Башкы Жаңылыктар БШКда Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнүнүн урматына БУУнун Башкы …

БШКда Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнүнүн урматына БУУнун Башкы Ассамблеясынын жаштардын моделдик жыйналышы өттү

10-Ноя, 2022

10-ноябрда Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленет, бул күн Жаштардын бүткүл дүйнөлүк демократиялык федерациясынын негизделгендигинин урматына белгиленген.

Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнү менен бир күндө Кыргызстандын Өкмөтү республиканын демократиялык багытын ишке ашырууда жаш муундун улам өсүп бараткан ролун эске алып, жаштар саясатын андан ары өнүктүрүү максатында 2002-жылы Кыргызстандын Жаштар күнүн расмий түрдө уюштурган.

Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнүн жана  Кыргызстандын Жаштар күнүн майрамдоо урматына КР БШК Борбордук Азиядагы дебаттардын эл аралык ьилим берүү ассоциациясы (IDEA CA) менен биргеликте БУУнун мини-модель форматында иш-чара өткөрдү.

Бул форматтын алкагында Бишкекте БШКда БУУнун Башкы Ассамблеясынын моделдик жыйналышы өткөрүлдү, анда жаштар БУУга мүчө 21 өлкөнүн делегаттары болуу менен БУУнун Коопсуздук Кеңешинин “жаштар, тынчтык жана коопсуздук” боюнча 2535 (2020) резолюциясынын аткарылышын талкуулашты. Ош жана Талас шаарларынан жаш спикерлер дагы онлайн форматында жыйналышка кошулушту.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча балдар БУУнун БАсынын иши тууралуу түшүнүк алышты, сунуштарды тариздөөгө, өлкөлөрдүн көз караштарын баяндоого катышуу көндүмүн, компромисс табуу жана консенсуска келе билүү билгичтигин, жыйналыштын соңку документи – БУУнун резолюциясын түзүү көндүмүн өздөштүрүштү.

Учурда 193 өлкө кирген Бириккен Улуттар Уюмуна Кыргызстандын бир добуштан кабыл алынгандыгына быйыл 30 жыл болду. БУУнун трибунасы – өлкөнүн көз карашын билдирүү жана өлкөнү өнүктүрүүнүн, тынчтыктын кыйла актуалдуу маселелерин талкуулоо, реалдуу окуялар тууралуу чындыкты дүйнөгө жеткизүү мүмкүнчүлүгү.

30 жыл ичинде БУУнун Башкы Ассамблеясы кыргыз тарап демилгелеген маселелер боюнча, атап айтканда, 1995-жылы “Кыргыздын улуттук «Манас» эпосунун миң жылдыгын майрамдоо”, 2002-жылы “Тоолордун Эл аралык жылы”, “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылын майрамдоо” ж.б. сыяктуу бир катар резолюциялар кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун демилгеси боюнча Бириккен Улуттар Уюму 2022-жылды “Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн Эл аралык жылы” деп жарыялады. Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн Эл аралык жылы тууралуу резолюция БУУга мүчө бардык мамлекеттер тарабынан бир добуштан кабыл алынды.

2022-жылы 11-октябрда Нью-Йоркто Кыргызстан БУУга мүчө 126 мамлекеттин колдоосуна ээ болуп, 2023-2025-жылдарга БУУнун адам укуктары боюнча Кеңешине шайланды. Кечээ жакында эле 2022-жылы 20-сентябрда Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында жалпы дебаттарда чыгып сүйлөдү, анда бүт дүйнө бийик трибунадан кыргыз-тажик чек арасындагы реалдуу кырдаал тууралуу билди.

БШК төрагасы жаштарды жигердүү болууга, өз максаттарына жетүү үчүн алга умтулууга чарчап-чаалыкпастан күч-аракет жумшоого чакырды, ошондой эле катышып олтурган жаштар өз Мекенин – Кыргызстандын өкүлү болуп,  БУУнун трибунасында реалдуу чыгып сүйлөй турган улуттук жана дүйнолүк лидерлер болоруна ишенерин билдирди.

Жаштар форумуна жигердүү катышкандыгы үчүн катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Өзгөчө айырмаланган делегаттар төмөнкү номинацияларда белгиленди:

Имин Иминжан – «Тең төрага катары баалуу салымы үчүн» номинацияда;

Орозалиева Мырзаайим – «Мыкты позициядагы кат үчүн» номинацияда;

Курманбеков Шернияз - «Мыкты делегат» номинацияда;

Сатыкенов Эмир - «Айырмаланган делегат» номинацияда.

2. Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнүнүн урматына КР БШКнын Жарандык билим берүү борбору Жаш жарандын мектебинде ЖОЖдордун студенттери үчүн “Жаштар жана шайлоо” деген темада дага лекция өткөрдү. Катышуучуларга шайлоонун ролу жана жол-жоболору түшүндүрүлдү, добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү тутумунун иштөөсү көрсөтүлүп, добуш берүүнү моделдөө жүргүзүлдү.

Иш-чаранын соңунда студенттер «Kahoot» интеллектуалдык оюнун ойношту. Жеңүүчүлөр эстеликке байгелерди алышты.

Муну билүү кызыктуу!!!

Шайлоочулардын тизмесинин түзүмүндө жалпы республика боюнча жаш шайлоочулардын (18 жаштан 30ка чейинки (кошуп алганда) курактагы) үлүшү 32%ды б.а. 1 201 533 адамды түзөт. Бирок 2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо алардын ичинен 246 803 адам катышты, бул 20,5%ды түзөт. Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынын тизмелерине жыл сайын 18 жашка толгон 80 миң жаңы шайлоочу киргизилет.

Шайлоодо жаштар чоң дараметке жана шайлоонун натыйжаларына таасир эте алуучу реалдуу күчкө ээ!!!

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
15-Окт, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

1.        Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                 Баяндамачы: Алимбаев Е. А. – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти  2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө ‎” токтом долбоору жөнүндө                                                           Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы  3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы      4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу                             5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу                                    6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “2027-жылдын 27-январына дайындалган  Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                                Баяндамачы: Алымбаев Р. А. - маалыматтык камсыздоо секторунун башчысы      ТӨРАГА                 
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>