-Көл, Жалал-Абад, Сүлүктү, Баткен, Лейлек жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Жалал-Абад облусунун Таш- Көмүр шаардык кеңешинин депутаты Мырзаканов Самат Кылычбековичтин (№10, «Жаштар» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Сооронбаев Кайрат Манасбековичке (№1, «Жаштар» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Таш- Көмүр шаардык кеңешинин депутаты Арстанбеков Асылбек Өмүркуловичтин (№17, «Жаштар» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Курманалиев Даирбекке (№34, «Жаштар» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Кара- Көл шаардык кеңешинин депутаты Каракожоев Темирлан Куржунбаевичтин (№1, «Бирге-Вместе» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары каза болгонуна байланыштуу токтотулду. Мандат Жардамов Садык Орозматовичке (№7, «Бирге-Вместе» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Жалал- Абад шаардык кеңешинин депутаты Мадумаров Шерзод Азимжановичтин (№13, «Ата-Журт Кыргызстан» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Эргешов Байгазы Анаркуловичке (№26, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Муминов Асылбек Жаныбаевичтин (№11, «Өнүгүү-Прогресс» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Эрназаров Максытбек Садировичке (№14, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Баткен районунун Кыштут айылдык кеңешинин депутаты Бекчеев Аширбай Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Айдаров Нуридин Примовичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Раззаков шаардык кеңешинин депутаты Туракулов Хатам Ахраровичтин (№8, «Мурас» деп фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Кузиев Алимжон Умаралиевичке (№13, «Мурас» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Ракымбаев Женишбек Мэлсовичтин (№2, «Тынчтык» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Бейшебаев Руслан Искаковичке (№4, «Тынчтык» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022 - жылы 14 - октябрда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2022-жылдын 14 октябры
Убактысы: 12:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Таш-Көмүр, Кара-Көл, Жалал-Абад, Сүлүктү, Баткен, Лейлек жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын кол менен саноо аяктады
2022-жылы 9-октябрда болуп өткөн Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 5 шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын кол менен саноо аяктады.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор жана башка шайлоо документтери Кадамжай АШКга өткөрүлүп берилди.
БШКнын “Маалыматтык шайлоо тутуму» (https://newess.shailoo.gov.kg)” веб-порталында АЭУнун жана кол менен саноонун маалыматтары чагылдырылды, ошондой эле шайлоочуларды идентификациялоо жөнүндө отчеттордун, жыйынтыктар жөнүндө АЭУдан алынган отчеттордун, добуш берүүнүн жыйынтыктарын кол менен саноонун протоколдорунун сканерленген көчүрмөлөрү жарыяланды.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө УШК чечимдерин даттануу мөөнөтү – 3 күн, даттануулар АШКга берилет.
Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде бузууларга байланыштуу арыздар жана даттануулар түшкөн жок.
Кадамжай АШК 5 УШКдан түшкөн протоколдордун негизинде жалпы эле Майдан айылдык кеңешинин аймагындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарып, кеңеш боюнча депутаттарды шайлоонун натыйжаларын аныктайт.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык, жергиликтүү кеңеш боюнча депутаттарды шайлоонун натыйжаларын АШК добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 29-октябрына чейин) аныктайт.
Майдан айылдык кеңешинде мандаттардын жалпы саны – 21, анын ичинен 5 округда 9 мандат аялдар үчүн резервге калтырылды.
Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын добуш берүү күнүндө 44 талапкер катышты, анын ичинен 11 аял талапкер.
Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине бардыгы 8120 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгө 3130 шайлоочу катышты, бул 38,55%ды түзөт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
22.10.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
21.10.2026
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
19.10.2026
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19.10.2026
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19.10.2026
Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери
16.10.2026
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү