Башкы Жаңылыктар Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнүнүн урматына Кыргыз Республикасынын жаш …

Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнүнүн урматына Кыргыз Республикасынын жаш жарандарына биринчи паспорттор тапшырылды

15-Ноя, 2022

Бүгүн аймактардагы жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнүн майрамдоого карата Кыргыз Республикасынын жаш жарандарына биринчи паспортторду тапшыруу аземин өткөрүлдү. Республика боюнча 16 жашка толгон 500гө жакын жаш балдар өздөрүнүнүн инсандыгын күбөлөндүрүүчү негизги документин алышты.

Бүгүнкү күн балдар үчүн өзгөчө күн экени талашсыз, анткени алар өмүрүндө дагы бир чекти басып өтүштү, эрезеге жетип, жоопкерчиликтүү болуп калышты.

Кыргыз Республикасынын жараны – Кыргыз Жараны болуу эмнени билдирерин, анын конституциялык укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин жаш балдарга түшүндүрүштү. Аткарылышын жарандар күткөн мамлекеттин милдеттери бар, ошол эле учурда аткарышын мамлекет күткөн жарандардын милдеттери дагы бар.

Ар бир адам туулгандан тартып алып салгыс жана ажыратылгыс укуктарга жана эркиндиктерге ээ болот. Адам укуктарынын маанисин кадыр-баркын сезүү менен жашоо үчүн керектүү, базалык ченемдерди аныктоочу нерсе катары түшүнсө болот, ал укуктардын универсалдуулугу бери дегенде адамдардын баары тең деген түшүнүктөн келип чыгат. КР Конституциясына ылайык, адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирет.

Ошону менен бирге, адамдын мамлекет менен укуктук байланышынан келип чыгуучу жаран катары укуктары жана милдеттери бар. Конкреттүү мамлекетте адам пайдалана алуучу укуктар менен эркиндиктердин көлөмү, ошондой эле ошол мамлекет ага жүктөөчү милдеттердин көлөмү ал адамда ошол мамлекеттин жарандыгы бардыгына же жоктугуна түздөн-түз көз каранды болот. Жарандын укуктары ал кайсыл мамлекетке таандык экендигине жараша бири-биринен айырмаланышы мүмкүн.

Мамлекет жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, алардын өмүрүн, ар-намысын, абийирин жана мүлкүн сактоону камсыздоого, коомдун нормалуу өнүгүшүнө жана гүлдөп-өсүшүнө шарт түзүүгө тийиш, ал эми жарандар өз кезегинде буга ар тараптан көмөк көрсөтүүсү керек. Ошол сыяктуу эле мамлекет жарандардан белгилүү бир милдеттенмелерди аткарышын күтөт, алардын арасында Конституцияны жана мыйзамдарды сактоо, башка адамдардын укуктарын, эркиндиктерин, ар-намысын жана абийирин урматтоо, курчап турган айлана-чөйрөнү сактоо, салык төлөө, Ата-Журтту коргоо башкы орунду ээлейт.

Жаштар өз укуктарын толук деңгээлде пайдаланышы жана өз милдеттерин аткарышы үчүн аларга Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелери тууралуу айтылды жана каалоочуларга электрондук санариптик кол тамга беришти.

Иш-чаранын соңунда балдарга эстеликке сувенирлер тапшырылды.

Бул акция Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү министрлигинин көмөктөшүүсү менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан өткөрүлүүдө.

Баардык сүрөттөрдү көрүү үчүн бул жерди басыңыз        

 
 
 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>